Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЖИ (сериал)

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Аруукенин апасы кызынын курбусуна чалды.
– Алло, Малика, кандайсыӊ? Классташтарыӊардан бирөө-жарым Москвадабы?
– Ооба, Айгерим анан Айбек бар.
– Арууке Москвадан жигитине кат жөнөтүптүр. Ал ошол жакта окшойт.
– Эмне деп жазыптыр?
«Сүйүктүүм менен Москвага кеттим» дептир.
– Демек, Айбекке кеткен экен да.
– Айбегиӊ ким эле?
– Мектепте Арууке экөө кыз-жигит болчу.
– Сенде ал баланын номуру барбы?
– Жок, бирок издештирип таап берем.
Малика сүйлөшүп бүтүп Айгеримге чалды.
– Алло, Айгерим, кандайсыӊ?
– Салам, Малика! Жакшы, Кудайга шүгүр. Өзүӊчү?
– Шашпай ал-акыбал сурашам. Мага тезинен Айбектин номуру керек болуп жатат. Сенде барбы? Ал да Москвада эмеспи?
– Эмнеге?
– Арууке жок болуп жатат. Кыязы, ал Айбектин жанында окшойт.
– Аруукеби? Ал менин жанымда. Жакында эле келди.
– Ошондойбу? Аны менен сүйлөштүрүп койчу.
Малика Арууке менен учурашып, аны урушуп өттү. Ата-энеси, Жанар издеп жатканын, Москвага Айбек менен кетсе керек деп божомолдоп чалганын түшүндүрүп берди.

***

Калиянын көздөрүндө үмүт пайда болду. «Башкысы аман болсун» деди ичинен. Жанардын көкүрөгү өрттөнүп кетти. Ал Маликанын «Айбекке кеткен го» дегенин угуп бушайман болуп жатты. Бирок ишенгиси келген жок. «Өзү менен сүйлөшүшүм керек» деп ойлонду. Дал ушул учурда Калиянын телефону шыӊгырап калды. Чет жердик номур экен.
– Алло, апа!- бул Арууке болчу.
– Кагылайыным, Аруутай, бул эмне кылганыӊ?- Калия ыйлап жиберди.
– Апа, кечирип койчу. Чын, менде баары жакшы. Барам, апа! Бирок азыр эмес, ыйлабачы эми, апа!
Калия жашын токтото албай жатты.
– Бул эмне кылганыӊ? Атаӊ экөөбүздүн издебеген жерибиз калган жок.
– Апа, менде баары жакшы. Кам санабагыла. Мындан кийин чалып турам. Силерге айтпай кетип калып, өзүм коркуп чала албай жаттым. Кечирип койгула! Апа, жакшы жаӊылыгым менен барам, ыйлабачы!- Арууке апасын араӊ сооротуп, жакын арада оорусунан айыгып барарын айтып жубатты. Бир убакта Калия телефонду Жанарга берди.
– Сен эмнеге келдиӊ? Мен сага баары бүттү деп айттым эле го.
– Арууке...- жигит сөз таппай калды.
– Мен азыр Айбектин жанындамын. Аны жакшы көрөм. Мага тоскоол болбочу, мейлиби? Жакшы жигитсиӊ го. Сага түшүндүрүп жазып жибербедим беле?
– Мен ишенбейм!
– Өз эркиӊ, бирок мен чындыкты айттым. Экинчи тынчымды алба, макулбу? Бактылуу бол!- Арууке телефонду коюп салды. Жанар саамга катып турду да, шаша-буша сыртка чыгып кетти. Кайда баратканын билбейт. Туш келди басып кете берди. Көөдөнү күйүп жатты. «Чыккынчы!» ачуусу менен кайра-кайра кайталай берди. «Чыккынчы!»

***

– Ким ал?- Айгерим телефонун тиктеген боюнча катып калган Аруукеге кайрылды.
– Мен жакшы көргөн адам. Жанар...
– Сен Москвага Айбек үчүн келдиӊби?
– Жок, анын бул жакта экенин билген да эмесмин. Малика апама ошондой божомолун айтыптыр. Мен атайын улап кеттим. Жанардын менден көӊүлү калганы жакшы.
Айгерим түшүнө алган жок. Бирок курбусунан баарын тактап сураганга даабады. Аздан соӊ акырын гана:
– Айбек дайыма биздин үйгө келип турат,- деп үн катты.
– Эмнеге?
– Экөөбүз бул жактан жолугуп турабыз. Москвада классташ деген бир туугандай эле да. Менин жумушума да барып жүрчү. Анан мен аркылуу Элиза менен таанышып, экөө кыз-жигит болуп калышкан. Азыр Айбек түнкү клубдардын биринде коопсуздук кызматкери болуп иштейт. Бош күндөрү дайыма Элизага келет.
Арууке эми гана эмне үчүн Элиза аны сын көз менен караганын түшүндү. Чынында, Арууке келгенче Айгерим менен Элизанын ортосунда Айбек менен Аруукенин бир кезде кыз-жигит болгону тууралуу сөз болгон эле.

***

«Чыккынчы!» Жанар ыза болуп чыкты. Ал мындай бурулушту күткөн эмес. Кызганды. Ачуусунун айынан Арууке эмнеге мындай кылды деп ой токтото да алган жок. Көкүрөгүндө түшүнүксүз боштук пайда болду. Ошол боштук жүрөгүн өйүп жатты. Үйүнө жеткен соӊ жолдон ала келген арактын оозун ачып ичип жиберди. «Ушинтсем бир аз жеӊилдейм» деп ойлогон, бирок тескерисинче арактын ачуу даамы менен күйүтү аралашып ого бетер ачуусу күчөдү. Аз өтпөй мас болуп калды. Башына эч ой келген жок. Аны ыза, ачуу кызганыч анан көкүрөгүндөгү белгисиз боштук алсыратып жатты. Бир убакта Арууке экөө түшкөн сүрөттү алып көпкө карап турду да:
– Билесиӊби, мен сени жек көрөм. Жек көрөм! Түшүндүӊбү? Сени сагынып ыйлабайм, жинди болбойм, себеби сен ага татыксызсыӊ. Сенде эч кандай ыйык нерсе жок экенин азыр түшүнүп отурам. Келесоомун да,- деп өзүнчө кытмыр жылмайып койду.
– Айбек... Айбек мененмин дейт. Билесиӊби кандай болот? Мейли, сен Айбегиӊ менен боло бер. Экөөӊөр үйлөнгүлө. Бирок күндөрдүн бир күндөрүндө биз жолугабыз. Сен
ошондо өкүнөсүӊ. Себеби бирөө да сени менчелик жакшы көрбөйт. Сен муну кечигип түшүнөсүӊ. Жанар болсо башка адам болуп калган болот. Анын сүйүктүү үй-бүлөсү, балдары болот, жетиштүү жашоодо жашайт. Кыскасы, сен менин сүйүүмдү чанып, кайдагы бир белгисиз жигитиӊе кеткениӊе далай өкүнөсүӊ. Сени эч кечирбейм! Кийин жолукканда сени сөзсүз өкүнгүдөй кылам! Мен эми таптакыр башкача Жанар болом.
Жанар дагы көпкө сүрөт менен сүйлөшүп отурду. Акыр аягында ал Аруукени ошончо жек көрүп жатып, ошол эле убакта чын дили менен жакшы көрүп жатканын сезди. Бул түшүнүксүз сезим болчу.

***

Жанар таӊ эрте ойгонуп өзүнө нааразы болуп кетти. Столдо арак, өзүнүн чачы уйпаланган. «Чыккынчы...» ал дале ичинен кайталап жатты. Күзгүнүн маӊдайына келди да: «Жо-ок. Бир чыккынчы, адамдын сезимин уруп ойнобогон кыздын айынан ичкич болуп жүдөп калбайм. Жанар, сен андай эмессиӊ! Ойгон! Бүгүнтөн баштап биз башкача жашай баштайбыз»,- деди.
Туруп үйүн жыйнап, өзүн иретке келтирди. Жасанып кийинди да, окуусуна жөнөдү. Сыртынан билгизбегени менен, көкүрөктөгү баягы белгисиз боштук дале бар болчу. Жанар болгон аракети менен башкача болгусу келсе да, Арууке анын ойлорунан кетпей жатты.

***

Арууке Айгеримге кошулуп официант болуп иштей баштады. Жумушунда бир аз алаксып күндү өткөрөт. Түнкүсүн болсо ыйлап чыгат. Акыркы күндөрү жалгыз калгандан коркчу болду. Себеби өзү менен өзү болуп калары менен дароо Жанары оюна келет. Бирге жүргөн күндөр, бактылуу мүнөттөр, жигитинин жылмайганы көз алдынан өтөт. Жүрөгүн оорутат.
Бир күнү алардын үйүнө Айбек кирип келди. Ал Аруукенин Москвага келгенин уккан. Босогодо көпкө кызды тиктеп турду. Арууке ыӊгайсыз болуп кетти...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(20)
11.01.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен биринчи урааа! Салт боюнча
11.01.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчиге сыйлык эмне экен??

Т.б.жашырбай койсо болмок!
11.01.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыктуу эле болуп барататго барган сайын
11.01.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичине көбүраак жазгылачы!
11.01.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыктуу экен кобуроок эле жазсанар болмок экен
11.01.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Откон эки санын кайдан окусам болот айтып койгулачы?сураныч!.
11.01.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musabaeva,
http://www.super.kg/article/show/34577/
http://www.super.kg/article/show/34659/ушул эки ссылкага кирсен, откон эки санын окуй аласын
11.01.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
XxX_1,Рахмаат
11.01.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musabaeva, Мурунку эки санынан)
11.01.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жумаа
11.01.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чоон рахмат, Супер-инфо бугун коп жазыпсынар)
11.01.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
limpopo кайерде турат кооп жазылып, аз эле болуп турбайбы
11.01.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир жумааа :(
12.01.2016. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
anjeli,айланайындар бизди бир жумааа дегизе бербей баарын эле озунчо сан кылып жазып койгулачы. Элди журок оорукчан кыла турган болдунар. Убалы кимге ыя. Кичине адамгерчилик кылгылачы эй
13.01.2016. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жума бир жума дей бербей мага окшоп бары чыгарылгандан кийин окууп койгула да кызыктуу да болот
13.01.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журогум ооруп кетти, эми эмне болоор экен?
13.01.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биз мин жалдыраган менен коп жазышпайт кайра майдалайт болушунча.Себеби бул деген бизнес ушул чыгарманы окуш учун да сатып алуучунун саны кобойот да
13.01.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы? Бул чыгарма кимдин калемине таандык?
14.01.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiazgul.sabyrova,
Саламатсызбы! Чыгарманын автору Марат Жанбараков.
22.01.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанага жалко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо