Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БАЛАМДЫН БАШЫ КҮН САНАП ЧОӉОЮУДА»

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж

Жашоодо түрдүү тагдырлар кездешет. Бул ирет Талас өрөөнүнө барып, 2 жарым жаштагы Рахманберди Шырдакбековдун жана анын атасы Алмазбек Рысбаевдин аянычтуу тагдырлары менен таанышып кайттык.

«ВРАЧТАР МЕНИ ООРУКАНАДАН ЧЫГАРЫП САЛЫШКАН»
– Өзүм 1973-жылы Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөм. 9-классты бүткөн соӊ райондогу кесиптик окуу жайга тапшырдым. 1988-89-жылдары окуумдан практикага чыгып, малчы болуп иштедим. Ошол жакта иштеп жүргөндө сол бутумду үшүк алып кетти. Алгач бутумдун манжаларына жара чыкты. 1990-жылы райондук ооруканага келсем, башкы дарыгер Ташкентке кеткен экен. Анын 3 жардамчысы «бутуӊду биз дарылайбыз» дешип, тырмагымды жулуп салышкан. Ошондон тарта манжаларым карарып кетти. Башкы дарыгер Ташкенттен келген соӊ бутумду текшерип, «муну бул жактан дарылай албайбыз» деп борборго жиберди. Ал жак зорго кабыл алышып, бутумдун бармагын, андан кийин бардык манжаларымды, акыры таманымдын жарымын кесишти. Аягында «биздин колубуздан келбейт экен, кыргызчылык менен дарылан» деп ооруканадан чыгарып салышты. Токмок шаарында Жуманалы деген аксакал бар деп угуп, ошого барып дарыланып, ал бутумду айыктырды. Ошентип сол бутумдун жарымы жок 3-топтогу майып болуп калдым. Башында сол бутум күн суукта ооручу. Былтыртан бери оӊ бутума да өтүп, оӊ бутум да жайы-кышы какшайт. Эшикке чыга албайм. Чыксам 2 саатка чейин эле жүрүп, кайра келип жылуу мешке буттарымды кактап отурушум керек.

«ДАРЫГЕРЛЕР БАЛАӉАР АДАМ БОЛБОЙТ ДЕШТИ»
– 2006-жылы үйлөнүп, балалуу болдук. Улуусу кыз. Азыр 2-класста окуп жатат. Андан кийин 2008-жылы жубайым уул төрөп, 1 күндөн соӊ ал чарчап калды. Дарыгерлер «организми, жүрөгү начар» деп түшүндүрүштү. Андан кийин дагы эки жолу эркек балалуу болгонбуз, алар да көпкө жашашкан жок.
2013-жылы бул уулубуз төрөлдү. Атын Рахманберди деп койдук. Мунун да «каны аз, организми алсыз» дешип дарыгерлер кан куюшту. Үйгө чыгып келген соӊ 3 айдан кийин уулумдун башы чоӊоюп баштады. Таластагы балдар дарыгерлерине көрсөтсөк, «муну биз дарылай албайбыз, балаӊар адам болбойт, жөн эле убара болуп жатасыӊар» деп коюшканынан Бишкекке нейрохирургия бөлүмүнө алып бардык. Ал жактагылар гидроцефалия (суюктук көп топтолгондуктан баш мээсинин кадыресе өөрчүүсүнүн бузулушу) деген диагноз коюшуп, «баланын башына сары суу толуп кетиптир» деп тазалап беришкен. Кийин дагы бир жолу барып тазалаттырдык. 3-жолу алып барсак, «мунуӊар болбойт» дешип кабыл албай коюшту. Дарыгерлер мага «Мээнин эки капталында эт болот, ошону алып таштамайынча ал эттерден сары суу чыгып, баланын башы чоӊоё берет. Баш сөөгү ажырап, териси эле кармап турат. Муну биз дарылай албайбыз, чет өлкөгө алып бар» дешти.

«УУЛУМДУ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ДАРЫЛАТСА БОЛОТ ЭКЕН»
– Сураштырсам бир киши мурда ушул оору менен ооруган баласын Түркиядан операция жасатып, айыктырып келиптир. Анын айтымында, операция жасатууга 30-50 миӊ доллар каражат сарпталат экен. Менде андай каражат жок.
Баламды азыр үйдө эле карап жатабыз. Кыймылдабайт, сүйлөбөйт. Башы чоӊойгон сайын көзүнүн териси тартылып, көрбөй да калды. Кыймылсыз жата бергендиктен аркасынын, башынын терилери да оюлуп, ириӊдеп баштаганынан ар кайсы дарыны сүйкөп жатабыз. Көп ыйлайт, кайсы жери ооруп жатканын да билбейбиз.
30 сотых үлүш жерим бар, ошону эптеп иштетип жан багабыз. Уулум экөөбүз майып катары 3 миӊ сомдон 6 миӊ сом пенсия алабыз. Балама жөлөк пул да алайын десем, «кирешеӊер ашып кетет» деп коюшкан. Уулумду Бишкекке ооруканага алып барууга акчам жок болгондуктан банктан 40 миӊ сом насыя алгам. Аны төлөй албай калып, банк кызматкерлери улам-улам келип жатышат. Алган пенсиябызды ошол жакка беребиз. Үйүм, чарбагым жок. Инимдин үйүндө убактылуу жашайм.
Былтыр Рахманбердиге бир кайрымдуулук фонду «бала сүт ичсин» деп бир уй берген, аны саап ичип жатабыз. Кайрымдуу мекендештеримден уулумду айыктырып алууга жардам сурайм.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(47)
14.12.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой тообо КИРЕШЕНЕР АШЫП КЕТЕТ деген эмнеси?Колумдан келсе ар бир мекендешиме жардам бергим келет,мумкунчулугу барлар кайдыгер карабаныздар!
14.12.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Qnet,ошенте беришет соц.фонддо ,ар бир адамга айына 800сомдон ашса,кирешенер коп деп беришбейт.
14.12.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мамлекет жардам берсе болот эле.кечеги алты мил.чу кызга уй акча беришти.ошол окшогон чыгымдарды азыраак кылып майыптарга жардам беришсе жакшы болмок
14.12.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
emir_muslima,ошода ак соз колдойм !!
14.12.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
"Миллионунчу" деп эле миллиондогон акчаны бир эле адамга жумшап коюп отура бербей ушундайларга да жардам беришсечи... Же эмне бул баланын кыргыздын санынын осушуно салымы жок бекен? Анан да кирешеси коп деп жолок пул беруудон баш тартышканын кантесин...
14.12.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ошо да концерт ,миллиончуларга коротпой ушу ооруган балдарга берсе не болот тетиги бийликтегилер кыжырды кайнатышат эми муну укмаксан кормоксон болуп коюшат да
14.12.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах шыпаа берсин, бала кыйналып жатат туугандар жардам берели..! Он уч кун тошокто жатканмын, билем кандай оор экенин. Кайдыгер карабайлы!
Акча которуу жолдорун жарыялап койсонуздар сураныч, анан дагы башка маалымат булактарына да мумкун болушунча кобуроок адамга жеткендей кылып торт беш тилде жарыялап койсонуздар соопчулука. Кыргыздар эле эмес дуйно жузу окуй турган кылып. Рахмат, Аллах ыраазы болсун!
14.12.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рахманбердинин атасы Алмазбек байкенин номери: 0702493230, 0777230220
14.12.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берсин. Баланы коп жаткырбай, колдон келишинче жакшы караш керек.
14.12.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунчалык журогум ооруду, оо АЛЛАхым шыфввсын бер...
14.12.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шифа берип бала кыйналбаса экен акчасы барлар кайдыгер болбогулачы. аздан да болсо которолу иншаллах 50мин чогулуп калар
14.12.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкушум джалдан кордум эле.эч бир бала оорубасынчы. колубуздан келсе кана
14.12.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((((( сакайып кетиниздер!!!
14.12.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иииии кичинекеееей десе, жакшы болуп кетсен экен.булар дагы туура эмес кылыптыр озу дагы келинчеги дагы доктурга текшерилип анан торош керекда. мына эми куноосу жок наристе кыйналып жатат, канча жолу боюнан тушкондон кийин текшерилиш керекда..
15.12.2015. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мамлекет, чондор,депутаттар ажыга барып эле тим болуп 3.4 аял алып машине алып бербей жардам берип коюшса.. шайлоодо оздору учун акчаны учтап чачып жатышты эле...акчасы барлар акчасын кайда чачарын билбей америкага барып тороп жатышат, ошолор жардам берип коюшса.. акчам озумон ашса колумдан келишинче жардам берет элем, аман эсен жакшы болуп кетсин бул дагы кудайдын суйгон пендеси, бул оор кундорунуздор дагы унутулаттыр, бактылуулук келип
15.12.2015. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий айланайын жараткан жардамынды бере кор.
15.12.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ жараткан шыпаасын берсин

15.12.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
500 сомдон баарыбыз болгон жардамды берелик Аллахым жамандыктан сактасын.
15.12.2015. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Креслобуз сынды алмаштырабыз, бизге жардамчы керек деп долуланбай депутаттар бир айлык маянанардын жарымын берип койсонор кыянаттык сооп кылган болоор эленер эл учун.
15.12.2015. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойдодо жазышыптырго Оштогу дарыгерлерге кайрылып корбойсуздорбу балким шыпаасы болуп калат чын эле кээде борбордо эмес айылдарда деле оз ишин жакшы билген врачтар кездешет счет ачкыла жардам беруучулор толтура дуйно жузу колунан келгенин жардам кылабыз.
15.12.2015. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып эле кетсинчи журогум тилинип кетти коруп
15.12.2015. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына тамаша бирооно тороп берсе жаны машина, бироого ооруп жатса кирешенер ашып кетет дейт.. Аллахым шыпаасын берсин. Оо адамзат эмне болуп баратабыз. Колунардан келгендер, шарты барлар колунардан келген жардамынарды аябагылачы.
15.12.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балага жаман болуптур айыгып кетсин.Менин балам да 7 айлык торолгон Россияда.Торолгондон 10 кундон кийин врачтар гидроцефалия деген диагноз коюшкан кунуно эки маалдан башынан суу алышчу.Балам 24 кундук болгондо шунт коюшкан бирок башы аз аздан чонойду.Ошол шунт менен бир жарым жыл журду врачтар баламы кайра-кайра текшеришип шунттун кереги жок алыш керек деп алып ташташты.Азыр балам 2 жарым жаш юолуп калды кудайга шугур башканына аз эле болду акыл эси жайында кичинеден суйлоп жатат.
15.12.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
15.12.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах озу жардам бере корсун, шыпаасын берерин унутпасын.
15.12.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр эле жанылыктардан кордум президентибиз Рахманбердинин даарылануусуна 100 000 сом акча болуп бериптир жана баланын даарылануусуна озгочо конул буруларын айтыптыр. Эми нейрохирургдар жакшы даарылап, эгер болсо шунт койуп беришсин
15.12.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай Гана окунучтуу журок оорутарлык тагдыр, аллахым кийинки жашоонуздарды татынакай кылып берген болсун оомийн, ыйладым, ыйладым
15.12.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым дартын берсе Дабаасында берет ! Ылаайым баланыз жакшы болуп кетсин!
15.12.2015. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым шыпаасын берсин
15.12.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйнодо балдар оорубасынчы жараткан Аллпхым.
17.12.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанагы евросоюздан канчаям миллион грант келди деп жатасынар го. супер инфо тиешелу комитеттерге кайрылып, жардам беруусун сурап бергиле.
мен оз жеке оюмду айтсам, кудай сактасын го, эч кимдин баласы оорубасын, бирок карап отура бербей бойрогун сатып болсо да даарыласа болмок атасы
18.12.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кудайым, соц.сеттердеги суроттордон коруп анча ишенбей журдум эле. Корсо биздин эле Кыргызстанда турбайбы. Алла Таалам шыпаасын берип сакайып кетсин!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо