ЖАӉЫ ЖЫЛДА ТАПКАН СҮЙҮҮМ

№687 1-январь-7-январь, 2015-ж

Биздин сүйүүбүз Жаӊы жылдын алдында тутанган. Ал мага көз салып жатканын байкадым, сездим. Каршылык көрсөтпөдүм. Тагыраак айтканда, көрсөтө албадым. Жүрөгүм аны өзү тандады. Өзү мени жетеледи. Алгач жактырып калганымды билдирбейин деп аракет кылдым. Кантсе да кызмын да, тартындым.
Ошентип ал мени Жаӊы жылда биринчи жолугушууга чакырды. Ал күнү мен жумушта болчумун, жумушумду эртерээк бүтүрүп ага баргым келди. Саат санадым, убакыт келди, жөнөдүм. Асманда жаӊырган ай, себелеп  жааган кар... Жолдо өзүнчө толкунданып бара жаттым. Эмнегедир маанайым ачык, жүрөгүм элеп-желеп. Бактылуу элем да.
Кечээ дагы уруштук. Акыркы учурда экөөбүз көп урушчу болдук. Байкушум, катуу сүйлөп алып кайра эле өзү түтпөй кетет. Жолдо урушуп-талашып бара жатып кучактап жиберсе, «жаным, кечирчи, сени сүйөм» деп айткым келгени менен, көк беттигим жол бербейт. Бир убакта мен да жинденем, катуу сүйлөп же чапкылап алам. Анан өзүмдү жемелейм. «Эмнеге сүйгөнүмдү капа кылдым, эмнеге?» Ичимден ушул суроолорго жооп таба албай бушайман болгонум менен сыртымдан билдирбейм, баягы эле көк беттигим. Анан жүрөгүм катуу согуп, башым зыӊылдап эптеп өзүмө келем. Урушуп-талашкан кыз-жигиттерди, бири-бирин чегинен аша сүйүшкөндөрдү көргөндө кантип эле ушундай мамиле болсун деп таӊ калар элем. Көрсө...
Экөөбүздүн табышканыбызга 2 жыл болду, 2 күндүн биринде түшүнбөстүктөр. «Болду, жетишет, тажадым!» дейм. Бирок жүрөгүм ага баш ийбейт. Сүйөт да байкуш жүрөк.
Кайрадан Жаӊы жыл. Жаӊы жыл мага сени белек кылган эле. Эгер сен болбосоӊ кантмекмин? Экөөбүз азыркыдай бактылуу болуп эгиз козудай ээрчишпей, жарыгымсыз, жарымымсыз жалгыз калат белем? Кай бирде ушинтип урушуп алганды экөөбүз теӊ сагынып калабыз. Урушуп алсак, тултуйуп бири-бирибизге үн катпастан бир топ жерге чейин жөө «сейилдеп» кете бермей адатыбыз бар. Бир аздан соӊ мен же ал эркелей баштайт. Бат эле урушканыбыз унутулуп, бул ааламда бизден өткөн бактылуу адамдар жоктой сезилет. Сен жашоомдун негизги каарманына айланган ушул көз ирмемдер, ушул күндөр, ушул жылдар сени менен биргеликте көп жылдарга, өмүрүмдүн акырына чейин созулса экен деп тилейм. Урушсак да, талашсак да сен жанымда барда бактылуумун.

Мээрим

Асхат Субанбеков
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(9)
04.01.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы
04.01.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Emne ai janyryp asman achyk bolsoda sebelep kar jaai berebi?
04.01.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Marjosh,кыз романтик го ээ
05.01.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Marjosh,ал суйуунун келгени.)))) Кар жаап атабы ай чыгып турабы жакшы байкабай калган го ))))
05.01.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото эле энергиялуу адамдар го э.
05.01.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
))
05.01.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буткон ишке сынчы кооп
08.01.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaksh
21.01.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай жанырып асман ачык болуп -турганда деле кар жаайтго...
соонун болуп,айлана жапжарык болуп.
Элестетип корсонор))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо