Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГЕЙЛЕРДИН ЖАНА ЛЕСБИЯНДАР ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАНТИП ТОСУШАТ?

№217 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.

Марсель (гей):
– Менин гей экенимди үйдөгү ата-энемдер бир жарым жыл мурун билишкен. Аларга чынымды айтып, түгөйүм менен тааныштырганымда бардыгы мени тилдеп, урушуп, үй­дөн чыгып кет дешкен. Азыр түгө­йүм Азат экөөбүз анын үйүндө жашайбыз. Жаңы Жылды дагы өзүбүзчө тособуз. Өзүбүзгө окшошторду мурун эле таап алганбыз. Жаңы Жылды бардык адамдардай эле дасторкон жайып, досторубуз менен өткөрөбүз. Былтыркы Жаңы Жылды тосуп жатканда бизди капаланткан окуя болгон.
Досторубуз менен кафеге барып, Жаңы Жыл тосуп отур­ганбыз. Бири-бирибизге каалоо-тилек айтып, көңүл ачып дегендей. Бир кезде Азат экөөбүз ошол жерден өбүшүп койсок, коңшу столдо отурган жигит-кыздар: “Карасаңар, голубойлор” деп калышты. Ушул сөз бизди капаланткан. Негизи, бизди “голубой” дегендин ордуна “гей” дешсе. Азыр өкүнгөнүм – мени апам менен атам үйдөн кууп жибергенден бери аларды көрө электигим. Аларды мен жакшы көрөм, бирок, азыр болбосо дагы кийинчерээк мени түшү­нүшүп, кандай болсом ошондой кабыл алышат деген ойдомун.

Наза (лесбиянка):
– Мен мектепте окуп жүргөнүмдө эле жигиттерге жакын эмес болчумун. Кыз курдаштарым көп болчу. Алар кийинчерээк жигит күтө баштаганда мен бир кызды жактырып калгам. Бирок, кыздарды “сүйүп калам” деген оюмда дагы жок болчу. Үйбүлөбүздө менден кичүү сиңдим бар. Ал менден эрте күйөөгө тийип кеткенде апам мага «эми сен күйөөгө тий» деген эле. Атам менен апам менин лесбиянка экенимди угушканда ооздору ачылып, мени аябай урушкан. “Кыргызда мындай нерсе болгон эмес. Бул уят иш, сен биз тандап берген балага тиесиң” дешкен. Мен алардын талабына көнбөй койгонумда алар: “Үйдөн чыгып кет” дешкен. Каякка бараарымды билбей түгөйүм Нурдун үйүнө көчүп баргам. Жарым жыл­дай атам менен сүйлөшпөй койдум. Кийинчерээк мен кандай болсом ошондой кабыл алышты. Бирок, азыр атам жок. Көзү өтүп кеткенине бир жыл бо­луп калды.
Жакында Нур экөөбүз балдар үйүнөн кыз багып алууну пландаган элек. Юридикалык мекемелерге кайрылып, кеңеш сурасак, мыйзам боюнча бизге бала багып алууга болбосун айтышты. Эгер мыйзамда биздей түгөй­лөргө кыз багып алууга уруксат берилген болсо бул бизге жаңы жылдык чоң белек болмок эле.
Жаңы Жылды кадимки адамдардай эле өткөрөбүз. Менин мурунку эски досторумдан бирөө да жок. Нур экөө­бүз бизди түшүнгөн, өзү­бүзгө окшош курбуларды таап алганбыз. Алар менен Жаңы Жылды кафеде, ресторанда же үйдө тособуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(3)
30.08.2009. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларда эмне айып жаратылыштын кылганы болсо эмне кылышсын.
17.01.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almasberg, туура
13.03.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тен салмактуулукту сакташ керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо