ДЖИ (сериал)

№686 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Анда бас!- Арууке Жанардын колунан жетелеп жөнөдү. Шаарда денеге сүрөт тартуучу жай саналуу гана экен. Сураштырып отуруп бирин таап барышты. Жанар өзүн ыӊгайсыз сезип жатты.
– Сен эмне, коркуп жатасыӊбы?- кыз тамашалап күлдү.
– Жок.
– Калтырап жатасыӊ го?
– Бул жазуу ушуну менен өчпөй калат да, ээ?
Арууке Жанарга жооп берүүнүн ордуна каткырып күлүп жиберди.
– Мен өзүм биринчи болот окшойм,- деди ал күлкүсүн тыйып жатып. Чын эле ал биринчи болуп далысына «J» тамгасын кооздоп жаздырды.
– Бир аз ачыштырат экен. Бирок сен кыйын жигитсиӊ да. Ыйлап жибербе, ээ?- кыз атайылап Жанарды муӊдуу карап койду. Аз өтпөй анын далысына «А» тамгасы жазылып бүттү. Анан экөө күзгүгө барып көпкө каранышты.
– Сонун көрүнөт экен. Сага жакшы жарашыптыр.
– Эми сенин бир бөлүгүӊ менде бар.
Аруукенин көзү жашылдана түштү. Үшкүрүнүп койду. Ал кетер күнүн элестетип жатты. Бүгүн эртеӊ менен барып Москвага учакка билет алып койгон болчу. Ал бир жумага жетпеген аралыкта жакшы көргөн адамдарын таштап кетмек.
– Эми биз сөзсүз чогуу болушубуз керек!- деди Жанар.
Кыз үнсүз гана жылмайып койду. «Ыйлап жибербе» деп жатты ичинен өзүнө-өзү.

ххх

Арууке ал күнү Жанардыкына келди. Экөө тамактанып отурганда жигитти көпкө үнсүз тиктеп отурду.
– Сен абдан жакшы адамсыӊ,- деди бир убакта жигитке карап.
– Сен бар үчүн ошондой боло баштадым.
– Жанар, кел, бүгүн нике кыйдырабыз,- деди капыстан. Жигит жеп жаткан тамагына какап кетти.
– Эмнеге бүгүн?- деди күлүп.
– Нике түнүн өткөрөбүз. Эмнеге тостоюп карап калдыӊ?
Жигит дендароо болуп туруп калды.
– Мени жаман кыз ойлобо, тазамын. Бул болгону сүйүүмдү сага билдирүүнүн дагы бир жолу.
– Арууке, анын өз убактысы болот.
– Эгер убакыт аз болсочу?
– Түшүнбөдүм?
– Эртеӊ сен же мен жок болуп кетсекчи?
– Антип айтпа!
Кыз унчукпай ордунан туруп башка бөлмөгө кирип кетти. Жанар ыӊгайсыз боло түштү. Аруукенин артынан барды. Кыз ыйлап жаткан экен.
– Аруш, мен туура эмес бир нерсе дедимби? Кечирип койчу,- деди Жанар кыздын жашын аарчып жатып. Ал эч нерсе түшүнө алган жок. Эмне дээрин да билбей жатты.
– Жанар, мен сени сүйөм! Мен жөн эле ыйлаак кызмын.
Арууке Жанардын эриндеринен сүйдү. Кыз «Мен сендикмин, уктуӊбу? Кайда болбоюн, каякта жүрбөйүн Жанардын, жамгыр кишимдин гана эркеси болом. Суранам, жаман ойлорду жолотпо. Мен сага, сүйүүмө өзүмдү арнап жатам» деп шыбырап жатты. Жигит аны кучагынан бошоткон жок.

 ххх

Убакыт ушунчалык таш боор экенин Арууке мурда байкабаган. Москвага кетчү күн башкача бир тездик менен жакындай берди. Бул кырдаалдан бир жылчык табылчудай эмес. Ар бир саат, ар бир мүнөт кымбат, бирок алар колго кармалбайт. Аларга ээ эмес. Муну ойлоп алсыздыгына арданат, көз жашка муунат. Бирок кетиши керек. Чечим чыгарып койгон. Жакын адамдарын көп кучактачу болду. Муну менен алардагы жылуулукту, мээримди эстеп калгысы келет. Азыр да апасын кучактап турат. Ыйлап жибербеш үчүн эрдин бекем тиштеп алды.
– Апа,- деди бир убакта, – мен көп жашайм. Узак өмүр сүрөм. Кам санабаӊыз, макулбу? Ыйлабаӊыз! Баары жакшы болот,- деди чечкиндүү түрдө. Кимдир бирөө мурдун шуу тартып жиберди. Караса атасы экен. Ыйлап жатыптыр. «Омей, ата, жигиттер ыйлабайт да» деп күчкө салып күлдү. Барып атасын кучактап:
– Ата, биз ыйлай турган адамдар эмеспиз. Биз күчтүү командабыз! Мен дагы көп жашайм,- деп бетинен сүйүп койду.
Эртеси кыз Жанардыкына келди. Экөө бетме-бет отуруп бири-бирин көпкө карап турушту. «Мен сени ар бир кирпигиӊе чейин эстеп калуум керек» деп жатты Арууке ичинен. А Жанар бактылуу болчу. Ал Аруукенин көздөрү сүйүүгө толуп турганын гана көрдү.
– Сен мага көк свитериӊди бере аласыӊбы?- деди кыз капыстан.
– Эмнеге?
– Же менин свитериме алмашчы?
– Эмнеге?
– Сени сагынып кеткенде сенин свитериӊди кийип алам. Балким, сен кучактап тургандай болуп аз да болсо жеӊилдейттирмин.
– А мен сеникин киеминби?
– Жок, чоюп саласыӊ. Сен жөн эле свитерди кучактайсыӊ,- кыз жылмайып койду.
– Келчи бери!- жигит Аруукесинин баладай тазалыгына жүрөгү жибип жакшы көрүп кетти. Бооруна бекем кысып маӊдайынан өптү. «Бул акыркы күн. Акыркы күн...» Кыз эртеӊ сапарга чыгып, ошол бойдон дайынсыз жок болорун эстеп күйүп жатты. Бирок жакындарын азаптан куткарып жатам деген ой жеӊип чыкты. Андыктан эч бир сыр алдырган жок.

ххх

Арууке учак асманга көтөрүлгөнчө дендароо абалда жүрдү. Качан гана иллюминатордон булуттар көрүнгөндө гана көз жашы токтобой, буркурап ыйлай баштады. Жанында отургандар бири-бирин түшүнбөгөн көз караш менен карап алышты. Кызга баары бир болуп калган. Канча күндөн берки өзүн кармап жүргөнү, көрүнбөгөн көз жаш акыры ушинтип жарып чыкмак. Аны токтотууга аракет кылган жок. Ыйлай берди...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(33)
28.12.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мен биринчи
28.12.2015. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ээээ
28.12.2015. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Үчүнчү
28.12.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен жума кунуле окуп койгом
28.12.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жамаан журокту сыгат экен да(((
28.12.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Еми корушбой калышат бекен е. Жанарга кыйын болду еми
28.12.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аз жазып койуптур го
28.12.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
иииий дагы бир жума
28.12.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арууке айыгып кетсе экен
28.12.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менинда козумо жаш келип кетти Арууке сакайып Жанар экоо бирге болсо экен
28.12.2015. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu boup jawap kalsa eken aiagynda
28.12.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой айланайындар, Арууке, Жанар эч нерсе болбойт. Просто башкага уйлонушот.
28.12.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аруукеге туура эмес диагноз коюлган болот, оорусу грипп эле болот. Кожогат варенье чайга кошуп ичип жакшы болуп кетет.
29.12.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охх журогум ооруп кетти!Эми Арууке Москвага кетсе анан артынан жашоонун кызыгы кетип,баарын таштап Жанарда Москвага кетет окшойт да менин оюм боюнча,анан башында жазылгандай метродон кездешип калышаттыр балким.Экоону бири биринен айрыбасынчы авторго айтып коюнуздарчы!...
30.12.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
moskva.slezam.neverit, экоосу айрылат бири биринен, эмне автор чечмек беле. Айттым го экоосу эки башкага уйлонот, оорусу грипп эле болот, деги канча жазыш керек.
04.01.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baichik17,сени жаз деп бирөө сурап атабы, мурун окусаң бул жакта эмне жүрөсүң? Же ичиңден бирөө тырмалап жатабы,"эмне болорун жазып кой эртелеп" деп
29.12.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дагы бир ай(((Аллах сактасын мындайдан((
29.12.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир апта)))
29.12.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп жатып тамагыма бир нерсе кептелгендей,жашымды аран токтоттум,жумушта элем
29.12.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сериал буткучо журок оорулуу болуп калат окшойм))
29.12.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин мировой бестселлерибиз сураныч ар бир санына кененирээк эле жазгылачы.
29.12.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне биринчи жазгандарга бир нерсе береби?
29.12.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана аруу-таза суйуу... Козумдон жаш куюлганын да байкабай калыптырмын!
30.12.2015. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
30.12.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким "мен биринчи" деп жазса муйуз чыгат ага )))))
04.01.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
liitle_princess95, туура айтасың,ошентип жазгандардын аң сезими бала бакчага барып жүргөн кездеги деңгээлде калган окшойт, мүйүз чыкса деле сүйүнөт болуш керек
31.12.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы кандай болоор экен((.. Happy end болсо)))
31.12.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен биринчи деп жазгандар жагат, адаты болсо керек ушул жактын.
01.01.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооруп жаткан кызды кантип 'Москвага жонотуп жиберди ата енеси?!!!
04.01.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubanychbek1994, сен окубай эле жазгансыңбы, эч кимге айтпай кетип калбадыбы, кызык адамдар көп
02.01.2016. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Журокту сыктын го эй автор, чё за тип ты вообще. Эми кыргыз элин журок оорукчан кылып кой. Аа тушундум сен журок оорусун дарылаган типтин заказы менен жаздынбы?
02.01.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Baichik17,эмне анчалык тополон саласынар жашоодо болуп жаткансыыып
03.01.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино коруп жаткандаймын коз алдымдан откоруп,менин баяныма окшош экен)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо