Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КҮЙӨӨМ МЕНИ МОСКВАДАН КЫРГЫЗСТАНГА ЖӨНӨТҮП, БАШКАГА ҮЙЛӨНҮП АЛДЫ»

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж

Жашоодо түркүн кырдаалдагы тагдырлар кездешет. Арасынан 24 жаштагы Динара аттуу келиндин тагдыры өзгөчө көӊүлдү бурду. «3 айлык кызымдын башында суусу бар болуп төрөлүп, эшикке чыга албай жатам. Канатым кыркылып кайгырып турам. Жолдошум мени Москвадан Кыргызстанга жөнөтүп жиберип, көп өтпөй башкага үйлөнүп алды» дегенинен ага жолугуу үчүн Сокулукка жол тарттым.

«БИЗ АЖЫРАШКАН ЭМЕСПИЗ»
«Төркүнүмдүкүндө турам. Бул жакка төрөп, тыӊыйын деп келгем»,- деген Динара Жээнбекова 1 жашар кызын горшокко тоскон соӊ ички бөлмөгө кирип кыӊкыстап ыйлап жаткан 3 айлык кызын колуна алып тагдырын баяндап отурду.
– Жолдошум Кыялбек Исмаилов экөөбүз 2012-жылы Москвадан таанышканбыз. Ошондон көп өтпөй эле анын документтери туура эмес болгондуктан депортация болуп Кыргызстанга келе берди. Экөөбүз телефон аркылуу кабарлашып, сүйлөшүп турчубуз. Ал мага «келбейсиӊби, үйлөнөлү. Апам мага кыз таап койдум деп жатат. Мен ага сүйлөшкөн кызым бар деп болбой жатам» деди. 2013-жылы май айында мен да Кыргызстанга келип, 1 айдан кийин экөөбүз баш коштук.
Келин болуп келгенде башка үйгө көнүп кетиш оор экен. Кайнененин каарынан жакшы эле запкы жедим. Мен деле жакшы келин болдум деп айтпайм. Каяша айткан күндөрүм болгон. Тирүү жан болгондон кийин сүйлөйт экенсиӊ да. Анын үстүнө кош бойлуу да болуп калдым.
Мен төрөгөндөн кийин документтерин кайра жасап, Кыялбек атын Айбекке, Исмаилов деген фамилиясын Мухтаржанов деп атасынын атына алмаштырды да, Москвага кетти. Кызымды 8 ай болгондо төркүнүмө таштадым да, күйөөмдүн артынан Москвага жөнөдүм.
Ал жактан тапкан айлыгымдан «апама салайын, кантсе да биздин кызды багып жатпайбы. Сүтүнүн 1 коробкасы эле 1000 сом турат экен» десем, «чыккан кыз чийден сырткары» дейт. Сен биздин киши болгондон кийин төркүнүӊө эмес, менин үй-бүлөмө жумшашыӊ керек» деп уруш чыгарчу. Быйыл экөөбүздүн ортобузда «ушинтип уруш-талаш менен жашагандан көрө ажырашалы» деген пикир болгон. Бирок Кыялбек «нике күбөлүк тура берсин. Мен аны жокко чыгарууга макул эмесмин» деп койгон. Көп өтпөй экинчи кызыбыз боюма бүтүп калды. Айла жок Кыргызстанга кайттым.
Кайнежем, кайын сиӊдим үчөө келип аэропорттон аябай жакшы узатышкан. Күн мурунтан мени базарга алып чыгып кийинтишти. Кыргызстанга келгенде Өзгөнгө, кайын журтумдун үйүнө бардым. Кийин ден соолугум жакшы болбой жатканда кайненем «апаӊдыкына барып төрөп, тыӊып кел» деп мени Бишкекке жөнөттү. Анан төрөгөнүмө 3 ай боло электе эле күйөөмдүн башкага үйлөнүп алганын угуп жатпаймынбы?!
Кабарды мындайча уктум. Кечинде интернетке кирсем, Москвада биз менен бир батирде чогуу жашаган эже «сен эч нерседен кабарсыз жатсаӊ, бул жакта күйөөӊ башкага үйлөнүп жатат. Эртеӊ тою болот» дебеспи. Ишениш кыйын болду. Дароо Кыялбекке чалдым. Ал караманча танып койду. Тигил эжеге кайра жаздым. Эже «өзүнөн 2 жаш улуу, аты Нуржамал. Москванын Люблино районунда базарда иштеген кыз экен» деди. Ошондо Москвада иштеген таежем, таажеӊем, бир тууган эжем үчөөнө айтып, сүрүштүрө баштадык. Акыркы мүнөттөргө чейин ишенген жокмун. Кантип эле? Бул жакта мен болбосом да канынан жаралган 2 кызы турат го?

«ТУУГАНДАРЫБЫЗ ТОЙДУН ҮСТҮНӨН ЧЫГЫШТЫ»
Маекти андан ары бөлөсү Гүлира айым менен уладым.
– Той өтчү кафенин дарегин билиш кыйын болду. Жеӊем Кыялбекке чалып, «биз сенин келинчегиӊдин курбулары болобуз. Тойго чакырылдык эле, даректи билбей жатабыз» десе айтып бериптир. Москванын Волгоград проспектисинде жайгашкан «Гранат» деген кафеге бардык дейт. Апам менен жеӊемди алар жакшы деле таанышпайт. Караса кадимкидей эле 2 жаштын орду төрдө, үлпөт көйнөкчөн келинчек, курбу кыз, күйөө жолдош, айлана-тегерек гүлгө чулганып жасалгаланган экен. Апам дасторконго отурбай эле тамадага барып, «мен жакын тууганы болом, эртеӊ шашылыш Кыргызстанга кетип жаттым эле. Каалоо-тилегимди айтып кете берейинчи» десе, ал апамды расмий түрдө жарыялап чыгарыптыр да. Эл алдына чыгып каалоо-тилегин айтып, аягында чыдабай кетип, «кызыбызды 2 кызы менен таштап коюп бул жакта той кыларыӊды бизге деле кабарлап койсоӊ болмок экен. Каранар-карманарыӊ ошол 2 кыз болуп калсын, башка бала көрбөй кал!» десе, коноктордун баары ооздорун ачып отуруп калышыптыр. Ошол маалда Кыялбектин эжелери келип апам менен жеӊемди жулмалашып кафенин сыртына чыгарып коюшуптур.
Анан полиция кызматкерлерин чакырышыптыр. Ошол жерден Динаранын эжеси полицияга Кыялбектин аты-жөнү башка экенин, ал депортация болуп, атын алмаштырып кайра Орусияга келгенин айтып салган экен. Полиция кызматкерлери карап турмакпы, «күйөө баланын» документтерин алып, аймактык милицияга чакырып кетишиптир. Андан ары той кандай болгонун элестеткиле.
Ага жасалма документ менен Орусиянын аймагында жүргөнү боюнча күнөө тагылып, иши 10 күндүн ичинде каралмак. Орусияда мыйзам иштейт. Биринчи ал жактын тартиби менен жооп берсин, анан көрө жатарбыз. Апамдарды кафеден түртүп чыгарышканда баары теӊ «билген жериӊерге барып, каалаганыӊарды кылгыла, колуӊардан эч нерсе келбейт» дешиптир. Биз билгенибизди кылып жатабыз, соттошобуз, жооп бердиребиз.

«БИЗ ӨЗ АРА КЕЛИШИП АЖЫРАШКАНБЫЗ»
Мындан соӊ Кыялбек Исмаиловго байланышып, бул маалыматтарды алдык.
– Эгер Динарага өзүм жолугуп, «сен менин ата-эне, бир туугандарымды эч качан сыйлаган эмессиӊ. Каяша айтып, аларды дайыма капа кылчусуӊ» десем, ал деле моюнуна алат. Ооба, таежеси, таажеӊеси, эжеси үчөө келип, өткөрүп жаткан чакан тоюмду бузуп кетишкени чындык. Алар мындай кадамга ич күйдүлүктөн улам барышты. Ошол жерден бизден 30 миӊ рубль талап кылышты. Экинчи турмушумду курганга чейин Динара менен сүйлөшүп, ага аны менен мындан ары жашай албасымды түшүндүргөм. Ал макул болгон. Болгону ортодо нике күбөлүгүбүз гана кармап турган. Эгерде менин мурда депортация болгонумду билдиришпесе, бул жактан иштеп, мыйзамдын негизинде кыздарыма алимент төлөп турмакмын. Ансыз деле кыздарыма буга чейин акча салып турчумун. Азыр бул жакта ишим каралып жатат.
Эки жактын оюн окуп жыйынтыкты өзүӊүз чыгарарсыз, окурман. Көӊүл сүйбөгөн адам менен бири жашагысы келбесе, экинчиси күйгөндүгүнөн ар түрдүү кадамдарга барып жатканын байкасаӊыз керек. Ортодо жашоонун даамын татмак тургай, тили чыга элек 2 кыздын убалын ойлогондор аз. Балдардын алдында жоопкерчиликтүү болууга качан үйрөнөбүз деги?

"Мен да 2 жыл мурун ак көйнөк кийип, бакытка балкып Кыялбекке баш кошком".

"Азыр менин ордумду башка бирөө толуктап турганы ызаландырат".

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(199)
10.12.2015. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек да сендей болобу?
10.12.2015. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Москва жаш уй-булоолорду бузуп жатат...Окунучтуу
10.12.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздар эр деселе шашып ,тийип албай, окуп бир кесиптин ээси болуп шашпай эле турмушка чыкканы он, антпесе азыркы эркектерге ишенич жок!
10.12.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КОмментарийлерди окуп озунчо эле сериал го дагы жанысы качан чыгат деп
10.12.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун бардыгы тагдыр деп аталат. Ар ким ар нерсе дей бербегиле озунорго куноо ашырып
10.12.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тобо кылдым,олуп жатсанарда Кыргызстанга барып тийгилечи кыздар,бок барбы Москвада,Москвага окуганы же иштегени баргылада,балээ барбы джигит мн суйлошуп
10.12.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман окуя болуптур
10.12.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмне кереги бар ушул ашыкча проблема , кыздар ойлонгула ортодо чыныгы суйуу бирин бири жакшы коруу болгондо гана бактылуу туболук жашап кетесинер деп ойлойм а беш кундук ырахат учун турмуш куруп емнеге еле тошоко шашыласынар
11.12.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
MuslimNur95,бул кыз суйлошуп журуп баш кошуптурго.Бир корбой алып качып алгандар деле барго.Баары кыргыздардын Москвачылыгында болуп жатат.Эч ким билбейт эч ким корбойт деп ойго келгенди жасап жатышат.Туугандары туптуура кылыптыр 2наристени козго илбеген башка баланы кыйратып бакмак беле.
11.12.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыялды эле куноолой бербегиле.Канчалык суйуп алса да эркек аялды ал мунозу жаман болсо кайын журтун сыйлабаса анда эркектин суйуусу жоголот жек коруу пайда болот.Анын устуно тагдырлары ушундай жазылганда.Аялдан да кетет каталык.Мисалы менин келиним 3 баласын таштап кетип Россияга озу уруш чыгарып атайлап.4 жылдан кечее жакында келип иниме озунун балдарын багалбаймын деп отказ кылып откозуп берди.Ичпеген чекпеген бала иним. 4 жыл озу карады уйлонбой балдарын.Бироо балага зар бироолор таштап атат
11.12.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 кызын бага албай башкасына уйлонсо анда кыздарынын кусуру урат ал эрди.эми балалуу болгондон кийин жок дегенде балдарын ойлоп жашабайбы башкасына уйлонуп албай.динара деле бир жакшынай кыз экен.эми динарага кыздарына кудайым сабыр берсин омурлору узун болсун.
11.12.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа беш кол тен эмес баарыбызга АЛЛАХ ыйман берсин!!!
11.12.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ушундай эркектерден.
12.12.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да башымдан ушуга окшош проблема отуп жатат. Ооба аябай кыйын. Негизи ар бир адам оз милдетин,жоопкерчилигин так билсе мындай окуялар болбойт эле... Азыркы заманда
02.12.2025. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гука эже ошондо азыр жашооңуз кандай баары жакшыбы?
12.12.2015. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири катын кетирсе бири эрден чыкса Москвада той кылышса буларды ким корот дейсин.Оздорунчо бактылуу болушканда.Балдарындын убалына каласын,башы жок эркек экен.
12.12.2015. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз сөз кеңири деп жаза берген туура эмес .... Эркектин да акылы бар жөндөн жөн жөнөтпөсө керек кыргызстанга....бир нерсеси бардыр бул келиндин кайненелерин сыйлабаса чынында анда эмне кереги бар .... бирок кыздарына камкордук кылыш керек болчу аларда күнөө жок.... ажылдап атып Кыялбекти да жептир эми анын ахвалы кандай болот.... кыргызстанда кантип алимент төлөйт...аял акылдуу болсо тойлоруна каршы чыкпайт болчу,кайра өзүнөн кемчилик издейт болчу кай жерим жакпай калды деп менттерге арзызданбай..... ээххх .
12.12.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура эмес кылгансыз,сиз жакшы болсонуз куйоонуз сизден кетмек эмес,менин апам менен атам мына 70ке чыгышты экоо казырда бири бирин алыска кетирбей барбайсын жанымда бол деп турушат
12.12.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жаман нерсе уй булоосу бар баланы бузуп тийген.
12.12.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
экоондо тен куноо бар го
12.12.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек да сендей болобу Кыялбек тигиндей мындай дейсинер эми карагыла кайсы кыз озунон 2 жаш кичуу никеси бар андан калса 2 кызы бар балага турмушка чыгууга руксат берет. Биринчи аялына айтарым эми 2 кызды жакшылап тарбияла анан Кыргызда Эшектен жыгылсан пеийилинден кор деген соз бар аны да унутпа.
12.12.2015. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга окшогон еркекти сылабаган жэ барган жэрин сыйлабаган азыркы биздин шылуун, ажылдаган келиндер ушентип боодо ымыркайлардын убалына калып атасыз калтырып жургондор коп эгер ал озу сонун болсо емнеге баланынАта енеси акмак бекен кайрадан ага келинчек алыр бермек беле тилинен корду да чала болот мындай ажаан келиндерге
13.12.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иш болбоптур
13.12.2015. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаманле позор кылгангоо )))) молодец карап жатканча тоюн буздуруп ичиндегисин кичине чыгарып алыптыр! Тойдогулар эмне болушту экен аа.... бирок эми этият бол даа очошуп калбаса эле
13.12.2015. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эмес да,балким эки адамдан тен куноо кетет,бирок ошол куноонун кесепетинен ортодо балдар эле кыйналат,балага атанын да эненин да мээрими керек,кандай жаман болбосун атасын сагынып бук болушат, тируулой жетим кылбай балдары учун ата болуш керек эле,,Динар эже Иншаллах баары жакшы болот, бул кундорунуз да отот,кыздарынызга.озунузго Кудайым ден соолук берсин...
13.12.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чужое семья темный лес.Бир нерсе деш кыйын,эки жак тен сабырдуулук мн чечип алышса жакшы болмок.Анан озун озу уят кылып коомчулукка жарыялап эмне кылат дейм да жеке жашоосун?
13.12.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиги баланын иши чечилиптирби депорт болду да э,эми москвадагы аялы не болот? Кийинки санда да чыгабы?
13.12.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай уй-булоолордун бузулушуна Москва куноолу эмес деп ойлойм.Ар кимдин башы озундо,ойлонуш керек.Уй-булоо,ата-эне,балага ар кимибиз жооптуу экенибизди да унутпайлы.Москва бизден барган ар бир адамды бирдей эле кучак жайып тосуп алып жатпайбы.Эн башкысы ыйманыбызды жоготпойлу,озубузду тарбиялайлычы.Сизге айтарым Динара сабырдуу болунуз.

20.12.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эркектерди да, аялдар да жоопкерсиз. Ошон учун толтура балдар ата энесиз чоноюп журот азыркы убакта. Каждый думает только о себе. Он женился, свадьбу ещё сделал. Она скоро свалит в Россию. А байкуш кыздары ар кимден туртку жеп чоноюшат
18.01.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайынэне каяша кайтарба оз энендей кор бирок кеебир кайын энелер оздору куноолуу болушат беш кол тен эмес не болсода эне да кайынэнене кандай мамиле кылсан келининден ошол мамилени кутосун ошон учун каяша айтбай сабыр кыл ата-эненден кандай тарбия алсан барган жеринде да талаада да ошол бойунча журосун деп ойлойм мен,бул кыздарга да балдарга да тийешелуу
Svoboda83 түзөттү 2016-01-18 18:36:33
18.01.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип оз канынан жаралган балдарды ташташып тируулой жетим кылышат эркектерда аялдарда,бала деген эч куноосуз периштего
Svoboda83 түзөттү 2016-01-18 18:46:00
25.01.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай тагдыр бир гана буларда емес ондоп саналып жатат... Уй булоо кураарда аны эмне максат менен куруп жатканыбызды ойлобогонубуз аябай окунучтуу болуп жатат...
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо