№686 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
Көп жылдан бери Орусия шоу-бизнесинен өз ордун таап, эмгектенип келе жаткан кыргызстандык «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко (сахнадагы аты Айя) «Бишкектин ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды. Ырчыга сыйлыкты 21-декабрда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов тапшырды. Шаар башчысы сыйлык тапшыруу учурунда Светланага чыгармачылык ийгиликтерди каалап: «Бул сыйлык дагы да болсо бийиктиктерди, жогорку деӊгээлдеги ачылыштарды жасаганга түрткү болот. Биздин ар бир жараныбыз сиз менен сыймыктанат»,- деди. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |