Ксения Собчак Бишкекте. БЛОНДИНКА ЭМНЕ ДЕП АКЫЛ ҮЙРӨТҮП КЕТТИ?

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

Ксения Собчак... Бул сары чачтуу 2000-жылдардын поп-символун кимдер гана билбейт? Ал бүгүн болгону 34 жашта, бирок соӊку 11 жылдан бери эл оозунда. Ар бир кадамы чатак болгон Собчак Бишкекте мастер-класс өткөрөт деген кабар чыгары менен кыргызстандык интернет колдонуучулар түрдүү комментарийлерди жазып жатышты. Анын персонасына кайдигер караган адам болгон жок. Оттон алып сууга, суудан алып отко салган посттор Собчактын бир гана атактуулугун арттырат эмеспи.
Филармониянын чоӊ залына 20-35 жаштын тегерегиндеги кыз-кыркындын басымдуу топтолгону буга далил. Бош орун дээрлик калган жок. Билет деле арзан эмес, алды 100 доллардан сатылды. Кимдир бирөө «Дом-2» реалити-шоу программасынын жылдызын көрүүгө, ыӊгайы келсе селфи сүрөткө чогуу түшүүгө келсе, кээ бирлери Собчактын баш айланткан ийгилик сырын билүү үчүн жооп издегендер болуп чыкты. Бырс эте күлөттүрсүз, атүгүл залдан өзүн Тимати сезгиси келип жүргөн бир эркек «Ксения, кел, мени менен бийле» деп чыгып, сүйүүсүн билдирүүгө да жетишти. Мендей журналистке окшоп Собчактын акыркы 5 жылдагы ишмердүүлүгүн, айрыкча «Сноб» журналына жарыяланган бизнес тууралуу маектери, «Дождь» телеканалындагы долбоорлору, орус саясатындагы тайманбас жарандык позициясына суктанып келгендер четтен чыкты. Интернет колдонуучуларынын «Собчак блондинка», «Жок, Собчак блондинка эмес» деп кыргын болгону филармониянын залынан, Ксенияны туурагысы келгендердин жоон тобунан эле сезилип турду.
«Силерге акыл үйрөтөйүн деп келген жокмун, мастер-класс өткөрүүмдүн маӊызы карьералык жолум жөнүндө, ийгиликти кантип багындырганым тууралуу айтып берүү болуп саналат»,- деп баштады сөзүн билими боюнча журналист эмес, дипломат жана саясат таануучу Собчак.
Ток-шоу программалардан топтогон тажрыйбасыбы же 24 саат бою эл көзүндө болууга машыгып бүткөнбү, Ксения сөзүнүн биринчи сүйлөмүнөн эле аудиторияны харизмасы жана сөзгө чечендиги менен багындырды. Мастер-классынын биринчи бөлүгү Собчактын куйкум сөздөрү менен коштолуп, лекциясы зериктирген жок. Адам кесип тандоодо аны жактырарына жана ал иш колунан келерине карашы маанилүү экенин айтты. «Дүкөн кыдырууну сүйөсүӊбү, даамдуу тамак жасайсыӊбы, интернетте отурганды жакшы көрөсүӊбү – мунун баары иш. Ийгиликтүү карьера сен тажабай кылган иш менен гана болот»,- деди Собчак. Ксения өзүнө жаккан сапаты менен да бөлүштү. «Мен кемчиликтеримди жоюуга аракет кылам, катачылыктарды моюнга алуу керек. Өзүм менен иштей алган адаммын. Адамдын өзүн-өзү кынаптап куруусу – бул эӊ оор, бирок ыраазы кыла турган иш. «Starbucks» кофейнясынын негиздөөчүсү ишин ачардан мурун 97 банкка кирип насыя сураган. Элестеткиле, 97 банк, 97 жолу идеясы тууралуу айтып берүү. Анын бизнес долбооруна 98-банкта гана ишеним артышып, насыя беришкен. Эч качан көзүӊүз жетип турган ишиӊизди орто жолго таштабаӊыз», - деп айтты Собчак.
Мастер-класстын калган бөлүгү суроо-жооп иретинде жандуу өттү. Эки сааттык иш-чарадан чыгып, дароо баарына жетишкен атактуу боло калуу абсурд. Бирок ийгиликтин ысык-суугуна күйүп, азыр да талыкпай иштеп, келечектен далайды үмүттөндүргөн Ксения Собчактын карьералык жолу көпчүлүктүн кыжырын кайнатканы менен, ага карап сыймыктанган адамдардын санын көбөйтө алды.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
30.11.2015. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Че то журналист эжебиздин жаман жини келген окшойт)Мен такыр жакпайт ушул Собчак!
30.11.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ailo,Мен деп жазыпмында.Мага жакпайт)
09.12.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ailo,че то мен такыр жакпайт деген сүйлөм да мага жакпай калды,жазганга жараша, маанилүү жазыш керек да
30.11.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байдын кызы болсон акчанын артынан эле ийгилик жаралат да. (Атасы Анатолий Собчак Санкт-Петербургдун губернатору жана В.Путиндин кенешчиси болгон)
30.11.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
россияда эч ким барктабайт Собчакты
30.11.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anykids, мазактоодон алыс болуңуз! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
30.11.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тушунбойм элдерди... "Кантип тез баюунун жолу" же "Кантип тез ийгиликке жетуунун жолу" деген нерселерге илээшип, жок нерсенин артынан журо беришет.
Ушул жолдорду силерге уйрото турган кишилер оздору ошол жолдорду билсе, эч кимге айтпай эле тымызын байып журо бермек.
Кана королучу, чын эле Собчактын кымбат лекциясы пайдалуу болгон болсо, ошол зал толо болгон элдердин жок эле дегенде 50% ийгиликке жетиши керек. Эмдиги жылы Кыргызстанда дунгурогон адамдар чыгат деп кутуп туралыбы ???
30.11.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave.,кошулам
30.11.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Болбогон создорду айтып акчаны алып кеттида,бул да болсо акчаны оной табуу жолу
30.11.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кантип тез байып кетүүнүн жолун үйрөнөбүз деп,чөнтөктөрүндөгү акчаны берип коюп отуруп калышты.кедей болуп.
30.11.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Собчак азамат! Кыргызда барбы ушунда кайраттуу акты ак караны кара деген журналист кыз жок!
01.12.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ago,
Ай койчу. Ушул Собчактын эмнеси азамат? Акты ак деп, караны кара деп айтып орустардын кайсыл маселесин чечтиргене жетишти? Буга окшоп, эптеп эле айкырып-кыйкыргандар толуп атат бизде деле.
Бул жон гана кыкендерден тыйын топтоп кетти. Мына дагы бугун кордум. Дагы бироо келатат имиш окутуп, чокутуп бизнесмен кылып жиберет экен.
Буга окшогондорго алтындай убактынарды кетирбей, башка пайдалуу бир нерсеге коротсонор боло...
Wave. түзөттү 2015-12-01 00:28:08
30.11.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип мастер-класс откон бизнестин бир туруно айланып баратат окшойт.
01.12.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nuka93,
Бул чон бизнес...
Илгери СССР маалында Кашпировский деген шарлатан болгон экен. Азыр болсо бул деле ошондой эле бизнес, бирок бир аз кагазга оролгону... ))
Wave. түзөттү 2015-12-01 00:30:50
02.12.2015. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
100$дан филармония толо адам, деги канча киши батат филармонияга? Мына, ушул "ийгиликке жетуунун" жолу. Атын эптеп элге уктуруп, анын артынан акча табуу
02.12.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээги шалкылдаган блондинка сорой
03.12.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын аял
03.12.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушуга 100 $ дан бергенден коро ошол акчаны бей бечараларга берсе ал да канча жакшы болмок
03.12.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы бизнес ойлоп табыптыр зал толо адам болсо 100$ шыпырып кактап алыптыр. Ана эн оной бизнес элди чын калп аралаштырып иштеп алды.
05.12.2015. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Собчак бетке чабар,тайманбаган корунуктуу ишмер аял,мындай аялдар аз Россияда
17.12.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeeeh birooolor akchasyn kaida chachuunu bilbei jurushot. biroolor operatsi9ga akcha tappai kyinalyshuuda. oshol akchlaryn chogultup berishse bilboibu muktjdarga
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо