Гүлнур Асанова: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАГЫ ДОСТОР ТУРУКСУЗ БОЛУШАТ ЭКЕН»

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

Ырчы, актриса Гүлнур Асанованын кубулжуган үнүнө, анан да узун чачына суктангандар көп эле. Ырчы кыз көп жылдан бери өстүрүп жүргөн чачын кестирип салды. Ал мындай өзгөрүүнү «жан дүйнөмдө, жашоомдо революция жасагым келди» деп түшүндүрдү. Ырчыдан чыгармачылыгындагы, жашоосундагы өзгөрүүлөрдү сурап кеп баштадык.

– Гүлнур, Жаӊы жылыӊ менен! Өтүп кеткен жыл сен үчүн кандай окуялар менен эсте калды?
– Саламатсыздарбы? Сиздердин да Жаӊы жылыӊыздар менен! 2015-жылы саякатчы бака болуп чет өлкөдө көп жүрдүм. Фестиваль, кароо-сынактарга катыштым. Элге окшоп «тиякка бардым, биякка бардым» деп жар салганды билбейм, эч кимге жарыялабай эле барып сынактарга катышып жүрдүм.
Күзүндө шайлоодогу үгүт иштерине катышып 2 бөлмөлүү батирлүү болдум. Азыр мен жашаган батирди эжем экөөбүз сатып алган элек. Эжем менен кеӊешип, ал менин батириме көчмөй болду, мага азыр өзүбүз жашап жаткан 3 бөлмөлүү батир калды. Ошентип быйыл үйлүү болуп кубанып турам. Ал эми жеке фронт 2014-жылдагы бойдон эле калды окшойт (күлүп).
– Кантип эле жылуу сөз айтып, колуӊду сурагандар чыкпасын? Көптөн бери сени жандап жүргөн бир жигитти байкап жүрөбүз...
– Колумду эч ким сураган жок десем калп айткан болом. Андай мырзалар болду, бирок жылдызыбыз келишкен жок. Учурда жигитим бар же жок деп айткандан кооптонуп турам, күтө туралычы, убакыт көрсөтөт. Жигитим бар деп айтсам, «качан турмушка чыгасыӊ?» деп сурай берип шаштыргандар чыгат. Чынында, турмуш курууга даяр болуп бышып калдым. Буюрса, мен үчүн ушул жылы үй-бүлө, жеке жашоо биринчи планда болот. Чыгармачылыкта кайсы бир деӊгээлде максатыма жеттим. Бүгүнкү күнгө чейин жеткен ийгиликтерим мен үчүн жетиштүү, мындан артыгынын кереги жок. Өзүм үчүн жашаганга убакыт келди.
– Өткөн жылы узун чачыӊды кыркып келбетиӊе өзгөрүү жасадыӊ, мындай эрдикке баруунун да себеби бардыр?
– Ооба, чачымды кырктырдым, жашоомдо, жан дүйнөмдө революция жасагым келди. Бирок кыркып алып эч кимден жакшы сөз уккан жокмун. Инстаграмдагы күйөрмандарым «эмнеге кыркып салдыӊыз?» деп жактырышпады. Өзүм да бекер кылыптырмын деп 3 күн ыйладым. Чачтын өчү бар деп коюшат экен. Бир айдан кийин эле автокырсыкка кабылып баш мээм чайкалып, бутум сынып 15 күн ооруканага жатып чыктым. Болуп өткөн кырсыктарды чачыма байланыштырам, чачым менден өчүн алды окшойт. Экинчи кайчы тийгизбейм.
– Сени биздин порталдагы колдонуучулар «өзүн улуу көрсөткөн кийимдерди киет, имиджин өзгөртсө болмок» деп сындашат, буга кошуласыӊбы?
– Мен өзүм салттуу музыканын алып жүрүүчүсү болсом, сахнага комузумду көтөрүп алып жынсы шым, футболкачан чыга албайм да. Бул менин каалоом эмес, салттуу музыканын мыйзамы. Болушунча узун, жабык, улуттук кийимдерди кийишим керек. Телевидение да адамды 2-3 жашка улуу көрсөтөт. Мени сыналгыдан көрүп жаныма келгендер «кичинекей эле кыз турбайсыӊбы» деп таӊ кала беришет. Ал эми күнүмдүк жашоодо бардыгы сыяктуу эле спорттук кийим, чолок шым, майка, кроссовки кийип
жүрөм.
– Кинодогу ролдоруӊдан улам сени «ыйлаак, азап чеккен кыздын ролун көп аткарат» дешет. Шайыр-шаӊдуу, шок мүнөздүү адамдын ролун ойногуӊ
келеби?
– Учурунда киного тартылууга сунуш түшсө эле режиссёр мага ишеним артып жатат деп тартыла бериптирмин. Андай ролдорду азыр деле сунушташат, бирок акыркы эки жылдан бери андай ролдордон баш тартып жүрөм. Чынында, ыйлаак, башы азаптан чыкпаган кыздын ролу мага таӊууланып калыптыр. Ошону түшүнгөндөн кийин өзүмдү башка образдагы ролдордо да сынап көрөйүн деп чечтим.
– Азыркы Гүлнур кинодогу кайсы каарманына көбүрөөк окшош?
– Эч бирине окшош эмесмин. Жашоодо такыр башка адаммын. Балким, мурда ыйлаак болгондурмун. Азыр мени эч ким ушак кеп, жалган жалаа аркылуу оӊой менен ыйлата албайт. Дегеле көз жашымды жашырганды үйрөндүм. Бирөөгө сырымды айтып бугумду чыгаргым келсе унаамды айдайм да, түз эле Ала-Арчага барып сууга айтам, анткени суу эч кимге айтпайт.
– Досторуӊ үчүн курмандыкка барып, ал курмандыгыӊ акталбай калган учур болду беле?
– Андай досторго көп кездештим. Алар үчүн курмандыкка барып, кийин алардан күйүп калган күндөрүм болду. Айрыкча чыгармачылыктагы достор туруксуз болушат экен. Жанымда жүрүп эле башканы жамандап, кайра бетин сыйрып мени жамандагандарды укканда абдан ыӊгайсыз болом. Азыр ал адамдардын жанымда жок экенине шүгүр кылам. Мен алардан кеткен жокмун, алар уялганынан менден кетишти. Анткени ал адамдардын бет кап кийип мамиле куруп жүргөнүн билип калдым.
– Чыгармачылыкта Самара Каримова жана Асема менен дос элеӊ, азыр деле жакшы мамиледесиӊерби?
– Экөө менен теӊ абдан жакшымын. Самара экөөбүз былтыр Жалал-Абадга гастролго чыгып келдик, Асема быйыл Жаӊы жылда үйүнө чакырып коноктоду.
– Маегиӊе рахмат!

Лунара Бекиева
star@super.kg


Гүлнур Асанова: “Жан дүйнөм революция каалап, чачымды кырктым”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(74)
11.01.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чачын кыркса бизге эмне? Озу билсин озунун чачы! Аял озгоргусу келсе, психология боюнча алгач чачынан баштайт. Бул озгорууну туура эле корунуш деп эсептейм.

Озу болсо ачык-айрым, жопжонокой бир жакшына кыз. Суйлогону орду менен. Башка ырчылардай эл алдына чолок кийинип чыкпайт. Ал тургай сынактарга катышып да, башка ырчылардай болуп элдерге жар салбаптыр. Жонокойлугун ушундан бил!

Уй алдым дегени мактангандык эмес, оз ийгиликтери менен тен болушуп жаткандыгы! Мындан ары да ийгилик каалайм!
11.01.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
башынан эле жакпайт мага.сыйлайм жактырам талантту дегендерге тан калам
11.01.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бердигуловага окшоп суйлоп калыптыр го...
11.01.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турктордун Туба Буйукустуну деле упузун чачын кыркып,рак менен ооруган балдарга жардам катары берди го.Анчалык деле тан калуунун кереги жок болуш керек.
11.01.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жасалма суйлоптур ото эле, андай деле звезда эмес го,
Медиа-портал
11.01.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын сыйлайм былчылдатып эле обо бере турган кызда
SUPER.KG видео
11.01.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой бир сонун азаматсын онорун оркундой берсин. Коро албагандар суйлой берет. Оздору сага жетип алышсын,
11.01.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайлоодо иштеп батирлуу болдум дейби..Демек Гулнур депутардын акчасына эмес,элдин акчасына уйлуу болуптур,терээн ойлоп караганда..Ошого депутаттарга эмес элге Рахмат айтышын керек экен..))
11.01.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгоруптур жасалма болуп
11.01.2016. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кантип бир жылда эле уй алыптыр. Элдер тытынып эле иштешет, такыр уйго жетишпейт. Че то сомневаюсь
11.01.2016. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назира Бердигулова берген маекти кайра-кайра коргон го чиркин... Ошонун эле озу болуп бериптирсинер маекти. Жапжакшынакааай эле,токтоо кыз эле го. Озгоруптур бир кыйла эле
12.01.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
alitai92, Мурун деле ушундай сүйлөчүго! Негизи адам чоңойуп баштаганда же ошол кездеги маанайына карата да бир аз башкачараак сүйлөйт эмеспи!
11.01.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аа кошуна озгорупсун, озу илгери эле текебер элен,чынын айтсам жарашпайт экен, жонокойлукко эмне жетсин. Эмнеси болсо да бактылуу бол. Чачка жалко...
12.01.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чач сулуулукттун бир корку эмесби чачын кыркып сулуулугун жоготупттур сен дагы жар салып жатпайсынбы батир алдым деп элди кемсинтпе элден озун да калышпайсын
12.01.2016. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнур ото эле ачылып алгансын го
SUPER.KG видео
12.01.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы талант, абдан сыйлайм. Курманжан датка кинодо бир бырбыйып туруп ыйлайтго, чыныгы артист да. Нукура кыргызча жакшы жарашат, бирок бул стили абдан жакты. Негизи жонокой адам, эми тиги буга кагылып согулуп ар жак бержакты карап суйлош керек экенин чойро таасир этти да. Бактылуу бол кудайым тилегине жеткирсин. Кыргызстанды, кыргыздардын маданиятын таанытып журушуно тилектешмин
SUPER.KG видео
12.01.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
чыгармачылыгына ийгилик
12.01.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик..
12.01.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактыгул Бадыеванын уй булоосунон да кабар алып койунуздарчы,алдын ала рахмат.
13.01.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika888,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат.
SUPER.KG видео
13.01.2016. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чет олколорго чыга берип жасалма болуп алыптыр такыр эле чыныгы жан дуйносуно имиджи топ келбей калган нету искренности слишком фальшивая и это видно если б был похож ну не знаю
13.01.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чачы жагат болчу(((
SUPER.KG видео
13.01.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жонокой интервьюга эмне мынча былчылдата боенуп алган,уффф тимеле бети беш кабат шпатлевка.Озу жакшынакай эле кыз,мынча боенбосо деле...
SUPER.KG видео
13.01.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оштондобой эле жон отуруп маек берсе болбойт беле,жаман жадап кеттим аягына чейин чыдабай,обу жок болуп кетиптир
13.01.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
боенуп жазанып озун жакшынакай алып жургону жакшы да ырчы болгондон кийин бирок суйлогону мимикалары жазалма сыяктуу бир аз,чачын деле бир аз кыркса керек
14.01.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой деги ушу кыз жакпайт ото эле жасалма,интервью бергенин карасан никакого интеллекта.
14.01.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин чачым Гулнур айымдын чачындай олон,жоон болгондочу...кайран чач...
15.01.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таптатынакай эле суйлоптур мурдагыдай эле, жон эле башкача боенуп чачын кыркып алса айта бересинерби, озгоруулор озуно жарашыптыр! Азамат ийгилик!!!
Медиа-портал
15.01.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулнур эже ишинизге ийгилик!соонун болуп алыпсыз озгоргонунузмага жакты сизди кичинемде кинодон коруп тааныгам
16.01.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айымдар жаман корбосун. Бирок бул турмуштагы макал лакап. Чачы кысканын, акылы кыска! Айымдар эч убакта чачынырды кыркпагыла, силер чачынар менен барктуусунар.
Медиа-портал
18.01.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз,бирок мурунку берген маектеринде таптакыр башкача болчу,чачын айтпайм,ар ким озу билет,бирок суйлогондо башкача суйлоптур.талантын аябай баалайм,конур ундуу кыз.жонокойлук адамды сулуу кылат го ошондуктан жонокой бол Гулнур.Ийгилик!
SUPER.KG видео
01.02.2016. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдун тарта Берген адаты баркен.жудоп кеттим
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо