Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«Супер-Инфо» гезитин саткан 78 жаштагы Токтогон аксакал: «КАРДАРЛАРЫМ МЕНИ ООРУБАЙ, АМАН-ЭСЕН КЕЛСЕ ЭКЕН ДЕП КҮТҮШӨТ»

№688 8-январь-14-январь, 2016-ж

Талас облусунун 78 жаштагы тургуну Токтогон Субаналиев 20 жылдан бери гезит сатат. Каарманыбыз үчүн «Супер-Инфо» гезити өзгөчө орунда. Гезит жарыкка чыккандан тарта ар бир санын калтырбай окуп, мындан сырткары Талас өрөөнүнө жөө кыдырып сатып, окурмандарга жеткирүүдө эмгеги зор. Биз атайын аны үйүнө издеп барып, аксакал менен маектешип кайттык.

«ГЕЗИТ БОЛБОСО ОКУБАЙ КАЛМАКМЫН»
-1937-жылы Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында төрөлүптүрмүн. 1942-жылы атам колхоздун малын бага баштады. Ал кезде 5-6 жашта болсом да атама жардамдашар элем. Жылаӊайлак, жылаӊбаш мал кайтарабыз. Ичкенге тамак жок же жатканга жылуу төшөк жок. Суу менен сүт ичебиз, камыштын үстүнө жатабыз. Жазында эл сүтүн быштак кылып согушка жөнөтүшөт. Сүттөн сары суу калат, аны ичебиз. Атам мени окутпай коюп, мал кайтарып жүрүп таптакыр тамга тааныбай кала жаздадым. Мал жайып жүрсөм балдар сумкаларын көтөрүп окууга жөнөшөт. Аларды көрүп менин да ушулардай болуп мектепке барар күнүм бар бекен деп Кудайдан тиленем.
Кудай жалгап райондук гезиттин бир кабарчысы менин окууга барбай, мал кайтарып жүргөнүмдү жазып коюптур. Аны мага бирөө окуп берди. Гезитти эӊ алгач ошондо көргөм. «Гезит деген жакшы турбайбы, мени чыгарып коюптур» деп аябай сүйүнгөм. Анан бир мугалим атамды «балаӊды окутпасаӊ сотко берем» деп аябай кодулаган экен. Атамдын айласы кетип, акыры мени мектепке жиберди. Ошентип 12 жашымда 1-класска бардым. Жазайын десеӊ кагаз жок, калем тартыш заман. Тамганы кардын үстүнө жазып үйрөндүм. Ал убакта шаты араба, сандык араба менен чөп ташычубуз да, жайкысын жолго топурак сапырылып калат. Топуракты тегиздеп, мектептен үйрөнгөн тамгаларымды унутуп калбайын деп жазып койчумун. Ушинтип жүрүп окууну жакшы өздөштүрүп кеттим. Мектептен алган биринчи сыйлыгым 6 дептер болду. Анын үчөөсүн башкарма «контордо кагаз жок эле» деп кайра алып койгон. Ушундай күндөр өттү.
Кичинемден эле кээде калем кармап ыр жаза калам. Бала кезимде жазуучу же акын болгум келчү. Мектепти бүтөрдө жакшы окуган 2-3 бала кеӊештик. «Жазуучу болом» десем, бирөөсү «Жазуучу болуп эмне кыласыӊ? Алар ойлонуп отуруп эрте эле өлүп калышат экен» деди. Фрунзеге барып азыркы Кыргыз улуттук университетинин экономика бөлүмүнө тапшырдым. Күндүз окуп, кечкисин заводдо 7 жыл иштеп калдым. Андан соӊ колхоздо 35 жыл экономист болуп иштедим. Чыгармачылыкка кызыккан жаныӊ болбойт экен да, «Советтик Кыргызстан» гезитинин алдында 6 айлык журналистика курсу уюшулуп, ошону бүттүм. Ара чолодо теле, радио, гезиттерге жумушчулар тууралуу кабар жазып, ырларымды чыгарып турдум.

«35 ЧАКЫРЫМ ЖӨӨ БАСЫП ГЕЗИТ САТКАН КҮНДӨРҮМ БОЛДУ»
-Cоюз тарагандан кийин 1 жарым жылдай жумушсуз отуруп калдым. Бишкекке бир ирет барганда «Кыргызстан маданияты» гезитине кайрылып, «ырларымды чыгарып бергиле» десем, Болот деген бир кызматкери «Азыр сиздин ырларыӊызды чыгарчу гезит жок. Андан көрө мобу чыгып жаткан гезиттен бир-экини алып сатып, бул жакка жарымын төгүп, жарымын өзүӊүз алыӊыз» деди. Чынын айтсам, башында гезит сатуудан уялып, ал кишинин сунушуна араӊ ынандым. Биринчи күнү 100 гезит алып «Аламүдүн» базарына барсам, сатуучулар «кыргыз да гезит сатат экен» деп аябай таӊ калышкан. Алып барган гезитимдин баары өтүп кетти. Анан «Арбактар сүйлөйт» деген гезитти айылга алып келип адегенде элге бекер таратып жүрдүм. «Арбактар кантип сүйлөйт болду экен?» деп эл таӊ калып гезитти окушчу. Ошентип жүрүп кардар топтодум. Быйыл гезит сатып жүргөнүмө 20 жыл болду.
Кийинчерээк «Супер-Инфо» гезити чыгып, аны алгачкы санынан бери бир да санын калтырбай сатып келем. Элдин баары силердин гезитти сүйүп окушат. Соода жакшы
болгондо жумасына 1000 даанага чейин сатам. Таластын Манас, Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунун эли мени «гезит саткан аксакал» деп таанышат.
Кардарларымдын көбү ооруканада ооруп жаткандар жана кары-картаӊдар. Жөн жата бергиче эрмектеп туралы дешет да. Кычыраган кыштын суугуна, күн-түнгө карабай кардарларыма жөө-жалаӊ үймө-үй кыдырып гезит жеткирип, күнүнө 35 чакырымга чейин жөө баскан күндөрүм болду.

«КАРЫГАНДА ҮЙДӨ ТЫНЧ ЖАТПАЙСЫӉБЫ ДЕГЕНДЕР КӨП»
-Ар кандай окуяларга кабылам. Кээде гезит сатып жүрүп түнкү саат 1-2лерге чейин калып калам. Түн ортосунда токойдон чөөлөрдүн, карышкырлардын улугандарын угуп калчумун. Бирок мал кайтарып жүрүп алардан кичинемден эле коркпойм. Чоӊ жолго чыксам шоопурлар «байкуш, дагы деле гезит сатып жүрөсүӊбү?» деп ала кетишет. «Гезит таштап кет. 1 гезиттен өлмөк белеӊ?» же «бир аз ичкенге тыйын таштай кетчи» деп суранган бекерчилер көп. Иттерден коркпойм, мастардан, анан түрмөдөн чыккан баӊгилерден корком. Алар кармап алса коё беришпейт. «Эмне сандалып жүрөсүӊ? Карыганда үйүӊдө тынч эле жатпайсыӊбы!» деп мас болуп алып көчүккө тепкендер болду (күлүп). Туугандарым деле «ушул сага ылайыктуу ишпи?» дешет. Тынч жатканда ким тамак берет? Үйдө жатсам тажап кетем. Гезит саткандын жакшы жери – жөө басып, ден соолугуӊ чыӊ болот. Кардарларым мени «аман-эсен келсе экен, оорубаса экен» деп тиленип күтүшөт. Кээде ооруп калып же башка себептер менен бара албай калсам таарынышат. Өткөндө ооруп, 2 жума ооруканага жатып гезит сата албай калсам, кардарларым «гезит саткан чал өлүп калса керек» деп ойлошуптур.
5 уулум, 4 кызым бар. Гезит сатып тапканым уулдарымды үйлөнтүп, аларга там сатып бергенге, кыздарымдын той-топуруна барууга жардам болду. Андан тышкары машина, мал-жандык алууга жардамы тийди. Кудайга шүгүр, кемпирим Кенже экөөбүз 1962-жылы баш кошконбуз, азыр 77ге чыкты. Баатыр эне. 22 неберебиз бар, ошолор менен күрөшүп ойноп, аларды эркелетип, келиндердин колунан ысык чай ичип жүрөбүз. Гезит сатып жүрүп чыгармачылыгыӊ да унутта калат экен. Өзүм саткан «Супер-Инфо» гезитине ырларым жарыяланса деп кыялданчу элем. Ырас болбодубу, жазган ырларымдан окуп берейин:

ЖАША, ЖАША, ЖЕР БЕТИНДЕ ТИРҮҮЛҮК!

Билесиӊ го турмуш күрөш түбөлүк,
Билесиӊ го турмуш бүтпөс түбөлүк.
Марасына мурда жетип барчудай
Маашырланат өмүр деген бир күлүк.

Түпкүрүнөн түн пардасы түрүлүп,
Түн артынан күн келатат сүйүнүп.
Жаш баладай ууртунан жылмаят,
Жаша, жаша, жер бетинде тирүүлүк!

Кемпирим Кенже 77ге чыкты. Баатыр эне. 22 неберебиз бар, ошолор менен күрөшүп ойноп, аларды эркелетип, келиндердин колунан ысык чай ичип жүрөбүз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  25 
Комментарийлер(28)
11.01.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Азаматсыз аксакал.коп жашаныз.бир демде окуп чыктым.бир жылдан бери мындай кызыктуу маек окуй элек элем.сергип калдым.
11.01.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
аман болунуз аксакал ден-соолугунуз чын болсун
11.01.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ырлары маанилүү, ыргактуу экен. Суперге жарыялап турсаңар болот экен, аксакалды сүйүнтүп, СУПЕР ИНФО.
11.01.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман болунуз
11.01.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омурлуу болунуз
11.01.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман болунуз чон ата,ак эмгегиниз жакшы синиптир элге,балдарыныздын урмат сыйын коруп кооп жашаныз!
11.01.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ак сакал бар болунуз. Оорубаныз АЛЛАХ Ыраазы болсун.
Ырларыныз чыгып турса калтырбай окуйт элем.
Супер инфо Ак сакалды суйунтуп сыйлап ырларынан чыгарып турсанар жакшы болмок
11.01.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бар болунуз,супер инфо саткан эн улуу сатуучуга супер инфо сыйлык беришинер керек экен
11.01.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп жашаныз чон ата ден-соолукта болунуз, ырларыныз маанилу экен коп-коптон супер инфого чыгарып турсаныз.
11.01.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурунуз узун болуп Ден-соолугунуз чын болсун,озгочо жери "гезит жакшы турбайбы,менида чыгарып койот экен "деген жери сонун экен...чынында уйдо жатсан Ким акча бермек эле секин кыймылдай берсе болот ...Сиздерден улгу алсак болот азр биз жаш эле чарчадык дейбиз
11.01.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч качан оорубай журун чон ата

11.01.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аксакалдын кызы болгум келип кетти ушундай атама чай сунуп,эркелеп,акыл насаатын уксам кандай керемет.
17.01.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vangolu,келини болуп ал
19.01.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizstan,озумдун кайнатам бар,изменяйтетпей калайын кокуй
11.01.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сыйлык бериш керек Супер инфо,атабыздын эмгеги чон экен,кооп жашаныз.
11.01.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы да коп жашаныз аксакал,бизге да сиздин жашыныздай жаш,кучунуздой куч берсин!!!анан да балдарыбыз сиздердей билимге умтулган жаштардан болушсун!
12.01.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолукта болунуз!
12.01.2016. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым ден соолук берсин ата кемпиринис эконуздорго
12.01.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ден соолук каалайм атабызга
12.01.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурунуз узун болсун чон ата! Неберелериниз абдан жактыы...
12.01.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай соонун жанылык
12.01.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден-соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун. Каарыганда деген менен кээде чын эле кыймыл жасап турганы ден-соолугуна жакшы, бирок биз кыргыздар каарыганда бала-чака багышы керек деп эсептейбиз, бул да туура, бирок ары-бери кыймыл аракет болуп турганы чындыгында туура эле окшойт! Ордунда жылбай олтура берсе, мүмкүн ден-соолугу азыркыдай болмок эмеспи, эмнеси болсо да аман болуңуз аксакал!
12.01.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атабызга алкыш
13.01.2016. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кее бир жаштар га караганда,жакшы да карыса да иштеп журот.сизге алаа таала ден соолук берсин
15.01.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aitkyl,туура айтасыз,бул ата мен бала кезде эле гезит сатчу баарыбыз кутчубуз,ошол бойдон экен жапжаш бар болунуз
13.01.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолугунуз бекем болсун.Бир эже айтты эле "кайын атам Сепер Инфонун ар бир чыккан санын окуп чыгып,чогултуп тигип коёт ооо биринчи чыккан сандарыда бар экен,уурданып бир азын карап корсом 2005 жылдагылары козум тушуп калды"-деп айтса тан калдым эле,аны чогултуп не кылат экен деп.
13.01.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
СИ нун дагы бир озгочолугу го, эч ким тааныбаган карапайым инсандан баштап,дуйнодогу белгилуу инсандарга чейин окуп-билесин, жакшы макала болуптур, аксакалга чын ден-соолук каалайм.
15.01.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бар болунуз. Узун омур, чын ден соолук каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо