Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Назира Бердигулова, телеалпаруучу, актриса: «СУЛУУЛУГУМДУ ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ АДАМГА АРНАГЫМ КЕЛБЕЙТ»

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж

Азыркы учурдун Таттыбүбү Турсунбаевасы болгусу келген сулуу кыздарыбыз арбын. Алардын арасында өзүн кино жаатында, телеалпаруучулук жакта көрсөтүп келе жаткан Назира деген бир кыз бар. Койкоюп кооз сүйлөгөн бул кыз менен 2 саат маектештим. Жыйынтыгы төмөндө.

– Назира, КТРКга кантип, ким аркылуу келдиӊ? Же алпаруучулук тажрыйбаӊдын, журналисттик дареметиӊдин үзүрүбү?
– Теле жаштыкты, сулуулукту, тактыкты талап кылат. Демек, мен эфирдин талаптарына жооп бергендигим үчүн иштеп жатам. Өз жумушумду сүйгөндүктөн таӊкы саат 5те туруп жумушка жөнөйм.
Бул жакка ким аркылуу келгенимди айтуунун кажети жок. Эӊ негизгиси, мага ишенген адамдарды уят кылбаганга аракет кылуудамын.
Буга чейин көп эле адамдар менен шерик болуп телеге чыкчумун. Бирок мага Нурдөөлөт Копоев менен чогуу иштеген аябай жакты. Ал эми Майрамбек Осмонов менен эфирге чыккан өтө оор болгон. Ал адамдын жанында сүйлөй албай балык болуп отуруп калгам. 3 сааттык эфир 3 күнгө созулгандай туюлган.
– Өзүӊ айткандай, эфир жаштыкты талап кылат. Жаш өткөндө эмне менен алектенем деп ойлойсуӊ?
– Ал кезде өзүмдү мугалим катары элестетем. Азыр Гүлшан Молдоева эжеге «сиз бышып турган мөмөлүү дараксыз, мага алмаӊыздан бериӊизчи, жеп калайын» деп андан сабак алууга аракет кылам. Ал «айланып кетейин, алмаларымды сага бербегенде кимге бермек элем?» деп калат. Эже азыр мектеп ачайын деп жатат. Ошол сыяктуу мен деле бир кезде мугалим болом.
– Дикторлукка басым жасап жатканыӊды байкадым. Актрисалык өнөрүӊ көмүскөдө калып калбайбы?
– Эфирде деле актриса болушуӊ керек. Эки кесип теӊ бирдей эмгекти талап кылат. Көптөгөн кинолорго тартылсам да, мага ийгилик алып келген «Мен сүйгөн карагат» тасмасы болду. Азырынча элдин эсинде карагат бойдон калып турайын. «Шабдан баатыр» киносуна кастингге баргам. Ал жактан да жакшы кабарлар болот деп ойлойм.
– Аракетиӊ жакшы, аракет кылып да ийгиликке жете албаган акылдуу кыздарыбыз көп. Байкашымча, сени колдоп, каржылап турган бирөө бардай?
– Мени, кызымды ата-энем, бир туугандарым колдоп, моралдык, материалдык жактан каржылайт. Кызымды Кыргыз-түрк лицейинде окутуп жатышат. Ар бир ийгилигиме ошолор себепкер. Шаарга жер там салып беришти. Өздөрү Таласта турушат. Эфиримди калтырбай көрүшөт. Алар менин сынчым, сырдашым, досум.
– Дос демекчи, курбуларыӊ деле көп болсо керек. Анын үстүнө бойдок болсоӊ...
– Мен жалаӊ гана үй-бүлөлүү адамдар менен достошом. Түнкү клубдарда жүргөн кыздардан эмесмин. Камчы Сарыбаев кошунам. Анын жубайы Элнура менен жакынмын, «Маша жеӊе» деп коём. Үйгө тез-тез келип турушат. Балдары өтө тентек. Чымчыктарыма 2 күнгө жеткидей тамак берип тойгузуп кетишет. Андан сырткары экс-депутат Ыргал Кадыралиева жакын курбум. Ал да менин кошунам. «Укам, кандайсыӊ, чай ичелиби, аш жеп келбейлиби же бүгүн мончого баралы, ээ?» деп чалып калат.
– Кызыӊ чоӊоюп калыптыр. Турмушка чыгып, кызыӊды инилүү, сиӊдилүү кылайын деген пландар барбы?
– Апам «кызым, турмушка чыксаӊ боло» деп калат. «Такыр убактым жок» десем, «тиричилик бүтмөк беле?» деп кейийт. Үй-бүлөдө 3 кызбыз, бирибиз да турмушта эмеспиз. Учурда менде баары жетиштүү. Сүйүктүү жумушум бар, каалагандай саркеч кийим алып кие алам, жегеним алдымда, жебегеним артымда. Балалыгымдан барчылыкта май
чайнап өскөн кызмын. Ошого кызымды да бардар жашоодо чоӊойтууга аракеттенип жатам. Бирок, албетте, жакшы күйөө керек. Элге окшоп мурдумду чүйрүп «кайненем менен жашабайм» дегендерден эмесмин. Жигитим бар, буюрган күнү турмушка чыгам.
– Жигитиӊ жөнүндө айтып берчи...
– Ал адам менен машыгуучу залдан таанышкам. Анын ким экенин билген эмесмин. Ал да мага катардагы адамдай эле мамиле жасады. Жашоомдо мындай адамды жолуктура элекмин. Такыр сөгүнбөйт, чекпейт, ичпейт. Мен кайсы жерде болбоюн колдоп, жанымда жүрөт. 3 тилде эркин сүйлөйт, мага да англис тилин үйрөтүп жатат. Менден 12 жаш улуу, саясаттан өз ордун тапкан ишкер адам. «Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» болуп турмушка чыгууну мен кечеӊдетип жатат окшойм.
– Биз тааныган саясатчы болсо үй-бүлөлүү эмеспи? Анан да бул адам сенин мурунку турмушуӊ жөнүндө билеби?
– Албетте, ар бир адамдын артында тарыхы бар. Бирок ал менин, мен анын тарыхына кызыккан жокпуз. Балким, үй-бүлөсү болгондур. Үй-бүлөлүү адамдар менен такыр мамиле куруп көргөн эмесмин. Жаштыгымды, сулуулугумду андай адамга арнагым келбейт. Кандай гана ушак-айыӊ ээрчибесин, кечки саат 4төн кийин үйдөн чыкпаган кызмын. Болбосо кечинде кафелеп жүрүп жигит таап, буга чейин 4 баланы төрөп салсам керек эле. Жигитим деле ичпегеним, чекпегеним, клубдарда жүрбөгөнүм үчүн мени тандады болуш керек. «Сен чыныгы аялсыӊ, ким эмне дебесин мен сага ишенем» деп айтат. Турмушка чыкканда анын фамилиясына өтөм.
– Жигитиӊ саясатчы экен, баралы келгенде сени саясаттан көрөт экенбиз да?
– Балким, ал үчүн тажрыйба, акыл топтош керек. Мен 30, 40, 50 жашта деле иштей алам. Бирок жаш өтүп кеткенден кийин төрөй албашым мүмкүн. Ошондуктан алгач төрөп, балдарды чоӊойтуп алып анан аракетимди көрөм деген оюм бар.
– Унаа айдап баратып өзүӊдү видеого тартып интернет баракчаӊа жүктөгөн экенсиӊ, аябай талкуу жаратты. Руль башкарып баратканда өзүӊдүн да, жолдогу элдин да коопсуздугун ойлош керек да. Кандай дейсиӊ?
– Кайсы жылдыз экенин айтпай эле коёюн. Машинага кыздарын салып алып рулда баратып бийлеп, ырдап өздөрүн тартып видео жүктөшсө билинбейт. Назира өмүрүндө бир жолу видео жүктөсө, элдин баарына таркап кетет. Ошол маалда эфирден чыгып тыгында тургам. Маанайым жакшы болчу. Мага жаккан музыка болуп жаткан, анан өзүмдү селфи кылып тартып видео киргизип койгом. Аз убакыт өтпөй жигитим чалып «Москвадан балдар чалып жатышат, алдыгы видеоӊду алып сал» деди. Макул деп дароо өчүрдүм. Көрсө, башка сайттар көчүрүп алган экен. Бул биринчиден мага сабак болду, экинчиден, элдердин арасында кызыгуу жаратсам, демек, бул да менин жетишкендигим.

«Нурдөөлөт Копоев менен чогуу иштеген аябай жакты».

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Назира Бердигулова: “Жигитим меники болосуң же эч кимдики болбойсуң дейт”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -10 
Комментарийлер(316)
11.12.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
атасын аябай жакшы карайт экен, ошонусу жакты
11.12.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Назира менен Гульнур Сатылганова орундарын алмаштырып алышканго кыясы...бул эжелер менен журсо, Гульнур эже жаштар менен тусалап журот...:-)
SUPER.KG видео
11.12.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ой Кудайым ай эмне мынча болушунча актанып да, мактанып да жетишиптир го Кыргызстанда жок кандай машина болду экен, билгендер жооп берип койгулачы????
12.12.2015. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кантсе да таластык экен.Туура тушунгуло.
12.12.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ыргал эжеси менен саунага барса анда тортко чейин барабы же ...
12.12.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мактансам азыр баарынар качып кетесинер:-)
12.12.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Назира эжену мурда мактанат деп ойлочумун азыр андай ойумдан кайттым анткени эже окурмандарга жеткиликтуу кылып айткысы келет. Ооба жоок деп кыска нуска маек болсо анын кызыгы эмне анда интервьюнун
12.12.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул Назира аяшты жакындан тааныймын. куйосун чанып кеткен,такыр ага конул болбой туугандарын уйуно киргизбей эч кимди козго илбейт турган келин...эркекке жакын ычкыр тиктеме кыскасы кудай ура турган да...
12.12.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бияк го бияк фейизбук олдуго чиркин аяктан эч Ким тузобойт Бердигулова Эми ош базарга барып калдым дегендей болдуго
12.12.2015. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Назиранын заманага кийип чыкан койногун синдиси кийип алыптыр
13.12.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
фууу мактанчаак экенсин!
13.12.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул ким озу? Суйлогон созун мааниси жок.
Медиа-портал
13.12.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турусбек Жумалиев менен лалалей деп уктум эле Назираны.Мага ишенип КТРге киргизген адамды уят кылбашым керек дегенинен туура окшойт деп калдым.Чоптун башы жондон жон кыймылдабайт да.
13.12.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Синдисини реклама кылып келиптирго) ) сулуу деле эмес, суйлогондору жакпады, асмандан алып суйлойткен.
13.12.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Силерге эмне деймда, ушунча билдируу калтырыптыр адамдар демек эле козундо. Силерге жакпаса башкага жагаттыр, элге жакпаса телберуунун рейтинги тушуп кетет бат эле. Демек Эл коруп жатат, элге жагат. Бул жерде билдируу калтыргандардын 80%жаштар ошондуктан, терс сын пикир коп болуптур. Улгайган ата энелер жактыраттыр,жаштар бироону сындагандан коро озунорду ондогула. Будьте позитивный, адамдын уроюн учурган создор жазылыптыр. Мусулман мусулманга эч качан жамандык кылбайт, созу менен да жадакалса.
13.12.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
П.с мага эч ким эмес бул, тууганы, досу десенер.
13.12.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
peri-jan, у каждого человека свое мнение , вы тоже будьте любезны
13.12.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жылдыз оорусу ага кошумча Таластын кызы турбайбы.тушунукту
17.12.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ganadik87,эмне болуптур таластын кызы болсо.
13.12.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайсы ырчы экенин айтпай эле койойун машинасына кыздарды толтуруп алып бийлеп дейт го .
Бул жерде башка ырчы эмес озу жонундо соз болуп жатса,башка ырчыларды айтып доодуройт го. Мынча айдан тушкондой болуп мактанат. Озун мактагандан олгончо кач дегендей...
Медиа-портал
13.12.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ичинде кири жок,oйун ачык айткан кучтуу айым экен.Ар бир адам пенде болгондон кийин мактанса керек.Орустар айтмакчы:Умный похвалится — дело сделает; мактанганындай эле алып баруучулук,актриса болуу ар бир адамдын колунан келе бербесе керек.
13.12.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назира Бердигулова ар дайым ар бир интервюларында озун абдан жагынан коргозойун деп, озун аябай назик жоош кылып суроттойт. ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ!Себеби анын колунда менин кайын синдимдин кызы Асель, нянка болуп 5 жыл мурун иштеген. ал кезде Назира куйосу менен жашачу.Куйосу абдан жакшы сылык адам болчу, Назира кундо киймин ыргытып подъездге скандал кылып турчу куйосуно!Асель 19-жаштагы кыз, синдиси катуу орууп атаканын апасына жардам кылайын деп иштеп аткан.

Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-14 10:39:27
14.12.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahimchik, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
13.12.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асель кыйналп аткан учурда иштеп буткон айдын айлыгын колуна бербей, озу мурда Асель жаны орношкон кезде озу подарка кылган 500 сомдук койногуно чегерип койгон 5000 сомун бербей койгон, акча жок болуп атат деп койгон!!! Уяты жок, адам!!! Синдиси Асельдин коп отпой эле каза болуп калды ооруудан ( 16-жашта болчу) Мен мунун баарын жазбайт деле болчумун бирок,эки жуздуулугун коруп жиним келет касы аарына назик, кичи пейил болот деп, аары жок! Мунун баары калп десенер мага байланышкыла.
14.12.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yamaha_510, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 2 күн БАН!
17.12.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10 мен силерге толугу менен кошулам, менин оюмду окуп тургандай жазыпсынар. Супер!!!
19.12.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эл тараза эл сынчы дейт жогорудагы сындарга 100пайыз кошулам
21.12.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Урматуу кыргыздар, эмнеге биз алдыга чыккан адамдарды көрө албайбыз. Назиранын кылык-жоругун териштиресиңер. Жалпы кыргыз элине жагат, арадан саналуу адамдар сын айтты деп жаман көрүп калбайбыз. Атактууларды ушак ээрчийт. Азаматсың, ишиңе ийгилик каалайм.
22.12.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көрүп бүткөнчө кыйналып кеттим. Эмне деп салганын сезди бекен өзү?
SUPER.KG видео
23.12.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Комментарийлерди окуп тан калдым... Жамандык, кемчилдик гана издеген жандар... ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-24 09:54:32
04.01.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мактанчаакго тим эле..уй булодо 3 кызбыз учообуз тен турмушта эмесбиз деп мактанганы кантет....акылдуу болуш кк сулуу болгонго караганда.....лично мага жакпайт бул эже
SUPER.KG видео
08.01.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айымдын озу кыргызстанда бир да куйорманы жоктой корунот.баарына жакпайт экенсин эми токтолуп мактанганды азайтышын керек экен
Медиа-портал
14.01.2016. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жыгылып калдым
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо