Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

10 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ САБАП ӨЛТҮРДҮ ДЕП ЖЕЗДЕСИ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№687 1-январь-7-январь, 2015-ж

Акыркы жылдары туугандары тараптан жапа чеккен жаш балдардын саны өсүүдө. Айрымдар буга өспүрүмдөргө зомбулук көрсөткөндөргө жазанын жеӊилдиги себеп дешсе, кээ бирөөлөр ата-энелерди күнөөлөйт. Өткөн аптада да жаш өспүрүм кыздын өмүрүн алган кандуу окуя катталды.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛДЫ»
25-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында жашаган 10 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип жездеси кармалган. Бул окуянын чоо-жайын билүү максатында Каракол ШИИБинин жетекчисинин орун басары Улан Асанбаев менен байланышып, маалымат алдык:
– 24-декабрь күнү саат 16:30 чамасында Каракол шаарынын тургуну, өлтүрүлгөн кыздын атасы, 1978-жылы туулган Тариел Жаныбеков милиция кызматкерлерине телефон чалып: «Жумуштан үйгө келсем 10 жаштагы кызым Аделя жана 8 жаштагы уулум Баяман канжалап жатышыптыр»,- деп билдирген. Айтылган дарек боюнча барсак, 10 жаштагы кыз каза болуп калыптыр, ал эми анын оор абалдагы 8 жаштагы инисин «Тез жардам» кызматы аркылуу ооруканага алып баратышыптыр. Ал шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Эсине келген соӊ ал үйүнө Жусуп аттуу жездеси келип, аларга кол салгандыгын айтып берди.
Жабырлануучунун кошуналарын сураштырсак, алардын бири окуя болгон күнү эртеӊ менен саат 10дор чамасында Тариелдин үйүнүн алдында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү жеӊил унаа токтоп тургандыгын айтты. Айтылган унааны тапсак, айдоочусу таксист болуп чыкты. Ал «облустук оорукананын жанында кардар күтүп турсам, бир киши келип мени жалдады. Бир үйгө келгенде «бул үйдө аппаратурам бар эле, алып чыга калайын, сен күтө тур» деп кирип кетти. Мен унаамда күтүп турдум. Тиги киши 20 мүнөттөй өткөн соӊ жуурканга төрт бурчтук бир нерсени ороп көтөрүп чыгып, багажга салды. Андан соӊ башка дарекке айдатып, ошол жакта калган» деп күбө катары көрсөтмө берип, Тариелдин үйүнө келишкенин тастыктады.
Бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Эртеси кылмышка шектүү катары 1963-жылы Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында туулган Жусуп Солпуев аттуу балдардын жездесин колго түшүрдүк. Сурак учурунда ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Учурда кылмышка шектүү Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда. Окуя болгон маалда анын мас эместиги аныкталды.

«КАЙНИМЕ ӨЧӨШҮП КАЛГАМ»
Кылмышка шектүү Жусуп Солпуев тергөө учурунда бул ишке эмне себептен баргандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Кызым жакында Чүйгө турмушка чыккан. Күйөөсү менен 1 жума жашаган соӊ ажырашып кетиптир. Мен аны билген эмесмин. Кудаларым «кызыӊар кийимдерин алып кетип калды» деп чалышты. Ошентип, кызымды издей баштадык. Телефон чалсак албайт. Акыры Каракол шаарында тааныштарынын үйүндө жашырынып жүргөнүн билип, кайним Тариелге айтып кызымды алып келип беришин сурандым. Тариел барып, кызымды үйгө алып келип таштап кетти. Үйгө келген соӊ кызым Тариел таякеси «сен бизди уят кылдыӊ» деп сабап салганын айтты. Ошондо кайниме «менин кызымды эмнеге сабайт?!» деп таарынып, кек сактап калгам.
Көп өтпөй эле кызымдын ден соолугу начарлап Каракол шаардык ооруканасына жатып калды. Ошол 24-декабрь күнү кызымды Бишкектеги ооруканага алып бармакчы болуп үйгө чыгарганбыз. Үйгө келген соӊ аялым, кызым менен чатакташа кеттим. Ачуум келип ошол жерден Тариел менен сүйлөшөйүн деп такси жалдап анын үйүнө жөнөдүм. Каалганы такылдатсам улуу кызы Аделя ачты. Ачуум менен аны бир чаптым. Аны Баяман көрүп калды. Мештин жанында турган көсөө көзүмө илинди. Аны ала коюп экөөнү теӊ сабап баштадым. Экөө эсин жоготкон соӊ үйдүн ичин аӊтарып, сейфти таптым. Аны төшөккө ороп чыгып таксиге салдым да, бир таанышымдын үйүнө алып барып катып койдум. Андан соӊ үйгө барып аялым менен кызымды алып Бишкекке жолго чыккам, жолдон милиция кызматкерлерине кармалдым. Бул ишти Тариелден өч алуу үчүн кылдым. Ал менин кызымды сабап оорукчан кылып салды.

«БИЗ ЖУМУШТА ЭЛЕК...»
Ал эми каза болгон кыздын атасы Тариел Жаныбеков милиция кызматкерлерине төмөнкүлөрдү айткан
– Өзүм Ак-Суу айылындагы ДЭУда иштейм. Келинчегим болсо университеттин китепканасында эмгектенет. 3 балабыз бар. Ошол каргашалуу күнү эртеӊ менен аялым 3 жаштагы кичүү кызымды бала бакчага жеткирип, андан ары жумушуна кеткен. Мен да жумушка кетип, үйдө улуу кызым менен ортончу уулум калышкан. Алар түштө мектепке барышмак. Аялым алар мектепке кеткиче келип, балдарга тамак жасап берип, окууга жөнөтмөк болгон. Мен да түшкү тамакка келмекмин. Бирок жумуштар чыгып калып экөөбүз теӊ түштө үйгө келе албай калдык. Кечинде келсек эле балдар канга чыланып жатышыптыр...
Саламаттыкты сактоо министрлиги оор жаракат алган Баяман учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине которулганын маалымдады. Анын абалы учурда оор. «Бала Караколдогу ооруканада эсине келген. Ал башынан жаракат алган. Учурда керектүү анализдер алынып, ага «баш сөөктүн ички жабык жаракаты» деген диагноз коюлган, башында гематома пайда болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Жакындарынын суранычы менен баланын кайсы ооруканага жаткырылганын айта албайбыз»,- дешти аталган министрликтин басма сөз кызматынан.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(35)
04.01.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оз кызын ойлоп,бироонун баласын олтургон-бул адам эмес айбанчылык го!!!!Бул кандай акылынан тайган адам!!!
04.01.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
псих окшойт,таза адам кантип ушуну кылсын
04.01.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ээх бул оз кызы чынында уят кылып киим кечектерин алып баса берген турбайбы ушунун кызынын айынан бир жаш кыз олуп бироосу оор абалда жатат. Айбан андай кызынды жакшы корот экенсин ошол жашынган жеринен озун алып келбейсинби Тариелди суранбай. Менин оюмча бул киши оз кызында катуу сабап койгонго качып жургону учун ошого ооруп калдыда. Бироого айтсанар олтуром деп жакшы териштирсе чыгат. Тариельдин баласы тезирек айыгып жакшы болуп кетсин Аллахыбыз шыпаасын берсин.
04.01.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайга мин мертебе тообо кылдым
05.01.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адамдар барган сайын ташбоор болуп калышты
05.01.2016. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушунун баары ажырашуунун кесепети болуп жатат...
05.01.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акыркы замандын келип атканы, мындай окуя Кыргызстана канчасы катталат, анын бири гана газетага чыгат да
05.01.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуга окшогон окуялар көп боло берип, таң калбай деле калдык го. Алла Таалам баарыбызга ыйман берсин.
05.01.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристеде эмне куноо,Кудайым ыйман берсин ушундай эки буттуу айбандарга
05.01.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбандык бул кылганы.
05.01.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара жерге кир! Жаш баланын убалы тийсин сага.
06.01.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вообще акмак экен...кучун 10 жаштагы кызга,8 жаштагы балага жеттиби?! Кызынды Тариел сабаса,барып озуну сабасан болмок. Атасынын кылганын балдары жооп бермек беле?! Вообще ку-ку экенсин
06.01.2016. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
демек,кызы таза чыкпай ажырашкан.
06.01.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балларда не куноо акылы жок ХХХ кек сактаса Тариелден ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-06 17:46:28
06.01.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы жок ХХХ керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-06 17:48:02
06.01.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2014_samat_DJ,
Эскертүү! Провокацияга жол жок!
06.01.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul gishi kainisinin seifin algany bargan boluwu mumkun ataiyn ele . akcha dep kozgo jash baldarda krunboi sabagango. kandai bolgondoda jazasyn ozu korot emi.
07.01.2016. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафир Алла!
07.01.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан
07.01.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх мындай окуялар, гезиттин ар бир санында байма бай жарык коруп калды го. Окуй берип журок ооруй турган болуп бутту.
07.01.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олтургон киши областной больницанын жанында жашайт экен,мен дагы ошол жакта жашайм бир квартал. Ошол олтургон куну обл больницанын жанында магазинге барсам бут бары ошол жонундо суйлошуп жатышыптыр. сейфке учун барыптыр деп айтып атышкан, сейфти эмне кылат жашоосу жакшы эле экен го дегем. Корсо Тариелден очун алгана барган турбайбы, балдарда эмне куноо байкуштар...
07.01.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта
07.01.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин чондор креслону тегеретип отургуча балдар запкы жей берип буттуго
.ушундай кылмыштуулук боюнча атаыйн мыйзам иштеп чыкпайбы
08.01.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баладан айлангыр. Менимче нервтен оорулуу окшойт бул киши. Бирок негедир акыркы убактарда адамдардын нерви жукарып,соз да башка да которо албай бараткандай го..
09.01.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адамдын коздогон максатты бар болчу да бекеринен апаратура алып чыгам деп айткан жок да атайы эле барды сейфин алганга.балдары коруп калды.
чооон эле кызды кантап жездеси сабасын?
Ошол жонундо айта кетсе болмок экен Тариэл
10.01.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begimai1989,жездеси эмес, ажырашкан кызды таякеси сабаган
09.01.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарда не куноо эми оз жазасын алсын
09.01.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
е Алла азыр тууганынада ишенич жок тообо
10.01.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эшектин меесин жеген киши го ошондуктан бирибирибизге кек сактабаш учун беш маал намаз окушубуз керек го дейм уурматуу момун мусулмандар
11.01.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтканың дурус досум баары азыр шайтандын оттунда күйүп,жанып жаткан мезгил.
10.01.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болуп баратабыз билбейм
11.01.2016. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай күбө болот баарына. Эх адамдар баарыбыз, адаммын деп жүрүп. Жырткычтардай кыймыл аракет жасап жатабыз. Акыретте кантип жабасыңар карызды.
11.01.2016. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kem akyl ekensin Solpuev
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо