БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

№687 1-январь-7-январь, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Бекболоттун машинасына бекиткен телефондун номери эсимде калыптыр, дароо чалдым. Тынч, эч нерсе угулбайт. Маал-маалы менен чалып коюп жаттым. Кечки саат 7лерде Жалал-Абадга жетейин деп калганбыз, дагы чалсам машинанын от алып турганы угулду, бир аздан кийин Бекболот менен Зарыл экен, машинага отурушуп бир жакка жөнөштү. Зарылдын үнү:
– МАИлер кармаса эмне кылабыз?
– Түнкү саат 12де кайдагы МАИ?
– Шаардан чыга бергенде көбүнчө туруп калышчу эле го.
– Ээ, машинаны текшеришпейт, коркпо, токтотсо пул да жазасы. Ушуга чейин текшеришпеген бүгүн текшерип калмак беле?
– Эмнеси болсо да тапанча алып албайлыбы?
– Шеф эч нерсе албагыла деди го, акча менен кутулушубуз керек. Тапанча алып кармалып калсак ошондо баш оору жаралат. Алар эмне машинаны тытмак беле? Багажды карашы мүмкүн, товарды «тайникке» салабыз, «короче», корко бербечи, ар нерсени айтып менин да маанайымды бузба.
– Товар канча бар?
– 3 пакет, 9 килограмм.
– Бардыгы батабы анан?
– Жок, бирөө эле батат, 3 килограмм эле жасалган да.
– Калганын кантебиз?
– «Запасканын» ичине салып туруп, кайра желдеп коёбуз.
– Акчалардычы?
– Акчаларды эки пакетке бөлүп салып, экөөбүз отурган орундуктун түбүн ачып салып, кайра тигип коёбуз, эч ким таппайт.
– Таӊга маал кайтсак болбойбу? МАИлер кетерде, саат 4-5терде кайтсак...
– Жок, шеф бирге чейин келип калгыла деди го, өзүӊ деле уктуӊ. Бир болсо Эрмектен коркуп жатат, келип калбасын деп, өзү жалгыз калды да.
– Ээ, Эрмек аны кантип таап алмак эле?
– Билбейм, бирок шеф Эрмектен коркот, «кыйын бала, мындан коркуш керек» деген бир жолу, карасаӊ, товарды жөнөтүштү ойлоп тапканын? Тиги көк мээ болбогондо али канча акча иштеп алат элек.
– Ошону айтсаӊ, кантип башы жеткенине таӊ калам. Ээ, Бекболот, шеф эмнеге экөөбүздү эле чакырды? Бекен, Нурбектерди деле чакырбайбы?
– Үчөөбүздөн башка эч ким билбеш керек да.
– Эрмекти 1-2 коркутуп койсо өзү деле кетет эле да дайынын таптырбай. Түшүнөт да, эмне кылат биякка чакырып?
– Ошого да башыӊ жетпедиби, шеф анын акчасын ала албай жатпайбы, акчасын алып, өзүн тынчытыш керек.
– Кыскасы, бир ок менен эки коён атып жатыптыр да, ээ? Канча иштеп койду Эрмек, канча бердиӊ?
– Билбейм, эсептеген эмесмин. Шеф жөнөтчү, мен алып барып берчүмүн. Өзүӊ деле эсептесеӊ, ар бир рейсине 3 миӊ доллардан алса, бир айда 3 же 4 жолу жөнөтчү. Эки
жылдай иштеди окшойт.
– Уу-у, Эрмекте көп эле акча бар экен да, каякка бекитти экен?
– Банкка салчу, товар жөнөткөндүн эртеси акчаны алары менен банкка барчу.
– Эрмекти каяктан ким тапкан?
– Шеф тапкан, Эрмек Москвада иштеп жүргөндө «подстава» кылган. 2 орус балага акча берип Эрмек менен мушташтырып, бирөөсүн «жыгылып түшүп өлүмүш болуп каласыӊ» деген. Анан Эрмекке ар нерсени айтып коркутушуп, «тиги орус өлүп калышы да мүмкүн» деп алдап, жардам берген адам болуп Кыргызстанга качырышкан. Ошентип иштеп калган бизге.
Машина токтоду окшойт, Бекболоттун үнү:
– Мейли, 11де ушул жерде бол, жаӊы номериӊди сал, эскисин ыргыт. Мага айтып кой жаӊы номериӊди, жазып алайын.
Зарыл номерин айтып коштошуп кетти. Анын номерин мен да жазып алдым. Көрсө, мени жок жерден «подстава» кылышкан экен да. Ошко жеткиче ойлонуп план түздүм.
Саат 8 жарымдарда Ошко бардык, вокзалдан эле бир телефон, бир SIM-карта алып Зарылдын номерин жазып даярдап койдум. Квартирама барып душка түшүп, тамактанып алдым да, ноутбукту алып машинамды айдап алып Баш-Булак айылына жөнөдүм. Саат 10 жарым болуп калды. Шаардан чыга берерде МАИнин посту бар экен, айланасы бүт пахта талаа, жолду бойлой тыт тигилген. МАИ туруптур, атайын катуураак айдап өтсөм токтотушту. Түшүп барып учурашсам, «машинага барып жолук» дейт, машинада экөө отурган экен. Айткан акчасын бербей кичине тартышсам, чоӊу окшойт, протокол толтура баштады. Фамилиясын жазды, Алиев экен, жаттап алдым да, айткан акчасын берип, документтеримди алдым. Шашкан адам болуп машинаны көздөй бастым да, кайра кайрылып келип Алиев дегенине:
– Аке, телефонуӊуздан чалып алайынчы, меники заряд түгөнүп калды,-деп 20 сом сунсам, телефонун берди. Жаӊы алган телефонумдун номерине чалып, сүйлөшкөн адам болуп кайра бердим да, рахмат айтып кетип калдым.
Бир чакырымдай жүргөндөн кийин жол кичине дөӊдү айланып кетет, посттогуларга көрүнбөйт. Машинаны токтотуп саатты карасам 12ге 20 мүнөт калыптыр. Машинаны талаага кирип кеткен жол бар экен, айдап кирип жүгөрүлөр тосо тургандай, жолго көрүнбөй тургандай токтотуп койдум.
Машинадан эки телефонду алып бекиттим да, тыттарды аралап постту көздөй жөнөдүм. Постко жүз метрдей калганда тыттардын түбүнө бекинип отурдум да, Бекболоттун машинасындагы номерге чалдым.

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Башка сандарда:
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 676-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 677-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 678-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 679-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 680-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 681-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 682-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 683-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 684-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 685-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 686-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 688-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 689-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 690-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 691-сан
Комментарийлер(29)
04.01.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сонун жерине келиптир
04.01.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1жума куттуп тез эле окуп бутуп койдум гоо.
04.01.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы кутуш керек эми
04.01.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коптон жазгылачы.
04.01.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрмектин ушул талаада тынчыганы эле жаман да. Аябай коп акчаны кучактап
04.01.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baichik17,ошондо Эрмек олуп калабы?
04.01.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suidum.96, мен муну окугам, ооба ГАИлер атып алаткокустан, Эрмекти сактайбыз деп атып
Коп акчаны эми алып маш инасына кететканда
04.01.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эрмек олуп калса ким айтып атат анда бул окуяны
05.01.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kelechek.kg,

Мен да ошону айтамда .
04.01.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошоо э менда тан калып жатам... Эрмек олуп калса анда бул кат досунун колуна кайдан тийет... бирок ото акылдуу бала экен
04.01.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ саламатсыздарбы. Джи сериалы бутуп калдыбы емне.бул сералдын биринчи бетине шилтеме жонотуп койункздарчы
05.01.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dasta,
Саламатсызбы? "Джи" сериалы бүтө элек, кийинки санда уланат. Бул шилтеме менен алгачкы сериалына өтөсүз
http://www.super.kg/article/show/33771
04.01.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан сонун чыгарма экен, режиссёрлор окуп, жакшы сценаристке сценарий жаздырып, кино тартса эң сонун детектив болчудай. "Бриллиант Жылан" деген китепти окудум эле 90-жылдарда, ошондо да ушул китептин негизинде кино тартылса экен деген элем. Кыргызстанда ушундай жанрда тартылган кинолор жокко эсе эмеспи
04.01.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо Тыткатары бар жер менин айылыыым!
04.01.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1-жума кутуп анан кичинеле окуп отуруп калам,тузу жок тамактайле болуп жатат!
04.01.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай кызыктууу екен. Егер чындап туурмуштан алынган болсо
04.01.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буй ойдон чыгарылган чыгарма го дейм, самолетто кайсы галдир наркотик жонотот
Baichik17 түзөттү 2016-01-04 20:11:24
04.01.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарына ишенип окуп жатам мен,,,,калп окшойт,китеби барбы не
05.01.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
men takyr okubait elem.birok 2aidan beri olo kyzygyp kaldym..koopton
jazgylachy
05.01.2016. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен дей акылдуу жигит екен да ха ха ха
05.01.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1жума кутуп,анан 1мунотто эле окуп бутуп коем уфффф,кооптон эле жазсанар не тамгаларды сатып алып атасынарбы,комптунары жагында отуруп алып керек болсо кутосунор дегендей болуп атат
06.01.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ermek olboit
06.01.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guju9389,олбойт.
06.01.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай башкастый бала, ушунча нерсени женип чыгып анан олуп калса, эмичи мындай нерсе Кудайга деле жакпаса керек, эээ вот ты тоже. Озунун менчик аралында жатып алып жазып жатат дааа...
07.01.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул болгон окуя болуш керек,ушул эле суперстандан окудум эле..адабият болумунон,менчик аралында жатып алып досуна агенттен жазат
08.01.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Adeli! ,Мумкун болсо адабият болумунон ушул темага шилтеме берип койо аласызбы?
08.01.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суперстандан адабият болумун кантип табам,урматтуу аdмин?:(
09.01.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы детектив экен кино тартса болчудай
09.01.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Издебей эле койгула очуруп салыптыр.менда таппай койдум.мурда окуган элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо