Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК ОТУРУШ ОКУУЧУНУН ӨЛҮМҮ МЕНЕН АЯКТАДЫ

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

17 жашар боз улан үйдө ата-энесинин жоктугунан пайдаланып жаӊы жылдык отуруш уюштурууну чечкен. Классташтарын чакырып, дасторкон үстүндө отурушканда жаӊжал чыгып, балдар бычакташууга чейин барып, натыйжада 1 окуучу каза тапты.

«ОКУУЧУЛАР МАС БОЛУП МУШТАША КЕТИШКЕН»
Окуя боюнча Ош ОИИББинин маалымат кызматынан Жанна Сатарбаева буларды билдирди:
– Окуя 2015-жылдын 29-декабрынан 30уна караган түнү болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Чат айылынын Аюу-Тапан участогунун тургуну Жантемир Матановдун үйүндө улуулар жоктугунан пайдаланып, анын уулу 1998-жылы туулган Байур Рыспаев классташтарын чакырып жаӊы жылдык отуруш уюштурган. Балдардын жаш курагы 16дан 19 жашка чейин. Көбү 11-класстын окуучулары.
Жошолу айыл округуна караштуу Жаӊы-Турмуш айылынын тургуну, Курманжан датка атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Байазан Жылдызбек уулу менен Аюу-Тапан участогунун тургуну Эрдос Эркинбек уулу экөө урушуп кетишет. Тергөөдө белгилүү болгондой, Эрдос ашкана бычагы менен Байазандын жонуна 3 жана көкүрөгүнө 2 жолу сайып салган. Окуяга күбө болгон балдар коркуп кетишип, бири айдап келген Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаага жабырлануучуну салып, ооруканага алып барышкан. Байазан Жылдызбек уулунун бычактан көкүрөгүнө алган жараатынан улам 2,5 литрге жакын кан ички органдарына куюлуп кеткен. Ал ооруканага жетпей жолдон каза болгон.
Кылмышка шектелип жаткан 1998-жылы туулган Эрдос Эркинбек уулу Аюу-Тапан участогунда жашынып жаткан жеринен кармалды. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү Эрдос Эркинбек уулу «Байазан Жылдызбек уулу мас абалда балдарды уруп, жаӊжал чыгарган» деп көрсөтмө берүүдө.

«АЗЫР ДА БАЛАМ ӨЛГӨН ЖЕРДИ КУЧАКТАП ЫЙЛАП ОТУРАМ»
Маркум Байазандын апасы Айнура Узакбаева «баламды көзү жоктугунан пайдаланып каралап жатышат» дейт.
– Байазаным балдарымдын улуусу болчу. Ал 7-класс кезинде эле атасы каза болуп калган. 3 инисинин, жалгыз карындашынын жана менин таянар тообуз, ишенген адамыбыз болчу.
30-декабрда мектепте Байазандын жаӊы жылдык кечеси болмок. Ошого даярданып жатсак үйгө балдар келип калышты. «Бир жакка барып келейин, бат эле келем» деди. Жибербей коёюн десем, балдар шаштырып туруп алышты. Өзү да шаша тамагын ичип, жөнөп кеткен. Көрсө, коӊшу айылдагы Байур деген баланын үйүнө отурушка алып кетишиптир. Анын ата-энеси Орусияда болгондуктан, кызына акча салып, «азык-түлүк алып Байурдун отурушун өткөрүп берип кой» дешиптир. Ошол жерде болжол менен 15-16дай бала болгон экен.
Түнкү саат 2ге чейин күттүм, келген жок, таӊ аткыча кирпик каккан жокмун. Эртеӊ менен кара көзүмдү кашайтып суук кабар алып келишпедиби. Баламды азыр өлүп калганынан пайдаланып, көзү жок деп каралап жатышат. «Ал өзү тийишкен, ошол жердеги балдардын баарын сабаган, тепкилеген, жалгыз ошол мас болчу...» деп. Эмне, менин балам жалгыз бекинип алып ичип, анан сыртка чыгып ошончо баланы сабагыдай жинди болуптурбу?!
Байазанды сайган Эрдос деген бала уулум өлүп калганын көрүп коркуп, өзүн-өзү өлтүрөм деп чуу салып, калган балдардын баары ошону кармайбыз деп жүрүп менин балама көӊүл бурулбай калыптыр. Көп кан жоготуп жолдон каза болуптур.
Азыр да анын каза болгон жерин кучактап ыйлап отурам. Күн сайын кайненемдин кармаганына болбой ушул жерге бир нече чакырым басып келип бой урам, ыйлайм, боздойм. Таянар тоомду жоготуп, кан жутуп калам деп ойлогон эмесмин. Эми бизди ким багат? Чарбабызды ким моюнуна алат? Анын ашыкча басып, тентек кылып көчө таптап жүргөнгө убактысы да жок болчу.

«БУЛ – КЫРСЫК, БАЛДАР ЖАШТЫК КЫЛЫШТЫ»
Кылмышка шектелип жаткан 17 жаштагы Эрдос Эркинбек уулунун атасы Эркин Маканов «уулум жоош, жакшы окуган бала. Ал ачуулуу абалда ушуга барды го деп жатам» дейт.
– Уулум Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67-кесиптик лицейде окуйт. Аны 9-классты бүткөн соӊ эрте кесипке ээ болсун деп ошол жакка окуткам. Бул кырсыкка кандайча кабылып калды билбейм. Анын отурушка кеткенин деле билген эмеспиз. Азыр балам менен сүйлөштүрбөй жатышат, убактылуу кармоочу жайда отурат. Аны менен чогуу отурушта отурган башка балдар менен да байланыша албай жатам. Баарын «көрсөтмө бересиӊер» деп милиция кызматкерлери алып кетишиптир.
Райондон жактоочу жалдадык. Мектеп жашындагы балдарга кандай мамиле жасап жатышат билбейм. Кандай болгон күндө да мыйзамдын негизинде чечилет да. Биз каза болгон баланын үй-бүлөсүнө көӊүл айтып, азыр ошол иштер менен алек болуп жатабыз. Кырсык болуп кетти, балдар жаштык кылышты.

«МЫЙЗАМ АЛДЫНДА ЖООП БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ»
«Ата-энесин катыштырбай мектеп жашындагы балдардын үстүнөн тергөө иштерин жүргүзүү мыйзамдуубу?» деген суроо менен НАСА юридикалык компаниясынын юристи Нурбек Абдалиевге кайрылдык:
– Адам 14 жашка чыккандан кийин мыйзамга баш ийип, жасаган кылмышы үчүн жооп берүүгө милдеттүү. Бирок тергөөчү аны жактоочусу жок суракка албашы керек. Өспүрүмдүн ата-энеси тергөө иштерине катышууну каалап жатса, бул ишти карап жаткан тергөөчүгө арыз менен кайрылса болот. Бул жерде оор кылмыш болгондуктан кылмышы далилденсе, 17 жашка чыккан өспүрүм чоӊ кишидей эле жазасын алат.

«ОКУЯ ОКУУ ПРОЦЕССИ УЧУРУНДА БОЛГОН ЭМЕС»
«Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын жаӊы жылдык отуруш уюштурууларына тыюу салганбы? Эгер бул тууралуу тиешелүү токтомдор кабыл алынган болсо, эмне үчүн мугалимдер тарабынан көзөмөлдөнбөйт?» деген сурообузга министрликтин басма сөз кызматынан төмөнкүдөй жооп болду:
– 2015-жылдын август айынан тарта күчүнө кирген токтом боюнча өспүрүмдөр түнкү саат 22:00дөн таӊкы саат 06:00гө чейинки убакытта көзөмөлсүз жүрбөшү керек. Ал эми жогорудагы окуя окуу процесси учурунда эмес, окуудан сырткаркы убакта болгон. Ал учурда балдардын жүрүм-турумуна ата-энелери жоопкер. Ошол себептен жаӊжалга аралашкан балдар билим алган мектептин жетекчилигин окуяга байлап жазалоо же иштен айдоо негизсиз.
Кырсыкты кайдан деп болбойт. Кечээ эле бир үйдүн жүгүн моюнуна алып, эрезеге жетип калган бала бүгүн минтип каза болуп калды. Кылмыштуулук күчөп турган маалда ата-энелер балдарына сак болуп, катуу көзөмөлдөшсө дейт элек.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
11.01.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эхх жаш балдар шайтан алгыр арак ичбегенде балким болмок эмес каза болгон баланын үй бүлөөсүнө көңүл айтабыз
11.01.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Eh okunuchtuu!
Birok bul jerde mekteptin ech kandai kunoosu jok! Birdeke bolso ele mektepke shyltai salyshat! Mektep okuuchunun 5-6saaty uchun ele joop beret, kalgany ata-enenin moinunda!
11.01.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аракты ичсе баары ичет да иче тургандар, жалгыз ичпесе керек. Баланы жок деп баарын ошого шылтап жатат. Тергөөдө 1-2 таяк жесе айтып эле коёт, төкпөй чачпай.
11.01.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуучуларын деле озундун балдарындай болуп,тынч,аман-эсен мектепти бутуп,бар болушса экен деп тилек кылып калат экенсин.Баланын куйутун салбасын Аллахым,сабыр тилеймин энесине,Аллахым озу жар болсун сизге...
11.01.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аттары эле озгочо го.Аябай окунучтуу он гулунун бир гулу ачыла элек, али 18ге толо элек балдар мынантип кутулбогон кырсыкка учурап отурушат. Окунучтуусу бири темир тор артына кетсе, бири оо дуйно кетип баарын арманга салышты.Ата-эне балам, ботом деп сыздабасын.Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтабыз.
11.01.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркин ака Айнура эжени уктунузбу баласын туну менен кутуп отурган сиз баланыздын каякта экенинда билбейсин. Сизде да куноо бар.
11.01.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы окуучучлардын баары эле урушуп кетишсе сразу бычакташып киришет окшойт,уже канчанчы случий
11.01.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тиги маньяк окшойт.
11.01.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
fanatkg, тиги маняк атайын маняк болгон эмес инимин досу ата энеси ажырашып кетткен жакшы эле бала болчу коёнду камыш олтурот жигити намыз олтурот деген соз бар намызына катту тийген ал бала иним айтып жатпайбы олгон бала мектепте атаман дейби ошондой экен
11.01.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
gylburak_kg,
brat olgon bala m.n kosho okup kosho chonoigom
erdos ittik kyldy kosho ele jurgon bala ele
11.01.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жаткан жери жайлуу болсун бейиштин торунон орун берсин аябай жаш кетиптир
11.01.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капатаси суук немего бул бала.
11.01.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
moskyrsat,сиздин капатанисти коргум келтат
vangolu түзөттү 2016-01-11 17:37:22
11.01.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечиресиз билип билбей суйлобогуло пл олгон бала эрдостун ата энесине асылыптыр ким ата энесин жамандаса жини келбейт же сиздерге жагабы дагы асыл ата энеме дейсиздерби
11.01.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атайын иттик кылбаса керек ал баланы жон жерден бычактабайтда
11.01.2016. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
gylburak_kg, Эмне иттик кылса эле бычак сайып олтуруп коюш керекпи? Болгондо да 5 жолу сайыптыр. Бычак которо калбай эле колу менен эле урбайт беле.
11.01.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулбурак эже сиз да уч-чаттан окшойсуз.коз жумган бала жоон жургон балдарга тийишпейт болчу.эрдос да бир деме деген да кантип эле олгон баланы жамандай берсин .мен ошол Жаны-Турмуштан болом уйу 300 метирдей алыстыкта жайгашкан аябай жакшы бала болчу .сиз озунуз эч нерсе билбей эле ушактарды угуп алып тантырап жатасыз .кансе да жаткан жери жайлуу болсун ..
11.01.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
josholu, сен мени тантыратпай озуну билчи бул нерсени убакыт коргозот жалган дуйнодо актап актана бересин баарыбыз кылган ишибизге жооп
11.01.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gylburak_kg,эми аман эле болун да кылмышкерди коргогон кандай адамсыз .
11.01.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч бир Ата-энени балам дегизбесин.Перзенттерибизге Аллахым омур берсин
11.01.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erdos joosh bala ele
Baiazan chonurak ele birok al jerde baary mas bolchu anan al tort kesip jatkan bychak menen jonuna 2 jolu saiyp kokurooko 3 jolu saigan alar balnitsaga alyp baryshtan korkup eki jaka sudurop juro bergen kan karga tiise kandy bekitishken

erdos it eken
12.01.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kesiptik litseyde okugan baldar demeyde jatip okushat,oshol uchun Erdostun ata enesinin balasinin oturushka ketkeninen kabari jok...eger ushunday bolso anda kesiptik litseydin mugalimderinde da kunoo bar alarga amanat etilgen baldardi kochogo chigarbay jakshi kozomoldosh kerek bolchu
13.01.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашы жете элек балдарга спирт ичимдиктери сатылбаш керек!!
13.01.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жапжаш 16га чыккан балдарга бычак кармашты,арак ичишти ким койуптур,урушуп кетседа жон эле мушташа бербейби,мугалимдер козомолдобойбу окуучуларды дейт,28 инен баштап каникулга чыгышат туну 2де ар бир окуучуну кайсы мугалим козомолдойт,энесине сабыр берсин,жаткан жери жайлуу болсун,Эрдос кылган кылмышына жараша жазасын алсын.
13.01.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым сабыр берсин апасына.
14.01.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул нерсенин баарына негизги себепчилердин бири колубуздагы телефон,ушул телефондон интернет дегенден эмнени гана корсо болбойт,баарын коробуз,играларын ойнойбуз ошондон улам жаш балдар «нервный» болуп жатышат,жыйынтыгында ушул ишке барып жатышат
14.01.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык куноо отуруш жасаган баланын ата энесинде,россияда туруп алып отуруш откоз деп эмнеге акча жонотот,мугалимдер туну менен кайтарып чыгыш керекпи окуучуларды,бардык нерсе ата-энелердин кайдыгерлигинен келип чыгууда,бардыгыбыз балдарыбыздын кайда,эмне кылып жургонун козомолдошубуз керек,кырсык айтып келбейт,кудай сактасын,баарыбызга кудайым ыйман берсин.
16.01.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tairova8484,Россияда ойноп журот дейсизби,балам башкалардан кем калбасын дегенда,кайдан билишсин алар мындай болоорун.
14.01.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабвктын ортосунда
14.01.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур
14.01.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына оздору кунолуу,ооба менин боорум ооруп жатат бирок жинди суудан ичишкени алардын жинди болгонудан дарек берет
15.01.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жылдын ксепети.
15.01.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы арак уудан айырмасы жок ким ичсе да боло берет мындай иш
16.12.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттары озгочого баарынын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо