Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИЗДИН ТАЛАНТТАРГА ЭЧ КИМ ЖЕТПЕЙТ

№378 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.

Жылдыздар турмушунан

Кыргыздын таланттуу уул-кыздары башка өлкөлөрдүн жылдыздарынан калышпай, эл алдына чыгып өнөрлөрүн тартуулап келишет. Бирок кем калышпай дегенибиз жаңылыш ой өңдүү. Себеби тереңирээк карап көрсөк, биздин таланттуу жигит-кыздарыбыз алардан алда канча жогору турат өңдөнөт...

БЕКЧОРО жана ТИМАТИ

Окшоштуктары:
Экөө тең кыздардын назарын көп бурган стилдүү жигиттерден.
Клиптеринде жарым жылаңач кыздарды көп тартышат.
Шоу-бизнесте фамилиясыз жүрүшөт.
Денелерине сүрөт тарттырып, чоң чынжырчаларды тагынууну жактырышат.
Бекчоро да, Тимати да ырчы болгонго чейин кафе-ресторандарда ырдашчу.

Айырмачылыктары:
Бекчоро көп балалуу үй-бүлөдөн. Ал эми Тиматинин бир гана иниси бар.
Тимати дайыма көз айнек тагынып жүрө албайт.
Бекчоро шоу-бизнестин өкүлү болгон кыздар менен жүргөн эмес.
Тимати ата-энесинин байлыгы, ал эми Бекчоро өзүнүн аракети менен ийгиликке жетишип келет.
Орус ырчысы жаштайынан өзүнөн улуу кыздар менен көп жүргөн катынпоз жигит. Биздин ырчы андайдан алыс.
Тимати актёр катары да белгилүү. Бекчоро тасмада роль жараткан эмес.


УРМАТ УСЕНОВ менен НЕЛЯ,
АНЖЕЛИКА ВАРУМ менен ЛЕОНИД АГУТИН

Окшоштуктары:
Жубайлар шоу дүйнөсүндө таанышып, баш кошушкан.
Эки жуптун тең дуэт ырлары хитке айланып келет.
Анжелика театрда роль жаратса, Неля тасмада актрисалык өнөрүн сынап көргөн.
Урмат да, Леонид да үй-бүлөлүү болгонго чейин көп айымдар менен мамиле түзүп келгенин жашырышпайт.
Анжеликанын да, Нелянын да үндөрү өзгөчө назик.

Айырмачылыктары:
Биздин жубайлар үлгүлүү түгөйлөр. Ал эми Анжелика менен Леонид тууралуу «ынтымагы ыдыраган үй-бүлө» деген ушактар көп айтылат.
Леониддин жубайын сабаганын маалымат каражаттары жазып бүтүшпөйт. Ал эми биздин жигит чыныгы эркек, башкача айтканда, жубайына кол көтөрбөйт!
Анжелика чыгыш бийин катыра бийлей албайт.
Урмат уулун “өзүмдөн артпайт” деп эч кимге бербей багып жатса, Леонид кызын кичинекейинде эле чоң ата-чоң энесине берип койгон.
Леонид үйлөнгөнгө чейин Мария аттуу айым менен мамиле түзүп, андан балалуу болгон. Урматтын никесиз балдары жок.
Урмат мыкты сүрөтчү дагы.


АЛЕКСЕЙ ФИЛАТОВ жана АНДРЕЙ МАЛАХОВ

Окшоштуктары:
Экөө тең итти жакшы, ал эми мышыкты жаман көрүшөт.
Журналисттик ишти гезиттен башташканы менен, учурда телевидениеде иштешет.
Бойдоктор.
Үй-бүлөдө экөө тең жалгыз бала.
Токтолбой тез сүйлөй алышат.

Айырмачылыктары:
Малахов орозо кармап көргөн эмес.
Алексейдин атасы башка үй-бүлө менен жашайт. Андрейдин атасы каза болуп калган.
Филатов алпаруучулуктан сырткары продюсер, ар кандай конкурстардын уюштуруучусу.
Орусиянын алпаруучусунун сүйүктүү мусулман кызы болгон эмес.
Малахов үйгө гүл өстүргөндү жакшы көрөт. Ал эми Алексей «жайнатып гүл өстүргүчө бак отургузган жакшы» деп эсептейт.


КАНЫКЕЙ жана ЗЕМФИРА

Окшоштуктары:
Бул эки ырчы кыз башкалардан айырмаланган өзгөчө стилге, үнгө ээ.
Земфира чоң сахнага чыккан соң саналуу күндө эле белгилүү болуп чыга келген. Каныкей да дебюттук ыры менен эле эл оозуна алынып кетти.
Экөө тең кичине кездеринен эле ыр жаза башташкан.
Ата-энелери чыгармачыл дүйнөдөн алыс.
Каныкейдин үнүн Орунбасар Кызалаковдукуна, Земфираныкын орусиялык ырчы Жанна Агузарованыкына окшоштуруп келишет.

Айырмачылыктары:
Каныкей «кыздар менен дос боло албайм» деп айтып келет. «Земфира актриса Рената Литвинова менен көңүлдөш болуп, өткөн жылы чет өлкөдө баш кошушкан» деген маалыматтар бар.
Каныкей музыкалык окуу жайда билим алуу менен бирге экономикалык факультетти аяктоонун алдында турат. Земфира музыкалык билими бар болгону менен, экинчи окуусун бүтпөй таштап койгон.
Земфира гитара чертет. Ал эми биздин ырчы кыз жаңыдан үйрөнүүдө.

Махабат Догдурбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
01.02.2010. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба биздики жогору экен :)
02.02.2010. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекчорого эмне жок? озуну титанус элестетип алыптыр
04.02.2010. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodci////////////
04.02.2010. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnesi bolso da Kanikei bizdin siymigibiz ga aylandi. Al emi Zemfira Kirgiz jerinde torolgon degen kepter bar. demek bul jaginan da okshosh
05.02.2010. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекчорого ийгилик каалайм,кыргыздан чыккан эн таланттуу жигиттеринин бири!Бекчоро алга, Тиматиден калба!
05.02.2010. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андрей Малахов менен Алексей Филатовты дайым окшото берчумун
06.02.2010. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдаа бекчоро
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо