"ВИА Градан" бак тапкан ВЕРА БРЕЖНЕВА

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

Карапайым үй-бүлөдөн чыккан, КМШ боюнча эӊ популярдуу айымдардын катарына кирген Вера Брежневанын тагдыры «ВИА Гра» тобуна байланган. Ошол топ аркылуу элге таанылды, жылдызы жанды, кала берсе бактысын да тапты. Атактуу композитор, продюсер Константин Меладзени торуна илген Вера айым өзү ким, кайдан чыккан? Ошондон кеп козгойбуз.

Толук аты-жөнү – Вера Галушка
Туулган жылы – 1982-жыл, 3-февраль
Туулган жери – Украина, Днепропетровск облусу, Днепродзержинск шаары
Кесиби – Экономист
Тартылган тасмалары – «Чоӊ шаардагы сүйүү-1, 2, 3», «Балатылар-1, 2», «Жунгли» жана башкалар
Популярдуу ырлары – «Чоӊ шаардагы сүйүү», «Көз жаштын желекчелери», «Реалдуу жашоо» жана башкалар

КАФЕДЕ ИДИШ ЖУУГУЧ БОЛУП ИШТЕЧҮ
Орусиянын сексуалдуу айымдарынын сап башында турган Вера Брежнева карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Анын ата-энеси химиялык заводдо иштеп, тапкандары кыздарына жаӊы кийим алып бергени бул жакта турсун, тамагына араӊ жетчү. Айлыктан айлыкка араӊ жашаган үй-бүлөнүн кызы ата-энесине жардам болсун деп 11 жашынан иштеп баштайт. Гүлдөрдү кырккандан тарта бала багуучу, кафелерде идиш жуугуч болуп акча табат. Кийимдери жупуну, көз айнекчен сары кыздын мектепте достору деле болгон эмес. Ага карабай мектептеги бардык иш-чараларга активдүү катышып, спорттун көп түрү менен машыгып, ийримдерден калчу эмес.

ВЕРАНЫ ЧАРЧАТКАН «ВИА ГРА» ТОБУ
Вера Галушканын (ред. Брежневанын) «ВИА Гра» тобуна алынышы анын жашоосундагы чоӊ бурулуш болгон. Алгач Вера топто вокалы күчтүү кыздардын көлөкөсүндө жүрүп, бара-бара популярдуулугу артып баштайт. Ошентип, жаӊыланган топтун рейтинги көтөрүлүп, легендага айлана баштаган. 4 жыл курамда үзүрлүү эмгектенип, 2007-жылы гана жеке ырчы катары бөлүнүп чыгат. «Чарчадым. Курам тез-тез алмашып жатты. Мен да кетишим керек экенин сездим. Анан да кызым Соня 1-класска бармак. Эне катары аны мектепке алып барып, сабагына каралашып, мээримдүү эне болгум келди» деп айткан.
Бир жыл тыныгуудан кийин Вера Биринчи каналда телеалпаруучу катары чыга баштайт. Ошондон кийин эле ага теледолбоорлорго катышууга, киного тартылууга сунуштар жааган. Аны менен катар жеке ырчы катары да карьерасын унутта калтырбайт. Ошентип, жеке ырчы катары да, актриса, телеалпаруучу катары да ийгиликтерди багындырып, 5 жолу «Золотой граммофон» музыкалык сыйлыгын, бир нече ирет «Жылдын мыкты айымы», «Эӊ стилдүү айым» жана башка наамдарды багындырат.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Вера 2001-жылы 19 жашында жарандык никеде жашаган Виталий Войченкодон кыздуу болот. Виталийдин ырчы айым тууралуу: «Мен Вераны эч нерседен кем кылган жокмун. Кийинттим, ичинттим, дүйнө кездирдим. Биз ажырашканда Вера мага кайда барарын айткан эмес. Чынын айтсам, ал кезде мен жинди болуп кала жаздагам. Сүйүү менден күчтүүлүк кылып койду»,- деп айтканы бар. Вера андан кол үзгөндөн кийин 2006-жылы украиналык бизнесмен Михаил Киперманга турмушка чыгып, анын фамилиясын алат. Үч жылдан кийин экөө Сара аттуу кыздуу болушуп, бирок 2012-жылы ажырашып кетишет. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» демекчи, ал кезде Вера менен Константин Меладзени көӊүлдөш деген кептер дуу-дуу болуп турган. Айрым маалыматтарга караганда, Михаил Киперман да алардан шекшип, артынан байкоо жүргүзүп, акыры ажырашып тынган.
10 жылдан бери Константин Меладзе менен Вера Брежневанын артынан ээрчиген ушактарга былтыр экөө үйлөнүп акыры чекит коюшту.

«КИЙИМ ЖИНДИ ЭМЕСМИН»

  • «Мени бирөө капа кылса, көӊүлүмдү оорутса, ага билдирбегенге аракет кылам. Кийин гана эч ким жок жерге барып ыйлап, бугумду чыгарам. Жакын адамдарым мени сатып кетсе да кечирем. Бирок андан кийин ал кишини жашоомдон чийип салам».
  • «Азыркыга чейин сахнага чыгарда толкунданып, жадакалса ичим түйүлүп чыгат. Анан да аябай уялчаакмын. Мени макташса эле өзүмдү ыӊгайсыз сезип, теманы бурганга шашам».
  • «Кийим жинди эмесмин, мода куубайм. Керек учурда эле албасам, кийим издегенден да эринем. Менин дене мүчөм стандарттуу болбогондуктан 10 кийим кийсем, анын бири гана мага ылайык келиши мүмкүн».

АНАН ДА...

  • Веранын гонорары тууралуу ачык айтылбайт. Былтыр Владивостокто ырдаганы үчүн уюштуруучу 235 миӊ рубль бербей, ырчы айым сот аркылуу аны өндүрө албай жүргөнү белгилүү.
  • «Комсомольская правда» басылмасына Вера Брежнева саатына 40-80 миӊ еврого ырдаары тууралуу жазылган.
Веранын улуу кызы Соня азыртан салтанаттуу кечелерге катышып, журналдардын башкы бетинин көркүн ачып жүрөт.

Ага-ини Меладзелер биринчи жолу жубайларын эл алдына алып чыгышты.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(11)
11.01.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагат ушул Вера
11.01.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагатта
11.01.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
обожаю
11.01.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага эч жакпайт ушул Вера..Виа гра дан эн эле татыктуусу Надежда Мейхер Грановская деп билем
11.01.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маалымат экен. Эмки саныныздарга Альбина Жанабаева жонундо да жащыпыздарчы.
11.01.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагат...
12.01.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Админ сиздерден сураныч кийинки сандарда Ли бён хон тууралуу кобуроок маалымат жазып коюнуздарчы.
12.01.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altynbek.96,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
13.01.2016. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин кайын синдиме аябай жагат да. ырларын жуктоп беруумду эле сурана берет.
13.01.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вера мага да аябай жагат
16.01.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адмирал деген кинодо ойногонбу ушул Вера
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо