БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Товарга кошулуп оролгон телефондун номерин Бекболотко СМС кылып жөнөтүп жибергем. Ал андан ары Москвага жөнөтүш керек. Ошентип ал рейс да учуп кетти. Эми 4 жарым саатта жетсе, аркы-беркисине жарым саат кетсе, эмне болгону 5 сааттан кийин билинет. Таӊкы саат 4 жарымдарда Бекболоттон СМС келиптир, «окей» деген смайлик жөнөтүп жибериптир. Менин планым ишке ашыптыр деп койдум. Эртеси түндө Бекболот экөөбүз жолуктук. 2-3 күндө мындан аркы ишти сүйлөшкөнү Жумалы байке келет экен.
Жумалы байке келди, көӊүлү ачык:
– Ой, Эрмек балам, сен кыйын бала турбайсыӊбы. Ойго эмес, түшкө кирбеген ишти кылдыӊ, азамат! Сен биздин ишти 50 пайызга жеӊилдеттиӊ. Мурун товар аэропорттон чыкканча жүрөкзаада болуп отурчу элек. Чыгаша да ошончо азайды. Андрейден башка да канча адамга акча берчү элек, товар аэропорттон чыкканча,- деп сүйүнөт.
Мага Москвадан ноутбук ала келиптир. Аларга сүйүнө турган эле иш болду. Эч кандай коркунуч жок, токойдон эле товарды алып машинага салат да кете берет. Андрейге жыргал болду, анын иши пультту эле керектүү жерге барганда басып койсо болду, ошонусуна эле бир канча акча алат. Ал мени Кулибин, Левша деп алган. Мурда эч сүйлөшпөчү, башын жерге салып алып эле шыпылдап тез-тез басып, бүкүрөйгөнсүп жүрчү. Коркчу окшойт да. Азыр күлүп-жайнап калды.
Менин планым менен иштеп калдык. Кынтыксыз иштеп жатты, булар менен иштегениме 1 жылдан ашып кетиптир. Акча жакшы эле чогултуп койдум. Элдин көзүнө түшпөйүн деп кымбат буюм албайм, акчамды банкка, 5 карточкага бөлүп салып чогултуп жаттым.
Фольксваген Жетта деген үлгүдөгү машина алдым. Сыртынан эски, арзан көрүнөт, бирок Мерстин мотору коюлган экен, анча-мынча машинага жеткирбейт.
Колум бош күндөрү Элизаны үйүнө жеткирип турам. Биринчи так секирип болбой койгон, үйүнө жеткирмек тургай «жөн эле отуруп көр» десем, «көргөндөр эмне дейт?» дечү. Акыры көндү. Кээде ага байкатпай сумкасына акча салып коём. Жөн берсем алчудай эмес, башка кыздарга окшоп өлүп-талып ар нерсе алдыра бербейт. Бир жолу «машинаӊызга бензин куюп алыӊыз» деп акча сунат. «Бир нерсе алып берейин» десем, «андан көрө чогултпайсызбы, кийин үйлөнгөнүӊүздө жеӊеме бир нерселерди алып бересиз да» дейт. Мен «сага үйлөнөм» десем, «мага үйлөнсөӊүз, 2 күндө кутулушка шашасыз» деп күлөт. Ошенткен сайын асмандагы айды да алып бергиӊ келет. Ичимден дагы деле ушундай ыймандуу кыздар бар экен деп таӊ калам.
Ошентип күндөр өтө берди. Акыры бир күнү бул иштин аягы жаман бүтөрүн жакшы түшүнчүмүн. Кантип булардан кутулуштун жолун таба албай жүрө бердим.
1 жыл дегенде Бекболот «жакшы иштедиӊ, сага премия» деп 5 миӊ доллар алып келиптир, «Жумалы аке берип жиберди» деп. Буларга канча акча үнөмдөп бердим? Көбүрөөк берсе деле жарашмак. Бекболот болсо мени «босс» деп алган.
Бир күнү күндүз эч чалбачу эле, Бекболот чалыптыр, «зарыл сөз бар, чыгып тур» деп. «Азырбы?» десем, «ооба, мен келип калдым, чык» дейт. Чыксам туруптур, машинасына отурсам:
– Эмкиде 7 килограмм жөнөтүш керек болуп жатат, жөнөтө аласыӊбы?- дейт.
– Жөнөтсө болот,- десем:
– Ошону эле сураганы келдим эле,- деп коштошуп кетип калды...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 676-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 677-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 678-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 679-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 680-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 681-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 682-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 684-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 685-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 686-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 687-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 688-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 689-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 690-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 691-сан
Комментарийлер(6)
07.12.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дуйно адамды эмне гана кылбайт
07.12.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Качан тарс этип жарылар экен,журоктор дуко дук.
07.12.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык жерине келди
07.12.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эми точно подстава болот
07.12.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Наркотик башка не болот. Подстава болот. Кызыгы жок го
07.12.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык жерине келди. Аягы эмне менен бутот, табышмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо