10-КАНАЛ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ СИТКОМ

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

Кыргызстанда биринчи жолу ситуациялык комедия (ситком) тартылды.SUPER.KG порталынын «Кинозал» бөлүмү жана «ЭлТР» телеканалы аркылуу көрүүчүлөрдүн назарына коюлган «10-канал» аттуу комедиялык сериал тууралуу кененирээк маалымат алыӊыз.

Ситуациялык комедия же ситком – бул туруктуу каармандардын катышуусундагы радио жана телепрограммалардын бир түрү. Телеберүүлөрдүн ситкому 20-30 мүнөткө созулат. Биринчи ситкомдор көрүүчүлөрдүн катышуусунда студияда тартылгандыктан аларды кадрдын сыртындагы күлкү коштоп турат.

Жанр – Ситуациялык комедия (ситком)
Сериясынын саны – 10
1 сериянын узактыгы - 20 мүнөт
Чыккан жылы – 2015-жыл
Режиссёру – Бакай Эген
Сценарийин жазгандар – Нурлан Раззакулов, Каарманбек Кулуев.
Башкы ролдордо – Асел Турдалиева, Нурбек Юлдашев, Айдина Камчыбекова, Дамир Абдраимов, Насиба Тагаева.

Бакай Эген, режиссёр:
– «10-канал» – бул ситуациялык комедия жанрындагы телесериал. Комедиянын жүрүшү кичи шаардагы жеке телекомпаниялардын биринде орун алат. Анда телеканалдын башкы директоруАлия Талгатова (Асел Турдалиева) саясатка аралашууга белсенип, депутаттыкка талапкерлигин коёт. Башкы директордун милдетин аткаруучу болуп Замир Юлдашев (Нурбек Юлдашев) дайындалат. Ал телеканалды толугу менен башкарууну көздөп, Айдина аттуу катчысы менен бирге атаандашы катары көргөн коммерциялык директор Дамира Бөрүбасарова жана көптү үмүттөндүргөн МГУнун бүтүрүүчүсү Кыял Чоротегинди жолунан алып салуу аракетин көрө башташат. Телеканалдын ээси Роман Тен шайлоодо Талгатованын талапкерлигин колдоп, шайлоо алдындагы штабды телеканалдын кеӊсесине орноштуруп берет. Муну менен ал Замир Юлдашевдин ээн-эркин басып-туруусуна тоскоол болуп жагдайды ырбатат. Мына ушундай интригага сугарылган көрүнүштөр күлкүлүү сериалдын өзөгүн түзөт. Сериал ПРООН тарабынан каржыланып, ЭлТР телеканалы ишке ашырды.

Нурбек Юлдашев,
актёр:
– Буга чейин Айдина экөөбүз ЭлТРдеги «Таӊкы тамаша» долбоорун алып чыгып, чогуу иштеп көнүп калганбыз. Жетекчиликтен «ушул долбоордогудай экөөӊөрдүн айланаӊарда болгон окуяларды чагылдырган сериал тартышыӊар керек» деген тапшырма берилди. Сценарий жазып, сынамакка 15 мүнөттүк тасма тартып көрсөтсөк, аны жактырышты. Андан соӊ ситкомду кандай тартыш керектигин изилдеп чыгып сценаристтери, режиссёру дайындалды. Жыйынтыгында биздин идеяга таянып ушул комедияны тарттык.

Айдина Камчыбекова,
актриса:
– Бул сериалда телеканалдын директорунун катчысынын образын жараттым. Буга чейин «Тагдырдын өгөй балдары», «Сынган тагдыр» деген тасмаларга тартылып бир аз тажрыйба топтогон элем. Ошондуктан ситкомго тартылуу кыйынчылыкты жараткан жок. Баарынан сериалдын сценарийи эмне менен аяктарын билбегендигибиз кызык болду. Себеби сценарий актёрлорго ар бир серияны тартар алдында гана берилип жатты.

Ситкомдогу актёрлор тартуу аянтчасында.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
30.11.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жагат ушул 10канал Ийгилик силерге Айдина Нурбек
30.11.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдина менен Нурбек жашоодо бир уйбулобу же жанылып жатамбы?
05.12.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы уландысы барбы экен аябай жагат көрүп көңүлүн көтөрүлөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо