Каныкей: «АЯЛЗАТЫ КАТАРЫ ӨЗ БАКТЫМДЫ ТАПТЫМ»

№686 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж

«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Заманыбыздын супер ырчысы» наамын алган Каныкей 11-ноябрда эне статусуна ээ болгонун жазганбыз. Бир кезде «мен ушундай обу жок кызмын» деп кийген кийиминен тарта сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы менен өзгөчөлөнгөн Каныкей менен жаӊы жүздө, эне статусунда баарлаштык. «Бакыт тынччылыкты жактырат экен» деген ырчы айым жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу маек куруп берди.

– Каныкей, кандайсыӊ? Бешик бооӊор бек болсун! Кичинекей Алим кандай чоӊоюп жатат?
– Рахмат, жакшыбыз. Көз тийбесин, балабыз ата-энесин кыйнабай чоӊоюп жатат.
– Кош бойлуу кез кандай өттү?
– Чынында, 9 ай бою аябай кооптондум. Бирок мунун баарын Кудайдын буйругу деп кабыл алып, медиктердин көзөмөлүндө жүрдүм. Башка бирөө болсо айтып коюш оӊой тура. Өзүӊдүн башыӊа келгенде жоопкерчилик катуу болот экен.
– Үй-бүлө курганда жашооӊдо өзгөрүүлөр болдубу?
– Чоӊ өзгөрүү деле болгон жок, кандай болсом, ошондой бойдон калдым. Чынында, сахнадагы Каныкей менен жашоодогу Каныкейди салыштырып болбойт. Анткени чыгармачылыкта «мындай образда жүрүшүӊ керек, эл алдында мындай болушуӊ керек» деген талаптар бар болчу. Мен өзүмдү ошол жоболорго ылайык алып жүрчүмүн. Ал эми жашоодо кадимки жөнөкөй эле аялзатымын. Кайын журтум да өтө түшүнүктүү кишилер, бетке айткан мүнөзүмдү түшүнүшөт. «Сен антпешиӊ керек, минтпешиӊ керек» деп деле тыюу салышкан жок. Кайнатам чыгармачылыгымды баалайт, ырдаганымды жактырат.
– Өзүӊдүн апаӊ да аябай кубанып жатса керек? Алим канчанчы небереси?
– Ооба, апамдын кубанычында чек жок. Үйгө келгенибизде каралашып, баланы кантип караш керектигин көрсөтүп, тамак-ашты өзү жасап берип жатты. Кийин мен тыӊып алганда Токмокко кеткен. Байкемдин эки уулу бар, анан жээн небереси – Алим. Ошентип апам 53 жашында 3 неберенин бактылуу энеси болду.
– Жолдошуӊ тууралуу маалыматтарга кызыккандар да көп. Медердин мүнөзү кандай, эмне менен алектенет? Кандай ата болуп жатат?
– Айрымдар Медерди менден жаш деп ойлошот экен. Чынында, андай эмес, жолдошум менден бир жаш улуу. Мүнөзү абдан жөнөкөй, элдин көӊүл борборунда болгонду жактырбайт. 7-класстан кийин Нарындагы түрк лицейде окуган. Кесиби боюнча гидроинженер. Кийин Америкага барып иштеп, өз эмгеги менен бутуна турду. Ошон үчүн аны сыйлайм, баалайм. Америкадан келгенден кийин өз алдынча жеке бизнес менен алек болуп жатат.
Негизи, Медер Алимге үйрүлүп, аябай жакшы карайт. Бирок аны баланы караганга көп аралаштырбайм. Анткени ал жумушта, мен үйдөмүн. Аны аяйм.
– Айымдар үйдө отуруп калганда буулуга башташат эле. Сахнаны сагынып жаткан жоксуӊбу?
– Бардык ырларымды ырдап койгон окшоймун да, сахна тууралуу ойлогон деле жокмун (күлүп). Чыгармачылык жаатта алдыга койгон максаттарымдын баарына жеттим окшойт. Аялзаты катары өз бактымды таптым. Эми ошол бакытка ырахаттануу гана калды. Ошондуктан азыр менин бир гана максатым – балама мээрим төгүп, жеткиликтүү карап чоӊойтуу. Андыктан депрессия болгонго деле убактым жок.
– Аялдык бакытты сактап калуу үчүн эмне керек деп ойлойсуӊ?
– Менимче, үйдүн очогун тутанткан аял болгондон кийин аялзатынан көп нерсе көз каранды. Бакытты сактап калыш үчүн сабырдуу болушубуз керек. Мыкты кожойке болуп, жолдошун ар дайым колдоп, ага багынып турса, менимче, үй-бүлө бекем болот.
Медерди сыйлайм, ошон үчүн да сахнага чыгышым керек деп жулунбайм. Аялзаты эӊ биринчиден үйдө сүйүктүү жубай, мээримдүү эне, мыкты кожойке болушу керек деп ойлойм.
– «Медерди сыйлаганым үчүн сахнага чыкпайм» дегениӊ азыркы шартка байланыштуубу же келечектеги чыгармачылыгыӊа да тиешеси барбы?
– Жолдошум менин чыгармачылыгыма каршылык кылбайт. «Профессионалдык деӊгээлде ырда» деп ырларымдын сапатына басым жасайт. Ошон үчүн такыр эле чыкпайм деп айта албайм. Азыр менин үй-бүлөгө көӊүл бөлө турган чагым. Ошон үчүн биринчи кезекте үй-бүлөм, анан ыр-күлкү. Кийин убакыт болгондо гана чыгармачылыкка көӊүл бөлөм.
– Турмуш шартка байланыштуу Америкадан келгениӊерди билебиз. Ал жакка кайра кетүү пландарыӊар жокпу?
– Америкага көпчүлүк жаштар кыялдарын орундатуу үчүн барышат. Биз экөөбүз теӊ бутубузга турдук, уулдуу болдук, жолдошумдун жумушу бар. Америкага мунун баарын таштап кантип кетебиз? Менимче, мындан ары Кыргызстандан эле көтөрүлүшүбүз керек.
– Шоу-бизнес чөйрөсүндө шерине күтүп, той бергендер көп. Эмнегедир ал жактан сени көрбөйбүз...
– Мен ошондой шерине, той дегендерге кызыкпайм. Балким, андай этапка жете элекмин. Балким, мен андай чөйрөдөн эместирмин. Медер деле абдан тууганчыл, бирок андай шаан-шөкөттөрдү жактырбайт. Экөөбүз теӊ бул жагынан окшошпуз, тынч жашоону жактырабыз.

"Кызыгы, менин атамдын да, кайнатамдын да аты Муратбек. Андыктан уулубуз Муратбеков Алим Медерович болду".

"Кара боёктун баары сахнадагы образым болчу. Жашоодогу Каныкей менен сахнадагы образымды салыштырып болбойт".

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(28)
28.12.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
комменттер жок го, мен биринчи кирсем крек го
28.12.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгулаааааааааааааа
28.12.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула...
28.12.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула
28.12.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
МашАлла батылуу болунуздар!
28.12.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки дуйнолук Бакыт каалайм бактылуу болунуз. Адамдык сапатынызды жана чыгармачылыгынызды аябай баалайм сахнага кайтыныз сиздей талант керек бизге аман болунуз.
28.12.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу бол Каныкей, сенин жөнөкөйл гүңү акылдуулугуңу баалаймын. Жалтыр жултурга шаан шөкөттөн алыстыгың мен мен деп эле жулуна бербеген сапатың жагат. Силер эң сонун супер үй бүлөсүңөр!!! Дайыма сүйүктүү жар мээримдүү эне аталып эки дүйнө жакшылыгын көр. Сени аябай жакшы көрөм күйөрман катары:)
MoXiTo түзөттү 2015-12-28 13:34:08
28.12.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мунозу.суйлогон создору жагат
28.12.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алимдин өмүрү узун болсун
28.12.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акылдуу, мыкты айым экени берген жоопторунан эле билинип турат. Бактылуу болгула бобоктайдын омуру узун болсун.
04.01.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Grazie,ооба, азыр кээ бир кыздар бар го, кичине эле эл көзүнө көрүнүп калса эле, өзүн мега жылдыз сезип, күйөөсүн көзүнө илбеген. Негизи үй-бүлөөдө эркек киши баш болсо, аялы күйөөсүн, күйөөсү аялын аяп, сыйлап турса, алардын келечеги жакшы болот эмеспи. Азамат Каныкей, алган жарың менен бактылуу өмүр сүргүлө, уулуңар жакшы чоңойсун, дагы-дагы Алимди көп бир туугандуу кылгыла
29.12.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула
29.12.2015. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
накта бактылуу ошол эле учурда жонокой сулуу кучтуу айым
29.12.2015. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чексиз бактылуулукту каалайм,Алимдин омуру узуууун болсун.Ушундай жонокойлугунузду суйом да.
Жоопторунуз жакты,1-чи очурот уй-булоо.
Сахна эч жакка качпайт,куйормандарыныз жаны ырларынызды кутуудон тажабайт
29.12.2015. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сен учун абдан кубанычта болдум Каныкей. Рахмат сага, азаматсын!!! Эр сыйлаган эшикте жатпайт деген кеп бар кыргызда. Сен кээ бир карьерасын уйбулодон ойдо койгон кыздарга улгу болгудай интервью берипсин, ушунун боосу бек болсун. Ийгиликтер болсун. Алимбайды жакшылап чонойткула.
29.12.2015. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура!аялзаты ушундай болушу керек,башка ырчыларга окшоп мактанбай,кыркы чыгалекте эле жанталашып ырдап,сахнада журбой.Молодец Каныкей,эн негизгиси аялдык БАКЫТ,аял учун.
29.12.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшына болуп семирип алыпсын го. Бактылуу болгула.
29.12.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилииик.бактынар боксорбосун
29.12.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула Мени мамам ушу Каныкейге окшоштура берет))))
29.12.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу,коп балалуу болгула
29.12.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Медер азаматсын!!!)))) ХХХ сахнага чыкканга таптакыр жетишпей калат))))
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-30 10:07:10
30.12.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Yahoo,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
29.12.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
I wish you happiness!
29.12.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каныкей азаматсын
30.12.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Каныкейдин озгочолугу менен жагат коз тийбесин бактылуу болгула ишинерге ийгилик
31.12.2015. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ырлары аябай жагат мага
09.01.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылууу болгула!
27.01.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonokoi akylduu kyz

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо