Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК ДАСТОРКОНГО САЛАТТАР

№685 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж

Жаӊы жылдык дасторконго кандай салат, закускелерди даярдасам деп рецепт издеп жатасызбы? Туура кыласыз. Майрамдык менюну эртерээк түзүп, өзгөчө даамдарды даярдаган туура. Астрологдор Маймыл жылынын дасторконуна эч кандай чектөө коюлбаганын айтышат. Андыктан каалаган даам, азыктар менен дасторконду жайнатсаӊыз болот. Анан да бул жаныбар жакшы көргөн мөмө-жемиштерди, жашылчаларды коюуну унутпаӊыз!
Быйыл Жаӊы жыл майрамы иш күнүнө туура келгендиктен оӊой жана бат даярдалуучу салат, закускелердин рецепттерин сунуштайбыз.

«МАЙМЫЛ» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Колбаса – 200 грамм
Помидор – 2-3 даана
Кириешки – 70 грамм
Сабиз – 2 даана
Сыр – 100 грамм
Майонез – 2-3 аш кашык
Кооздоо үчүн көк чөп, зайтун

Даярдоо ыкмасы:

1. Колбаса, помидорду төрт чарчы түрүндө туурап алабыз. Помидордон чыккан ширени бөлүп салабыз.
2. Сыр менен сабизди өз-өзүнчө сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Эми колбаса, помидор, кириешки жана сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдын жарымын идишке салып, майонез кошуп аралаштырабыз.
4. Аралашманы тарелкага салып, маймылдын башынын формасына келтиребиз. Эми көзү болчу жерге эки рюмканы коюп, төбөсү тарапка сүргүчтөн өткөрүлгөн сабизди, тумшук жагына сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелейбиз. Эми эки рюмканы алып, анын ордун сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр менен толтурабыз. Андан соӊ зайтун ашынан сүрөттөгүдөй кылып көзүн, кашын, оозун жасап коёбуз. Салатыбыз даяр! Эгер колбасаны сүйүүчүлөрдүн катарына кирбесеӊиз, анда аны сууга бышырылган малдын же тооктун эти менен алмаштырсаӊыз болот.

«КҮН ЖЕЛЕСИ» ЗАКУСКЕСИ

Керектелүүчү азыктар:
Сыр – 250-300 грамм
Жумуртка – 2 даана
Сарымсак – 1 тишче
Майонез – 1 аш кашык
Кооздоо үчүн көк пияз, паприка, күнжүт
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Сыр, сууга бышырылган жумуртка, сарымсакты сүргүчтөн өткөрүп, майонез кошуп аралаштырабыз.
2. Эми бул аралашмадан аз-аздан алып тоголоктойбуз да, майда тууралган көк пиязга, күнжүткө, паприкага оонатабыз. Буларды майда тууралган калемпир, сабизге алмаштырсаӊыз да болот.

«КУЛПУНАЙ» ЗАКУСКЕСИ

Керектелүүчү азыктар:
Туздалган балык – 150 грамм
Сыр – 100 грамм
Картошка – 250 грамм
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Грек жаӊгагы – 35 грамм
Көк пияз – 35 грамм
Кызылча ширеси – 40 грамм
Күнжүт – 2 аш кашык
Татымына жараша туз, кооздоо үчүн петрушка

Даярдоо ыкмасы:

1. Балыкты тазалап, майда туурайбыз. Буга сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр, грек жаӊгагын, майда тууралган көк пиязды кошуп аралашма даярдайбыз.
2. Сууга бышкан картошкага 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп эзип, андан чакан токочторду жасап, ортосуна 1 чай кашык аралашма салып, кулпунайдын формасына келтирип, 5 мүнөткө муздаткычка салабыз.
4. Закускебизди өӊүнө чыгаруу үчүн кызылчанын ширесине «кулпунайларды» малып, үстүн май менен майлап, күнжүттөн себелеп, сабагын петрушкадан жасайбыз.

ИСПАН САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Консерваланган тунец балыгы – 200 грамм
Төө буурчак – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Картошка – 2-3 даана
Пияз – 1 баш
Помидор – 2 даана
Зайтун майы – 1 аш кашык
Уксус – 1 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч, көк чөптөр

Даярдоо ыкмасы:

1. Сууга бышырылган картошканы, жумуртканы жана помидорду чоӊ-чоӊ кылып туурап алабыз.
2. Пиязды жарым шакекче түрүндө туурап, кайнак сууга бир сыйра жууйбуз.
3. Эми консерваланган төө буурчакты, бир нече бөлүккө бөлүнгөн тунец балыгын жана пиязды кошобуз.
4. Үстүнө зайтун майы менен уксустун аралашмасын куябыз.
5. Салатты көк чөптөр менен кооздоп дасторконго коё берсеӊиз болот.

  • Карагайдын бутагын, тобурчакты жылтырактар менен ороп, дасторкондун ар кайсы жерине таштап койсоӊуз да майрамдык маанай тартуулайт.
  • Дасторконго бир нече кооз сайгычтарды (шпажки) коюп коюуну унутпаӊыз. Булар закускелерди сайып жегенге ыӊгайлуу.
  • Шамдар жаӊы жылдык дасторконго өзгөчө көрк кошот. Аларды күнү бою эмес, тамактануу учурунда күйгүзүп коюу жетиштүү. Жөнөкөй эмес, жыпар жыттуу, ар кандай формадагы шамдарды тандаганыӊыз оӊ.
  • Дасторкондун дагы бир атрибуту – кол аарчылар. Алардын кызыл, жашыл түстөгүлөрүн тандап, балатыга окшоштуруп ороп койсоӊуз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(16)
21.12.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерге рахмат. Майрамда эмне салат жасайм деп жаттым эле.
22.12.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn2015,Эски жыл кетип Жаны жыл келип жатса кандай майрам эмес???
21.12.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жаны жыл мусулмандардын майрамы эмес
21.12.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Оливьеге жетпейт баары бир
21.12.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кол арчыны оргонду да копсотуп койсонуздар соонун болмок.
21.12.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир салат айтып койгулачы оной жана майонез жок болгон женил салаттардан
22.12.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
amanatym,винегрет онойго дейм :картошка,сабиз,кызылча сууга бышырып кубик кылып туурайбыз кызызылчаны акырында кошобуз ага чейин кубик кылып туурап майдан куюп кичине уксус сахар кошуп озунчо аралаштырып коёбуз.Картошка морковь солёный огурец ал да кубик зелёный горошек зелёный лук майдан куюп туз татымына жараша чёрный перец аралаштырып акырында кызылчаны кошуп ко.з
22.12.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Помидор менен бадыран же корейский салат.
21.12.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы салат экен. Крахмалды кантип уюту керек. Билгендер айтып койгулачы.
22.12.2015. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фруктовый салатда жакшы,алма,банан,апельсин,мандаринди 8%йогуртка,4чарчы кылып кесип аралаштырабыз.
24.12.2015. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызылчаны теркадан откоруп кичине майга кууруп туруп дымдап койсо 15минутада даяр ага чеснок мн туз кошуп аралаштырасыз быстро и полезно
25.12.2015. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
рахмат. даам татып ккөрөбүз
25.12.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
рахмат
31.12.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испанский салатты жаны жылдын салттуу салаты оливьени жасап жатып барабар жасап кетсе да убакыт албайт экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо