Иса Өмүркулов: «КӨЗ КҮЙДҮРГӨН БОЙДОК ЖИГИТ БОЛГУМ КЕЛЕТ»

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж

Бир кезде сахнаны аралап ырдаган кичинекей, томпок Иса азыр бойлуу, сындуу жигитке айланган. «Ай, эжекени» ырдаган Иса: «Мени эл учурдун хит ырларын жараткан көз күйдүргөн ырчы мырза катары кабыл алышын каалайм жана ошого умтулам»,- дейт. Чыгармачылыкка жаӊы дем менен киришип жаткан ырчы мырза буга чейин эмне менен алек болду? Жообун өз оозунан угалы.

– Салам, Иса! Жайында «Канат Култаев менен келишимдик негизде иштеше баштадык» дедиӊ эле. Кайра продюсерсиз иштешиӊе эмне себеп болду?
– Саламатсыздарбы? Негизи, Канат байке кичине кезимден бери мага жардам берип келет. «Экөөбүз мурункудан да тыгыз иштешели» деп барсам, «сени эл тааныйт, өзүӊ эле иштей бербейсиӊби» деген. Ага карабай иштешели деп туруп алдым. Аны менен 1 жылдай иштешип, ал «биринчи кезекте келбетти караш керек» деп мени спорт залга жөнөттү. Кийинчерээк жумушу көп болгондуктан келишимсиз эле жардам бере турган болду.
– Чын эле арыктап, көз күйдүргөн жигит болуптурсуӊ. 20 килограммга арыктоо оӊой болбосо керек?
– Ооба, мурун салмагым 102 килограмм болчу. Азыркыдай формага жетүү оӊой болгон жок. Диета кармадым, спорт менен машыктым, чуркадым. Акыры өзүм каалаган жыйынтыкка жеттим.
– Көз арткан кыздар да көбөйүп жатса керек?
– Толтура кыздар менен сүйлөштүм. Бирок элге жарыя кылгыдай олуттуу мамиле боло элек. Чыгармачылыкка киришип, мындан да жогорку тепкичке көтөрүлгүм келет. Анан да орусча айтканда, учурдун «завидный женихи» болсом дейм. Ал үчүн мага сырткы келбет, байлык анан атактуулук керек. Кудай буюрса, келбетим жайында, бай болуш үчүн жакында бизнес баштасамбы деп турам. Ал эми атактуулук үчүн Кудай мага үн бергенден кийин талантымды пайдалансам максатыма жетем.
– Көз күйдүргөн ырчы мырза болгондон кийин кыздарга талаптарыӊ да күчтүү боло баштадыбы?
– Чынында, азыр кыздарга талабым өзгөрдү. Мурун сулууланып боёнгон эрке кыздар жакса, азыр алардын кызыгы жок. Мага боёнбогон, жөнөкөй, акылдуу, түшүнүктүү кыздар жагат.
– «Гүлзар» деген ырыӊ хит болуп турган кезде сени менен байланышуу кыйын болуп калган эле. Ошондо чын эле атактуулуктун айынан манчыркап кеттиӊ беле?
– 5-класстан бери сахнада жүрүп, буга чейин «жылдыз» оорусу менен ооруп бүткөм. «Гүлзар» ыры хит болуп турганда чакыруулар аябай көп болду. Күнүнө 4-5 жерге чакырышчу. Чет өлкөгө, Ош, Бишкекке каттап жүрдүм. Досума чалсам «Гүлзар», базарга барсам, маршруткаларда да ошол ыр. Бүт жак «Гүлзар» болуп кеткен. Бирок мен өзгөргөн жокмун. Ишенбесеӊер, «Иса өзгөргөн жок» деп досторум деле айтат.
– Балакай Исаны башка өӊүттөн тааныткан ырыӊ кандайча жаралган?
– Ал ырды 15 жашымда жаздыргам. Сиз айткандай, мурунку томпок Иса эмес, бой жеткен мырза болгонумду көрсөткүм келди. Ырды Эрнест Уметалиевден 1000 долларга сатып алып, текст жаздыруу үчүн ар кимге бардым.
Көӊүлүмө жаккан текст чыкпай, акыры Кыялбек Урманбетовго кайрылгам. Ал байке 5 айда жазып бүтүрдү. Бир жолу барсам, «Гүлзар, араладым» деген саптарынын ордуна «Чаптым, чагылгандай» деген сөз болчу. Ырдап көрсөм окшошпойт, анан «дагы көрүӊүзчү, мен көптөн бери эми жаӊы ыр чыгарып жатам. Ал ырым сонун болуш керек» деп кетип калгам. 3-4 айдан кийин келсем, мен күткөн ыр жаралыптыр. Ошондо эле бул ырга үмүтүм чоӊ болчу.
– 2 жыл эс алууда жүргөндө каражатты кайдан таап жаттыӊ?
– Ишенесизби, мени ушул убакка чейин аталган ырым багып келет. Тойлорго барсам, дагы деле «Гүлзарды» ырдачы» деп суранышат. «Жаӊы ырымды ырдайын» десем да суранып туруп алышат. Күнүгө тойлорго чакыруу болуп жатты. Андан тышкары үгүт маалында партияларга да иштеп калдым.
– Маегиӊе рахмат. Мындан аркы чыгармачылыгыӊа ийгилик!

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Иса: “Мурда кыздардын сулуулугуна карачумун”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(45)
SUPER.KG видео
12.12.2015. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
102 килограмм болгон дейби? Кокууй
SUPER.KG видео
12.12.2015. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичине чагында жакшы ырдачу. Чыгармачылык ийгилик.
SUPER.KG видео
13.12.2015. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Iiiiii oobu jok dese 3 emes 10 til yiron. Osyndyn ene tilinden kyinalyp syilop dep. Aitbasa adamdyn janyn kawaityp.
Медиа-портал
13.12.2015. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бердигулова караганда денгээли алда канча ойдо:) Азамат, мага абдан жагат бул бала.
SUPER.KG видео
13.12.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш кунго олтургузуп койушуптур го, козун ача албай жулжуйуп кыйналып кетти)))) анча мынча ырчыларга караганда жакшы ырдайт экен, жаш болсо да орду менен суйлойт экен. Ийгилик!
Медиа-портал
13.12.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maga jagat jakshynakai jigit.Alga
Медиа-портал
13.12.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик алдыга койгон ой максаттарын орундалсын.Жаны чыгармаларды кутуп калабыз сенден,красавчик алга.
SUPER.KG видео
13.12.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка тилдерди уйронуп жатса эле ..оз эне тилинде суйлой албай калышат.
SUPER.KG видео
14.12.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Омей,жаман кыйынсынган бала го.Байлык тиги-бу деп.Тандаган тазга жолугат дейт беле?Анан коз куйдургон бойдок болгусу келсе,атактуу эле эмес адамдык сапат да керек.Озу боло турган нерсе...Ийгилик!!!
SUPER.KG видео
14.12.2015. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кырызча ырдап,орусча суйлоп,англисче ойлоном деп койсон болмок да
SUPER.KG видео
14.12.2015. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мынча мактанчаксын байлык дебестен чыгармачылык ийгилик десен болмок
14.12.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик
14.12.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Исанын кыргызча ойлоно албай калганына озу эмес ата энеси куноолу болуп калатго,орус мектепке окутуп уйдон орусча суйлошуп,чойросу орусча суйлоп,а тил уйронуп жатканын жакшы иштерине ийгилик.
Bonia9189 түзөттү 2015-12-14 11:04:51
SUPER.KG видео
14.12.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Maktanbai ele norma interview. Jastin bieber of kyrgyzstan! handsome one.love u!
14.12.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байлык, атактуулук, келбет... Менимче мындан башка дагы толтура маанилуу нерселер бар. Ийгилик!
14.12.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бай болом дебей кудайдан ден соолук сура,бай болгур дессссе.
14.12.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушу Гулзааар деп башталганда эле откозуп ийер элем, такыр уккум келчи эмес дагы деле уккум келбейт тажжаткан ыр, терпеть не могу ар кимдин табити ар башка да эми, копторго жакса керек суранып укса элдер.
14.12.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгиликтерди каалайм! ойлогон ой максатына жетип, Кыргызстандын атын чыгараарына ишенебиз!
14.12.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коз куйдургон бойдок болом дебей уйлон братишка
14.12.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aiba_00 , боорду эздиңиз го... :) мен да өткөрүп жиберчимин. бирок Иса жакпайт дегендик эмес ошо ыры жакпайт.
14.12.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жастин Биберди туурайт.Бай,коз куйдургон бойдок болгусу келгени да ошондон го...
14.12.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
You are the best love you)))))))))))
15.12.2015. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ким эле)))
15.12.2015. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчы кундо тойдо журсо ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-15 10:27:04
15.12.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanchik9, мазактоодон алыс болуңуз!
15.12.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Иса алга!
16.12.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы арыкта бираз
17.12.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне коз куйдургудой асмандан тушуптурбу не эл катары эле адамго!!!
18.12.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ech kandai maktanych jok.Bilimduu inteligent jigit.Udachi!
18.12.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmdina2013, сын-пикирлерди, сунуштарды тиешелүү бөлүмгө жибериңиз!
20.12.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Иса иштерине ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо