«Кыргыз двор» командасы: «ТАМАШОУнун» ЭӉ ЖАЛКООСУ БИЗБИЗ»

№685 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж

«Тамашоудо» 8-сезондун фавориттеринин бири, калыстардын сүймөнчүгүнө айланган «Кыргыз двор» деген команда бар.
«No name`дин» «Балдар,балдар, Ош!», «Моника Беллуччинин» «Поехали!» деген фишка сөздөрү болсо, бул команда «Чыканак, чыканак» деген фишка сөзү менен белгилүү. Анда команда тууралуу кенен маалыматты сунуштайбыз.


Кудайберди Кылычбеков

Туулган жылы, күнү – 1994-жылы 6-ноябрда 4-төрөтканада түнкү саат 2де жарыкка келгем.
Туулган жери – Бишкек шаары. Айылдык жигиттин образын көп ойногонум менен, шаардык элемин.
Максаты – Максатым ар кандай болуп өзгөрүп турат.
Кемчилиги – Кемчилигим жок, кээде идеалдуумун.
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Параметри – Алмурут, 90-60-90 эс алат.
Учурда – Жарым жартылай бойдокмун (эч кимге «намёк» эмес).

Элдос Аскарбеков

Туулган жылы, күнү – 1993-жылы 15-январда «мёртвый» сезондо жарыкка келгем.
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Акман айылы. Текебаевдин айылдашы болом.
Максаты – «Тамашоунун» чемпиону болуу, телевидениеден орун табуу, «Баатыр ата» деген наамга татуу.
Кемчилиги – Мушташканды билбейм. Бирок мушташкым эле келе берет, анткени нервим жука.
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 67 килограмм
Параметри – Гитара, 90-60-90
Учурда – Ата-энемдикинде квартирантмын, бойдокмун, бойдокмун (окурман кыздарга «намёк»).

ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ
Элдос:
– «Тамашоудо» 3-сезондон бери, тагыраагы, 2010-жылдын 21-ноябрынан баштап ойноп келебиз. Мектеп жана студенттик лигада ойноп Жогорку Лигага өткөнбүз. Бирок бир аз ойногондон кийин «даяр эмес экенсиӊер, жакшылап даярдангыла» деп бизди кайра студенттик лигага айдап салышкан. «Тамашоунун» Жогорку Лигасында 5-сезондон бери ойноп жатабыз.

КОМАНДАНЫН АТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ
Кудайберди:
– Командада көп жолу курам алмашып, азыр баштапкы курамдан Элдос экөөбүз эле калганбыз. Баарыбыз Ак-Тилек конушунда жашайбыз. Аталган конушту жаштар арасында «Кыргыз двор» деп коюшат, анткени кыргыздан башка улут жашачу эмес. Ошондон улам команданын атын «Кыргыз двор» деп койгонбуз.

«КҮЙӨРМАНДАРГА КАПАБЫЗ»
Элдос:
– Азыркы күйөрмандар өзгөрдү. Мурун орто муундагылар көп болсо, азыр окуучулар, студенттер. Кээде күйөрмандар түндүк, түштүк болуп бөлүнүп, социалдык тармактардан биздин дарекке жаман сөздөрдү айткан учурлары болот. Анын баары бизге катуу тиет, кээде жаздык кучактап ыйлайбыз (күлүп). 6 жылдан бери кыз жандаганга убакыт таппай «Тамашоу» деп жүргөнүбүздү билишпейт да. Былтыр 1-2 оюнда начар ойноп койсок, күйөрмандарыбыз бизден оолактап башташты, мен ошон үчүн күйөрмандарга капамын. Кичине чыдап коюшса болмок, кээде утсаӊ, кээде утуласыӊ да. Мисалы, «No name`дин» күйөрмандарына баа берем, абдан туруктуу.

«ЧЫКАНАК» САХНАДАН ЖАРАЛГАН»
Кудайберди:
– «Чыканак, чыканак» деген фишка сөзүбүз кокусунан эле сахнада тамаша аткарып жатканда пайда болгон. Ким биринчи айтканы деле эсибизде жок, бирок ошол сөздү айтканда зал жарылып дуу болуп кеткен эле.

8-СЕЗОНДУН ЧЕМПИОНУ БОЛУУГА ДЫМАКТАРЫ КҮЧ
Элдос:
– Эки жылдан бери чемпион болобуз деген дымагыбыз күч. 7-сезондо мыкты даярданып, жеӊишти алдырып жибергенде жаман болдук. Айтор, команда нааразы болуп, 8-сезондо ойнобойбуз деп чечкен элек. Абдан таарындык, кимге таарынганыбызды деле билбейбиз. Иши кылып бирөөдөн күнөө издеп жүрдүк. Негизи «Тамашоудо» эӊ жалкоо команда бизбиз, эртеӊ оюн деген күнү тыпырап даярданып калабыз.Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, быйыл кайра 8-сезондо ойноп баштадык.

«КЫРГЫЗ ДВОРДОН» КҮЛКҮ-ТАМАШАЛАР...
Иттер чөп жеп...
Эки ит чөп жеп жатат. Бири экинчисине:
– Эй, биз эмне эле чөп жеп жатабыз?
– Тиги кожоюнубуз байкуш карап жатпайбы бизди. Кредит алып карызга батып калды. Бизди көрүп «итим чөп жеп жатат, ишим жүрүшөт экен» деп сүйүнүп калсын. Биз тараптан моралдык колдоо болот да.
Бул убакта кожоюну жанына келип:
– Кара, менин иттерим чөп жеп жатат, демек, ишим жүрүшөт экен. Эми экинчи кредитимди алам.

––– –––

Тиш доктур кардарга:
– Байке, оозуӊузду ачыӊыз.
– Аа-аа...
– Ээ, байке, депутатсызбы?
– Ооба, каяктан билдиӊ?
– Ууру тишиӊиз бар экен.
– Чоӊураак ачсаӊыз. Ай-ий, эмне эки жолу шайландыӊыз беле?
– Аны каяктан билдиӊ?
– Эки ууру тишиӊиз бар экен. Жулуш керек.
– Наркоз берип жуласыӊарбы, ооруну сездиртпеш үчүн?
– Байке, наркозду эмне кыласыз, ансыз деле эч нерсени сезбей жатпайсызбы!
– Эй, тамашаӊды коюп жөн жулчу!
– Макул, наркозу жок эле оорутпай жулуп берем, ээ, байке?
– Макул. А-аа, тиши-им, оорутпай жулам дебедиӊ беле?!
– Ии, кандай экен убада берип аткарбай койгон?! Анан кандай жаӊылыктар Жогорку Кеӊеште?
– Во-от, жакында 200 миӊ сомго кресло алганы жатабыз.
– Байке, сиздин тишиӊизге кошуп өпкөӊүздү деле жулуп койбоймунбу?

––– –––

Дүйнөдө жок жаныбарлардын жолугушуусу:
– Саламатсыздарбы? Менин атым Русалка, мени орустар ойлоп тапкан. Ойлоп тапканы аз келгенсип мен жөнүндө «Русалка села на шпагат» деген анекдот чыгарышыптыр. Бул жалган, мен шпагатка отура албайм.
– Саламатсыздарбы? Мен чупакабрамын, мени кочкорлук кыргыздар ойлоп тапкан. Ал аз келгенсип мени «Супер-Инфого» чыгарып коюшуптур. Ал мен эмес, фотошоп, мен андан сулуураакмын.

Обондуу ырларга пародия
Кара-кара, кара тору, кара каштуу Кара-Кеченин шахтёрлору сулуу.

––– –––

Депутаттарга арналган ыр: Жолдорду оӊдойм дегенсиӊ, жалган-жалган...

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Кыргыз двор": "Айылдыктардын образын жаратканыбыз менен, шаарда төрөлгөнбүз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
18.12.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Базар жок балдар Лабадах команда.
Медиа-портал
18.12.2015. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ийгилик сиздерге..новые лица в супер инфо это так радует
SUPER.KG видео
18.12.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушул команда жагат))
SUPER.KG видео
18.12.2015. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы команда анан Элдос беле ошол эле суйлой бериптир го ийгилик дагы бирок
SUPER.KG видео
18.12.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ушул экоонун чыканак чыканак дегендери жагат .
Медиа-портал
19.12.2015. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кудайбергендин куноосу бар окшойт..Унчукпай эле отуруптур.
SUPER.KG видео
19.12.2015. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алып баруучу кыз аябай эле серезная экен. Шоу дунонун алып баруучулары шайыр,тамашакой болуш керек деп ойлойм И.Ургант сыятуу . Анан ар бир келген конокторго бирдей суроо узатып кыска нуска бутуруп койотго.
SUPER.KG видео
19.12.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айзатты суйомго суйомго
SUPER.KG видео
19.12.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдос жагат да. Ак тилектен көп көрөм. Ушуну көрөмбү деп эле Ак Тилекке бара берем:D
SUPER.KG видео
19.12.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок көбүнчө тамеки чегип турганын көрүп калам да,балким өзү окуп калат сураныч тамекини таштаңызчы ошондо сизди чындап сүйүп калам)
Медиа-портал
20.12.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз двор супер
Медиа-портал
21.12.2015. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оуууу менин суйуктуу командам алга
Медиа-портал
21.12.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ балдар оздору жонундо ойлору бийиик))) бирок азыркы тамашоунун алдынкыларысынар колдойм.
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-21 15:12:34
Медиа-портал
21.12.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adilet93,
Кимдир бирөөнү мазактап, кемсинтүүдөн алыс болгула!
21.12.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таарынбагыла! Чыныгы куйордарынарда жок эмес.Элдос аябай суйкумдуу экен
21.12.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Достор, тамащоуну дагы деле коруп атасынарбы? баягыдай элеби? мен болсо Акорго, ак-кеме,моникалар кеткенден кийин корбой калдым... бир корсом азыркы командалар ото кучтуу эместей корунду...
21.12.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
LadyD,мен да корбой калгам Тамашоуну "козирлери" жок кызыксыз ))
21.12.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайбердини коп кором. Жалдырап карап калмайы бар окшойт))
22.12.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдос??? Аты башкача элего бул баланын.
23.12.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элдос Айгерим деген девушкана эмне болду эле
23.12.2015. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы балдар экен.ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо