МЫКААЧЫ ЭНЕ, КҮНӨӨСҮЗ НАРИСТЕ...

№378 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.

Эне үчүн боор этинен жаралган баладан артык эч нерсе жок. “Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт” деп коёт кыргыздар. Бирок, тилекке каршы, тогуз ай боюнда көтөргөн наристесин бапестеп чоңойтуунун ордуна оозуна кагаз тыгып, башына баштык кийгизип өлтүргөн энени көрүп, эмне дээрибизди биле албай турабыз. Балким, багып алган таежеси Насипаны жакшы тарбия менен өстүрсө, мындай окуя болбойт беле, ким билет?

БАКТЫСЫЗ БАЛАЛЫК
Насипа 1989-жылы Баткен облусунда жарык дүйнөгө келген. Үч бир туугандын ортончусу, бир эжеси жана бир иниси бар. Тагдырдын башка салганы белем, 3 жашында Насипанын энеси оорудан улам каза болуп калат. Үч баланын түйшүгүн көтөрүү оор болдубу же башка бир себептери барбы, айтор, атасы Тургунбек да балдарын карабай кетет. Ата-энесинен айрылган жетимдерди туугандары багып алышат. Эжесин атасынын эжеси багып алып, Насипа менен инисин таежеси алып кетет. Ошентип, эки бир тууган таежесинин колунда күн өткөрө башташат. Айылдан турмушу өтпөй калган таежеси шаарга көчүп келгенде, бир туугандардын улуусу 5-классты, кичүүсү 3-классты аяктаган эле. Шаарга келгенде окуубузду уланталы деп канчалык далалат кылышса да, таежеси окуйм дегендерине каршы болот. Үстөлдүн үстүнө майда-барат нерселерди саттырып, экөөнү «Ош базарга» чыгарат. Ушундай күндөр биринин артынан бири улана берет...

БИР ТУУГАНДАР БИРИГИП...
Бой жетип калган Насипа иниси менен кеңешип, таежесинен бөлүнүп иштөөгө аракет кылышат. Кудайдын жетимдерге боору ооруганбы, айтор, соодалары жакшы жүрүшө баштайт. Таежесинин товарларына өздөрүнүн товарларын кошуп сатып, акырындан акча чогултуп киришет. Акчалары көбөйө баштаганда, экөө эжесин чакыртып алууну чечишет. Ал кезде эжеси турмушка чыгып, балалуу болууга жетишкен эле. Эжеси менен жездеси жашоонун өйдө-төмөнүнөн кыйналып жүрүшкөн. Сиңдиси менен инисинин чакыруусун угар замат эжеси баласын кайындарына таштап, күйөөсүн ээрчитип Бишкекке келет. Ошентип, үч бир тууган борбор калаада биригип, бирге түтүн булата башташат. Бул күндөр 2009-жылдын жаз айлары болчу.

ЖИГИТ КҮТҮҮ
Жакшы жашоого далалат кылган Насипа жигит күтүүгө да жетишет. Жигит жандап бактылуу күндөрдү башынан өткөргөн ал убактар азыр жомок сыяктуу. 2009-жыл­дын апрель айында таанышкан кыз-жигиттин мамилеси сентябрь айына чейин гана уланат. Бир күнү Насипа “боюмда бар экен, төрт айдан ашып калыптыр” деп жигити Мирланга айтат. Башында ишенип-ишене бербеген жигити ишенген соң качып кетүүнүн бир жолун издегенби, айтор, “Орусияга келип иште деп байкемдер чакырып жатышат” деген шылтоо менен дайынын билдирбей кетет. Мирланды Насипа акыркы жолу 10-сентябрда көргөн. Таанышкан күндөн баштап бал тилге салып, “сенден башка кыздарды жактырбайм. Мага ишене бер! Жакында үй алам, үй алгандан кийин үйлөнөбүз” деген жигитти алдап кетет деп Насипа ойлогон эмес. Жадакалса анын аты-жөнүн толук билбейт, каякта жашаарын да так сурап алган эмес. Анын айтымында, жигити Мирлан менен «Ош базардан» таанышкан. Мирлан “жерлигим Баткендин Лейлегинен, базарда жүк түшүрүп иштейм” деп айткан экен. Айтканына арбалып, жигитине алданып калган Насипа учурунда аборт жасатып же аман-эсен төрөп, баласы жок бирөөлөргө берип койсо деле болот эле. Бирок терең ойлонбогон таш боор эненин азыр өкүнүп турган кези.

ДААРАТКАНАДА ТӨРӨП...
Боюндагы наристе беш айдан ашкан кезде «ооруп жатам. Ооруканага көрүнсөм суукта көп жүрбөй, жылуу үйдө отур деди» деген сыяктуу шылтоолор менен Насипа үйдө отуруп калат. Эжеси, жездеси жана иниси таң атпай ишке кетип, кара күүгүмдө келген күндөр өтө берет. Үйдө жалгыз калган болочок эне курсагы чоңойгон сайын билгизбегенге аракет кылып таңып, төрөгөнчө жашырып келген.
Жаңырган жылдын 21-январь күнү өзүн жаман сезген Насипа кечки саат 8дер чамасында инисин ээрчитип, таежесиникине барып келүүгө жолго чыгат. Жолдон дааратканага баргысы келип, борбор калаабыздын Пишпек аймагындагы сейил багына коомдук дааратканага кирет. Иниси күтүп сыртта калат. Жарым сааттан ашык күтүп кечиккен эжесин «болбойсуңбу?» десе, «ичим ооруп жатат, күтө тур» деп жооткотуп койгон. Ошол кезде даараткананын жанына кароолдо жүргөн милиция кызматкерлери келип калат. Инисине келип «караңгыда бул жерде эмне турасың?» деген суроосуна “эжемди күтүп жатам” деп жооп берет. Ал учурда эжеси Насипанын толгоосу келип, эркек төрөгөн эле.
Кыз канчалык кыйынчылык менен төрөсө да, боор этинен бөлүнүп чыккан тун уулун жарыкчылыкка ыраа көргөн жок. Жашоого жаңы келген наристенин оозуна даараткана кагазын тыгып, башына баштык кийгизип өлтүрүп, баштыкка салып чыккан жерден милиция кызматкерлерине кармалган. «Алгач баштыктын сырты кан болгондуктан, эт экен деп ойлогонбуз» дейт милиция кызматкерлери. Акыры тана албасына көзү жеткен таш боор эне болгон чындыкты айтып ыйлап жиберген. Насипа “наристени өлтүрбөстөн, бирөөлөрдүн үйүнө таштап же балдар үйүнө өткөрүп салсаң болбойт беле?” деген тергөөчүлөрдүн суроосуна “кантип багам деп ойлодум, төрөгөн учурда шок болуп, өзүмдү билбей калыптырмын” деп жооп бериптир. Эжесинин боюнда бар экенин билбеген, эч нерседен кабары жок иниси ошол жерден эсин жоготуп, жыгылып калган. Ымыркайын өзү өлтүргөн эне учурда сурак берүүдө...

Мынакей окурман, өзүңүз окуган бул окуя 2010-жылдын 21-январь күнү Бишкек шаарынын Пишпек аймагындагы сейил бакта болуп өткөн. Буга кызды алдап кеткен жигит күнөөлүүбү же кийин аман-эсен төрөлгөн ымыркайын өлтүрүп салган эне күнөөлүүбү, аны өзүңүз талдап аларсыз.
Мындай окуялар чанда кездешет. Көпчүлүк учурда энелер төрөгөн балдарын таштанды челектерге таштап кармалбай кетишет. Мындан бир-эки жыл мурда борбордогу студенттик жатаканалардын биринде ушундай кылмыш иши катталган. Анда төрөгөн эне баласын өлтүрүп туруп, даараткананын тешигине салып жиберген эле.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу каармандын аты өзгөртүлүп берилди.

Амантур Султанкулов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
01.02.2010. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Насипа менен психологтор иштеш керек.
02.02.2010. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah jardamchy bolsun! Bashka emne deibiz, ekooten tuurames ish kylyshkan.
Saktanuuchu nerselerden jashtarga koburook maalymat berishse jakshy bolmok (TV,Radio,Reklama,baardyk mumkunchuluktu koldonup).Myndai okuiyalar koop bolup jatat.......
03.02.2010. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор заман, бироого зор заман!!!
Мирланга окшогон кыргыз жигитери абдан кобойду, мындай учурда кызды да кунолобош керек.
03.02.2010. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого кор заман, бироого зор заман!!!
Мирланга окшогон кыргыз жигитери абдан кобойду, мындай учурда кызды да кунолобош керек.
03.02.2010. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигиттер, эмне азап дейм да, кыздарды алдап...
Чыдасанар болот да туурабы, баары бир уйлоно тургандан кийин. Ойлонгулачы, кийин уйлондунор дейли, жубайынардын ушундай абалда болгонун элестетип корсонор... Негизи эле бироого бир нерсе клаарда, озунорду же жакынынарды ал адамдын ордуна коюп коруп, анан пайдалуу болсо жасагылачы. Болбосо билем, жигиттер намыстуу болушубуз керек, бирок, кыздардын намысын коргоого жардам береличи.
Мирлан, Насипа озундун эле женен, же аяшын болуп калды д
03.02.2010. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdfghjkl;'
03.02.2010. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан, Насипа озундун эле женен, же аяшын болуп калды дейли, кандай абалда каласын?*
03.02.2010. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай бизге омур берсе, кийин улгайган убакта ушул кылганынарды эстеп алып кандай абалда каласынар жана балдарынардан эмнени умут кыласынар? Эркек бала го мейли дечи, кыздарынарды эшикке чыгарбай камап коёсунарбы?
03.02.2010. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сени да мен кылгандай кылып кетет деп...
03.02.2010. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандарынарга, жакындарынарга, болочок жубайынарга, жененерге, келин баланарга, уул-кыздарынарга каалабасанар, анда сураныч ушундай жаман нерселерди биз дагы башкаларга кылбайлычы..
03.02.2010. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер кааласанар анда эч нерсе дей албайм.
04.02.2010. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай бизге ыйман берсин!
Жолдошбектин айтканына толугу менен кошулам.
04.02.2010. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кызга аябай боорум ооруп атат, энеси жок чонойуп, эркелеп энелик мээрим коргон жок, ал жаш кыз коркту да жэ кенешейин десе биздин кыргыздарда андайда баардыгы туура жургон адам болуп чыга келет эмеспи кекетип...Эхх билбейм баардыгы окунучтуу болуп калыптыр, жылдар отуп кыз бактысын тапкан кундо да бул нерсе аны тынч уктатпайтко олоор-олгончо. Ошон учун биз адамдар биринчи уйронушубуз керек ар бир нерсени кенеш берип чечишкенге, ушактап ызы-чуу салып жибербей. Бул жерде бир эле Насиппа кунолу
04.02.2010. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кунолу эмес баардыгыбыз куноолубуз жана коом.
04.02.2010. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай иштерди жасап анан качып кеткен эркектердин баардыгынын :?????????? тамыры менен кесип салыш керек.
09.02.2010. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Joldoshbektin aytkandaryna tolugu menen koshulamyn. Erkekter ozunordu gana oylobogulachy,bul kyzdyn orduna ozunordun ele eje-karyndash, jubay, kyzynardy koygula jana oynongula. siler ayal zatyn korgobosonor,kim korgoyt, ayal zaty nazik jana jardamga muktaj bolot.Ayabay okunuchtuu okuya:(
23.02.2010. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nasibaga boorum a4ydy... birok, ozunun ayibinin akybeti b-p jatpaiby... owon4oluka baryp jigitinin toluk atyn bilbegeni4i, emnesi bolso otkon iw ottu, " bataar tundun da ataar tany bar" deit, anynsynaryndai Nasibaga da aldynda baktyluu kundor nasip etsin...
27.03.2010. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Насипага ушундай боорум ооруп кетти. Жакын курбулары менен деле кенешсе болмок. Канча адам балага зар болуп журот.
12.07.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boor oruunun keregi jok kanchalyk kyinalgan uchurda da aiban kylbagan ishti kylyptyr jigitte kunoo jok .bashty ishtetip saktanysh kerek da.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо