Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТҮРКИЯ МЕНЕН ОРУСИЯ ТИРЕШИ КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫЙЫН АБАЛГА КАЛТЫРДЫ

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж

24-ноябрда Түркиянын аба күчтөрү Орусиянын бомбалоочу аскердик Су-24 учагын абадан атып түшүргөн соӊ 2 өлкөнүн алакасы кескин начарлап, ансыз деле бычак мизинде турган дүйнөлүк саясий абалды курчутту. Түркия жана анын Батыштагы союздаштары Орусия өлкөнүн аба чектерин бузду, эскертүүлөргө көӊүл бөлбөдү десе, Орусия учак Сириянын аймагында болгонун, Түркиянын чегинен бир чакырым аралыкта учуп жүргөн кезинде атып түшүрүлгөнүн айтууда.

ТҮРКИЯГА КАРШЫ САНКЦИЯЛАР
Орусия окуяга реакцияны көп күттүргөн жок. Түркия менен Орусиянын ортосундагы визасыз режим 1-январдан тарта жоюлмакчы болду. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Ошондой эле Түркиядан келүүчү айыл чарба продукцияларына 1-январдан баштап чектөө киргизилип, Орусиядагы туроператорлорго аталган өлкөгө эс алуу турларын сатууга тыюу салынып, 2015-жылдын 1-декабрынан тарта чартердик авиаучуулар токтотулду.
Түркияга каршы санкциялар муну менен эле чектелген жок. Орусияда иш алып барып жаткан түркиялык компаниялардын ишмердүүлүгү да токтотулмакчы болду. Түркия мындай экономикалык санкциялардан чоӊ зыян тартары айдан ачык. Мисалы, 2014-жылы эле Орусиядан 3,3 миллион турист Түркияга эс алууга барган.

АТАМБАЕВ ЭКИ ОТТУН ОРТОСУНДА
Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары ЖККУга мүчө өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды «аскердик-саясий өнөктөшүн колдобой жатышат» деп күнөөлөп чыгышты.
«Орусиянын аскердик учагын атып түшүрөрү менен Түркия НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, альянс тезинен жыйынга чогулду. Анкара «Орусия Түркиянын аба мейкиндигин бузду» деген айыптоосу боюнча союздаштарынын толук колдоосуна ээ болду. Ал эми ЖККУ боюнча Москванын союздаштары өз позицияларын конфликттен 2 күн өткүчө да билдиришпеди» деп жазды
Лента.ру агенттиги.
«Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыйын абалда калды. Бир жагынан ал орусиячыл саясатчы катары белгилүү. Быйыл Кыргызстан ЕАЭСке мүчө болуп кирди. Экинчи жагынан Атамбаев түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жакшы мамиледе. Атүгүл президенттик шайлоодо Эрдоган утуп чыкканда анын жеӊишинин урматына уюштурулган митингде сөз сүйлөгөн. Орусиянын союздаштарынын чечкинсиздигин түшүнсө болот. Анткени Түркия ЖККУга мүчө өлкөлөр менен экономикалык бекем катыштары бар ири держава. Анын артында АКШ менен өнөктөштөрүнүн күчтүү колдоосу турат. Бирок баары бир
ЖККУга мүчө өлкөлөргө ким кас, ким дос экенин так аныктап алууга туура келет»
деп улантат Лента.ру.
«ЖККУга мүчө бардык өлкөлөр учактын атып түшүрүлүшүнөн улам келип чыккан Орусиянын Түркияга каршы аракеттерин түшүнөт» деп билдирди ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(44)
07.12.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Бир нерсе жазаарда ойлонуп жазсанар, россиянын самолетун турктор атып тушургону чындык болуп жатпайбы анан Путин эмне кылмак турктордун алдына барып жалдырасынбы. Эн туура чечим кабыл алды, турктор биздин элге эмне кылып жардам берип жатат ойлонсонор. Бир нерсе болсо эле жардам россиядан келип жатат го. Канчалаган кыргыз мигранттар Россияда жан багып журушот.Туркторду колдойбуз деп россия менен алакага доо кетпесин ойлон кыргыз
08.12.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
jili,эн туура эмес,кыска ойлонуп айтылган ой,мигранттар деп эле россиянын артын жалабаш керек жили
07.12.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Туркиядагы кыргыздарчы? Алар эмне болот? Алар же кыргыз эмеспи? Чек арасын бузуп учса ататда анан. Туркиянын чек арасын бузганы чындык. Буга далил , Кулаган учактын айрым сыныктары Туркия аймагына тушкону жана Туркия асманында калган учак тутун изи. Учак Туркия асманында атылган жерге кулап тушку чейин Сирия аймагына 1-2км кирип Кеткен.
09.12.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kontinent,бузган маалда да аба диспетчерлери прелупреждение кылыш керек болчу. Мен орустарды колдойм. ХХХ ХХХ кылбайт адамга.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-10 11:37:40
10.12.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mafi, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
13.12.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kontinent,тууганым,бизден Сирияга кетип жаткан жаранлардын 99% Турция аркылуу кетип жатат,буга эмне дейбиз. Мигрант дейбиз,ошол мигранттар Россияда кризис болуп акча аз жонотуп калды эле доллар 80 сомго чыгып кетти. Турция да бизге керек бирок орток позиция карманганыбыз он болуп турат го менимче.
07.12.2015. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Атамбаев орустар менен эле мамилесин чындоо заарыл. Оруся канчалаган жардам берип,даже айрым ири суммадагы карыздарын кечип жатат. Канча миндеген мекендештер россиянын нанын жеп,уй булоосун багып,мамлекеттин казынасына салым кошууда. Ким кандай билбейм,мен да орусянын нанын жеп,тузун татып журом. Таткан тузума тукургум да келбейт.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-07 15:06:40
08.12.2015. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
EdikoKG,ошол мигранттарды да канын соруп алгыдай болуп ,зорго кабыл алып жатышатко.
11.12.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
EdikoKG,Тура эле Россия болбосо кыргыздар аябай эле кыйгалабыз
07.12.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
орустун бир самолетун атып тушургондугу учун Путин кандай гана кадамдарга барып жатат, а биздин жарандардын канчасын озбек чекарачылары, озбекстандын чек рарасынан да озубуздун чек арабыздан да атып салып жатышса да эч бир аракет коро албай отурабыз, Путин дуйнодо Президент №1
07.12.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ туруптурда АША. ХХХ ХХХ деп жатат эле
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-07 15:28:17
07.12.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asad345, этика нормаларын сактаңыз!
07.12.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Менда Путин тараптамын
07.12.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Россияны колдойбуз!
07.12.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмне кылсак да баарибир саясий жактан болсун экономика жактан болсун орусияга коз карандыбыз. Ошондуктан оруся жакка ыктаганыбыз он,антпесе милиондогон мекендештерибиз жумушсуз калып мекенине кайтып,олкобузго кыйынчылык алып келиши мумкун. Атамбаев эмнеге реакция кылбады дейт ал эки оттун ортосунда калды,турцияда уй булосу тапкан ташынганы,мекенинен тапкан пайдалары баары ошол жакта деп угабыз,эмгек оргууго чыкса да ошол жактан демалып кайтат. Ошондуктан атамбаевге ун чыгарбай отуруу алда канча тынчыраак.
edu.kg. түзөттү 2015-12-07 17:33:14
09.12.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
edu.kg.,А эмнеге Грузия бизге окшоп орусияна ыктаган жок?эмне грузия жок болуп кеттиби же экономикалык эн начар олкобу?Грузияда бизге окшоп экономикалык,коопсуздук,саясат жактан оруссияга коз каранды болчу,коз каранды болгусу келбеди эле баары жакшы эле болдуго.Кеп оруссияда эмес,кеп бищдин бийликтин профеционалдуулу жоктугунда,келечекти ойлобой,бугунку кун менен,курсагы гана учун жашагандыгында жана элибиздинда дуйнолук тушунугу начардыгында.
07.12.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Путинди колдоймун! Молодец, Президент деп ушул киши айт! А биздечи канча биздин жарандарды озбек, тажик жарандары атып, олтуруп жатат. Эч кандай окмот тарабынан чечкиндуу кадамдар жок ! Оо кудай бизге да Путиндей Президент бере кор, Кыргыз жок болуп кете электе!
07.12.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Путин туура кылат. Биздин да президент Путиндей болгондо бир да озбек кыргыздарга каршы баш которо алмак эмес. Путин молодец. Эки аскери учун ушунчалык чон кадамдарды жасап атат. А бизде жуздогон эр азаматтар озбектер менен урушуп курман болсо да бир жан озбектерге чара колдонгон жок. На оборот озбекстанга качып откон [moderated]ды кош колдоп алып келишти
08.12.2015. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындык создор арбын.
08.12.2015. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыла турган иштен море.
08.12.2015. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эдагор бекер эле аттырды америка ишенип атат окшойт туркия деле кучту бирок росияга кучу жетпейт
08.12.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстандын ар бир үй-бүлөөсү Россия менен тыгыз байланышта аларда балдарыбыз иштеп жатышат.Бизге Россиянын жүргүзгөн саясаты туура экени көрүнүп турбайбы.Россиянынын иши алга жыла берсин!
08.12.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантсе да кыйын Абалда Кыргызстаным
08.12.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Путин 1
08.12.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Питин номер одинь дуйнодо
08.12.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
HUMMER,кулкуму кыстатбачы
08.12.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздарга курук соз болсо келтирип койушатта, озундо эчнерсеси жок эки олкону карап жалдырап...
08.12.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны буну жаза бересинерби дуйнолук саясатты тушунбой туруп эле.?Биринчиден Оруссия Сирияны бомбалай баштаганда союздаштары менен(жкку)менен кенегип анан рперацияны баштадыбы?натодо бироосу бир деме кылар астынан калгандарына айтат,кенешет анан аткарат,а Оруссия бизди тоготтуп да койбоду,еще жкку ну тузуп алганына олосун.Казакстан,Беларуссия же Биз менен кенешип анан Сирияны бомбалай баштаса башка кеп.Америка мин жаман болсода озунун кичинекей союздаштарын колдоп келген,жардам берген.
09.12.2015. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АКШ экоонун ортосуна от жагып максатына жетти Анын максаты дуйно жузун Орусияменен душман кылуу Кыргызстан азырынча бейтарап болгону дурус Эгер согуш чыгып кетсе анда орустарга кошулабыз го
09.12.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озу сактасын
09.12.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
турцияда да канчалаган кыргыздар окуп, иштеп жүрүшөт... Орусияда жүргөндөр өзүмчүлдүгүн көрсөтүп жазып коюшуптур, орустар дагы деле Кыргызстанды өзүнүн колониясындай көрүп, мигранттарга кандай мамиле кылганы менен ишиңер жок! Азыр Кыргыз Эл кошулуунун айынан кандай кыйналып жатканы мисал!
10.12.2015. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Россияны колдош керек! Себеби биздин жараандардын почти жарымы бул жакта. Эми Туркияда деле жок эмес го бирок Россиядагыдай коп эмес деп ойлойм. Туркияны колдобосок ал жакта кыргыздарга зыян келтирбесе керек а эгерде Россияны колдобосок точна олдук десек болот (
10.12.2015. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begai93,Андай деле эмес!!! Акыйкат керек ! Туркияны аткылааганы учкан жок! Бул учкучтар! Болгону чек ара сызыгын кесип откон.Булар атпаш керек эле.
10.12.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия Алга
10.12.2015. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Путин туура кылып атат, эгер ал эч кандай чара колбонбосо болбой калмак. Кылган иштерине жооп бериштери керек Турция туура эмес кылды.
10.12.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туркиянын территориясына киргенде,15секундка жеткирбей атып салган мына сага сактык.А бизге кирип бир кун деле учуп журо беришсе эч кимдин иши жок болмок.Мен Россияны эле колдойм.Россия жок болсо биздикилер кайсы жактан бары жан бакмак эле.Путин эркек. Бизге келип 1.2жыл иштеп берсе зынк болмок.
10.12.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россия Туркия тирешип атса А.Ш.А неге ортодо калат оор абалда. А.Ш.А нын озунчо бир пикири болушу керек президент катары. Антип эки адамдын конулун ала'албай олтурган шестеркага окшобой. Анан алар дуйнолук державаларда А.Ш.Анын ойу алар учун маанилууда эмес.
11.12.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россия алга!
13.12.2015. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги аман эле болойлу. Баардыгы жалгыз Аллага белгилуу.
14.12.2015. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия биздин экинчи уйубуз,семьябыз!!!Эч кандай Турция только за Россию голосуем.!!!.Бул американын политикасы болуп жатпайбы.Кыргызстанды кроме Россиядан башка эч башка мамлекет колдобойт,или Турция колдойт деп ойлойсонор жанылыштынар.Бул сайтта туура эмес информация жазылган,эмнеге дегенде Туркия преждупреждат этиш керек болчу,а Учкучту эмне акыбалга салганын кордунорбу?Путин правильное решение принимал!!!.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо