Нурзат Садыкова, ырчы: «МЕНИ ТЕМИРЛАН СМАНБЕКОВДОН ТӨРӨП АЛЫПТЫР ДЕШКЕН»

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж

Учурда «Мени сүйгөн жүрөгүӊдүн кагышынан айланайын» деген саптары бар «Айланайын» деген ыр популярдуу болуп жатат. Дал ушул ырдын аткаруучусу Нурзат Садыкова бизде мейманда. Өтө токтоо, орду менен сүйлөгөн ырчы минтип сыр төгүп отурду.

«4 БАЛАГА 15 КЫЗ КЕЗЕККЕ ТУРЧУБУЗ»
-Нарындын микробу жок тоолорунун арасында чоӊ энемдин колунда эркелеп өстүм. Үйүбүз тоонун түбүндө, орустардын мүрзөсүнө жакын болчу. Балабыз да, мүрзө эмне экенин кайдан билебиз? Орустар кооз гүлдөрдү коюп кетишет, христиандардын Пасха майрамында жумурткаларды боёп алып келишет. Биз аӊдып, алар кетери менен гүлдөрүн алып ойноп, жумурткаларын жеп салчубуз. Кечке маал жарыктар күйүп, көрүстөн сонун көрүнүп калчу. Анда деле мүрзөнү аралап, топурак казып, сөөктөрдү чукуп ойночу элек. Коркчу деле эмес экенбиз.
Жай келген сайын апам «чачыӊ жакшы өсөт» деп чачымды кырып салчу. 6-класста окуп чоӊоюп калганда да ыйлаганыма карабай адаттагыдай башымды жалтыратып чачымды алып койду. Ал кезде кошуна баланы жактырып, ага өзүмдү көрсөтүп жүргөн элем. Башым чоӊ, эркекке окшогон кыз болчумун. Уялып, ысыкта башыма калыӊ шапке кийип, кыт куюлган топоздун куйругун шапкеме чач кылып кыпчытып алар элем. Анан чачы узун экен десин деп ары-бери ал баланын жанынан өтө бергенимчи.
Кийин атамдын жумушуна байланыштуу Казарманга көчүп бардык. Ал жакта бир класста 15 кыз, 4 бала окучубуз. Өткөөл куракта жасанып, өзүӊдү чоӊ сезип калат эмессиӊби. Отуруш уюштуруп, эптеп ата-энелерибизден суранып барабыз. Кечебиздин эӊ кызыгы – ак бийге түшүү эле. Ошол убак келгенде баарыбыз толкунданып, беттерибиз кызарып, анан 4 балага 15 кыз кезекке турчубуз, кезегибиз келгенде бийлеп, бир башкача сезимге бөлөнөр элек.

«23 ЖАШЫМДА САХНАГА ЧЫККАМ»
-9-классымда Бишкектин четиндеги Байтик айылына көчүп келдик. Мектепти бул жактан бүтүп, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырдым. Ата-энем менен чогуу тургандыктан студенттик күндөрүмдө кыйынчылык болгон жок. Студияны аяктаган соӊ Финансы академиясына тапшырдым. Буюрса, быйыл Кыргыз улуттук консерваториясын аяктап жатам. Өзүм жулунбаган, батынып бирөөдөн жардам сурай албаган адаммын. Бирөөнүн көз карашы эле эмес, кашы башкача кыймылдап койсо, ал адамга эч качан жакын жолобойм. Өтө намыскөймүн.
23 жашымда алгачкы жолу ырчы катары сахнага ырдап чыктым. Көптөр «үнүӊ жакшы, сен эчак эле популярдуу болуп кетишиӊ керек эле» деп айтышат. Элди тажатып көп чыккандан көрө акырындап кыбырай берейинчи. Көкүрөгүмдө кайнап, оргуштап чыга албай жаткан нерселер көп. Бирок аны чыгарганга өзүмдүн күчүм жетпейт. Бул талантты же өстүрүш керек, же өчүрүп салыш керек деген эки анжы ойдо турам. Буюрса, бир жакшы сынакка катышып келсемби деген оюм бар.

«ТЕМИРЛАН АГАЙГА 5 МҮНӨТКӨ СҮЙҮП КОЮӉУЗЧУ ДЕГЕМ»
-Учурда жүрөгүм бош. Жалгыздык кыйын нерсе, муну да сыноо деп билем. «Кара кыздын агынан эмес, багынан» дейт. Келечекте жолдошум менен чогуу балдарыбызды тарбияласак деген ойлорум бар. Экинчи же үчүнчү аял болуп тийип жаткандар толтура. Жолдошумду бирөө менен бөлүшкөнгө даяр эмесмин. Жашыӊ өткөн сайын тандап каласыӊ дешет. Тандап, ак боз ат минген ханзааданы күткөн жерим жок. Болгону жылдызыбыз келишип, турмушка болгон көз карашыбыз бир болсо болду. Узун бойлуу, кеӊ далылуу, жүрөгүндө ыйманы бар жигиттер жагат.
Турмушка чыга элек эл көзүндө жүргөн кызды ар кандай ушак-айыӊ ээрчийт экен. Кезинде «бир аялдын жолдошун тартып алыптыр» деген ушактар чыккан. Ар кандай адамдар болот тура, эӊ башкысы, аларга ыйман берсин. Ал эле эмес, «Кош жылдызда» Темирлан Сманбеков экөөбүз «Ак булуттар» деген ырды ырдасак, агайга да жабыштырган учурлар болду. Ал агайды сыйлайм, өтө таланттуу инсан. Ортобузда ата-кыздай, ага-карындаштай эле мамиле бар. Сахнада ырдаганда ырдын ичинде жашап ырдагым келет. Ошондуктан агайга «сахнада мени 5 мүнөткө сүйүп коюӊузчу» деп айткам. «Ак булутту» ырдаганда бири-бирибизди карап образга кирип, элге 5 мүнөттүк сүйүү тартуулайлы деген эле аракет болчу. Темирлан агайдын жубайы Майраш эжени жакшы тааныйм, үй-бүлөлүк катышыбыз бар. «Ак машина алып бериптир, андан бала да төрөп алыптыр» дегендеричи. «Эл оозунда элек жок» дейт. Антип ушак чыгаргандарды Кудай өзү кечирсин. Үйдөгүлөр мындай сөздөргө капа деле болушпайт, анткени алар мага ишенишет.

«ЖООЛУК САЛЫНЫП, САХНА МЕНЕН КОШТОШОРМУН»
-Атам дүйнө салгандан кийин сахнадан 3 жылга алыстап кеттим. Жакын адамыӊдан айрылуу сөз менен айтканда оӊой болгону менен, жон териӊ менен сезүү өтө кыйын экен. Ошондой депрессияда жүргөндө ыйман жолуна түшкөнгө аракет кылып илим алып, сабыр кылганды үйрөндүм. Эми белди бекем бууп, башты өйдө көтөрүп чыгармачылыкка кириштим. «Айланайын» деген ыр жаздырып, клип тарттырып элдин сынына койдум. Албетте, исламда ырдаганга болбойт дешет. Анын үстүнө аял киши үнүн бийик чыгарбашы керек делет. Бирок мен ырдап жатам, ар ким өзү үчүн жооп берет эмеспи. Ыр менен куран бир жүрөккө сыйбайт экен. Ошондуктан акырындап илим алып жүрөктү ыйманга толтуруп, ырды куранга алмаштырам деген ойлорум бар. Себеби жаратылыштан берилген талант канга, жанга сиӊген. Ал жакка отурукташып алган нерсени сууруп чыгыш өтө кыйын. Буюрса, акырындап өз жолумду таап кетем. Балким, өтө популярдуу ырчы болуп кетермин же жоолук салынып сахна менен коштошормун, мунун баарын убакыт көрсөтөт.

"Сахнага жаӊы чыкканда кашымды туура эмес боёп алып "стервадай" көрүнүп калгам".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Нурзат Садыкова: “Темирлан Сманбековго мени 5 мүнөткө сүйүп коюӊузчу дегем"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(44)
Медиа-портал
12.12.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат айым жонокой экен. Чыгармачылык ийгилик, уй булоолук бакыт каалайм!

Модератор admin_media түзөттү 2015-12-14 09:17:39
SUPER.KG видео
12.12.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Атасы жонундо суроону бербей эле койсо болмок экен. Ар бир адамга эле кыйын жооп бериш. Нурзат аыйм Турсунбай Бакир уулу менен жакшы пара болушмак экен деп ойлоп койдум, а бирок бактылуу болунуз ким болбосо да!!!
SUPER.KG видео
12.12.2015. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нурзат айымдын акылдуулугу, оор басырыктуулугу ото жакты,ийгилик.
ХХХ ХХХ ХХХ ( Зачем атасын эстеткен суроо берип?
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-14 09:19:25
SUPER.KG видео
12.12.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте мен сындагандан алысмын айтайын дегеним бир гана талыкпаган эмгектин узуру чоооон болот демекчимин. Ийгилик!
SUPER.KG видео
12.12.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Унуно соз жок. Ырларын жакшы. Оркунун оссун.
SUPER.KG видео
12.12.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат кыз экен
SUPER.KG видео
12.12.2015. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Кайсыл адам эле оз атасын олумун кутуп жашайт, ооруп тошокто жатса да бутуна туруп кетет бекен деген тилек менен жашайт.
Атанын каза болушу ар бир балага ото оор,сойонгон аска зоосу кулагандай орду толгус жоготуу экени айтпаса да билинип турат.су
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-14 09:22:58
Медиа-портал
12.12.2015. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурзат Ак булуттурды чындыгында эле жогорку денгээлде аткарган.Уккан сайын тажабайм,Чыгармачылык ийгилик.
SUPER.KG видео
13.12.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айзат чынында,жакшы даярданчы,сенин беген суроонду буткул кыргыз Эли угат да,ал Эми бул кыздын унуно соз жок, эн биринчи балалык деген ырын укканда эле,ваауу дегем,азаматсын
SUPER.KG видео
13.12.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
бары сонун эле. Айзат ийгилик сага. ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-14 14:29:05
SUPER.KG видео
13.12.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай соонун маек. Уккан сайын уккун келет экен! Азаматсыз! Сизге ийгилик!!! ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-14 09:28:45
Медиа-портал
13.12.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жонокой, кичи пейилдуу экен, ой-жугуртуусу, суйлогон созу жакты.
SUPER.KG видео
13.12.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атасы жонундо суроо бербейле койсо болмок....кайра кайра суроо берип жаратын козгоп, жакын адамдан айрылуу кандай оор экенин баарыбыз билебиз. Нурзат эже аябай токтоо, акыл-эстуу ,жонокой , тушунуктуу экен....Бактынызга жолугуп бактылуу болушунузду чын дилимден каалайм.
Медиа-портал
14.12.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Moon89, aidai88, leili1, Nurzada_0111, mirana9395, aqua.94mema,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
14.12.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уну жакшы ,Айналайын деген ырыда жакшы,бирок казактардын ырын ырдабай эле койгулачы айланайындар,алар биздикин ырдап журо беришсин
14.12.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы Эже, алакабыз узулуп кетти, анда мен хиджап кие элек болчумун. Ооткондо дин жонундо илимге барсам ошол жерде экен,учурашсам тааныбады,мендагы баягымын деп айткан жокмун. Нурзат эже 7-8 жылдан бери динге ыктыяр кылып журосуз,Аллаh жоолук салынышынызга жардам берсин.
14.12.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул тетяны тааныйбайм.
14.12.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соокторду чукулап ойночубуз дейби? Ошондо мурзодогу сооктордубу,коркушпай.
16.12.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku,соок чукуганы ужас го бирок бала кезде биз да орустардын мурзосунон канча жолу жумуртка жеп,гул уурдадык)))ойлосом тиги кыз айткандай жалтырак-жултурагы коп,свети куйуп иши кылса бир башкача коруно берчу))эми бала кезде ойлонбой ойноп журо бересин да...
14.12.2015. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу,тарбиялуу кыз экенни корунуп турат, азаматсыз!Аллахым эки дуйно бактылуулукту насип эткен болсун!
15.12.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик сизге. (катка жооп) деген ыры аябай жагат.
15.12.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Стилистке кайрылуу керек го ссссссссссссрочно....
17.12.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pakissstanka,озундун суротун чыгарчы королук.
15.12.2015. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уну мыкты, олтурган кыз ордун табат, бактылуулукту каалайм!
Медиа-портал
16.12.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
оло секси да ушу кызчы)
17.12.2015. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ананайын деген ырдын клибин окуясы жок эле тартканы зеригичтуу болуп калыптыр
17.12.2015. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
башжакта бироо ком жазыптырго окуудунарбы.. Турсунбай бакир уулу менен пара болот деп жазыпсынар ..жаман жиним келди.. акунун ким эээ корунгон кыздар менен жашай берген. комм окуп чыгып эртен молдокебиз бул кызга да дивиженье жасай баштайт анан тема башталат атак норм кыз экен ийгилик каалайм карындашым
Медиа-портал
17.12.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо Темирлан Сманбеков менен кош жылдыздын кайсы чыгарылышында ырдашкан маалымат берип коесуздарбы? рахмат
18.12.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну дагы, озу дагы жагымдуу жакшынакай кыз. Мага абдан жагат. "Ананайын" ыры абдан сонун аткарылган. Дегеле таланттуу кыз.
19.12.2015. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таданттуу кыз!!!
24.12.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илептери жакпайтда эч
SUPER.KG видео
11.01.2016. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакты мага аял катары! Мурда билчу эмес экенмин! Ырлары да маанилуу! Озу да суроо так жооп берет экен! Акылдуу экен!Тарбия коргон экен да! Ал эми Нурзат эже сиз окуп калсаныз Сизге кааларым турмушта оз орудунузду таап,айыкпас махабат мн ооруп бизди эртереек жезделуу кылыныз!!Албетте шашпаныз ар бир нерсенин убакыт сааты келгенде!! Чыгармачылыгынызга ийгилик!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо