27-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовго карата чыгарган өкүмүн угузду. Сот аларды «алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1,5 жылга эркинен ажыратылып, экөөнүн мүлктөрү конфискацияга алынсын деген өкүм чыкты. 2014-жылы тапшырылган киреше жана мүлк тууралуу декларацияларына ылайык, Нарымбаевдин эч кандай кыймылсыз да, кыймылдуу да мүлкү жок, ал эми Коркмазовдун наамына 2 унаа жазылган.
Ак үйдүн 7-кабатын силкинткен бул кылмыш ишине себепчи болгон Бишкек шаарынын экс-мэри, Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Нариман Түлеевдин иши да Жогорку Сотто каралды. 30-ноябрда акыркы инстанция Түлеевге карата Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Ага ылайык, экс-мэрдин мүлкү конфискацияга алынуу менен, 11 жылга эркинен ажыратылган болчу.
Бул өкүмдөр Кыргызстандагы сот системи бир эле беренелер боюнча ар кандай өкүм чыгарышы мүмкүндүгүн көрсөттү.
Эльвира Караева
politika@super.kg