АТАСЫ УУЛУН АТЫП ӨЛТҮРДҮ

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж

47 жаштагы Өзгөн районунун тургуну өзүнүн баласын атып өлтүрүп алды. 3 небересин атасыз калтырган шектүү бул кылмышка мас абалында барганын айтат.

«БИЗГЕ ӨЛҮККАНАДАН КАБАРЛАШТЫ»
2015-жылдын 30-ноябрында Ош облусуна караштуу Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө райондук өлүкканадан чалышып, киши колдуу болуп өлгөн адамдын сөөгү жөнүндө билдиришкен. Бул кылмыш ишти тергеп жаткан Өзгөн РИИБинин тергөөчүсү Кыялбек Ныязбеков төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кылмышка шектүү Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүнө караштуу Жаӊы-Айыл айылында 1968-жылы туулган Акматкул Кочкорбаев ошол күнү мас абалында үйүнө барып, 1987-жылы туулган уулу Жоодарбек Кочкорбаев менен чатакташа кеткен. Мас болуп келген атасына ачууланган уулу «апабыз Орусияга кетпей үйдө болгондо сен ичпей, чогуу жашамакпыз» деген нааразычылыктарын айткан. Акматкул Кочкорбаев баласына «Сен апаӊа жардам берип, ал Орусияга кетти. Апаӊдын жоктугуна нааразы болуп жатсаӊ, анда жаӊы апа алып келип берейин» дейт. Бул сөзгө териккен баласы атасына кол көтөрүп, натыйжада экөөнүн ортосунда уруш чыгып кетет.
Атасы менен урушуп кеткен соӊ уулу келинчегине «балдардын кийим-кечесин салыштырып даярдан, үйдөн кетебиз» деген. Алар кийим салынган баштыктарын Ауди үлгүсүндөгү унаасына салып кетерде атасы аларга тоскоол болот. Жоодарбек кичүү баласын келинчегине карматып жөө кетирип жиберет да, өзү 3 жана 4 жаштагы кызы менен уулун унаага салып, кетүүгө камынат. Бул учурда Акматкул Кочкорбаев үйүнөн 28 калибрлүү мылтыгын алып чыгып, рулдагы уулун 2 ирет атып жиберген. Натыйжада унаанын айнеги сынып, анын чачырандылары арткы орундуктагы балдардын беттерин тилип кеткен. Ал эми уулу башынан алган жаракатынан улам ошол жерде каза тапкан.

«ШЕКТҮҮ УУЛУН КОРКУТУП КОЁЮН ДЕГЕМ ДЕЙТ»
– Аймактык тескөөчүлөр барып кылмышка шектүүнү мас абалда жүргөн жеринен колго түшүрүштү. Окуя катталган үйдүн сарайынан чөптүн арасына катылган мылтык октору менен табылды. Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө 28 калибрлүү ок атуучу мылтык ага атасынан калганын айтты.
Мылтык мыйзамдуу түрдө каттоодон өтпөптүр. Ал «баламды өлтүрөйүн деген оюм жок болчу. Аны коркутуп коюу максатында эле мылтык кезегем. Ок унаанын терезесин сындырып өтө албайт деп ойлогом. Бирок мен жакын туруп аткандыктан терезени талкалап кетти окшойт» деп жатат. Кылмышка шектелип кармалган Акматкул Кочкорбаев учурда Ош ОИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

МАРКУМ ОКУЯ БОЛГОН ЖЕРДЕН КАЗА ТАПКАН
Бетине айнектин сыныктары чачыраган балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми маркум Жоодарбек Кочкорбаевдин сол жаагынан кирген ок жаактын ортосуна чейин тешип кеткен. Сол кулагынан кирген ок болсо, каракуштун сол тарабынан тешип чыккан. Анын баш сөөгүнөн жалпы 20га жакын бытыра табылган.
Ичкиликтин айынан бир күндө бир үй-бүлө 2 мүчөсүнөн айрылып отурат. Алардын бири абакта болсо, бири минтип дүйнө салды. Маркумдун артында 3 баласы жана жубайы калды. Ал эми кылмышка шектүүнүн каза тапкан уулунан башка дагы 3 баласы бар.

Кылмышка шектүү уулун 2 ирет башка аткан. Айдоочу отурган орундукта мылтыктын октору жана уюган кандын изи калган.

Куралды милиция кызматкерлери сарайдагы чөптүн арасынан табышкан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(37)
14.12.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Адамдарды бузган кинолор менен арактын артынан келген кырсык
14.12.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата эмес эле ХХХ го
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-14 14:58:23
14.12.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Arslan12, этика нормаларын сактаңыз!
14.12.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арактын пайдасы.
14.12.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул арак чыгарган заводторду жаап салышса болбойбу?
14.12.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Арак ичпей эле койушса адамдар. Арак ичкен адамдар оздорун кармай албай, мээлери тескери айланып, эки буттуу айбанга айланып калышкандай. Бир уй-булодогу трагедия...
14.12.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген заманда жашап калдык. Кудайдын каарына кала турган болдук го. Акыркы кундору жердин коп силкинип жатканы да ушундай адамдардын себебинен болуп жатса керек
14.12.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоо кайда баратат... Тушко кирбечу нерселер болуп жатат го, адамзатына ыйман тилеп эле жаша керек болуп калды окшойт
14.12.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ан-сезимди бузган атын очкур арактын кесепети.
14.12.2015. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге калмышка шектуу деп жазып атасынар ? Кылмышкер деп жазбайсынарбы. Же эмне мен кылган жокмун деп актанып атабы атасы ?
15.12.2015. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aziziko,анткени соттун чечимине ч.н ошондой аталат мыйзам б.ча
14.12.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атага,тем более мас абалдагы аламга кол которуп озундо да айып бар.
14.12.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала уйундо каза тапса районго эмнеге келип калды экен
14.12.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адам абийри арак менен тен болуп, уй-булонун баркы кетти го. Аттин, арак ичпестен, ыймандын жолун жолдосо ушундай болбойт беле. Баланын жаткан жери жайлуу болсун, ото окунучтуу окуя болуптур.
15.12.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
57жаш эмес,47жаш.
15.12.2015. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атага кол которбош керек,атасын жалгыз таштап кетейин деп калышкан экен да...
15.12.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka1986, масты алдап жаткызып койсо мындай болбойт беле.
15.12.2015. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арак ичкенде алжандап ар демени бир суйлоп мээнди ачыткан мастарды корсом бууп салгым келет. Кел ичейли деп кыргыздар не мынча арак шарапты коп ичишет.
15.12.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ужас! Балдарынын абалы не болду экен. Коз алдында атасы олтурулуп...
15.12.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
балдары байкуштар кантет эми ((((
15.12.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш досум бирге окууган элек.жаткан жери жайлуу болсун.
15.12.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдары не болду экен? Жок дегенде эми ошол балдары аман болушсун.
15.12.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдан откон айбан-жырткыч жок тура.
16.12.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчким дин башына салбасын, шайдандын иши каш кабактын ордосунда. Арак ичкен адамдан чындыгында жадайсын алжырап суйлой берет. Арак ичип оз баланды жедин ,арак ты женген
адам барбы,арак женет. Алла кылган куноолорун кечирсин мархум баланын карангы жери жарык болсун!
16.12.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туура кылат атасы жаман болобу ичеби чегеби атасы.Бырчалап таштаса да аздык кылат атасына кол которгондорду
16.12.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтасын амир бирок экообундо тен куноо бар баласы кол которбошк атасы ичпеш керек эле.ошондо бул окуя болмок эмес
16.12.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы еле арактын кесепети....Кылмыш кырсыктардын80% арактын айынан болуп атат го
16.12.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көз алдында атасы каза болгон балдардын психологиялык жактан жабыркаганы өкүнүчтүү...алардын психикасына доо кетирип, өз баласын өлтүргөн атадан жакшылык күтсө болобу? Өлүм жазасын киригиш керек! Мындай канкор атаны мамлекет багып башын оорутпай, көзүн тазалоо керек! Уруш талашты көрүп өскөн бала түнт болуп, өз оюн ачык айта албай калат. А тиги өспүрүмдөргө эле убал болду...
16.12.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзгөндүктөр капа болбогула го, бирок, оор кылмыш жасап,лдин үрөйун учургандар Бзгөндө көп кезешип жатат. Себеби эмнеде? Балеим жумушсуздук себеп болуп журбөсун. А балеим ичимдиктер көп сатылабы?
18.12.2015. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адам болбой калсын шундук оз неберелерин жеттим кылып олтурат карыганда апасы уйундоле ерине ыссык чай берип олтурбаптырда
25.12.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иш кылбаптыр атасы)))
29.12.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта
01.02.2016. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаты болсун, жаман окуя болуптур,"Арактын арты арман куу, аз аздан ченеп жуткула" кыргызым
23.04.2016. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан деле бул ишти кылмак емес
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо