Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кундуз Канатбек кызы, ырчы: «ООРУКАНАДА ЖАТЫП ЫРДАБАЙ КАЛАМБЫ ДЕП КОРКТУМ»

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

«Кундуз кайда, эмне кылып жүрөт?» деп күйөрмандары көп сурашат. Көптөн бери сахнадан алыстап кетсе да, ырчы кызды күткөндөр бир топ. Окурмандарыбыздын суранычтарын четке какпай, ырчы айым менен маек курдук. Көрсө, Кундуздун эл көзүнөн алыстап кеткенинин жүйөлүү себептери бар экен.

– Кундуз, кандайсыӊ? Сени ооруп жатыптыр деп уктук. Ден соолугуӊ жакшыбы?
– Рахмат, Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы. Чын эле жарым жыл мурун ооруканага жатып чыктым. Акыркы кезде аба жетпей, демим кысылып калчу болду эле, дарыгерге көрүнсөм дарыларды жазып берген. Анын көрсөтмөсү менен ичип жүрө бериптирмин. Андан жакшы болбой демим кысылганы күчөп, абалым начарлай берди. Акыры үйгө «Тез жардам» чакыртып ооруканага келсек, доктурлар «операция жасаш керек» дешти. Кийинки күнү туура диагноз коюшуп, операция жасалды. Эки апта ооруканада жаттым.
– Ооруганыӊды көпчүлүк билбейт экен. Азыр абалыӊ жакшыбы?
– Ооба, врачтар «сага эс алуу, тынчтык керек» дешти. Ошондуктан жакындарымдан башка эч кимге айткан жокмун. Ооруп жатып калганда адамдардын, жашоонун кадырын билет экенсиӊ. Бир туугандарым, апам, жигитим жанымдан чыкпай, мени моралдык жактан колдоп турушту. Эч качан ушинтип ооруп калам деп ойлогон эмесмин. Ошол кезде мага оор күндөрүм бүтпөчүдөй туюлуп жатты эле, Кудайга шүгүр, баары артта калды.
– Эми ырдасаӊ болот бекен?
– Ооруканада жатканда ырдабай каламбы деп корктум. Кээ бирлер «ырдаганга болбойт, өпкөгө күч келет» дешти. Бирок менин дарыгерим «калыбыӊа келип алган соӊ ырдасаӊ боло берет» деп уруксат берди.
– «Сахнадан көрүнбөй калганыма жеке жашоом да себеп» деп калдыӊ...
– Менин оюмча, аял киши үчүн биринчи орунда үй-бүлө туруш керек. Экөөнү теӊ алып кетиш кыйын экен. Карьераны биринчи орунга коюп ажырашкандарды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Буга чейин жеке жашоом менен алек болдум.
Андан сырткары мындан 2 жыл мурун белгилүү бир студия «хит ырларды жаздырып берем» дегенинен чоӊ суммадагы акча бергем. Ал дагы деле купулума толгон ырларды
жаздырып бере элек. Балким, бул нерсе да кошумча болгондур.
– Азыр сенде баары бир калыпта, өз нугу менен баратыптыр. Мурунку «90-60-90» ыры хит болуп турган кезди сагынасыӊбы?
– Бир кезде мен катышчу концертке 1 ай калган болсо, аны күн санап күтчүмүн. Сахнага чыкканда тим эле сүйүнүп, бактылуу болуп калат элем. Мен кыялданган күндөр да келди. Бир күндө 3-4 жерде ырдаш керек болуп, такыр бошой албай калганымда чарчай баштадым. Кээде ызы-чуудан ушунчалык тажап, тынччылыкты самап калдым. Ошондой темп менен кете берейин деп деле ойлодум. Бирок андай нерседен тез чарчап кетет экем.
– Анда мурункуга караганда бир топ өзгөргөнсүӊ го...
– Ооба, мурун мага бирөө туура эмес сүйлөп, бут тосуулар болгондо жашоомдогу эӊ оор күндөрүмдөй сезилчү. Аларды жүрөгүмө жакын кабыл алып, ойлонуп түнү бою уктабай чыкчумун. Азыр эмнеге болбогон нерселерге нервимди короттум экен деп өкүнөм. Өзүм тууралуу жагымсыз кепти уксам, маани деле бербейм. Айтып коюшат го, «шоу чөйрөдө интрига көп» деп. Мен ошондой нерседен алысмын. Өзүм жөнүндө сөз уксам, артынан барып ызы-чуу кылган эмесмин. Апам дайыма айтат, «өзүӊ менен өзүӊ бол, сырларыӊды ачпа» деп.
– Анда сырларыӊ ичиӊе толуп кетпейби. Ким менен бөлүшөсүӊ?
– Кичине кезимден эле апам менен сырдашып көнгөм. Апам мени жакшы түшүнөт, абдан тамашакөй, баарына туура баа берет. Азыр «силерди баарынан бийик коюп, өзүмдүн жеке жашоомду ойлобой, силер үчүн жашадым» деп тамашалап калат. Атам каза болгондо апам 30 жашта экен. Таене-таятамдар «балдарыӊды биз эле багып алалы, өзүӊ турмуш куруп, бактыӊды тап» десе болбой, «өзүм чоӊойтуп, өзүм багышым керек» деп баарыбызды бутубузга тургузду.
– Кээде жаштык кылып апаӊа катуу сүйлөп таарынтып алганда кайра кантип жазасыӊ?
– Кээде эркелеп туура эмес сүйлөп коюшум мүмкүн. Бирок оройлонуп капа кыла элекмин. Кызыгы, апам мени такыр урушпайт. Эгер урушкусу келсе, эжемдер аркылуу айттырат же аларга чалып урушуп жинин чыгарат. Эжемдер болсо «сен апабызды капа кылып койгон окшойсуӊ. Жинин бизден чыгарып алды» деп нааразы болуп калышат. Мен баарын жүрөгүмө жакын кабыл алганданбы, мени аяйт окшойт.
– Сенде деле жаман сапаттар бардыр?
– Менде деле кыялдар бар. Негизи, оӊою менен бирөөнүн көӊүлүн ооруткум келбейт. Эгер таарынтып алсам, барып кечирим сурамайынча жаман боло берем. Көӊүлүмө катуу тийген адам менен байланышты такыр үзүп коём.
– Азыр эл социалдык тармактарда «жашап» калбадыбы. Өзгөчө атактуулар ичкен ашына чейин интернетке жарыялашат. Сенин жашооӊдо
интернеттин ролу канчалык?
– Чын эле сиз айткандай, азыр көпчүлүк жеген тамагына чейин Инстаграмга жүктөгөндү мода кылып алышты. Мен деле эл катары интернетте отурам деӊизчи. Бирок антип баскан-турганымды сүрөткө тартып чыгара бербейм.
– Маегиӊе рахмат!

"Бир кезде сахнага чыкканыма бактылуу болуп жүргөм".

"Апам менин банкта иштешимди каалачу. КУУнун экономика факультетине документтеримди тапшырып келе жатып эстеликке түшкөнбүз".

"6 айлык болгонго чейин такыр күлчү эмес экенмин. Бул жаӊы күлүп баштаган кезим, агам менен".

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Кундуз Канатбек кызы: "Туура эмес дарыланып, оорум күчөп кетиптир"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(73)
30.11.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Опкосунон суу алдырганбы деймда.
Пливирит окшойт.
30.11.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.87, плеврит деп жазылат
30.11.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ден соолук каалайм. Бирок ырдабай эле койчу элди аяп
30.11.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni.,100 пайыз кошулам
30.11.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хотел бы задать вопрос когда свадьба?
30.11.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооруба
30.11.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Возраст деген баарибир озунукун алат, толуп баштаптыр коптон бери корбогонго сразу эле билинет экен, макияжы аябай эле начар, оор, картан корсотуп салган, кундузгу женилирээк кылып макияж койсо болмок.
30.11.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Семирип алыптыргоо.
30.11.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолук каалайм
Медиа-портал
30.11.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кундуз аябай сулуу,тартиптуу,эч жасабай эле суйлоп жатат.Ырдагысы келсе ырдайт да! Кыздар завидуете и жазасынар ар кайсыныны.Козу ачык болуп диагноз койбой, займитесь собой,же кылаарга иш жокпу?Кундузга ийгилик.Мага жагат!
Медиа-портал
30.11.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кимге кандай билбейм бирок,ушунча элдин арасынан суурулуп чыгып,атын чыгаруу да чооон эмгек.Кынылдаса да башка болсо да Кундуз айымды суйуп уккандар жок эмес.Так что Кундуз только вперед не тормози
30.11.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХ ХХХ ХХХ го сыягы... Жаман, бирок эми сактанып журушун керек, тигинтип жыланач журсон оору кайра жабышат да. Биринчи озунду,ден-соолукту кара,назик кыз,жасалмалуулукту байкаган жокмун Кундуздан.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-02 09:34:02
SUPER.KG видео
30.11.2015. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан жаны ыр жаратасыз качан жаман кутуп жатабыз дагы бир жолу ден-соолук каалайм омур каалайм
Медиа-портал
01.12.2015. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундузда баары жакшы, анын баарын ойлоп башынарды оорутпай, ийгилик гана каалагыла!
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-02 09:33:12
01.12.2015. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз алга мен сени сыйлайм жана урматтайм!
01.12.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamal1993, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз!
SUPER.KG видео
01.12.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо актриса,модель Айжамал Жакеевадан,Нурмат Садыровдон интервю алгылачы сураныч.Нурлан Насиптин жаны Карындаш деген ырын жуктоп коюнуздарчы,алдын ала рахмат!!!
02.12.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
incognito1, mi-li-na, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Азырынча оозеки эскертүү!
Медиа-портал
02.12.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси сакайып кеткениниз жакшы болуптур. Баягы 90-60-90дон дайын жокко. Жоодарбешим Мирбек Иманбековдон интервью алсанар гоо.
Медиа-портал
02.12.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janela, NADUW,
Саламатсыздарбы! Сунуштарды тиешелүү бөлүмдөргө жеткирип коебуз, рахмат!
SUPER.KG видео
02.12.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым сизге ден соолук берсин эже эч оорубаныз эн биринчиге карераны эмес ден соолукту уй булоону коюнуз сизди сыйлайбыз эки дуйно бактылуулук каалайм аял затына тиешелуу болгон сапаттардын баары бар назиктик,сулуулук азаматсыз.
02.12.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Айнура Салахидиновадан интервью алгылачы.Угушумча кош бойлуу экен Жана куйоосу менен ажырашыптыр
03.12.2015. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emir_muslima,Муслима айым,бут баарын кантип угуп коесуздар ,соз жок )))..
02.12.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emir_muslima,
Саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
03.12.2015. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диана Коркунова,Айжан Асемова деген кыздардан интервью алсанар жакшы болмок кызык учун)
03.12.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gema,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
04.12.2015. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Бактыгул Бадыевадан интервью алыныздарчы сураныч.
SUPER.KG видео
04.12.2015. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай таала денсоолук берсин ырлары мага жагат. чыгармачылык ийгилик каалайм. жаны ырларынызды кутуп калабыз
04.12.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооруп айыккан киши обьязательно озгорот,кичине болсо да озгоро тушот,экинчиден Чолпонайга окшогону бул бир макияжды колдонгон учун окшоп калган,негизинен мындай макияжды козу бутук кыздар колдонушчу эле,Кундуз колдонбой деле койсо болмок,анткени озунун табигый сулуулугу бар,назиктиги,боорукерлиги ж.б толтура жакшы сапаттары бар,ошон учун баардыгын журогуно жакын ала берет да...Айыгып кет,чыгармачылык ийгилик сага!
Медиа-портал
04.12.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dubai,
Эскертүү! Жеке билдирүүлөргө купуя кат бар!
05.12.2015. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйналып кеттим угуп отуруп.... аягына жеткен жокмун, жеткиче жарылып кетпейин деп. Ото эле назик айым экен....
rusha түзөттү 2015-12-05 05:11:34
Медиа-портал
05.12.2015. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обожаю ее
SUPER.KG видео
06.12.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Unu jok yrchylardyn uchu uzaryp ele baratat:(degi elekten otpos othottor kop bolup ketti bizdin madaniyat aidynynda,akty ak desh kk da.Den sooluk kaalaim Kunduz aiymga.
07.12.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааттан кулагы кайсар!!!
SUPER.KG видео
07.12.2015. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корунбой жоголуп кеткен ырчы бир гана Кундуз эмес Бактыгуль Бадыевадан совсем кабар жок..
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо