Кайрат Примбердиев: «ЭМИ ЕЛЕНА ВАЕНГАНЫН КОНЦЕРТИНДЕ ЫРДАЙМ»

№686 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж

Көптөн бери кыргыз эли орусиялык «Главная сцена» долбооруна катышкан Кайрат Примбердиевдин жаратып жаткан ийгиликтерине сыймыктанып, колдоп келе жаткан. 23-декабрь күнү мекендешибиз Москвадан Бишкекке учуп келди. Бишкекке жол тартканда «Мекен, Кыргызстан, мен, сүйүү, сагынуу, көз жаш...» деген сезимдерин интернет баракчасына жазган ырчы мырзаны аэропорттон дос-туугандары, кесиптештери болуп тосуп алып, сынактан кийинки сезимдерин угууга ашыктык.

– Ийгилигиӊиз кут болсун! Кыргызстанга кандай сезимдер менен келдиӊиз?
– Чоӊ рахмат! Кечээ бир байкенин «Убагында Андрей Курнявка деген Олимпиада чемпиону бир мелдеште 1-орунду багындырып, Кыргызстанга кайтканда аэропорттон келинчеги жалгыз гүл менен тосуп алган экен» деп айтканын эстеп ошондой болуп калабы деп ойлодум эле. Бирок аэропорттон досторум, жакын адамдарым, сиздер ушундай бир шаӊ менен тосуп алганда башкача сезимдерге чулганып жатам.
– Сынак учурунда кыргыз эли сизди аябай колдоп жатышты. Ал өзүӊүзгө да байкалса керек?
– Сынак аяктаганча үч ай Москвада жүрдүм. Улам Кыргызстанга келип-кетип турууга каражат тартыш эле. Келинчегим башында эле мени менен чогуу кеткен. Москвада классташ баламдыкында турдук. Кыргыз элим мени колдоп социалдык тармактарга жылуу сөздөрүн жазып, тааныштарым телефон чалып жатышты. Мунун баары мага күч-кубат, дем берди. Ошол үчүн элиме чоӊ ыраазычылыгымды билдирем. Артымда ушундай кыргыз элим турганда мындан дагы бийик жетишкендиктерди багынтып, дүйнөлүк деӊгээлге чыгабыз.
– Финал кандай өттү? «Кол ийрисине тартат» демекчи, калыстар акыйкаттыктан тайган жокпу?
– Финалга жалпысынан 18 ырчы өтүп, Кремль сарайындагы чоӊ концертке катышты. Концерттин жүрүшүндө 6 финалчы суперфиналга өттү. Суперфиналчылардын арасында мен да болдум. Тилекке каршы, жеӊүүчү боло албай калдым. 1-орунду орусиялык ырчы Арсений Бородин ээледи. Калыстар тобу жеӊүүчүнү кантип аныктаганын бир Кудай билет. Чынын айтсам, келинчегим экөөбүз жок дегенде 2 же 3-орунду алам го деп ойлоп жатканбыз. Бирок бир чети жеӊбей калганым деле жакшы болду. Себеби жеӊсем «максатыма жеттим» деп кийинки сынактарга катышпай бошоӊдук кылып коймоктурмун. Кыргызда «жыгылган күрөшкө тойбойт» дейт го. Анын сыӊары бул жеӊилүү менин мындан ары дагы изденүүмө, өсүүмө себепчи болду. Башында финалга жетүү түшүмө да кирген эмес. Кудайга шүгүр, калыстар акыйкат баа беришип, сүрөп отуруп финалга жеткиришти. Болбосо калыстар тобундагы белгилүү ырчылар үчүн мен ким элем? Кыргыз эстрада ырчыларынын бири да буга чейин Орусиядагы Кремлде ырдаган эмес экен.
– Сынактан кийин ал жакта күйөрмандарыӊыз пайда болдубу?
– Москвада келинчегим экөөбүз сейилдеп жүрсөк 45 жаштардагы орус улутундагы киши жаныбызга келип: «Сиз Кайратбексизби? Биз үй-бүлөбүз, кошуналарыбыз менен сени колдоп, 1-орунду алышыӊды тилеп жатабыз» деп жылуу сөздөрүн айтты. Ага финалдын жыйынтыгын айтып берсек, «ка-ап, Арсений эмес, сен татыктуу болчусуӊ» деп аябай кейиди.
– Байкашыбызча, калыстардан Диана Арбенина, Владимир Пресняков, Елена Ваенга сизди аябай колдоду. Ал эми Валерий Леонтьев анча жактырбагандай сезилди. Ал сизге да байкалдыбы?
– Валерий Леонтьев талапты катуу койгон, профессионалдуу ырчы. Ал өзүнүн образынын үстүнөн иштеп, ырчы менен элдин байланышуусун да жакшы колдонгон адам. Леонтьев «Кудай берген үнүӊ бар экен. Бирок эл менен байланыш түзүү же шоу кылууга аракеттен» деген ой-пикирин айтты.
– Калыстардын бири Елена Ваенга сынак учурунда «Сизге сунушум бар» деди эле...
– Ваенга сахнанын артында бизге жолугуп, «Январдын аягында туулган күнүмдүн урматына Санкт-Петербург шаарында концерт коём. Келип катышып бер» деген сунушун айтты. Мен оозума сөз келбей туруп калыптырмын. Келинчегим дароо «албетте, келе алат» дегенде гана эсиме келип, макулдугумду бердим. Балким, ал жактан да башка сунуштар түшүп калаттыр.
– Катышуучулар же уюштуруучулар сизди кыргыз деп башкача мамиле жасашкан жокпу?
– Башында мен 600-700 катышуучунун ичинен жалгыз азиат болчумун. Улам эки жагымды карап башкача болуп жаткам. Кийин келинчегим, досторум колдогону келгенде коркпой да, сүрдөбөй да калдым. Байкашымча, катышуучулар бири-бири менен иштери деле жок жүрүштү. Ар бири өзүнүн сахнага чыгарын ойлонуп, бири-бирине бут тосууга деле убактысы жок болду окшойт.

Айзат Болотбек кызы
star@super.kg


“Кремль Сарайында ырдаган биринчи кыргыз ырчысы болдум” дейт Кайрат Примбердиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(56)
SUPER.KG видео
26.12.2015. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!Биз сен менен сыймыктанабыз,аябай жонокой жакшы адам экени корунуп турат,ар дайым ушундай ийгиликтерге жетише беришинди каалайм
Медиа-портал
27.12.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат Азаматсын!Алдынкы алты финалчынын ичине киргенин эле сенин чон жетишкендигин.Кыргыз элинде да ушундай таланттуу ырчылар бар экенин корсоттун.Келинчегин мыкты адам экен,бардык жерде сени колдоп жанында болду.Сага чыгармачылык ийгилик каалайм!!!
SUPER.KG видео
27.12.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жетишкендиктердин баары келинчегинин колдоосу менен болду деп ойлом. Азаматсынар!
Медиа-портал
27.12.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайраттын таланты, уну, жакшы келинчеги бар экен, дагы коптогон жеништерге жетет деп ишенебиз. Ийгилик!
dina түзөттү 2015-12-27 10:59:23
SUPER.KG видео
27.12.2015. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат талантын оркундой берсин! Кыргыз элим улуу эл, бут дуйного тааныта бер, аялын да тушунуктуу экен
SUPER.KG видео
28.12.2015. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың Кайрат,биз сен менен сыймыктанабыз...
28.12.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Финалга отушу эле жениш да
28.12.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!!Сен Номер 1 ырчысын!!!токтолбо.Унун аябай жагымдуу,бийик,анан башкаларга окшобойт жандуу ырдаганда эч кыйналбай ырдаганын жакты!!!!!
28.12.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында кыргызча ырдаган ырлары жакпайт таптыакыр, демек туура эмес ырларды ырдап журчу экен да. Ийгилик каалайм.
28.12.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоооооон рахмат сендей талантты торогон апана! Колдогон жубайына рахмат!биз сени мн сыймыктанабыз!
SUPER.KG видео
28.12.2015. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Кайрат иним журогун таза жигитсин да
29.12.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жеке оюм боюнча бироону жамандаган,ушактаган учурларда комментарийлердин саны 400-500 жетет. Ал эми ийгилик жаратып жакшы нерселерди кылып келгендерди карасан 40-50 жетпеген комменттер. Тобо кылдым. Ийгилик Каке азаматсын! Бирок сага айтарым ото эле коп дардаландап кетпе. Ырчылык унундо соз жок таланьсын. Аман бол,алган жарын менен тен кары.
29.12.2015. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Кайратбек! Жубайына суктануу менен ыраазычылык билдирем!!
29.12.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде Кайрат!Талантын м-н Россиянын сценасын да багындырдын,ийгилик сага!Уй булобуз м-н суктанып,сыймыктанып,толкунданып колдоп жаттык.
Медиа-портал
29.12.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Кайрат!интернеттен кайра кайталап коруп жаттык,биринчини сен алдын деп билебиз,ар дайым ийгилик коштосун,уй-булоон менен бактылуу бол!келинчеги да тушунуктуу айым экен,колдоо корсотуп.
Медиа-портал
29.12.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдоочу кийик аттырат деп койот.Жубайы акылдуу жан экен.Кайраттын жараткан ийгилигине жубайынын туздон туз салымы зор.Бактылуу болгула,коз тийбесин,ийгилик!
29.12.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайратбек молодец! Бирок финалда ески костюм менен чыкканын жакпады.Сага жакшы еле айтышты -озгоруулорду кутобуз деп. Ак койнок киип, кара шым менен чыксан сонун болмок.
30.12.2015. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Кайрат .сен ырдаганда коздон жаш тегерендиго
30.12.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Кайрат
SUPER.KG видео
30.12.2015. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчеги абдан акылдуу сулуу ушундай колдоп журсо Кайрат мынданда жакшы ийгиликтерге жетишет.
Медиа-портал
30.12.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруп абдан суйунгоунмдон ыйладыым АЗАМАТ братан ийгилик!!
Медиа-портал
31.12.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малоч Кайрат!
01.01.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам.Урматту Админ сиздерден сураныч Гулжигит Калыковдон интервью алыныздарчы суранаам.Деушкасы тууралуу да
Медиа-портал
01.01.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоону карап отуруп абдан суктандым, Кайрат келинчегине абдан таянганы билинди. Улам улам аны карап суйлоп. Келинчеги чындыгында мыкты аялзаты экен!
01.01.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я не ожидала от него
03.01.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат байке баракелдесиз!
09.01.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчы кай жактан болот???
Медиа-портал
10.01.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладец Кайрат
14.01.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз..ийгилик сизге
18.01.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат, азаматсын!Сенин ар бир чыгуунду чыдамсыздык менен кутуп,коруп жаттым. Сени женуучу болот деп озумду 100% ишентирип алган экем жаман эле болдум. Сен татыктуу болчусун! Результатты укканда кадимкидей ыза болуп ыйладым(((. Мунозуно соз жок, кичине куурак болсон деле бомок экен))). Кичи пейил ичинде кымындай арам ойун жок таптаза инсан экенсин. Сени колдоп турган келинчегине да чон ыракмат. Сага жалан гана ийгилик жана бактылуулук каалайм!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо