Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Акбар Сүйүнбаев: «ҮЧӨӨБҮЗДҮН ОРТОБУЗДА ДАЛЕ АТААНДАШТЫК БАР»

№687 1-январь-7-январь, 2015-ж

Акбар, Мирбек, Султан. Бир учурда булардын ырлары радио-телевидениеден жаӊырып, тойлордо ырларына бийлеп, күйөрмандар залга батпай концерттери аншлаг менен өткөн. «Жыйырма жашыбызда атактуу болдук эле. Ал кездеги күйөрмандарыбыз үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болушту. Элди, сахнаны сагындык»,- деген достор менен өткөн-кеткенден кеп козгодук.

– Карапайым айылдан келген үч жигит ырчы боло электе кандай эле? Сахна сиздерди кандай өзгөрттү?
Акбар:
– 2003-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуп баштагандан бери доспуз. Жатаканада бир бөлмөдө жашап, жарым нанды бөлүп жеп студенттик күндөрдү өткөрдүк.
Мирбек: – Сахна, убакыт бизди өзгөрткөн жок. Шок болсок, токтолдук, мурун өзүбүз бала болсок, эми үй-бүлө күтүп эки баланын атасы болдук.
– Студенттик жашоону эстегенде кандай окуялар эске түшөт?
Султан:
– Студенттик күндөрдүн ар бир мүнөтү кызык эмеспи. Окуп жүргөндө Жаӊы жылда Мирбек экөөбүз айылга барбай калдык. Жатаканада бизге окшоп Аида Баякова аттуу скрипкачы кыз да бөлмөсүндө жалгыз калыптыр. Үчөөбүз жатаканада Жаӊы жыл тосконубуз эсимден кетпейт. Бөлмөбүзгө чакан дасторкон даярдап алганбыз. Столубузда болгону бир шампан бар. Каалоо-тилек айтып, элдин баары салют аттырып жатышса, биз бенгаль шамы менен тосконбуз.
– «Пикир келишпестиктер болуп достор тарап кетишти» деген кептер чыккан болчу. Ал чырлар эмнеден улам чыкты эле?
М.:
«Силер урушуп кеттиӊер беле? Эмнеге чогуу концерт бербей калдыӊар?» деп эл аралап калганда көп сурашат. Үчөөбүз дос болгонубузга 13 жылдан ашып калды. Урушуп-талашпадык дебейм. Бирок биздин таарыныч ашып барса 5 мүнөткө гана созулат. Бир жума же айлап таарынган учурлар болгон эмес.
– Атагыӊыздар чыгып турган маалда ортоӊуздарда атаандаштык болду беле?
М.:
– Үчөөбүздүн ортобузда азыр деле атаандаштык бар. Атаандаш десе жаман ойлобош керек. Биз атаандаштыкты жакшы жакка пайдаланабыз.
– Атактуулукту теӊ салмакта кармай албагандыктын себебин эмнеден көрөсүздөр?
С.:
– Жашоо жалаӊ эле ыр, күйөрман, концерттен турбайт да. Андан башка максат-тилектер бар. Аларга да убагында көӊүл буруш керек. Биздин чыгармачылыгыбыз солгундаганы менен, үй-бүлө жактан пайда таптык, ата болдук.
– 20 жашыӊыздарда жалындап-жандыӊыздар. Отуз жашыӊыздарда от аласыздарбы, же желиӊиздер чыгып бүттүбү?
А.:
– Мен студент кезимде «окууну аяктагандан кийин белгилүү ырчылардын артында гитара ойноп турсам» деп тилек кылчумун. Кудайга шүгүр, студент кезимден тартып ырдап, күйөрман топтодум. Мурда ырды ылгабай ырдасак, эми ырдала турган сонун чыгармаларды жаратабыз.
М.: – Ал кездеги атактуулукту кайрып албайм го. Жакшы ырларды чыгарып, кыргыз элим үчүн ырдай берем.
С.: – Менин чыгармачылыгыма нааразычылыгым жок. Ал учурдагы атактуулукту кайрып алам дебейм. Өзүмдү азыр деле ошол кездегидей атактуу сезем. Жакшы ырлар жаралып, кыргыз эли бийлеп жатат. Он гүлүмдүн бир гүлү эми ачылды. Али алдыда аткара турган, ырдай турган ырларым көп.
– Достор биригип концерт берип жатасыздар. Акча табуу максатындабы?
М.:
– Күйөрмандарды, сахнаны сагындык. Бул концертти видеого тарттырып өзүбүзгө архив катары сактап коюу максатында берип жатабыз.
С.: – Бизге эч ким бут тосуп жаткан жери жок, жөн гана бир аз тартынып калдык. Азыр концерттен акча табуу кыйын иш. Бул концерт өзүнүн жарнамасын, ижара акысын араӊ жабат. Биз эл менен пикир алышып, сүйлөшүп, жаӊырган жаӊы жылда позитив тартуулайлы деп коюп жатабыз.
– Афишаӊыздарда досуӊуздар Чыӊгыз Мырзаев көрүнбөйт. Концертке катышпайбы?
А.:
– Чыӊгыз бул концертте алып баруучу болот. Мындан сырткары бир-эки чыгармасын күйөрмандарына тартууламакчы.
– Маегиӊиздерге рахмат! Концертиӊиздерди ийгиликтүү өткөрүп алыӊыздар.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Мирбек, Акбар, Султан: “Достугубузга көптөр кошулду, аягында кайра эле үчөөбүз калдык”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
31.12.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамаи
SUPER.KG видео
31.12.2015. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат байкештер
SUPER.KG видео
31.12.2015. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достугунар бекем болсун! Токтолуп калышыптыр
SUPER.KG видео
31.12.2015. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убакыт учкан куш экенда, достугунуздар эки дуйно бекем болсун уй булоонуздор менен бактылуу болунуздар достук концертиниздер аншлаг менен отооруно ишенем ийгилик коштоп журсун ар дайым,Султан байкени аябай жакшы корчу элем канча деген ыр чыгаргам сизге мектепте окуп жургондо,кунуго туш корчу элем,Мирбек байкени эжем жакшы корчу аябай,Акбар байке озумдун байкемда Кочкордон,омурунуздор узун болсун сонун маек курупсуздар аябай сагындык сиздерди
Медиа-портал
31.12.2015. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон киши болуп,ата болдунар эми урушпай ынтымактуу болгула достор!
SUPER.KG видео
31.12.2015. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булолук бакыт,бекем достук каалаймын!!!! Акбардын ин,сун биринчи жолу коруп жатам,орундуу так суйлойт экен)))
Медиа-портал
31.12.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
суйом го силерди, азыр силердей кучтуу ырчылар жок, бир гана силердин концертинер анщлаг болот болчу эшике батпай калган кыздар эххх ошол кундор
Медиа-портал
31.12.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ии мен жаны окууга тапшырган учурда бул жигиттерди комнатадагы кыздар менен болушуп алчу элек сеники Султан, тигиники Мирбек меники Акбар деп.Плакаттарын алып кроватыбыздын тубуно чаптаганыбызчы. Буюрса концертине барып жаштык кезди эстеп келет турбайбызбы! Ийгилик жигиттер биз силерди аябай сагындык!
Медиа-портал
31.12.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chyn ele Akbar orunduu suiloit eken krassavchik bolup ketiptir
SUPER.KG видео
31.12.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар , силердин дооруңар эң соонун болчу ! Чыгармачылыкты таштабагыла ? ! Күйөрмандарыңар дале болсо күтөт , алардын катарында мен да бармын .
SUPER.KG видео
01.01.2016. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Достугунуздар очпосун! Учоо тен мен сыйлаган ырчылар, чыныгы таланттар!
Медиа-портал
01.01.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Достугунар туболук болсун.Учоон тен талантуу балдарсынар.
SUPER.KG видео
04.01.2016. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик силерге достор
04.01.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Достугунар туболук болсун.
SUPER.KG видео
04.01.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек Иманбеков мага аябай жакчу, дагы деле аябай жагат. Красавчик
04.01.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiperi0105,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
04.01.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ммм, Султанды Кыргыз сахнасынын жузу деп айтса болот, но берки достору ырчынын санын кобойтуп эле журушкон сыяктуу хотя Иманбеков Атабековго караганда уну бар, ошол...
04.01.2016. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаман хит болгон го чиркин мирбек оло жагат эле,концерттерине эл батпай калган го учурунда
04.01.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйооом Султанды
05.01.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташкент кызы Гул ду калтырып коюпсунарда.
05.01.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан абдан жакшы ырдайт молодец!
06.01.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушулардын ыры менен чонойгонмун, мен булар азыркы ырчыларга караганда атактуу.
07.01.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Silerge iygilik. Men uchoonun ten yrlaryn jakwy korom.ozgocho Mirbek Imanbekov yrlaryndy azyr dele jakwy korup ugam. Bizdin ubaktyn super yrchylary bolchuda. Azyr dele supersiner.
07.01.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super super yrchylar. Oa jaw kezdeki kundordu eske salat. Al kezde radio arkyluu kop ukchu elekta. Kyzdar radiodon ugup kalsak jugurup jumuwubuzdu tawtap salyp radionun janyna churkap jetchubuz. Konsertine el batpai kalgan kundor. Sozsuz baram konsertinerge. Chyn ele eldi sagynttynar okwoit
08.01.2016. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында, Султан Садыралиев менин эжемдин суйуктуу ырчысы эле,ал эми М.Иманбеков анын курбусунун. Ал кезде мен 10 жашта элем, анан экоонун силер жонундо суйлошуп жатканын угуп иий да деп койчумун.Азыр окуп жатып эжеди эстеп кеттим. Кантсе да, ийгилик!!!
09.01.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх менин таптаза балалык суйуум )))Азыр эстесем кулкум келет мотурайган оюнга тойбогон кезимде "мага суйууну ким коюптур"( апакем айткандай). Ошондогу менден бир канча жаш улуу, шок, жонокой жигитке таптаза аруу сезимим чексиз эле. Эх менин балалык суйуум!)))
10.01.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар. Достугунуздар мынданда бекем болсун.
SUPER.KG видео
16.01.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерди сагындык! Мен да мирбекти убагында аябай суйгом)албетте азыр жолдошумду суйом бирок бойдокчулуктун жакшыыы бир коз ирмемдеринде силерди кошо эстейбиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо