Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КӨРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЧАРЧАТКАН «ДОСТОРДУН» КОНЦЕРТИ

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

Аталышы – «Достор»
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күнү – 1-январь
Башталышы – 19:07 (билетте 18:00)
Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы (концерт бүткүчө 10 пайыз көрүүчү кетип калды)
Билет баасы – 300-500 сом
Алып баруучу – Чыӊгыз Мырзаев
Мыкты номер – Султан Садыралиевдин «Кыргыз бийи», Мирбек Иманбековдун кызы Аруукенин аткаруусундагы «Атам менен энеме» аттуу ыр.

Үч дос жылдын жаӊырышы менен Спорт Ордосунда концерт берип жатканын угуп бардым. Көрүүчүлөр аз экени сырттан эле байкалды. «Арзан билет алгыла, мен арзан берем!» деп биринен экинчиси озунуп жабалактаган сатуучулар ичиндеги атмосфераны билдирип коюшту. Арзан билеттен алып ылдыйды шыкаалай карап амфитеатрга чыгып отурдум. Сахнада таптакыр жасалга жок, көзүмө өтө эле жупуну көрүндү. 1 сааттай концертти күткөн көрүүчүлөр «качан башталат, баштабайсыӊарбы?!» деп кыйкырып-ышкыра баштаганда сахнага жарык берилип, бийчилер чыгышты. Музыка жок, кыздар колдорун көтөргөн бойдон 5 мүнөттөй турушту. Достордун концерти ушундай мүчүлүштүк менен башталды. Бий бүткөндөн кийин концерттин алып баруучусу Чыӊгыз Мырзаев Акбар, Мирбек, Султанды сахнага чакырды. Султан колуна кагаз кармай чыгып гитара ойноп жаткан баланын жанына жайбаракат жайып койду. Көрсө, ал ырлардын тексти экен. Ырдай турган жеринде кагазга үӊүлүп, билген жерине келгенде сахнанын ортосуна барып жатканын көрүп төкмө акын Тууганбай Абдиевдин «казактан көрдүм кокуйду, кагаздан акын окуйбу?» деген эки сабы эске түштү. Аны улап:

Султандан көрдүм кокуйду
Кагаздан ырды окуйбу?
Жандуу ырдап жаткан соӊ
Жаттап алса болбойбу?- дедим ичимден.

Мирбек «Таластык кыз» аттуу чыгармасын аккордеондун коштоосунда ырдады. Оюнда эл чогуу ырдайт десе керек. Көрүүчүлөр ырдашкан жок. Ырчы «келгиле, таластыктарча ырдайбыз!» деп кайра-кайра «Таластык кызын» созуп элди кыйнады. Мындай маанайга чыдамы түтпөгөн айрым көрүүчүлөр концерт жарымдаганда залдан чыгып кетишти. Концерт жарымынан өткөндө сахнага гүл көтөрүп бир айым чыкты. Гүлүн берип кетип калса аны менен кимдин иши? Ар сөздүн башын бир сүйлөп элдин чыдамын кетирди. Көрүүчүлөр «болду, токтот, чыгып кет!» десе да микрофонду бербейт.
Концертти Мирбектин кызы Арууке кооздоду. Анын ата-эне тууралуу ырдаган эки ырына теӊ зал көтөрүлө кол чабышты. «Кызым менден да жакшы ырдайт бекен?» деген Мирбек «Апас Жайнаковдун «Ала-Тоо ак мөӊгүсү тийген кезде» деген ыры гимн болмок экен» деп ырдын бир сабын созолонтуп койду. Айланайын Мирбек, ырдын сөзүн билбесеӊ туура эмес ырдабай эле койбойсуӊбу! Ушинтип капа болдум. Салкын маанайда кайткан күйөрмандарын байкашса, кийинкиде концерттин деӊгээлин жогорулатар деп үмүттөнөм.

Толик сынчы


Султан, Мирбек жана Акбардын “Достор” аттуу концерти

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(47)
Медиа-портал
05.01.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оооба концерт...супсагыраак болгон.бирок учоону концерт бергенин угуп суйундум..коруп отуруп менда жаны чыккан мезгилин коз алдыма элететип да алдым.аябай катуу чыгышкан ал убакта куйурмандар башкача болчу...чын эле ал убактагы куйормандар азыр бактылуу эне.....сахнадан ары чуркаган бери чуркап ырдап жургон мырзалар абдан токтоо болуп калышыптыр..чыныгы ырчы мырзалар бар болунуздар..силерге уй булолук бакыт...чыгармачылык ийгилик
SUPER.KG видео
05.01.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Konsert bergeninerge abdan kubandim.chynynda saginip kalippiz.
SUPER.KG видео
06.01.2016. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акбардын унуно соз жок.
Медиа-портал
06.01.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
концерт жакшы болуптур,бирок чын эле эмнеге басып журо беришет тушунбойсун,негизи эшиктерди бекитип салыш керек да ошондо уйронушот биздин кээ бир кайсы жерде жургонун билбегендер.куйормандары азыр деле бар бирок,азыркы кыздар мурункудай концертте эмес клуб,караокелерге барып калышкан.
Медиа-портал
06.01.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи учоондо талант бар,бирок каражатты уномдошкон го сахна,бийчилер,костюмдары анча эмес.
Медиа-портал
06.01.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Кайрат менен Нурлан Насиптин концертин качан жуктойсуздор?
Медиа-портал
06.01.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Enjoy.kg,
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөлөт. Сунушуңузга рахмат!
SUPER.KG видео
06.01.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жакшы. Оркунунор оссун.
Медиа-портал
06.01.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен концертине бардым. Эгер чыныгы куйорманы болсон сахна-пахнан деле билинбейт экен.Ырларынан рахат алып, жыргап келдим.Рахмат жигиттер азаматсынар!
Медиа-портал
07.01.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жандуу ырдагандары жакшы болуптур, бирок чындыгында даярдык анча эмес экен, чыгымды да коп коротушкан эмес го костюм, сахна жасалгаларынан байкалып турат, оздору да эмнегедир шандуу эместей же токтонушканбы айтор дагы да хит ырларды жаратып, кийинки концерттин мындан да жогорку денгеелде откорушсун! Ийгилик!
SUPER.KG видео
07.01.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убагында жакшы эле жылдыздары жанган достор..акырындап элдин да кызыгы тарап бараткандай туюлду...
SUPER.KG видео
07.01.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Emnege men erte ukkan emesmin. Barmakmynda ukkan emesmin. Kech uktum dagy kachan koesunar
SUPER.KG видео
08.01.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Живой голос менен ырдашыптыр,молодцы жигиттери кыргызымдын!Ар бир турган адамды же ары бери басканды колунан жетелеп эле эшике чыгарып салыш керек да бир эки концертте анан уйронуп калышат элдер,кайра киргизбеш керек же эшике чыкканды.Акчасына ичи ачышып концерт коро албай кетишет,бир чара коруш керек да...кандай дейсинер????
SUPER.KG видео
08.01.2016. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сахнадагы занавес Италиянын желегине окшош болуп калат экен )
SUPER.KG видео
08.01.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Султан молодец сен эч качан очпойсун красавчик!!!жаны ырларын сонун чыккан.дагы жаны ырларды кутобуз.:)
Медиа-портал
08.01.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jerde Sultan gana chynygi sahna adamy. Kuchtuu un,kooz tembr,al tugul sahnada ozuno tiesheluu gana mimikalary bar.Bar bol Sultan. Senden jeke konsert kutobuz.
SUPER.KG видео
08.01.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан толкунданышыптыр биринчи концерт бергендей болуп , жандуу ун менен молодцы,реклама берип жатканда мыкты денгээлде болот го деп жаткам андай болбой калыптыр
Медиа-портал
10.01.2016. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султандын таланты кучтуу экен.Азамат
SUPER.KG видео
11.01.2016. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концерт деген аты болбосо даярдык жок,жасалгалоо начар!учоо ырдаганда болсо ар ким озунчо бири астыда,бир артта! Кичине репетиция деген болуш керек го? Оздорунун жылдызы жанып турган учурдай эл толо болот деген ойлору да ишке ашпай калыптыр! ар бир нерсенин убакыт сааты бар! Чынында 3 нун ичинен Султандын эле таланты,уну бар (бул менин жеке оюм)
11.01.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
)))) аябай сындаптыр го сынчы
11.01.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сахананы жасоого да оной каражат кетеби. Аларды деле тушунуп коюу керек, мумкун каражаттары жетишпей калгандыр. Бирок азыркы ырчыларга караганда аларда 100% талант бар. Болгону алардын жанып турган мезгили эчак отуп буткон, азыр алардын ордун жаштар ээлеп калды. Мезгил отуп, азыркылар да дал ушулардын кейпин кийишет.
11.01.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Талантты мезгил очуро албайт. Бек Борбиевди эле мисалга алалы, канча концерт койсо да Аншлаг менен отот. Анткени элди сыйлап дайыма даярдык менен концерт берет. Талантым бар деп эле эптеп концерт коё бербеш керек, даярданып,репитиция кылып анан бериш керек да концертти. Таланты бар мыкты жигиттер бирок демоорчу таап сахнаны жасап,оздору да кийинип алышса болмок,шашып тойго келгендей эле сахнага чыкпай.Элди сыйлагыла ырчылар. Эл талантты сыйлагандан кийин.Сынды туура кабыл алышат деп ойлойм.
11.01.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы даярданышса болмок,чала-була бирдеме болуп калган го
11.01.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Толик сынчы жонундо жазгылачы супер мен учун аябай кызык да кандай инсан болду экен консерттерге барсамда карай бермей болдум балким ушудур деп.
11.01.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жандуу концерттен эл бат чарчайт.даңка дук,дүңкө дүк дегенге көнүп алганбыз да.)
11.01.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииий ушу Толик Сынчы жазып чыгат бекен деп куттуп жаттым эле. Чын эле супсак болгон аягына чейин тажап кеткем. Султан ырлардын созун жаттап алса болмок аябай жиним келди
12.01.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jakwy ele bolgon go Tolik baike ayabai ele synchy da
Медиа-портал
14.01.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2005-жылы чыкакан жаны толкундун ичинен аябай жакшы коргон торт ырчым болчу, укпай калыптырмын концерт болорун, соссуз бармакмын. Концерт даядыгы аз болсо да жакшы болуптур негизи жигиттердин чыгармачылыгына суусаган элдин суусуну каныптырда. Султандын уну ушундай мукамдуу, журогунон чыгат. ушунчалык жакшы кором. Азаматсынар жигиттер
14.01.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызтанда дуркуротконго Султан убагында
16.01.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Концерттин үстүнөн көөп адам иштеш керек да,эң биринчи сценарий сонун болуш керек,режиссер,продюсер,костюмер,хореограф ж.б. тыгыз иштесе, биз күткөндөй концерт болот деп ойлойм.Байкашымча,бизде концертти эч кыйналбай эле өткөрүп коюшат,мага ушундай сезилет.А Султандын талантын сыйлайм.
17.01.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунорду эмес ЭЛДИ толкундаткыла жигиттер.
17.01.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жвой зуук экен чем понаграма..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо