БАЯСТАН МЕНЕН БЕГИШ РЭП СҮЙҮҮЧҮЛӨРҮН КУБАНДЫРЫШТЫ

№686 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж

Концерттин датасы – 20-декабрь
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:30 (убактысынан 1 саат кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы
Мыкты номер – «Ким жетсин?», «Калптын баары», «Эне тил» жана «Акыркы кат» аттуу чыгармалары
Билет баасы – 300-500 сом

Акыркы кезде эстрада ырчыларына рэперлер менен дуэт жаздырган мода болду белем, айтор, Бегиш, Баястан менен дуэт ырдагандар көбөйдү. «Баястан, Бегиш жана Каспер рэп сүйүүчүлөрүнө биринчи жолу чоӊ концерт тартуулап, «Zamanbap» аталышындагы альбомунун бет ачарын өткөрүшөт» дегенинен эшиктин суугуна, жолдун тайгактыгына кайыл боло Спорт Ордосуна бет алдым. Кечигип калбайын деп такси менен шашып келдим эле, бирок концерт убактысынан 1 сааттай кечигип жатканынан «Кап, мунусун билгенде шашпай эле келмекмин» деп отурсам, Кудай жалгап, жарык жалп өчтү. Кайрадан жарык күйөр замат ышкырык-сүрөөндү коштой Баястан, Бегиш жана бир бейтааныш жигит чыгып жандуу ырдашты. Жанындагысы ким болду экен деп таанып-тааныбай жатып Каспер экенин билдим. Ачыгын айтыш керек, анын ырдаганын деле уккан жокмун. Бегиштин көлөкөсү сыяктуу эле артында жүргөндөй болду. Кубанганым, жигиттер концертте баштан-аяк чыгармаларын жандуу үн менен аткарышты. Концерттин биринчи бөлүгүндө алар менен Омар, Арсен, Иса Өмүркулов, Мирбек Атабеков, Назгүл Токтакунова, Чолпонай чогуу ырдап жатышты. Атайдын окуучулары «Адэм» бий тобу, «We`ll Be» бий тобу жана Жан Воинов эстен кеткис бийлерин тартуулашып, «Жарайт Сity» командасынын тамашакөй балдары элдин маанайын көтөрүүгө жетишти.
Алып баруучулар тамашоучу Санжар Мыкыев менен орусча сүйлөгөн бир жигит болду. Же өзүн тааныштырган жок, же тааныйын десем алыска көзүм жетпейт. Залдын 99 пайызы жаштар, анын ичинен көпчүлүгү кыздар болушту окшойт. Алып баруучулардын залдагы мырзалар менен айымдарды экиге бөлүп «менчиктеп» алып кыйкырта бермей адаты бар эмеспи, ошондо кыздардын кыйкырыгынын алдында мырзалардын ышкырыгы шоона эшпей калды. Тамагы айрылып кетпесе экен деп бир чети кыздарды аяп отурдум. Концерттин экинчи бөлүгүндө ырчы жигиттер жаӊы альбомдогу ырларын аткарышты. Чынын айтсам, мурункуга салыштырмалуу рэпке биздин угармандардын кызыгуусу арткан экен. Ошол кезде залда отурган күйөрмандар сахнанын алдына келишип, зымга конгон каргалардан бетер катарга тизилип, колдорун көтөрүшө сүрөөнгө алышып, а түгүл кошулуп да ырдап жатышты. Рэперлер чыныгы күйөрмандары менен сахнада туруп селфи кылганга да жетишишти. Бул учурда кээ бирөөлөр рэпке кызыгышпайбы же билетти бекер алышканбы, айтор, уюлдук телефондорунан интернет чукулап отурушту. Кыш эмеспи, айрымдары акырындан үйлөрүнө «тайып» башташты.
Экинчи бөлүктө эсте калганы рэперлердин «Эне тил» аттуу жаӊы чыгармасы жана Баястандын жаӊылмач айткансып рэпти бат-бат, так-так айтканы болду окшойт. Күйөрмандар бул учурда аябай сүрөөнгө алышты. Жалпы жонунан концертте Баястандын чач жасалгасы, Бегиштин кара көз айнеги, Каспердин түз кепкасы коноктордун эсинде калып, рэпти сүйгөн жаштар ырахаттана алышты көрүнөт. Концерт аяктаган соӊ эшиктин жанында тыгында туруп көпчүлүгү «Эмнеге «Керексиӊ мага», «Эркелеп» сыяктуу хит ырларын ырдабай коюшту?» деп кобуранып жатышты. Кээ бирлери болсо «азаматтар, алгачкы жолкуга жарайт» деп маанайы жарык үйлөрүнө тарап жатты.
Көрүүчүлөр рэперлерди сүрөөнгө алып, жакшы маанайда отурушту.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(8)
28.12.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жакшы
29.12.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
" Калптын баары ачылат" деген ырын бир жылдай куттук эле, ал да чыкты,ырдан копту кутконбуз бирок 3 минутка да жетпей аябай кыска болуп калыптыр.
29.12.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tourist, кыска, бирок сонун клип болуптур. Мен кайра-кайра коруп жатам.
29.12.2015. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматтар
29.12.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ну
29.12.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бегиш-бул жанагы жакында уйлонгон балабы?
29.12.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бегиш-бул жакында уйлонгон балабы?
07.01.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы кундору ...клиптери сонун тартылып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо