Данияр Эрматов, ырчы: «ОЮ ЖАМАН КЫЗДАРГА УБАКТЫМДЫ КОРОТПОЙМ»

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж

«Токто, жаным» аттуу ырым визиттик карточкам болду. Ошол ыр менен казак ырчысы атактуулугун арттырганы мен үчүн сыймык. Андан кийинки деле бир топ ырларым боордошторго сатылып, чыгармачылыгыма чоӊ стимул берип жатат»,- дейт Данияр Эрматов. Ырчы мырза азыр жеке жашоосун да жыйыштырып, ырларды жаздырып жүргөнүн айта кетти.

– Салам, Данияр! Сени эфирдеги жаӊы жылдык программаларга катышпайт экен деп уктук. Ага эмне себеп болду?
– Туура, быйыл жаӊы жылдык программаларга катышпайын деп чечтим. Ойлоп көрсөм, эфирге, сахнага кийген формага, бийчилерге оӊой эмес каражат кетет экен. Бул ирет ошончо акчаны пайдалуу жакка жумшайын деп карылар үйүндөгүлөргө керектүү каражат, буюмдарды сатып берүүнү пландап жатам.
– «Сахнага чыкканыма 3 жылдан ашты» деп жатасыӊ. Мурун сахна кандай көрүнчү эле, аралаша келгенде кандай экен?
– Мен деле ырчы боло электе кээ бир ырчыларга кат жазчумун. Алар кээде жооп берсе, кээде жооп берчү эмес. Көӊүлдөнбөй учурашып койсо, «бул ырчы да, мени тоготпой жатат. Жылдыз болуп кетти» деп ойлочумун. Эми өзүм да шоу-бизнеске аралашып, аларды түшүнүп калдым. Жаӊы ырдай баштаганда күйөрман кыздар аз болчу. Алар жазса, ар бирине жооп берип турчумун. Бара-бара күйөрмандардын саны көбөйүп, баарына көӊүл бурганга үлгүрбөй калдым. Азыр социалдык тармактарда миӊдеген каттар бар, бириндеп окуганга жетишпейм.
Мурун ырчылар сахнага кооз кийинип чыгып, машина айдап жүрсө, атактуулардын жашоосу жыргал турбайбы деп кызыга берчүмүн. Чынында, андай эмес экен. Сахна артында урушуп, канча кыйналсаӊ да, эл алдына күлүп чыгыш керек болот. Бул деле оӊой эмес. Эч качан асмандан түшүп эле ырчы боло калбайт экенсиӊ. Мурда ырчылыкты хобби катары кабыл алсам, азыр кесибим деп айтам.
– Күйөрман кыздар көбөйгөн сайын аларга байланыштуу окуялар да көбөйсө керек?
– Туура, ар кандай күйөрман кыздар болот. 1000 кыз жазса, анын 500ү жолугалы дегендер. Жолугуп деле көрдүм. Кээ бири белектерин беришет, кээ бири ырларын берет дегендей. Чектен ашып кеткендери болбойт. Анткени жаман ою барларды алдын ала билип, аларга убактымды коротпойм.
– Сени «продюсери менен мушташыптыр» деп укканбыз. Деги эле маселени эркектер арасында кантип чечесиӊ?
– Эгер мушташсак, уялбай эле айтмакмын. Мен кыз менен мушташкан жокмун да. Бирок мушташка чейинкилер болгон, урушканбыз, талашканбыз. Түшүнбөстүктөр көп эле болду.
Ал эми ырчы болуп элге таанылганга чейин балдар менен келишпей калсам эле муштумумду түйүп кирчүмүн. Азыр анын пайдасы жок экенин түшүндүм. Канчалык жиним келсе да, сабырдуулук менен өзүмдү басканга аракет кылам.
– Кандай адамдарга туш болдуӊ?
– Чыгармачылыкта жүрүп бир көрүп эле дос болуп алгандарды көрдүм. Ырчылыгыма кызыккандарды, бат эле өзгөрүп кеткендерди, мага башкача, жөнөкөй адамга башкача мамиле кылгандарды көрдүм.
– Казактар менен ыр алышып-беришип жүрөт элеӊер...
– Азыр 18 ырым бар. Анын 8ин казак ырчылары алышты. Анын биринчиси «Токто, жанымды» Кайсар Кукишовго бекер бергем. Калганынын баарын саттым. Кукишов «Токто, жаным» деген ырым менен популярдуулугун арттырып, Казакстандын бир нече жеринде ырдын аталышы менен концерт коюптур. Ал эле эмес, аталган ырдын 2-бөлүгүн жаздырып, «ошону сен да ырдап чыксаӊ болот» деп мага сунуштап жатат. Андан кийин катарынан ырларымды саттым. Эӊ арзаны 300 доллар болсо, кымбаты 1000 долларга бааланды.
– Боордоштордун кызыгуусун арттырган ырлар кантип жаралууда?
– Мен дайым изденүүдө жүрөм. Ырларга идея деле турмуштан алынат. Мисалы, акыркы «Адам бойдон калгын өзгөрбөй» деген ырым Орозо учурунда чыкты. Себеби адамзат Орозодо ыймандуу болуп, Рамазан айы бүткөндө анын баарын кайра эле унутуп калат экенбиз. Ошолорду ойлонуп, ушул ыр жаралды.
– Бойдок жигиттин жеке жашоосун сурап кетпесем болбос...
– Азыр жүрөгүм тыныгууда дебейминби (күлүп). Учурда чыгармачылыкка көбүрөөк көӊүл буруп жатам. Сүйүү башына келип, жабыркап жүргөндөрдү көп көрөм. Мен да ошентип калыштан корком. Ошондуктан азыр жеке жашоону биринчи планга койбой турайын деп чечтим.
– Келечекке көз чаптырып көрбөйлүбү. Дагы 10, 20 жылдан кийин да өзүӊдү сахнада көрөсүӊбү?
– Буюрса, 10 жылдан кийин деле азыркыдай элге жаккан ырларым чыгып, сахнада жүрсөм керек деп ойлойм. 20 жылдан кийинки жашоомду айта албайм. Балким, келинчегим чыгармачылыгыма каршы чыгып калса, үй-бүлөнү тандап кетермин.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


“Ал кыз мени бир тууган агасындай көрөт” дейт Данияр Эрматов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(60)
07.12.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырчылардын баарынын эле сүйүүгө убактылары жок. Той болот дегенде же тойдон кийин эле эң азы 4жыл сүйлөшүп сүйүшүп коюшкан болот. Жашырбай эле айта бергиле сүйүүңөрдү эч ким талашпайт
07.12.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Планшетинин камерасы ылдый жагындабы же.... тескери кармап алганбы???
07.12.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырды да ошончо кымбат сатабы
07.12.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жонокой акылдуу жигит ийгилик!
Медиа-портал
07.12.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуктуу ырчым алга, суперсиз!
07.12.2015. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчы болдун утуш сеники БИНГОООО
07.12.2015. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенизге ийгилик супер.
07.12.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен ушул баланы бир ырчы баланын уйлонуу тоюнда коруп аябай жактыргам. Башка ырчылар оздорун корсотуп койшондоп журушсо, Данияр жылмайып коюп турган. Ушунчалык жонокой, аябай жылдыздуу бала экен.
Медиа-портал
08.12.2015. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куршабтан болосунбу Данияр
Медиа-портал
08.12.2015. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алгааа Данчо мачо, сени бут Кыргыз эли жакшы корот!
Медиа-портал
08.12.2015. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Планшетти ким кандай кармагысы келсе ошондой кармайт красавчик Данияр))
08.12.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эч кандай жасалмасы жок орундуу суйлойт.мен бул жигиттин сахнага жаны чыгып келе жаткандагы маегинде эле тв дан коруп жакшы ырчы болгудай деген элем.озгорбоптур.молодец чыгармачылык ийгилик жонокойлук адамдын жылдызы деп койот эмеспи жонокой таза дилинди жоготпой, озун максат кылгандай КРнын эмгек синирген эл артисти бол келечекте
SUPER.KG видео
08.12.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniyar jakwy adam korunot birok yrdaganyna takyr toiboim ushul balanyn eptep golosu bar bolor bolbos.
08.12.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо Данияр молодец абдан жопжонокой бала. Ар дайым кулуп журот учурашып турат, абдан сыйлайм ушу баланы))
SUPER.KG видео
08.12.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Азаматсын! Жөнөкөйлүк адамдын эң жакшы касиети ушул бойдон жүрө бер. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
Медиа-портал
08.12.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Данияр каарыларды эске алганын аябай журокту жылытты
Медиа-портал
11.12.2015. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zeet,ооба, антип карылар үйүн эстебейт көбү, тескерисинче шкафтарын толтуру кийим-кече, же машина алышат жан талашып. Казактар ырларын ырдаганда автордун атын атайт болду бекен.Көп эле уктум Мирлан Баеков ырдаган "Кызыл өрүктү" казактын ыры деп талашат экен деп. Өмүрлүү бол,өнөрүң өркүндөй берсин.Кыргызымда сендей азаматтар көбөйө берсин
08.12.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайм
Медиа-портал
08.12.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы урматтуу супер инфо Жоодарбешимден дагы интервю алгылачы рахмат
Медиа-портал
09.12.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bema19.86,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
08.12.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
башкаларга кандай окуп корбодумго бирок мага аябай жагат ушул жигит, ырлары отто сонун жаралат ар бир ырын жадабай угуп келем коп ырлары менен ооруп да калам, ырдаган адам ушинтип майын чыгара ырдап, ылайыктуу клип тартса эле оз ордун табат! Азаматсын Данияр сенин ар бир ырынды суйуп уккан куйорманын!!!
09.12.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жараткан оюнузду ишке ашырып, ошол карылардын батасы тийсин. Дагы да коптогон ийгиликтерди каалайм! абдан жонокой, жагымдуу экен!
Медиа-портал
09.12.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчылардын баары эле ушундай жонокой болсо кана.
Бойлорун которуп адамды тоготпой, оздорунун адам экенин унутуп калган ырчылар аябай коп, ошолордун арасында бузулуп кетпестен озунун адамдык сапатын сактап жургон Данияр Эрматов сага Аллах ыраазы болсун!
SUPER.KG видео
09.12.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы кыз бир тууган агасындай корот экен???
09.12.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жонокой экен.бирок бир да ырын билбейм
09.12.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карылар уйуно жардам берем дегени аябай жакты. Ушундай жигиттер кобоё берсин.
SUPER.KG видео
10.12.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан насипке караганда жонокой жиги
10.12.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайбыз, коп коп ийгиликтерди багындырып келебер.
12.12.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада аябай жагат,бир жолу кафеден досум экообуз тамактынып олтуруп бизден ары жактагы столдо Данияр достору менен олтуруптур,коруп баргым келди жанына,анан ал чыгып кеткенде артынан чыктык артында басып баратам эч баралбайм уялып,ал болсо машинасына тушуп кетип калды барсак болмок деп аябай окунгом ошондо.
15.12.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men bashynda jaman korchum uwu yrchyny birok tokto janymdy aianbai ukkam jany chykkanda a azyr bolso sosialdyk tuiundorundo bolushkon janylyktaryn korup kalyp jurup jonokoi adamdai sezilip kaldy anan bilbeeim
iigilik sizge...
SUPER.KG видео
08.01.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец каарыларды эске алыпсын.шайыр ачык айрым жигит экен.сага окшоп каарыларды эстеген кыргыздар кобойо берсин жана эч качан эч ким ата энесин каарылар уйуно таштабасын.
SUPER.KG видео
21.04.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр байке соонун жигит мага кулгону аябай жакты.супер
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо