№685 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
Президент Алмазбек Атамбаев 11-15-декабрь күндөрү иш сапары менен Түркмөнстан, Кувейт жана Катар мамлекеттерине барды. Өлкө башчынын сапары адегенде Түркмөнстанда башталып, аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуп, «Нейтралитет саясаты: Тынчтык үчүн эл аралык кызматташтык, коопсуздук жана өнүгүү» аталышындагы конференциянын ачылышына катышты. Бердымухамедов Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен билдирди. «Сиздин бул конференцияга келгениӊизге кубанычтамын. Сиздин эл аралык аренадагы көз карашыӊыз биз үчүн абдан баалуу»,- деген оюн билдирди. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |