Мажит: «ЖАШСЫӉ, АЗЫР ҮЙЛӨНБӨ ДЕП АЙНЫТКАНДАР КӨП БОЛДУ»

№687 1-январь-7-январь, 2015-ж

Бойдок ырчылардын саны Бекжандын үйлөнүшү менен дагы бирге азайды. Мажитти эмнеге Бекжан деп жатат деп ойлодуӊузбу? Көрсө, «Салам, братан» деп ырдаган Мажиттин азан чакырылып коюлган ысымы Бекжан экен. Ошентип куудул, күрөш боюнча машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин уулу 26-декабрь күнү 20 жашында Көлдүн сулуусуна баш кошту.

Блиц-маек
– Мажит, жашооӊдо чоӊ бурулуш, окуя болуп жатат. Кандай сезимдер болууда?
– Өмүрүмдө болуп көрбөгөндөй, башкача айтканда, сөз менен жеткире алгыс сезимдердин кучагындамын. Кайната, кайнененин алдында сүрдөп жатам. Суукка карабай той камы менен чуркап жүрүп ооруп да калыптырмын.
– Күмөндөр Абыловдун бир сатирасында «жаштыгыӊдын арты кайрылуу болсун» дейт эмеспи. Анын сыӊары, сен да эрте эле үй-бүлө
жоопкерчилигин моюнуӊа артып алган жоксуӊбу?
– Негизи, адам баласы жетилгенден тарта эле үйлөнө берсе болот. Менин үйлөнөм деп оолуккан күнүм ушул болду. «Жашсыӊ, азыр үйлөнбө» деп айныткандар да, «эрте үйлөнсөӊ эрте токтолосуӊ, балдарыӊ эрте чоӊоёт» деп кубаттагандар да болду. Алгач ата-энеме айта албай кыйналдым, анан Эрнест (ред. Бөрүбаев) байкемден айттырсам, «азыр жаш» деп каршы чыгышты. Анан туугандар чогулуп барып «үйлөнөм десе токтотпогула» деп ата-энемди макул кылдырышты.
– Качан тааныштыӊар эле?
– 2 жыл мурун Көлдүн Тосор айылына гастролго баргам. Сахнада ырдап жатсам, эшиктин алдында бир кыз аябай алакан чаап жатыптыр. Карап туруп ичимден жакшынакай кыз экен деп койгом. Сураштырсам ошол клубдун директорунун кызы болуп чыкты. Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы окуу жайда окуган, жакшы ырдаган кыз экен. Ата-энесинен телефон номерин алып, «биздин чыгармачылык топко кыз керек эле, ырдайсыӊбы?» десем макул болду. Ошентип чогуу иштешип калдык. Бермет Бишкекке келгенде үйгө келип жүрдү, карындашым Сайкал менен курбу болуп алды. Ата-энеме, бир туугандарыма жасаган мамилеси менен мени арбап алды.
– Сүйүүнүн учкундары биринчи кимде пайда болду?
– Чынын айтсам, экөөбүздө теӊ бир убакта пайда болду. Көп өтпөй «үйлөнөлү» десем, кызыктай болуп кетти, 2-3 күндөн кийин кайра айтсам макул болду. Экөөбүздүн чечимди айтканда анын ата-энеси да алгач каршы болушуптур. «Мажиттин кыздары көп, сени таштап кетет» деген сыяктуу кептерди айтып айнытканга аракет кылышыптыр.
– Маегиӊе рахмат, кармашкан колуӊар түбөлүк болсун!

Эки жашты “Жар-жар” ырын аткарып Назми эл алдына ээрчитип кирди.

Эки жаштын толкунданган ата-энелери куттуктоо сөздөрүнөн кийин бийге түшүп тойду ачып беришти.

Тамада Жеӊишбек Айтиев: «Акча кыстарам дегендерге жол ачык» деди эле, той ээлеринин колдору акчага толо түштү. Бирок кудалар акчасын эки жаштын алгачкы үй-бүлөлүк капчыгы катары балдарына беришти.

Ырчы кызга үйлөндүм, эми клиптерди ат тезегин кургатпай тарттырам дегенби, өкүл ата кылып клипмейкер Эрнист Сыдыковду шайлаптыр. Өкүл ата келинчеги Кымбат экөө балдарына калпак кийгизип, жоолук салып, колдоруна нике шакегин тагышты.

Куттуктап келген чыгармачыл инсандардын тобу эки жашка каалоолорун айтып, конверттерин тапшырып жаткан кез.

Эрнест Бөрүбаев азыркы келинчеги жана биринчи никесинен уулу менен. Мажит байкелеринен мурун үйлөндү деп жүрсөк, агасы куудул, ырчы Эрнест эчак эле түгөйүн таап, келинчеги кош бойлуу экен.

Тойдо ырчылар бийди да көркүнө чыгарышты.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Мажит ырчы кызга үйлөндү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(77)
04.01.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кармашкан колунар эч качан узулбосун....экоо окшош экен....бактылуу болгула...
04.01.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мажит брат бактылуу болунуздар,куйорман кыздарды унутпаныз эми?!
04.01.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мажит бактылуу болгула
04.01.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетилип калыптырда мажит
04.01.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мышык майга жетпей сасык дептир болуп сынайт десе эле аша чаап кетпей конулго караш керек . Койногу соонун эле турат. Мындай койнокту киймектигул той бергенге шарты жок канча адам талаалап иштеп журот. Той жакпады дегендерге айтаарым силердин тойунарда белгилуу ырчылардын бири болду беле?
04.01.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары сонун бактылуу болсун да,миллион сом кетирип откосо да айтасынар кайрымдуулука жумшабайбы деп.
04.01.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси бактылуу болгула,турмуш жолунар байсалдуу болсун!!!
Медиа-портал
04.01.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула кармашкан колунар узулбосун бар болгула!
04.01.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуууууу болгула
04.01.2016. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i коментарийлеринизди окуп кулкум келди
кайсы жерден кочурдунор айтып ккойгулачы
04.01.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимге кандай эмнеси болсо да бактылуу болушсундар... Келинди келген жылы эмес келеер жылы макта дейт эмесби
05.01.2016. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол иничек)
05.01.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
05.01.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келин абдан жылдыздуу,ыймандуу экен,койногу эн сонун,тошун ачпай,колун билегине чейин жаап алганы абдан жакты,бул да болсо кайын-журтун сыйлаганы!ыраазы болдум,бактылуу болгула,коп балалуу болгула!
05.01.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол.
05.01.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизи бактылуу болсун, кудайым ыйманынарды берсин бир биринерди сындашпай сыйлашып озунор м.н озунор очор бачар тукум улап кобойгуло, 4 айдан кийин тунку саат 12 де народныйдан курут банан мандарин алма дарбыз ташый бер иним
06.01.2016. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула кармашкан колунар туболуктуу болсун
06.01.2016. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музур байке танцаны жыртыптырго, женемен этият болсун эми
06.01.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу көрүнсө силерге не? Муну да ажыраштырып жаныңар тынгыла.ансыз деле Алиханды ажыраштырдыңар.үйлөнүп атса жакшынакай кылып,ак нийет м.н той берип атса анан бул жакты окуса эле жалаң сындаган сөздөр болсо баланын деле шагы сынат да.кичине ойлонуп жазсаңар!
06.01.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мажит сага туура эле айтышыптыр азыр жашсын деп. Келинчегин да сага караганда жашы чондой корунот экен. Сен жапжаш болуп турасын. Бирок сага эркекче бакыт каалайм. Бактылуу бол. Элдин сын-пикирин которо билсен жогору карай ососун.
06.01.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгиндин эртеси эле жакшы,Бакыт каалайбыз ....
06.01.2016. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун
07.01.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урушуп кетпегиле эми.Жакшыле коментарий бериип койсонорчу ичи таардык кылбай.бир сонун еле бактылуу болгула.
08.01.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу экен, кичуу экен дейсинер. айырмасы кайсы. Бир жакшы каалоо, тилек, келечеги кен болсун десенер боло. качан болсо жумурткадан кыр издейсинер да турасынар.
08.01.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура байкагансынар келин кош бойлуу экен,ошон учун той шашылыш отуптур
09.01.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, кармашкан колунар узулбосун!
09.01.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
10.01.2016. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан тиет жаштыктын пайдасы ,деген ыр саптары жагат да,бактылуу болгула!!!!
10.01.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
21.01.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чын эле эмнеге мындай көйнөктүн эски стилин тандады экен,чачы да бошоп кетиптир,эл көзүнө алына турган той болгондон кийин өзүн жакшыраак караса болмок. Эмнеси болсо да бактылуу болушсун.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо