Эсиӊиздерде болсо, өткөн сандарыбызда кыргыз-казак жылдыздарын кийинткен дизайнер Наиль Байкучуков жөнүндө жазганбыз. Жаӊы жылда интернет айдыӊынан ал тууралуу жагымдуу кабар уктук. Орус жана украин эстрада ырчысы, «ВИА Гра» тобунун экс-солисти Анна Седокова Инстаграмдагы баракчасына: «Сүйүктүү дизайнерим Наилге рахмат айткым келет. Сен айымдарга кандай көйнөк жарашарын сезесиӊ. Сен кереметсиӊ»,- деген билдирүүсүн калтырган.
Эске салсак, ырчы айым Наиль менен былтыр Муз-ТВ телеканалынын Астанада өткөн сыйлык тапшыруу аземинде таанышып, анын көйнөгүн биринчи жолу кийген эле. Жакында болгон Валерий жана Константин Меладзелердин концертинде экинчи ирет дизайнердин көйнөгүн кийип чыкты. Жалаӊ атактууларды кийинткен Наиль дизайнерлик кесибин Кыргызстандан баштаган. Анын «шедеврлерин» биздин атактуулар да байма-бай кийишет.
Анна былтыртан баштап Наилдин сүйүктүү кардарына айланды.
Дизайнердин Седоковага тиккен көйнөгү көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды.
Асел Кадырбекова, Назгүл Токтакунова, Сайкал Садыбакасова, Чолпонай жана башка ырчы айымдардын гардеробунда да Наилдин көйнөктөрү бар.
star@super.kg