Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧУУДАН УЛАМ GOOGLE'да ЧУЧУК ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ ИЗДЕГЕНДЕР 1 СУТКАДА 100 ЭСЕГЕ КӨБӨЙДҮ

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

Узап кеткен 2015-жылдын 30-декабрында «Кумтөр» кенинде ширетүүчү болуп иштеген Майкл Макфит аттуу Британиянын жараны Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына майрамдык дасторкон үстүндө түшкөн сүрөттү жарыялап, «кыргыздар жылкынын жыныстык мүчөсүн жеш үчүн кезекте турушат» деп жазып койгон. Жылкынын жыныстык мүчөсү дегени бул кадимки чучук болчу.

ФЕЙСБУКТА ТАМАШАЛАЙМ ДЕП ӨЛКӨДӨН АЙДАЛДЫ
Мындай болот деп эч ким күтпөсө керек. Бирок «Кумтөр» компаниясынын жумушчулары чучукту шакабалаган Макфитти жоопко тартууну күч түзүмдөрүнөн, компаниянын жетекчилигинен талап кылышып иш ташташты. Ал эми британдык жаран ал билдирүүнү өчүрүп, ийгиликсиз тамашасы үчүн социалдык тармак аркылуу кечирим сурады. Аз өтпөй ал «Манас» аэропортунан өлкөдөн чыгып кетерде кармалып, сурак берди. Ага карата кылмыш иши да козголо турган болгон. Бирок Макфит Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берген документтери туура эмес болгондуктан депортацияланып өлкөдөн чыгарылды.

ДҮЙНӨ ЧУЧУККА КЫЗЫКТЫ
Кыскасы, чучук бул жуманын негизги каарманына айланды. Буга чейин биздин өлкөдө мындай окуя катталган эмес. Аталган жаӊылыктан улам айтылуу британдык «Гардиан» басылмасы жана дүйнөлүк бир катар аттуу-баштуу маалымат каражаттары окуянын жүрүшү тууралуу жазып жатышты. Коӊшу Казакстан жана Орусиянын басылмалары да четте калышкан жок. Атүгүл алыскы африкалык Гана өлкөсүндөгү Ghanaweb.com интернет сайты да чучук тууралуу жазып чыкты.
Чучуктун айланасындагы бул ызы-чуу интернет колдонуучуларынын арасында да кызыгууну жаратты. Ошондуктан кыргыз деликатеси тууралуу дүйнөлүк желеден маалымат издегендердин саны көбөйүп кетти. Интернеттеги издөөлөрдү анализдеген Google Trends кызматынын маалыматына ылайык, чучук жөнүндө маалыматтарды издегендердин саны 1 суткада жүз эсеге көбөйгөн.

ЧУЧУК ШЫЛТООБУ?
Кыргыз коомчулугунда бул окуя ача пикирлерди жаратты. Калыӊ элдин дээрлик көп бөлүгү Майкл Макфитти жоопко тартуу керектигин колдогону байкалды. Баарыбыз сый тамак катары көрүп, кадырлуу мейманыбызга тартчу чучукту чет элдик жаран жыныстык мүчөгө салыштырганы эч кимге жакмак эмес. Аздектеген тамагыӊды бирөө кемсинтсе ким эле ачууланбасын?! Бирок ушунча чуу болушу керек беле?
Коомдун дагы бир бөлүгү чучуктун мындай чуусуна таӊ калып да, түшүнүп да бүтө албай турат. Интернеттин активдүү колдонуучуларынын бири Данияр Айтман бул боюнча блог жазып, оюн айтууга жетишти: «Келгиле, өзүбүздү өзүбүз алдабайлычы. Чучук – бул жөн эле шылтоо. Чет элдиктер кулинариядан эмес, алар бай – биз кедей, алар күчтүү – биз алсыз, алар эркин – биз көз каранды болгондуктан өздөрүнүн бизден артыкчылыгын сезип жатышат. Биз аларга чучук жеген үчүн эмес, ала качып үйлөнгөнүбүз үчүн, коррупционерлер менен табакташ болуп, балдарыбызды ач-жылаӊач жана караӊгы келечекке алып баратканыбыз үчүн жапайы көрүнүп жатабыз.
Эгер Кыргызстан Япония сыяктуу болгондо чет элдиктер чучук жөнүндө кыргыз экономикалык кереметинин жандырмагы катары диссертация жазышмак. Келгиле, ошон үчүн япон ийгиликтерине жетели да, улуттук тамагыбызды дүйнөгө таанымал кылалы»,- деген оюн жазган.
Алия Суранова аттуу блогер да өзүнүн оюн билдирип өткөн: «Мен бул намыс дегени кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүтөрүн билбейм. Кыргыз жигиттери кыргыз кыздарын кемсинтип жатышканда, биздин кыргыз эли кимге добуш берип жатканын билбей, жакынкы 5 жылдык келечегин 500 сомго сатканда, биздин эркектерибиз үйдө жатып, аялдарыбыз Орусия, Казакстанда тытынып иштеп жүргөндө эмнеге ошол намыс ойгонбойт? Мына ошол намыс биз пара бергенде, мыйзамдарды бузуп жатканда, салыктардан качканда ойгонобу?»

ЧЫДАМ ТҮГӨНГӨНДӨ
Чучук чуусу ошончо чет элдик басылмаларга жарыяланганы Кыргызстанды уяла тургандай абалга кептеди. Фейсбуктагы ийгиликсиз тамаша үчүн аэропорттон кармап келип, суракка алып, анан депортациялап жиберүү бери дегенде акылсыздык, ачууга алдыргандык болду деп баалагандар да четтен чыгат. Бирок Майкл Макфит да ичкен кудугуна түкүрбөшү керек болчу. Анын бай мамлекеттин жараны болгондугу ага Кыргызстандын баалуулуктарын шылдыӊдай берүүгө укук бербейт.
Негизи, «Кумтөрдүн» жумушчулары айлык маянаны жогорулатууну талап кылып жатышкан эле. Мына ушул көйгөй, акыр аягында Макфиттин оозу менен айтылган кемсинтүү «Кумтөрдө» иштеген кыргызстандыктардын чыдамын түгөткөн го деген ой келет.

Тилинен тапкан Майкл Макфит жана анын чуу чыгарган Фейсбуктагы билдирүүсү.

Интернетте чучукка байланыштуу тамашалуу сүрөттөр көбөйдү.

«Супердин» сурак бурчу
Чучукка байланыштуу чырды кандай кабыл алдыӊыз?
Кубан Чороев, экономист:
– Биз ар бир нерсеге позитивдүү караганга үйрөнсөк. Мындай чуудан да чоӊ пайда таба алабыз. Бир дагы маркетинг агенттиги чучукка мындай дүйнөлүк масштабдагы жарнама жасай алмак эмес. Азыр ушул чуудан улам дүйнө элинде чучукка болгон кызыгуу ойгонду. Мисалы, менин досумдун Канадада чучук жасоочу чакан ишканасы бар, азыр ага буюртма көп болуп, жетишпей жатыптыр.

Сүйүн Откеев, режиссёр:
– Чучук маселеси мени бир чети капа кылды, бир чети кубандырды. Капа кылганы, чет элдик жарандын кыргыз элин басмырлаганы болду. Кубандырганы, дүйнөгө аз болсо да чучук деген тамагыбызды тааныта алдык. Бирок кээ бир жарандарыбыз аша чаап, агрессиясын өтө эле ашыкча көрсөтүп койду. Бул туура эмес. Кыргыз-киргиз болуп эки тарапка бөлүнгөнгө да жетиштик.

Дастан Бекешев, Жогорку Кеӊештин депутаты:
– Албетте, Макфит туура эмес кылды. Биз да чучуктун айынан ушунча чуу көтөрүп, дүйнөгө туура эмес жагыбызды көрсөтүп алдык. Чет элдиктерде «Кыргызстанда социалдык тармакта да этият болуш керек экен. Камап коюшат турбайбы...» деген ойлор келет. Жөн гана кечирим суратып койсок жетиштүү болмок. Мынча ызы-чуу болуп, Африкага чейин жарыялаштын кажети жок эле.

Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:
– Чучук окуясынын эл аралык деӊгээлге чыгып кеткени туура эмес көрүнүш болду. «Кумтөрдө» ак мөӊгүлөр жок болуп кетүү коркунучунда турат. Экономикалык да, социалдык да маселелер толтура. Мына ушул терс көрүнүштөргө карата жалпы күрөшкөндүн ордуна чучук үчүн коомдун бир бөлүгү ызы-чуу түшүп калды. Башка көйгөйлөрдү чечүүдө да ушундай активдүү болсок кана?!

Азамат Аттокуров, экономист:
– Аша чаап кеттик. Бирок мейман дагы дөдөйлүк кылды. Башка жерге мейманга бардыӊбы же иш боюнча бардыӊбы, кожоюндун тамагын, үрп-адатын мазактаганга болбойт. Британдык жаран маданият деӊгээлинин төмөндүгүн көрсөттү. Бир жакка жумушка барарда же саякатка жөнөрдө жергиликтүү элдин тарыхын, маданиятын изилдеш керек. Анан ошого жараша мамилелер түзүлөт.

Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеӊештин депутаты:
– Куру намыска алдырдык. Менин оюмча, шотландиялык адистин кыргызстандыктарды кемсинтейин деген жаман ою жок болсо керек. Фейсбуктагы досторубуз бири-бирин, белгилүү адамдарды же ажобузду да сынга, жаман сөзгө калтырганда сый-урматты, намысты дайым ушинтип коргоп турсак...

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
11.01.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эшек чуусу 2015.
Чучук чуусу 2016(хит).
11.01.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Чын журоктон баарыбир
15.01.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asad345,эн туура, бул жерде кумторду баякыле саясатка аралаштырып атышат
11.01.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Намыс деген жогоруда эмес ылдыйда жашап калган окшойт.,
11.01.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жогоруда Эльвира Сурабалдиева эжебиз жазыптыр "ажобузду да сынга, жаман сөзгө калтырганда сый-урматты, намысты дайым ушинтип коргоп турсак...
Ошого коргогонго татыктуу ажо ,депутаттарыбыз болсо намысты колдон алдырбай сыйлап-урматтап колдоп коргоп алат элек....
12.01.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Neizvestno777, мисалы сиз кимсиз. Кантип депутат болдунуз деп койбоймунбу
11.01.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Реклама жакшы эле болду го. Чучуктун баркы эми которулот, дуйнолук ресторандарда чучук эн мыкты,кымбат деликатес болот. Кыргыздардын улуттук тамагы делип кыргыздардын аты чыгат. Мунун эмнеси жаман? Чучуктун эмнеден жасалганын интернеттен чукуп, билип, анан талап жешет чет элдиктер. Башка мамлекеттерде деле бака,келемиш,курт-кумурска жешет го деликатес катары. Аларды деле аябай жазышат,эмнеге чуу болбойт. Кубан Чороевге кошулам, позитивдуу бололучу.
11.01.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Хе хе хе чучук деген америкостор кооп болуп,кыргыз элим чучук бизнеси мн байып,экономикабыз которулсун оомииийн!!!
11.01.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суу ичкен кудугуна тукурбо деген соз туура келет бул чучук чуусуна. Ким болсон да кайда барсан да ошол барган жериндин маданиятын тилин сыйлоон керек,мисалы мына азыркы кезде баарыбыз орусияда казакстанда иштеп журобуз,ошол олколордун тилин сыйлап ошол тилде суйлойсун,ошол маданиятты сыйлап каада салтын сыйлап жашап келесин,ошондуктан ар бир чет олколук жаран биздин тилибизди,маданиятыбызды,каада салтыбызды,тамак ашыбызды урматоосу керек,булардын баары мамлекеттин улуттун баалулугу эмеспи.
11.01.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Kyrgyzstan , srochno chuchuktun jasaluu rezeptin patenttegile!!!! Kazaktar "Karajorgonu"tartyp algandai, chuchuktu da tartyp alyshpasyn.
FSB түзөттү 2016-01-11 18:26:43
11.01.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура эле иш кылды. Алар бизди теңсинишпейт да. Депорт аздык кылат болчу. Көңүл боштук да.
11.01.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошонун озуно чучукту тойгозо жедирип койсо уйалып калат беле
12.01.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muktar85,muktar85, ХХХ ХХХ ошондо тушунот катасын
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-12 10:21:26
12.01.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Neizvestno777,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
12.01.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bolor ish bolgondon kiyin emne okunup atasinar,deport bolboy kalsa dagi chuu kilmaksinar da bizde namis jok korkoktuk kildik dep,tuptuura ele boldu,ar bir jamandiktan kiyin jakshilik da bolot degendey shiltoo menen chuchuktu da duynogo taanitip aldik
12.01.2016. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен тескерисинче чучук дуйно жузуно реклама болду деп ойлойм . Эми туристтер кызыгып жеп корушот болсо керек. Ал эми Майкл регистрац.бутуп калып уйуно бекер кетейин деп ойлоп журсо керек
12.01.2016. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтат чучукту патенттеп кыргызга гана таандык кылгыла Фейсбукта мурчтап салган суротторду коруп бир каткырып алган элем Биз дуйного ким экенибизди жакшы эле коргоздук
12.01.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Былтыр "Эшек" менен быйыл "чучук" онугот деген ушу...
12.01.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2017-эшектин чучугу...
12.01.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар митингди суйобуз негизи, башка мамлекетке барып курбака, курт кумурска жегенин коруп интернетте канчалап жазып журушот, жамандап эле, эч бир олкодон минтип митингге чыкпайт, айтса айтты да, газетага жазып чыккан жок го, озунун достору гана корду интернетте жазганын.Улуттар аралык араздашууну пайда кылды деген статья боюнча куноолоптур Майклды, ойлонуп коргуло туура келбейт, эч кимди эч ким жамандаган жок, улут жонундо соз козголгон жок.Кыскасы, дагы бир жагыбыздыбашка элдерге корсоттук
12.01.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай активдуулукту баардык жерде корсотсок кана!.
12.01.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошо юбка кийген шотландиялык аман болсунчу
13.01.2016. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Казактар кыргыздарга аябай тан калып жатышат кыргыздар намысын бербеген калк экен дешип, Казак улутун мазактаган кино тартылган экен Казакстанда ошондода Казактар каршылфк коргозо алышкан эмес экен.
13.01.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ее барын акча мн бутуруп кайтара жаны документ жасап кайтара кайтып келип иштейберет
13.01.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Тузунан ичип,туздугуна тукурбо"-деген,кыргызымда улуу соз бар.Биздин мамлекетте журобу демек биздин маданиятты,салтты,тилибизди,динибизди,мыйзамды,тамактарыбызды сыйлоосу шарт.Алдына кандай тамак койулбасын сыйынын билип отуруу керек.Озунчо озуну шер коргозбой,бул дагы аздык кылат без докумет жургону,биздин улуттук тамакты шылдындагыны учун штраф толотуу зарыл болчу.Ошону документи жок ишке алган ишканага да штаф толотуу керек.
13.01.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан жогоруда жазып кетишиптир "чечиле турган башка маанилуу иштер коп"-деп,жеген тамагыбызды шылдындасада отура берейли анда менин башка ишим коп деп.Эч кандай уят болбодук,эгер ошону жазалабаганда уят болчуубуз"кызгыздардын намысы жок жеген тамагын ар нерсеге окшотсонда отура берт"-деп,эртеге башкасы дагы бир нерсебизди шылдындайт болчуу.Коргогонго татыктуу президентибиз болгондо бополоп алмакпыз.
15.01.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Намыска тийиштии гоо ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-18 10:47:04
18.01.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Genar.benicio,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо