Замира Молдошева, стилист: «ЖОЛДОШУМ ТУРМУШУӉДУ БУЗГУМ КЕЛБЕЙТ ДЕЧҮ»

№687 1-январь-7-январь, 2015-ж

Мамиленин бекемдигин сынаган 4 жылдык жарандык нике. Сезимдерге тоскоол болбогон 17 жаш айырмачылык. 15 жыл күттүргөн энелик бакыт. Кеп жан шериктер стилист Замира Молдошева менен жолдошу Моӊолдор Насыркулов тууралуу болууда.

– Моӊолдор мырза, Замира айым экөөӊүздөрдү табыштырган күндү эстеп кетсеӊиз...
Моӊолдор:
– 2000-жылы Көлдө жүрүп, жакшы чачтарач издеп бир сулуулук салонуна баш баксам, мени Замира тейлеп калды. Ал мени казак деп ойлоптур. Чачымды тегиздеп бүткүчө экөөбүз таанышып, ар кайсы темада сүйлөшө кеттик. Замира өзү Бишкекте иштеп, Көлгө убактылуу келгенин айткан. Ошол күнү мен анын акыркы кардары болдум.
Замира Бишкекке кеткени даярданып жүргөн экен, көӊүлү жок, чарчап тургандай көрүндү. «Мен сага шоопур болуп Чолпон-Атага алып барып келбейинби?» деп аны көндүрдүм. Кийин мамилебиз уланып, 4 жыл жарандык никеде жашаган соӊ үйлөндүк. Чогуу жашаганыбызга быйыл 15 жылдын жүзү болду.
– Замира айым, бул сиздин тагдырыӊызга бурулуш жасаган жолугушуу экенин сездиӊиз беле?
Замира:
– Биринчи Моӊолдорду көргөндө ичимден «сымбаттуу мырза экен» дегем. Өзүм ошондо 28 жашта болсом да «турмушка чыкпайм, жалгыз жашайм» деп жүргөм. Моӊолдор менин жашоомдо турмушка чыгуу каалоомду ойготкон жалгыз эркек болду. Ажырашканына, 3 баласы бар экенине карабай аны менен бирге болгум келди. «Ушул адам менен күндө эртеӊ менен бир жаздыкта ойгонсом кандай бакыт болор эле?.. Көрсө, ушул кишини күтүп жүргөн турбаймынбы...» деген жылуу сезимдер пайда болгон. Канча жылдан бери Кудайдан перзент сурап келдик. Мына эми көз жарарыма аз калды. Эркек болобу, кыз болобу, аман-эсен көз жарып алсам деп турам.
– Агайдын балдары менен бат эле аралашып кеттиӊизби?
З.:
– Эч кандай кыйынчылык болгон жок десем калп айткан болом. Балдар Моӊолдордун колунда экен. Мен бардык нерсеге даяр элем, жанымда Моӊолдор болсо болду дегем. Балдар дагы, мен дагы аябай бири-бирибизди түшүнгөнгө аракет кылдык. «Ушундай болуп калыптыр, артка кайта албайсыӊ, атабызды колдоп, бири-бирибизди түшүнүп жашайлы» дедик. Ортодогу өйдө-төмөн болгон мамиледен улам бир түшүнүккө келдик.
– 4 жыл бирге жашагандан кийин турмушка чыгуу сунушун дароо эле кабыл алдыӊызбы?
З.:
– Моӊолдор мага башынан эле олуттуу мамиле кылганы менен жеӊип кетти. 4 жыл ичинде калган жашоомду аны менен өткөрүү чечимине келдим. Жарандык никеде жашап жүргөндө «сен турмушка чыга элексиӊ, турмушуӊду бузгум келбейт. Менин балдарым бар, ойлонуп көр» дечү.
М.: – Дароо эле үйлөнсөк болмок. Бирок ажырашкан адамда чоӊ жара болот. Аны биринчи айыктырып алуу зарыл. Сүйлөшүп, бири-бирибизди сынап көрдүк. Себеби «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дегендей, Замиранын жашоосун талкалагым келген жок. Кээде туура эмес болуп калганда «ушул сени бир жолу күйөөгө тийгизип, анан кайра ажыраштырып туруп алсам, мага жеӊил болмок» дечүмүн. Жашоодо өйдө-төмөн болот. Замирадан улуу болгондон кийин көбүрөөк компромисске барам. Көп айтып калам «Замираны бир чети келинчегимдей, бир чети кызымдай, карындашымдай, досумдай көрөм» деп.
- Жарандык нике кыргыздарга өөн учурайт эмеспи. Мындай жагдайды ата-энеӊиз кандай кабыл алышты?
З.:
– Билишчү эмес (күлүп). Тамаша, баарына маалым болчу. Апам «отузга чыгып калдыӊ, балдары бар экен, өзүӊ бил. Кийин ар кандай сөз укпайын» деген. Кыргызга бул жат көрүнгөн күндө деле жашыӊ өткөндө баары бир бул нерсеге алып келет экен. «Мүмкүн, ушинтип эптеп күйөөгө тийип алар» деп каршы болушкан жоктур (күлүп).
– Моӊолдор мырзага турмушка чыккандан кийин стилист Замира Молдошева деп атыӊыз чыкты окшойт. Ийгиликке агайдын күчү менен жеттиӊизби?
З.:
– Күйөөсүнүн потенциалын көтөргөн аял же аялын көтөрмөлөгөн күйөө болуш керек экен. Менин потенциалымды көтөргөн Моӊолдор болду. Кеп акчада эмес. Бул сени түшүнүп, моралдык жактан жардам берүү.
– Көп жылдан бери алгачкы жолу эне болуу бактысын күтүп жатасыз...
З.:
– Кош бойлуу болгон аябай жакшы экен, мага жакты. Жолдошум буга чейин эле жакшы мамиле кылчу, азыр ого бетер көзүмдү карап калды. Көптөн бери күтүп жүргөн бала. Мен азыр 43 жаштамын. Кудайдын бизге берген белегине кубанып жатабыз.
– Замира эженин эркелиги күчөсө керек?
М.:
– Жанагы токсикоз деген балакет бар экен. Саат 8де туруп алып «тиги кафеге, бу кафеге барабыз, кечинде тоого барам» дейт. Анан тоонун башына алып барып келем. Бул «каприздерди» көргөн кайненем эски киши да, «эркексиӊ да, кээде катуураак эле кармай бер. Эркек кишиге кантип ушинтсин?!» дейт.
З.: – Кафеден алып келген тамакты жебей коём. Иши кылып 8 айдан бери «сени менен кийин сүйлөшөм» деп баарына чыдап келе жатат (күлүп).
– Бала жытын искегиӊиз келген учурларда өзүӊүздү кантип жубатчу элеӊиз?
З.:
– Мен адамдар менен көп сүйлөшүп, жолугушам. Баары мени «ий, байкуш» деп караган учурда «көздөрүнө майыптай көрүнөм го» деп үйгө келип ыйлачумун. Моӊолдор «такыр көӊүл бурба, сөзсүз балалуу болобуз» деп ишендирчү. Кош бойлуу болгондо да эч кимге айтпай, эч жакка чыкпай жашырынып жүрдүм. Коркпой калганыбызга бир ай болду.
М.: – Бизде неберелер төрөлүп, чогуу аралашып жүрүп алаксытты. Биринчи неберебиз азыр 3-класста окуйт, аны биз ымыркай кезинен бакканбыз.
– Маегиӊиздерге рахмат. Аман-эсен көз жарып алыӊыз.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Замира Молдошева 15 жыл күттүргөн энелик бакытка ээ болгону турат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(55)
04.01.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Коп эле эркектер он беш жыл куто алышпайт. Ал тургай бирди тороп, бирок, дагы тороого мумкунчулугу чектелген аялын таштап, башкага уйлонуп алгандар да толтура. Озунун биринчи турмушунан балдары бар болгондуктан Замира эженин торобой жургонуно да макул болгондур. Ким билет... Эмнеси болсо да Замир эжеге эне катары мен да энелик бакытты каалап, аман коз жарып, наристесин бооруна кысып алуусун Кудайдан тилеп калайын.
04.01.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tabyshmak, ортодо чыныгы сүйүү, бири-бирин баалоо болбосо эч ким эч нерсеге карабайт да, биринчи турмушундагы балдарын да багыптыр Замира. Көпчүлүк айымдар мындайга жарамак эмес. Соонун болуп,өңүнө чыгып, назик көрүнүп калыптыр, аман-эсен көз жарып алсын. Кудайга рахмат Замирага чыныгы энелик сезимди тартуулаганына
04.01.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман-эсен коз жарып алыныз, энелик бакыт насип кылсын.
SUPER.KG видео
04.01.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аи соонун уй-було экен. Бактылуу болунуздар!
04.01.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коз тийбесин аман эсен коз жарып алыныз...мага да насип кылсын эртерээк энелик бакыт...
04.01.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман-эсен болунуп алыныз.бактылуу болгула!!!баардык айымдарга насип кылсын энелик бакыт....
04.01.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооо абдан суйундум сонун жанылык болду Замира эжени жакшы корчу элем эми еще больше жакшы коруп калдым аман эсен коз жарып алсын ар дайым бактылуу болунуздар. умут узулбош керек деген созу жакты
04.01.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне болуу кандай бакыт :) Кеч болсо да ошол бакытты таткан бактылуу аял экенсиз!Эсен аман болунуп алгыла!
04.01.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен коз жарып алыныз.Аллах алты саны аман бала берсин.
04.01.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа менда билбептирмин бактылуу болунуздар
04.01.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Замира эже позитивно журот ар дайым,жакшы кором.Куйоосу да жакшы киши экен.Бирок,жарандык никеде жашап жатып"Жашоонду бузгум келбейт"-дегенине тан калдым.Жарандык никеде деле эрди-катындай жашайт гоооо
04.01.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен тороп алыныз!!!
04.01.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсен аман эки бөлүнүп алын энелик бакыт ар бир айымга насип этсин.
Медиа-портал
04.01.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым женилинен берип,аман-эсен эки болунуп,баланызды кучагынызга алып алыныз!!!
SUPER.KG видео
05.01.2016. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен коз жарып алыныз. Сизге уйбулонузго ден соолук,ийгилктерди каалайбыз.
05.01.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Кудай берем десе.50 жаштада бере берет .Эсен аман коз жарып алыныз .Инша Аллах Буйруса кыргыз элине жараган,ыймандууууу Уул же кыздардан болот Амин
05.01.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болнуздар аман эсен коз жарып алыныз. Мен дагы Замира эжени менменсиген адам деп ойлоп журчуумун маегиниздерди угуп алып оюмду озгортум. Акылдуу, жонокой жан экенсиз. корунуп турат бири бириниздерди сыйлап турат экенсиздер. Коз тийбесин аман болунуздар
05.01.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман-эсен коз жарып алыныз,наристе жытын жыттап,уй-булолук бакытка балкып журо бериниз!Жолдошунуз да азамат экен!
05.01.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жарандык нике деген акылга сыйбаган иш кыргыздар учун жат эмес болуп калгандай сезилди(( окунучтуу...
05.01.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелик бакыттын алдвнда башка бакыттын турлору четте калат эмеспи , балпанактай уул тороп алса экен))
SUPER.KG видео
05.01.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кичинекей видеодо не деген позитив,чыныгы омурлук жарлар экен. Баарыбызга сабак болсун пожалуйстанар )))
05.01.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замира эже ажарыныз ачылып,супсулуу болуп кетиптирсиз,энелик бакыт жарашат экен,коз тийбесин.
06.01.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун!
07.01.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула)чынында Замира эже жонундо биринчи макала окуп жатам)
08.01.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эсен аман коз жарып алыныз
08.01.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замира эже аман эсен бошонуп алыныз! чындыгында жагымдуу кабар экен.
10.01.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы корчуумун эжени.Аллахка шугур! Наристелуу болгону жатыпсыз.Аман -эсен жарыкка алып келууну насип этсин!
11.01.2016. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замира эже ийгилик сизге. Назик корунуп калыптырсыз
SUPER.KG видео
16.01.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман-эсен коз жарыныз!
17.01.2016. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен коз жарып алыныз
02.02.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял кишиге эне болуу чон бакыт эмеспи, аман эсен коз жарып алсын ин ша Аллаh!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо