Самара Каримова, «2014-жылдын супер дебюту» наамынын ээси: «БАШКА ЫРЧЫЛАР ЖАШТАРГА БУТ ТОСОТ, А МЕН КОЛДОЙМ»

№685 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж

Бул ырчы жаштыгына карабай тынымсыз аракеттин артынан шоу-бизнестен өз ордун тапты. Айтылган ар кандай сөздөргө кылт этип кыйшайып койбой, ийгилик жаратып келе жатат. Улуу муун менен жаштарга бирдей жаккан ырчы Самара Каримова Бишкекке келип биз менен баарлашып кетти.

– Самара, жаӊы жылга карата Ошто 9 күн концерт берет экенсиӊ. 19 күн концерт бергениӊде сындагандар көп болду эле. Көӊүлүӊ калган жокпу?
– Элдин баарына жагыш абдан кыйын. Талкуу кылгандар менен кошо мени колдоп, ыраазычылыгын айткандар чыкты. Андыктан ошол күйөрмандарыма жаӊы жылдык ыр белек тартуулоо максатында концерт берем деп чуркап жүрөм. Майып балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер билет таркатам. Буюрса, ошолордун батасы менен концертим жакшы өтөт деп турам. 28-декабрдан 5-январга чейин өтүүчү концертимде өзүм тарбиялаган «Самара» тобунун жаштары өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
– «Самара» деген топту ачканыӊа эмне түрткү болду?
– Көп таланттуу жаштар жардам сурап кайрылышат. Башка ырчылар жаш ырчыларга бут тосот, а мен колдоо көрсөтүү максатында бул топту ачтым. Амандык болсо, бутуна туруп кетет деп ишенем.
– Куудул Тынар Курбаналиев «Сагынганда атамды» деген ырыӊа пародия жазган экен. Кандай кабыл алдыӊ?
– Тынар аке Ошко концерт койгондо белек алып барсам, мага гүл берди. Анан ошол интермедиясын аткарып жатпайбы. Алып баруучу «Тынар, Самара капа болуп калбайбы?» десе, «жок, капа болбойт, мен ага гүл берип койгом» деп коёт. Пародиясын ырдаганда боорум эзилгенче күлдүм. Балдарым жарнамалык роликтерди көрүп жаттап алышыптыр. Кечинде үйгө келсек, «Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп, мен алыстан сагынганда Асанды, анан Самашты» деп тосуп алышат.
– Күйөөӊ сени кызганганынан эмес, колдогонунан ар дайым коштоп жүрөбү?
– Анча-мынча жигиттер жолдошумдан коркуп мага тийише алышпайт. Аскем менин чыгармачылыгымда орду чоӊ адам. Күйөөсү кызганып ырдатпай койгон ырчы эжелерди, тескерисинче, сахна үчүн турмушунан ажырагандарды көрүп эле жүрөбүз. Башкага турмушка чыкканымда ырчы болушум мүмкүн эле, бирок азыркыдай аялдык бакытка жетет белем, ким билет. Нарынга Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына барганыбызда актрисанын агасы Нуркан агай көзүнө жаш алып, «эгер Таттыбүбүмдү жолдошу ушинтип колдоп жүргөндө азыр жашайт беле?» деп өкүндү. Анан бизге «ар дайым ушинтип жанашып жүргүлө» деп батасын берди.
– Тойго 100 миӊ сомго барганыӊды угуп таӊ калдык, карапайым эл үчүн бул өтө эле кымбат эмеспи?
– Тажикстан, Өзбекстанга кымбатыраакка барам. Оштун өзүнө арзан эле ырдайм. Ар кимдин шартына жараша болот. Дос, жоро-жолдош, тууган, кесиптеш, тааныштарга бекер эле ырдап берем. Азыр ырчылар тойдон эле жан багып калбадыкпы.
– Чачыӊды кесип, заманбап кийинип стилиӊди өзгөрткүӊ келеби?
– Чачымды кыркып, кыска юбка кийип чыксам эл чочуп кетпейби. Айрымдар «Асан аялына узун кийгизип, чачын кырктырбайт» дейт экен. Чындыгында, ал «жарашкан кийимди кие бер» дейт. Кайненем ажыга барып келген, ырдатканына шүгүр кылып чектен чыкпай, ыйбаа кылып жабык кийингенге аракет кылам. Ал эми чачыма турмушка чыккандан бери кайчы тийгизе элекмин. Узундугу тиземе бир карыштай эле калды.

«Иним Сагынбек экөөбүз атамдын жолун жолдоп чыгармачылыкка жакынбыз».

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Таттыбүбү Турсунбаеванын образын жараткым келет" дейт Самара Каримова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(246)
23.12.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул ырчы жаштарды колдойм дейт го. Бул өзү жаш ырчы го дейм адашпасам.
23.12.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
uikuchu7,ошону айтсаныз,анда Самара улуу муундарга бут тозгула мага окшоп деп жаштарга колдоо коргозуп жатканго)
26.12.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aibekaiym, 20-30 катар концерт берип, филармонияны бошотпой колдосо керек
23.12.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чон энего озунчо.
23.12.2015. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оа Самаранын уну жакшы бирок чын эле даяр ырларды ырдай беретго.Ананда аз эле ыры бар анан аз ыры мн 9 кун ырдай береби.Элдер деле тажайтда и так эле элдердин 85% жамандап жаткан эле эл.Бул эртереек Эл артистти деген наам алгысы келип жатканго кыязы ушинтип бат баттан концерт берсем бат эле берет деген ой.Коросунорго эртен эле эл артистти деген наамды алаттда менин эмгегим бааланды деп чыга калат!
24.12.2015. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Aibekaiym,эл артисин алат сауналар иштеп турса тынбай "кызмат" корсотуп,"кызматчылары" гул сунуп турса,ажы-кайненеси сауналарды "козомолдоп" турса,озунун апасыбалдарын карап,эже-синдилери уйдогу иштерин кылып турса,чалы бакандай театрды уучтап энчилеп берсе,даяр ырларга аранжировка жасап репертуарын кобойтуп турса,гезит-журналга байма-бай чыгып турса Самара албаганда ким алат эле?)))
26.12.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dubai,сауна иштетишеби?
27.12.2015. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mystery,куйоосунун сауна,гостиницалары бар "кополоктору" менен,откондо кополокторунун бири интервью берип жургон,башчысы (Самаранын куйоосу)бизди урат,иштетет,анан концерт болгондо гул сунгузат деп,дагы бир сайтта видеосу журот куйоосу актанып ал сауналар меники эмес апамкы деп)))))
23.12.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акчага же куйоосунун жардамы мн.
24.12.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
sonun55, fat21, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, бир эле маңыздагы билдирүүнү бир нече бөлүмгө жазганыңар үчүн 5 күндөн БАН!
24.12.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
куйоого тийгенден кийин жаш эмес да деп ойлоп атса керек Самара озу
24.12.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура айтасын
24.12.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
9-кун концерт берсе,репертуарында(баары даяр обону созу жазылган)аз эле ырлар бар экен. Кайра кайра кайталап ким угат деймда,же эшегине жараша тушагы дегендей,куйормандары кандай жадабай 9кун бир эле пластинканы чыйылдатып угуп отура беришеби 200сомдон берип ар кирген сайын? Алдап акчасын ал деген адамдарданго бул аял. Мен да коргом асакесинин азаттыкка берген интервюсун,анда айткан сауна апамдыкы деп,эми бул каейненем ажы дейт? Кыскасы мынчалык элге жек корулуп озун рекламалап эмне кереги бар?
edu.kg. түзөттү 2015-12-24 13:15:31
24.12.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Озун атактууларга тенеп,артистка санап даяр ырларды ырдагандын ордуна эл аралык конкурска катышып кыргыз атын дуйного таанытканга салымын кошсо вот ошондо эл да туура тушунмок. А бул аял кыргызстанды туро кыдырып жадатма концертерин койуп,сахнаны айлап ээлеп аябай элдин кыжырына тийип алды. Аскеси драмды каалагандай башкарып турганда бул аял эмгек синирген деген наамды алып алышы да мумкун ХХХ арты менен. Супер дебюту деген наамды алып катачылык кеткенд 2014то,ошодон баштап айга секирди.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-24 12:52:27
24.12.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
edu.kg., кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
24.12.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мм даа..мен да ушуну айтам эмне кереги бар элден жаман соз угуп озун жарнамалап? Асекесинен соз угатурган болду кайнененсинен бери соз тийгизди. Мен жаштарга бут тоспойм башкалар тосот деп кимдир бироолорго б.а кайсы бир ырчыга карата айтканго. Самара уят эми токтот,ж-жыл бутсо эски ж-жыл келе жатат ал кундору да койосунбу андан кийин суйушкондор кунундо да андан кийин 23февралтда да койосунбу? Кыскасы драм театр жаны жылдан ноорузга чейин бош эмес атактуу самаранын концерти болот, куйормандары жыргашатго)))))
stimyl.kg түзөттү 2015-12-24 13:47:02
24.12.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
stimyl.kg,Самара 19 кун эмес 29 кун койсода куйурмандары бара берет Эмне эле козунор куйуп жатат )))))
24.12.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sandrana, койгула козубуз куйгудой эмне саунанын акчасынан болшпой атат дейсинби? Же супер мега жаны жылдык концертине киргизбей жатат дейсинби? Эшегине жараша тушагы дейт кыргызда,самаранын концерти силерге эле буйрусун анткени силер эмесинерби суктанган. Ошондой эле жакшы ак эмгектуу адам болсо ошол 9кундук концертинин акчасын кайрымдуулук кылып биртыйынын албастан таратсынчы жетимдерге,карыларга. Жок анте албайт ал.
25.12.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
stimyl.kg,Апееей 2буз эмне десекта озудору билет эмне кылышыны мен баашымды ооруткум келбейт бироонун жашоосуна аралашып )) Эптеген жетет бийиктикке эптей албаган ар кимдин жашоосуна ичи куйдуулук кыла берет жашоо ушундай кызык!
25.12.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Sandrana, бийиктигин курусун,силер самара экоон энсеген бийиктик ушулболсо,анда биз учун кереги жок андай элди алдамай,элди жадатмай озун озу жарнамалап бирайлап сахнада торт беш даяр ырларды ырдап,кимдир бироонун арты менен озун бактылуу сезинген,кече эле чыгып атактууга озун салыштыруу дегендей бийиктик силерге эле буйруп кут кылсын!Ичим куйгудой эмне менин саунамды тартып алды беле кызыксынго.
stimyl.kg түзөттү 2015-12-25 17:47:18
26.12.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sandrana,коз куйбойле, ошо аман болуп, концертин жакшы откорсун
24.12.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Урматуу самаранын куйормандары,силерге жалпак соз менен тушундуруп койоун. Самара ким кыргыз эли учун эмне кылды ХХХ ХХХ ХХХ? Живой голос дейсинер живой голос болсо чыкпайбы кргызстанды тааныта конкурстарга катышып,мисалы К.Примбердиев журотго живой голос менен кыргыз элин таанытып салым кошуп. А силер чан жуктурбай мактайсынар кайсы кылыгына? Саунасы бойунчабы,элди жадата айлап концерт койгонунабы? Асакеси драмга тушпос хан болуп толька аялынын кызыкчылыгын ойлоп айлап концерт койдурганынабы? Карап корсон кыргызмаданиятын оркундотмок турсун жок кылууга барып жатышат.Ойлонгула. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-24 14:19:24
24.12.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
stimyl.kg, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу! Жеке билдирүүңүз болсо, купуя жазыңыз!
24.12.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ых Сөз жок!
24.12.2015. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
кыз сатып сауна иштетсе бул ХХХ кылмыш ишин ачуу керек
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-25 10:14:17
25.12.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Salman777, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
24.12.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз деле жок
24.12.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тогуз кун концертине бармак тугул, ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Эби чени менен мактанчы айланайын.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-25 10:13:34
25.12.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
EdikoKG, этика нормаларын сактаңыз!
24.12.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Гулжигит ден бир ыр жаздырып ырдаса жакшы болмок!
25.12.2015. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тогуз кун берген концертинин бир кундук акчасына озу жаны ыр жаздырсынчы, ар кимдин ырын ырдабай ырас уну жакшы экен.
25.12.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
EdikoKG, realliver, chyngyz-KG, жеке билдирүүлөрдү купуя менен жазышкыла!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-25 10:15:55
25.12.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш бул кыз көбүнө жакпайт экен да! коменттерди окуп жатып өзүн аябай эле пас сезип жатса керек!
04.01.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dooron,эмнеге 3 баланын энеси болсо деле кыз дейбиз,ар бир адамдын статусу бар го
25.12.2015. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Макул даяр ырды ырдасын. Макул эски ырды жаныртып ырдасын. Макул кантип ырдаса. Бирок, башка ырчынын концерт коюусуна бут тосуп, алардын концерттик билетин саттырбай койгондору коомчулуктун аябай катуу кыжырын кайнатса, озунон жаш айырмачылыгы ото чон адамга турмушка чыгып алгандыгы - анын жеке жашоосу, жарандык укугу экенине карабастан катуу сынга алынды. Муну менен Самара элге жон гана жагымсыз корунуш калтырды. Эч кимге жакпайт окшойт байкашымча. Негизи ал элдин оюн эске деле албаса керек.
25.12.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
просто бесит....
26.12.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аскем десе эле денеме кумурска жугуруп кетет негедир...
26.12.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындай журуш менен тез эле КРдин эмгек синирген артисти наамын алып алгыдай мансуров аман эсен ош драмды ээлеп турса,саунасы биржагынан иштеп турса. 96%жаман коргон адамдар экен,4%озунун туугандарыго чычалып колдогон. + - карагыла канчалык жек корошот элдер бул аялды. Январдын 10нан кийин дагы чыгат экен да концертин мактанып. Билеттерин дагы зордоп сатып жатышабы ким билет ошто жазып кеткиле? Групаачтым дейт кандай адамдар кошулду экен кызык,таланты тарбиясы музыкалык билими жок болсо аларга кандай уйротот.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-27 01:09:34
26.12.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озундон 20жаш кичуу кызга уйлонсон керемет болсо керек э? Карыганда ушинтип козун карап айтканын кылып калганын жаманда,артынан калбай кайда барса да ээрчип. Эххх акчан болсо саунан болсо драмдын дирекитри болсон,токсонго чыгып деле кыз алгыдайсын,алган кызынды кааласан кыргыздын,эмгек синирген жылдызы кылып койгудайсын.
jumaijanym түзөттү 2015-12-26 15:17:32
26.12.2015. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анысын го билбедим,бирок бир миш уктум эмки баласын төрөсө 40күн жана 40түн концерт берет экен деп
27.12.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тынардын пародиясын кайдан уксам болот?
27.12.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара чынында таланттуу,олтуруп алып сындай бербегилечи,озунор 10кишинин арасында да аран сурдоп суйлой албасанар керек
27.12.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Самара алга биз сени сыйлайбыз
28.12.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самара эже ийгилик,эл ар декени айта берет Ден соолукта болунуз
Медиа-портал
06.01.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттыбубу бийикте жанган жылдыз,анын образын жаратуу деген Самара оозу менен айтып койгудай оной эмес.Таттыбубуну азыркы кунго чейин калын эл эстейт жана урматтайт.
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо