№685 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
«Карышкырга кой кайтартып» деген лакап бар кыргызда. Бул сөз төмөндө баяндалуучу окуяга бап келет. SUPER.KG сайтынын «Элдик кабар» рубрикасына окурман Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин аӊчылыкта жүрүп атып өлтүргөн, жарадар кылган тоо текелер менен түшкөн сүрөттөрүн жиберген. Прокуратура кызматкери дагы бир шериги менен улам бир жерде атып өлтүргөн текени минип алып, мүйүздөн кармап, ок тешип кеткен жарасын көрсөтүп, айтор, акмакчылыгына маашырлана ой-да сүрөткө түшүп, анысын интернеттеги өздүк баракчасына жарыялап мактанган экен. Коомчулук бул көрүнүштү катуу сынга алды. Чиновник: «Сүрөттөр 2012-2013-жылдары тартылган, анда мыйзамдуу түрдө аӊчылык кылганбыз. Ички иштер министрлиги берген уруксат кагазына ылайык эки мылтыгым бар. Алардын бири менен аӊчылыкка чыгып, эки-үч жыл мурун бир кийик аткам. Өзүм Аӊчылык департаментинде мүчөмүн»,- деген жообун берди. Баарынан кызыгы, Акимбаевдин жанында сүрөттө Искендер Жолдошев деген адам экени, анын Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясында иштээрин аталган мекеменин басма сөз кызматкери Анарбек Авазбеков тактады. Башкача айтканда, кызматы боюнча жаратылышты коргой турган адамдар кордоп жүрүшөт. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |