Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурлан Акматбеков, актёр: «ООБА, САЙКАЛ АРКЫЛУУ ЭЛГЕ ТААНЫЛДЫМ»

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж

Биз бул жигитти Сайкал Садыбакасованын экс-жигити катары тааныйбыз. «Нурландын үй-бүлөлүү экенин билбептирмин» деп ортодогу мамилеге чекит койгон Сайкалды актёр жигит азыркыга чейин жакшы көрөрүн айтат. Калыӊ элге Сайкалды алдаган жигит катары таанылып калган Нурлан менен болгон маекке көз чаптырыӊыз.

Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 23-июнь
Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Эмгекчил айылы
Билими – Москвадагы Космостук укук боюнча эл аралык институтунун юриспруденция факультетинде 3-курста окуйт
Бою – 1 метр 80 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Учурда бойдок, 1 кызы бар
Үй-бүлөдө 2 бир тууган, эжеси бар
Тартылган тасмасы – Сүйүн Откеевдин «Көпөлөк» тасмасы
Тартылган клиптери – Данияр Эрматов «Адам бойдон калгын өзгөрбөй», «Кечир мени», «Кыз-Бурак» тобу «Сизге», Жоодарбешим «Сенсиз мага» жана башкалар.

– Салам, Нурлан! Учурда Москвада экенсиӊ...
– Салам! 2008-жылдан бери Орусияга барып-келип иштейм. Москвадагы ресторандардын биринде бармен болуп эмгектенем. Киного, клипке тартылуу сунушу түшүп калса, Кыргызстанга барып турам.
– «Көпөлөк» тасмасында баш каармандын ролун жараттыӊ. Бул сенин тасма талаасына шилтеген биринчи кадамыӊ да. Кимдин сунушу менен
тартылдыӊ?
– Кыргызстанга барарда сөзсүз бир клипке тартылып кайтууну көздөп жолго чыгам. Аталган кинонун режиссёру Сүйүн байкеге чалып, «тасмага же клипке тартуу иштери болсо айтып коюӊуз» дегем. Ал кинонун кастингине чакырды. Кастинг 2 айдан ашык созулуп, 3-4 жолу сыналып көрдүм. Акыры чыдамым кетип Сүйүн байкеге «болсо болорун же жоктугун ачык айтыӊыз, убара болбоюн» десем, «бир аз убакыттан кийин тартуу иштери башталат, сени тандадык» деди. Образымды жеткиликтүү аткарууга болгон аракетимди жумшадым. Тасмага тартылуу бала кезимден бери көксөгөн тилектеримдин бири болчу.
– Сени көпчүлүк Сайкал Садыбакасованын мурунку жигити катары тааныйт. Анын колун сурап, үйлөнүүгө макулдугун алып шакек да тактыӊ эле. Сайкал «Нурлан аялы, кызы бар экенин айткан эмес. Башында эле ушундай калп айтып жатса, кийин кандай болот? Анын бул жоругун кечире алган жокмун» деген. Чындыгында эле билчү эмес беле?
– Бул мен үчүн оор суроо. Сайкалдын ошол интервьюсу чыкканына 1 жыл болду. Бул убакыт аралыгында бир да жолу маек берген жокмун. Себеби эркектин аял кишиге теӊелип, анын сөзүнө жооп кайтарганы пастык. Сайкалды канча адам таанып жакшы көрсө, ошончо адамдан жаман сөз уктум. Жадакалса Москвада да көчөдө бара жатканымда колу менен көрсөтүшүп, «Сайкалды таштап кеткен жигит го» деп жек көрүп карагандар болду. Чындыгында, элдин жаман сөзү катуу тиет экен. Ошолордун баарына чыдадым.
Ал берген маегинде «Аялы менен жашайт экен. Аны апам билип калыптыр» дептир. Сайкал менен 2014-жылы сүйлөшсөм, аялым менен 2011-жылы ажырашкам. Ошол убакта 3 айга Москвага окуума каражат табуу үчүн кеткем. Сайкал бирөөлөрдөн «аялыӊ менен жашап жатыптырсыӊ» деп айттырды. Аялым менен жашаган эмесмин. Сайкал менден көӊүлү калып, башканы жакшы көрүп калганынан ушундай шылтоолорду айттыбы же ушакка ишендиби билбейм. Жалган жалааны моюнума илип салды.
– Мамилеӊер чындыгында калптан башталдыбы? Аялыӊ менен кызыӊ бар экенин айткан эмес белеӊ?
– Бул суроону ушул бойдон эле ачык калтырууну туура көрүп жатам. Сайкалды кыргыз элинин алдында калпычы кылып жамандагым келбейт. Жакшы көрсөӊ ошол экен да. Ушунча оор сыноодон өтүп, кыйынчылыкты жеӊдим. Билбесе билбегендир деген сөздөн башка эч нерсе айта албайм. Балким, ошол кезде ага 2011-жылы аялым менен ажырашып кеткенимди айтканды унутуп калгандырмын (күлүп). Айтылбаган күндө деле ал жаш бала эмес да, туурабы? Алдаса эле ээрчип кете тургандай жеӊил ойлуу эмес. Сайкал менин артымдан жаман сөз айтса да, азыркыга чейин аны жакшы көрөм, сыйлайм. Бактылуу болсун.
– Сени «шоу чөйрөгө аралашыш үчүн ырчы кызды колдонду» дегендер да бар...
«Бул бала Сайкалдын артынан чыгып кетти» деп айткандар бар. Негизинен Жараткан бардыгына бир нерсени себеп кылат. Аны моюнума алам. Бирок мен өзүмдүн талантым менен клипке тартылып жатканда Сайкал жол көрсөтүп, «мындай кыл, тигиндей кыл» деп жардам берип карап турган жок да. Бул буйруктан болуш керек. Мени Сайкал менен сүйлөшкөнгө чейин эле баары таанычу деп да айта албайм. Андай жүзү кара адам эмесмин. Ооба, бир кездеги сүйлөшкөн кызым аркылуу элге башында романтик жигит катары таанылып, акыры жаман көрүндүм. Андан бери 1 жыл өтсө да, жеке жашоомдо эч ким жок. Элдин баары «Сайкалды алдап кетсе, мени да алдап кетет экен» деп ойлойт окшойт. Ошондуктан азыркыга чейин кыздар менен олуттуу мамиле кура албай келем.
– Сайкал эле эмес, «бул жигит альфонс» деген кептерди башкалар да айтып жүрүштү...
– Азыркы заманда кыздар альфонско алданбай калган. Өзүӊдү алдап кетиши мүмкүн. Адамга өзүнүн ырыскысы берилет. Ошону менен жашаш керек. Кудайга шүгүр, алты саным аман. Өзүмдүн иштеп тапкан акчам Кыргызстанга ай сайын барып-келгенге жетет. Андыктан чын жүрөгүмдөн андай жоруктан алысмын деп жооп бере алам. Ар бир адамдын башына сыноо келет. Мага болсо кыргыз элинин баары билген сыноо келди. Депрессияга кабылдым.
– Ушулардын баарын кантип жеӊдиӊ?
– Сиз бир нерсени билип туруп эле сурап жатасыз да. 10 күн ооруканага жатып чыктым.
– Муну билген эмесмин. Мынчалык кыйналганыӊа караганда ортодо чоӊ сүйүү болгон го...
– Менде чыныгы сезим болгон. 1 жыл өтсө да унута элекмин дебедимби. Бирок элдешейин деген оюм жок. Сайкалга «эмне үчүн минтип жамандадыӊ?» десем, «жакшы болсоӊ далилде» деди. Бирок ага көрүнүш үчүн шоу чөйрөдө жүргөн жокмун. Өзүмдүн көӊүлүмө жаккан жумушту аткарып жатам.
– Биринчи үй-бүлөӊдү кандай себептерден улам сактап кала албадыӊ?
– Мен 2 нерсени күнөөлөйм. 18 жашымда үйлөнгөндүктөн жаштыкты жана жеӊил ойлуулукту. Жаштык кылдык, көз караштарыбыз туура келбей калды. Күнөө экөөбүздө теӊ бар. Азыр саламыбыз түз. Ортобуздагы кызыбыз биринчи класста окуйт. Аны менен дайыма катташып турам деп айта албайм, кээде жолугуп турабыз.
– Маегиӊе рахмат!

Данияр Эрматовдун "Кечир мени" клибинен кадр.

"Көпөлөк" тасмасын тартуу аянтчасында. Фильмде баш каармандын ролун жараткан Малика Абдыразакова менен.

Нурлан Сайкалдын кучагын гүлгө толтуруп, шакек тагып колун сураган эле.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(71)
14.12.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы эле бала окшой))
14.12.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
даа.!! мага да жагат.аткаруу чеберчилиги да жогору.ишинизге ийгилик.интервьюга соз жок.намыс бар экен жооп кайтарбадыныз. окуп эле журобузго канча адамдын интервьюсун сразу эле жооп кылганлар канча. кыскасы ишинизге ийгилик!!!
14.12.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец ийгилик каалайм
14.12.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркек деген ушундай болуш керек.оа аялга тенелип абийир ачып турсунбай бакир уулу майрамбек осмоновго окшобой...молодец болгонун болгондой айтып.депрессиядан чыккан адам баарын женип кете алат.демек мындан ары жакшы жашоо кыласын деп ойлойм.но сайкал экоон баарын унутуп кайра жарашсанар зоррр болот эле....
14.12.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар кимдин башындагы нерсе турмуш деген. Жон эле обу жоктонуп суйлой бербесенер. Озу жакшы болсо да, жаман болсо да жакпайт го копчулукко.. Анан балким Сайкалды экинчи аял кылып бергиси келген эместир Гулшайыр эже.
14.12.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец, мен Нурланды начар бала экен деп ойлогом,бирок создорундо чындык бардай... чын суйууго кызы биринчи класс болгондр жолугуп калганы окунучтуу экен.тагдырдан качып кутуобайтда адамдар,эми буйруганын коррсунда..
15.12.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ьала хкен
15.12.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сайкалды калпычы кылгым келбейт дегенине караганда Сайкал баардыгын билген экен да,эми болоору болду,ойлонбо,сенин ниетин туз,таланттуу жигитсин,алдында ыймандуу,тарбиялуу кыргызымдын перисин жолуктурасын,башкасын унут аброюнду ойлосон...
15.12.2015. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Турсунбай Бакир уулуна караганда эркек экен. Оз никесиндеги аялынын абиирин ачып салды го ал. Нурлан дын Сайкал тууралуу тескери пикир билдирбегенин сыйладым
15.12.2015. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
aijan280389, бул жерде Турсунбай Бакир уулу жонундо соз болгон жок! Мисал кылбай эле койчу аны. Сын таккандын сынар отугу майрык деген соз бар го. Пенде болгондон кийин баары адашат.
15.12.2015. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурлан да Сайкал да бактысын тапсын Нурлан сен Азиондун сулуулугун ай деген клибиндеги кыз менен сонун парасын Ошондой кыз тап
15.12.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ммм, уйлонуп ажырашкан десе мен да бир шумдук коркунучтуу адамды элестетип жатсам...Жакшынакай, суйлогон созу орундуу кыскасы, бактылуу болууга татыктуу бала экен... Ойлонбонуз баары жакшы болот.
15.12.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силердин эмне ишинер бар? бироонун жеке жашоосуна аралашкыдай кимсинер силер?
15.12.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага жакты маеги,ишинизге ийгилик!ролдорду аябай жакшы аткарат.
15.12.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек болуптур бул баланы мынчалык токтоо жана орду менен суйлогонун билбейт элем башкача маек берип олло актанат деп ойлогом негизи туура жана тушунуктуу жооп бериптир мага жакты. Эми ким менен болсон да бактылуу бол! Кааларым биринчи суйуу жана биринчи турмуш барыбир биринчи болотда кызынды да атасыз калтырып бироонун козун карап калуусуна жол бербе демекчимин!
15.12.2015. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шоу бизнестеги алча таасын жеген кыз эмес жонокой эле кыздан бактынды айтсын эми ! Бир жолу эки жолу адашыпсын, учунчусундо созсуз бактылуу бол!
16.12.2015. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maxima,туура айтасын,туз жургон,ыймандуу назик кыздарга не жетсин,эх...
16.12.2015. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Актердук чеберчилиги чынында мыкты экен )))
16.12.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы эле бала корунот жакты мага. мурда мен да укмуш дон жуан элестетчумун
16.12.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото жонокойлугуно баа бергенмин.
Бир жумадай кошуна жашаганбыз
Анда эки ажырым жолго тушконун укпадым эле.Тойго акча иштегени келген гоо дегем
Сайкал эмне дешин билбей каралап койгондой
Бактылуу болгула экоон тен,ошого татыктуусунар
17.12.2015. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек!!! Баарын Сайкалдын апасы чечип койду эле го. Нурлан молодец Гулшайыр Садыбакасовага бир соз, даже намек м.н соз тийгизип койбоптур. Башка биро болсо отурмак былжырап "апасы антип, апасы мынтип..." деп.
17.12.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек бериптир, орду менен суйлогон жигит экен, жакшы эле баладай го
17.12.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечир мени дегендеги ролу аябай жагат....
17.12.2015. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Караап көрсөң жашоо кызык э,адамдар андан өтүп шумдуктуу)).Кэчее эле Сайкалды алдаптыр деген интервьюдан соң байкуш баланы эмнелер гана деп кеп кылышпады.Эми болсо бүгүн Нурландын өз оозунан чыккан сөздөрдү окуп,кечээки күнкү жаман сөздөр эмес кайрадан мактоолор.))) Адам бойдон калгын сакталып-дегендей бирөөнүн адамдык сапатын,жашоосунда кандай турмушта жашап өткөнүн билип билбей жаман жакшы сөздөрдү айтуудан алыс болсок жакшы болмок.Тагдыр бир болсо кызы эмес башкасы болсо да турмуш курушмак.Демек бул кудайымдын буйругу,сыноосу болуш керек..
17.12.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал келип ыйласа ага ишенип,эми бул келип ыйласа буга да ишене бересинерби?ишенчеек экенсинер экей!
18.12.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сонун маек
18.12.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында бул өмүрдө ким жаңылбайт, "жаңылбас жаак,мүдүрүлбөс туяк болбойт" дегендей.Иий ажырашып кеткен неме экен дей беришет, өзүлөрү эртең эмне болорун билбей.Эгер Сайкалдын апасы кийлигишип,экөөнү бөлсө, кийин өкүнөт болуш керек, "тандаган тазга жолугат" дейт эмеспи,начар немеге туш болуп калса кокус. Же,"бул аркалыгыңды кой" деди бекен. Болбосо,мурун үйлөнүп ажырашканы шылтоо деле эмес го
18.12.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
я думаю пойзже Сайкал пожалеет
19.12.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орундуу суйлогон жигит корунот, бирок, чындыкты айтып коюш керек эле да Сайкалга. А Сайкал деле эми окунуп жаткандыр балким. Аллахым насип кылган ыймандуу кыргыз кызына жолугу, бактылуу болунуз!
20.12.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болсо болор иш болду откон ишке салават тенин чыгат кыжпалат болбо
20.12.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буну тагдыр ойуну дейт. Мен ечкимисин куноолобойм. бешенеге жазганы болот АЛЛАНЫ БУЙРУГУ.
20.12.2015. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарындын Эмгекчил айылынан десе ким деп тааныбай атпаймбы.Жердешим турбайбы.Аябай озгоруптур.Бизден бир класс ылдый окуучу.Жакшынакай кулуп эле журо берген Нурланды эстеп атам.Школдо эле активист тын бала болчу.Жашоодо жанылуу боло берет,ага чокпо.Мен бул баланы жаман дегенден алысмын, тарбиялуу жакшы уй булоонун баласы.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо