Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

27 ЖАШТАГЫ ЭНЕЛЕРДЕН АКЫЛДУУ, ТАЛАНТТУУ БАЛДАР ТӨРӨЛӨТ

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

Кайсы жашта төрөө туура? Карьера жасап, жашоо-тиричиликти оӊдоп алгандан кийинби же кулундай туйлап турган ойноок кездеби? Жаш курак курсактагы баланын ден соолугуна кандай таасирин тийгизет? Гинекологдор жана окумуштуулар бул жаатта изилдөө жүргүзүшүп, ар кандай курактагы төрөттүн оӊ жана терс жактарын аныктап чыгышкан. Анда сиз да маалымдар болуӊуз.

ЭСКЕ ТУТ!
Аял балалуу болууга даяр экендигин шарттоочу факторлор:

 Психологиялык жактан даярдык
 Физиологиялык жактан даярдык
 Материалдык жактан даярдык
 Ден соолугунун абалы
 Баланы багып, тарбиялоого көп убакыт бөлүүгө даярдык.

Аял аталгандардын баарына даяр болсо, кош бойлуулугу жана төрөт жакшы өтүп, баласын жакшы бага алат. Эгер жарым-жартылай даяр болсо, анда кыйынчылыктар күтүлөт.

16-20 ЖАШКА ЧЕЙИН
Жаш организм күчкө толуп турган кез. Курсактагы балага терс таасирин тийгизүүчү өнөкөт оорулар жарала элек. Баласы өзү менен кошо чоӊоюп калат. Ушул куракта эркек балдардын төрөлүүсүнө эӊ көп мүмкүнчүлүк бар.

Кыздардын жыныстык органдары өсүп жетиле элек болушу мүмкүн. Жамбаштары абдан кууш болсо, операция жолу менен төрөөгө туура келет. Жатындын булчуӊ катмарлары өсүп жетилбеген жана организминде прогестерон гормону талаптагыдай болбогон кыз-келиндердин бойдон түшүүсү көп болушу мүмкүн. 16-17 жаштагылардын төрөт учурунда жатыны айрылуу (жарылуу) коркунучу бар.
Пландалбаган кош бойлуулукта ичин жашырып, ичтеги бала да, өзү да азап чегет. Болочок эне материалдык жактан көз каранды болсо, анда акча тартыштыгынан кыйналат. Өтө жаш төрөгөндөр өзү али бала болгон соӊ баласын талаптагыдай карап-бага албай, көп оорутушат. Стресстерге жана төрөткө чейинки депрессияларга чалдыгуудан айрымдардын балдары кекеч туулушу ыктымал. Окуусунан жана карьера жасоодон өксүйт.

20-30 ЖАШКА ЧЕЙИН
Бойдо болтурууга жана төрөөгө идеалдуу курак. Организм өсүп-жетилген жана бекем. Төрөттөн кийин бат калыпка келет. Психологиялык даярдык да жакшы. Андыктан кош бойлуу кезде жана төрөттөн кийин коюлуучу талаптарды жакшы аткарат. Төрөттөн соӊ өзүн жана баласын карап-бага алат, жумуш табуу кыйын эмес. Материалдык абалы да канча бир деӊгээлде турукташкан.
Изилдөөлөр 20-27 жашка чейинки энелерден кийин мыкты спортчу болууга мүмкүнчүлүгү бар денеси чымыр, ал эми 27-35 жаш курактагылардан таланттуу, дени сак, акылдуу, ал тургай гений балдар көбүрөөк төрөлөрүн көрсөткөн.

30 жашка жакындаганда организмде өнөкөт оорулардын саны өсө баштайт. Ошол себептен керектүү анализдерди көбүрөөк тапшырууга туура келет.
Эгер аял 25 жашка чейин өзүн окууга жана карьерага арнаган болсо, анда аларды жарты жолго таштай албай, балалуу болууну кийинкиге жылдырат.

30-40 ЖАШКА ЧЕЙИН
Аял үй-бүлө күтүүгө жана балалуу болууга өтө жооптуу карап калган кез. Врачтардын көрсөтмөлөрүн убагында аткарат. Материалдык базасы камдуу жана эртеӊки күнүнө ишенимдүү. Бала багып тарбиялоо жаатында тажрыйбага бай. Өзүнүн жана баласынын ден соолугуна кам көрө алат.

Организминде эстроген гормонунун деӊгээли азаят. Бул гормондун бойго бүтүүгө жана жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, боордун иштешине да тиешеси бар. Андыктан бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү азаят. Аялдын колу-буту шишип, заарасында белок чыга башташы мүмкүн. Булар операция жолу менен төрөөгө же баланын ичтен өлүп калуусуна дейре жеткириши ыктымал. 35 жаштан кийин балдардын тукум куучулук оорулар менен ооруп төрөлүү коркунучу жаралат.

40 ЖАШТАН КИЙИН
Буга чейин төрөп жүргөн болсо, энелик милдетти 5 колундай билет. Наристесинин ар тараптан өнүгүшүнө кам көрөт. Балдары ымыркайды карап-багууга жардамдашат. Кеч кош бойлуулук климаксты артка жылдырат.

Дени сак бала төрөө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок курсактагы баланын тукум куучулук оорулар жана Даун синдрому (психикалык оору) менен төрөлүп калуу коркунучу да өсөт. Ушул себептүү бойго болгуча жана төрөгөнгө чейин врачтардан кеӊеш алып, көзөмөлдө болуусу шарт. Ден соолук, энергия жаш кездегидей болбогондуктан жардамдашар адам болбосо, баланы өз алдынча багуу кыйын. Бала чоӊойгон сайын аны материалдык жактан камсыздоо оорлошу ыктымал.

СОӊКУ СӨЗ ОРДУНА ЖЕ ЭӉ ИДЕАЛДУУ КУРАК КАЙСЫ?
Гинеколог жана окумуштуулар изилдөөлөрүнөн төрөп, бала багып-тарбиялоого эӊ ыӊгайлуу курак 20-35 жаш деген жыйынтык чыгарышкан. Бирок ата-эне чын дилинен кааласа, балалуу болууга 17 жаш да, 45 жаш да кеч эмес. Анткени жашоодо баладан ашкан бакыт жок эмеспи.
Дагы айтып кетчү нерсе, генийлер атасынын жашына карап да төрөлөт дешет. Ал боюнча кийинчерээк сөз кылабыз.

Кызыктуу
КАЙСЫ ГЕНИЙДИ АПАСЫ КАНЧА ЖАШЫНДА ТӨРӨГӨН?
Владимир Ульяновду (Ленин) апасы 35 жашында, Карл Марксты 31, Уильям Шекспирди 27, Фридрих Шиллерди 27, Альберт Эйнштейнди 21, Исаак Ньютонду 19, Константин Циолковскийди 25 жашында жарыкка алып келишкен.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


Төрөт үчүн эң идеалдуу курак кайсы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(35)
30.11.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биринчи ымыркай менен экинчи ымыркайдын аралыгы канча жаштан болушу керек?
01.12.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Almazbek-1987 медицина да минимум 2 жыл дейт. Ошондо аялдын организми калыьына келип, дагы торогонго даяр болуп калат.
04.12.2015. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
hochuradosti, 3 жыл минимум. Биринчи жыл биринчи баласын эмизгенге кетет. Андан сон аял бир жыл эс алышы керек. Ошондо учунчу жылдын башталышында боюна болдурса аны 9 ай которур торогучо дагы бир жыл отот. Ошондо общий 3 жыл. Экинчисин пландоодон мурда биринчи баланы бастырып, озу гаршоко барганды, кашык,вилка менен озунчо тамактанганды , озунчо уктаганды, бираз кийинип чечингенди, суйлогонду уйротуп коюш керек. Антпесе кийин ал бала каралбай калат анча. Энеге да кыйын болот. Коп чарчайт.
30.11.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 1-баламы 21жашымда 2-кызымды 22 жашымда тородум.
30.11.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Апаман кызыгып сурасам 27 жашында жарык дуйного алып келген экен.
30.11.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен 1 баламды 21, 2 баламды 23 жашта тородум. Кайсы жашта торолсо да омуру узун акыл эстуу жигиттерден болуп чоноюшсун
30.11.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кеңеш рахмат
30.11.2015. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апаңар канча жашта төрөгөнүн кызыгып сурагандар, апаңардын жашынан өзүңөрдүн жашын кемите койгула
Медиа-портал
30.11.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун кеңеш экен.
30.11.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1кызымды 19жашымда,2син- 23тө,3кызымды 26жашымда
01.12.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен уулумду 19жашымда тородум
01.12.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
43 жашында алып келген экен мени
Кудайга шугур оорубай элеминго
супер. мени коркутуп койдунарго норм бала торолушу кыйын болуп калат деп :-D
04.12.2015. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bek040295, эгер биринчиси болсо. Сен ин ага эжелерин бардыр.
01.12.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кенешиниздерге чоон рахмат.Мен тун уулумду 26 жашымда алып келдим.Аллахка мин ирет шугур.Балалуу болгон керемет экен.Азыр жаным балам менен эркелешип уйдобуз.Бала кутуп жаткандарга:Аман-эсен коз жарып алыныздар...
02.12.2015. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
келе жаткан жылы 27 ге чыгат экем.....
02.12.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мени 26 сындв торогон экен.
02.12.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин апам мени 28жашында тороптур. Мен уулумду 23 жашымда тородум, азыр Жыйырма жети жаштамын жакында 28толом ошондо мен дагы болочок баламды 28торойт экем
02.12.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени 27 жашында тороптур ..тан калыштуусу менде андай таланттар жок .
02.12.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канча жашта торосо да шартына карайтта эмнени эксен ошону аласын
03.12.2015. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен анда 27 де торойм
03.12.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар кимге балалуу бактысы насип кылсын, айрыкча суранып,тиленип каалагандарга бала берекор. Бей куно балдар ата-энесиз калбасын. Ким канча жашта торосода ар тараптуу жакшы болуп торолсун. Мендагы жакында 2 чи наристемди чыдамсыздык менен кутуп жатам. Суперге рахмат.
04.12.2015. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 23 то торогом. Врач эн сонун курак деп айткан. 18-19 дагы пацанкалардын торогонун анча туура деп эсептебейм. Жок дегенде жогорку билимди алып анан торош керек. Кичине кругозор ду кенейтип, жашоонун ысык суугун коруп дегендей. Ошондо туура тарбия бересин балага. А то жаштар оздору жаш бала да, анан чыдамдары жете беришпейт. Мен лично дагы эрте тородум деп ойлойм. Карьераны бир жанысыл кылып, уй жай алып анан торош керек, бала менен сандырактавай.
04.12.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апам бизди удаа торогон 1982,1983,1984 ал кезде ден соолуктары чын болчу,экология,тамак -аш таза болчу.Азыр мындай жакын торосон балдарга витамин жетпей ,озун бсо нерв болуп кыйналасын.
04.12.2015. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озум бсо биринчисин 22 жашымда торогом,ал уулум жоош баео,2син 29 жашымда тородум.Ал бсо откур,тентек,тайманбас.Демек мен ойлоп калдым баланын мунозу эненин жашынан да коз каранды. Мен улуусун которгондо озум да баео болчумун.Азыр бсо ак караны ажыратып калдым.Экинчи уулум 2ге чыкты ,жаны эле суттон чыкты.3суно буйруса жайындан баштап аракет кылабыз,азыр ден соолукту карап атабыз.
04.12.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени апам 20 жашында торогон,кичинемде коп ооруптурмун,анан баланын муносу энеге коз каранды эмес го...
05.12.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий адамдар!
05.12.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээси кайыгандар коп экен да
05.12.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolbogon kep
06.12.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы жашта болсода арбир эне эсен Аман коз жарсын.
07.12.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19 жашымда апа болуп калмакмын даа. Кудайым кийинкисин берээрин унутпасын...
Медиа-портал
21.12.2015. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ ушул Эже менен кантип байланыша болот? Жардам бераласынарбы? Бизда балалуу боло албайатык эле рахмат
22.02.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени 34 жашында торогон апам
20.03.2016. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин уч балам бар, ортончу уулумду 27 жашымда торогом.Чынында ото акылдуу, озгочолонуп турат.кобунчо тан калычтуу суроолорду берип оозубузду ачырат.Уйдо бир нерсеге чондордой саресеп салып турат.ырга бийге ото шыктуу. Шоу бизнестеги ырчылардын стилин ырларын сынга алат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо