Нурмат Садыров: «БАКТЫЛУУ БОЛУШ ҮЧҮН СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ АЯЛ АЛЫП, БАЛАЛУУ БОЛУШ КЕРЕК ЭМЕС»

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

«Мен сүйгөн менен пайда жок» ыры менен калыӊ элге таанылган Нурмат Садыров учурда «Торгоюм» аттуу ремейк ыры менен элди бийлетип жаткан кези. Бойдокчулуктун доорун сүрүп жаткан ырчы чыгармачылык, табитиндеги кыздар, үй-бүлөсүнө байланыштуу жагымдуу жаӊылыгы тууралуу маек курду.

– Нурмат, кандайсыӊ? Учурда «Торгоюм» аттуу ырыӊ хит болуп жатат. Бул ырды кимдин сунушу менен ырдап чыктыӊ?
– Саламатсыздарбы? Ырды жаӊылап аткаруу өзүмдүн идеям. «Торгоюм» репертуарымдагы алгачкы эски ыр болду. Чыгарма ыраматылык Гүлзат Батырканованын аткаруусунда аябай жакчу. Ошто шайлоо учурунда жүргөндө бир кафеден «Торгоюм» ырын угуп калдым. Ким ырдап жатканын деле билбейм. Ал музыкасын башкача шаӊдуу жаздыртыптыр, мага жакты. Келип Ильяз Абдыразаковго сунуштасам, ал ошол күнү ырдын аранжировкасын жасап, үнүн жаздырдык. Эл буга чейинки «Айылым», «Алтыным» деген ырларымды жакшы кабыл алган эмес. Бул ырым «Мен сүйгөн менен пайда жок» чыгармамдай элге жугумдуу болду.
– Мындан кийин элге кандай ырлар жагарын түшүндүӊ?
– Ырчы элге жакын болушу керек экен. Чачыӊды гелдеп, костюм-шым кийип «красавчик» болуп кычырап кооз клип тартканда эмес, жакшы обон созсоӊ, ошондо күйөрмандар кабыл аларын билдим. Көп эмгек кылып, жетиштүү каражат жумшап сапаттуу ыр жаздырыш керектигин түшүндүм. Эл ошондо ырыӊды барктап сүйөт тура. Мурда чыгармаларым жалаӊ жаштарга ылайыктуу болсо, эми репертуарым орто муунга жаккан чыгармалар менен толуктала баштады.
– «Мен сүйгөн менен пайда жок» чыгармаӊдан кийин хит ырларды жарата албай келдиӊ. Дагы ошондой эмгек жаралбай калабы деген ойлор
болдубу?
– 2013-жылы «Жылдын супер ыры» наамын албай калганда чындыгында шагым сынган. Анткени мен алам деген ишеним бар болчу. Анын үстүнө бардыгы «сен аласыӊ» деп айтып жатышкан. Бирок ошону менен токтоп калбай, жакшы иштейинчи дедим. Ырым наам албай калды деп сынбай, талыкпай эмгектене бериш керек экен. Көбү «ошол ырыӊ хит болуп турганда концерт берип алсаӊ болмок» дешкен. Убагында администраторлор да «ырыӊ хит болуп жатат, концерт берели» деп сунушташкан. Мен болсо акча табууну эмес, ыр куржунумду кеӊейтип алууну каалагам. Ошондо Кудай жакшы учур бергенде кармап калган жокмун деп өкүнгөм. Канчалык жанталашып аракет кылба, буюрган убакта гана ийгилик кушу жылмаярына ынандым.
– Материалдык байлык топтоого жетиштиӊби?
– Жерим бар, үйдүн пайдубалын куюп койгом. Аны карап сыймыктанып, ичимден кудуӊдап алам. Бирок үй тургузууга чамам жете элек. Шайлоодо үгүт иштеринде тапкан каражатымды чыгармачылыкка жумшадым. Москвага барып «Арзуу» деген ырыма клип тарттырып келдим. Жакында күйөрмандарым ага күбө болушат.
– Айрым кесиптештериӊ сүйлөшкөн кыздарын жокко чыгарып коюшат. Сен буга кандай дейсиӊ?
– Учурда жүрөгүм 200 пайызга бош. Менин кемчилигим – кызды жакшы көрүп сүйлөшсөм ага жолугуп, киного алып барып убакытты өткөрүп жүрө бербейм. Үйлөнөйүн деп бир кызды жактырып сүйлөшүп көрдүм. Бирок ал «жумушуӊуз башкы орунда окшойт, мага көӊүл бөлбөй койдуӊуз. Көп кыздар менен сүйлөшүп, мени да катардагы кыздардай эле көрөт окшойсуз» деп өзүнөн-өзү алыстап кетти. «Сүйүү келгенде жумушуӊду унутуп, башыӊ айланып калат» дешет. Бирок мен башымды жоготуп сүйө элекмин. Анткени сезимимди акыл менен башкарганга кудуретим жетет.
– Табитиӊе кандай кыздар туура келет?
– Чыгармачылыгымды түшүнгөн, өзүмө жаккан кызды издеп жүрөм. Келбети да маанилүү, себеби ажарын жактырып анан таанышасыӊ. Сулуулук өмүр бою кармалбайт. Ошондуктан жароокер, жан дүйнөсү да сулуу болушу керек. Өзүм деле «красавчик» эмесмин, андыктан модель кызды элестетпейм. Өзүн тыкан алып жүргөн, таза, сүйлөгөн сөзү ордунда, алдына максат коюп аракет кылган кыз болсо... Бактылуу болуш үчүн сөзсүз түрдө аял алып, балалуу болуш керек эмес. Ар бир аткан таӊды аман-эсен тосуп алганым мен үчүн бакыт.
– Кыздардын кайсы мүнөздөрү жакпайт?
– Бир айтканды укпаган, кеп-сөзгө келбеген кыздар ачуумду келтирет. Чалганда «азыр бошобой жаттым эле» десеӊ да болбой, кайра-кайра чалып тажатканда каным кайнайт. Сөгүнгөн, үнүн бийик чыгарып сүйлөгөн эркек мүнөз кыздарга көӊүлүм чаппайт.
– Эми үй-бүлө темасында сүйлөшөлү. Аял-күйөөсү бири-бирин жакшы көрбөсө да, балдар үчүн үй-бүлөнү сактап келишет. Убакытты кетирип ал адам менен жашай берген оӊбу же өз бактысын башкадан издөө керекпи?
– Айрымдар болбогон нерселердин айынан чатакташып, ажырашканга чейин барышат. Андай учурда эркек аялды жакшы сөз менен алдап эркелетиши керек. Кандай гана түшүнбөстүктөр болбосун эки тарап теӊ эмоцияга алдырбай, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылуусу зарыл. Жакпай калды деп басып кеткен туура эмес. Анткени алардын айынан бала-чакасы жапа чегип калат.
– Сенин бул көз карашыӊ атаӊдын башка үй-бүлөнү тандап кеткени менен байланыштуу эмеспи?
– Ооба, атам убагында башка үй-бүлөнү тандап кеткен. Жылдар өтүп балдары эрезеге жеткенде ал биздин үй-бүлөгө кайтып келди. Апамдан, бизден «жаӊылдым, кечирип койгула» деп кечирим сурады. Апам кечирип, атамды кабыл алды. Анткени апам азыр жакшы жашоодо жашап жатат. Апамдын үмүтүн актап өз күчүбүз менен бутубузга турдук, жашоодон өз ордубузду таптык. Неберелерин жыттап бактылуу өмүр сүрүүдө. Атаны эч качан жамандабаш керек. Биз атабыздын туяктарыбыз, ал киши болбогондо биз кайдан жаралмак элек? Атамдын берген акыл-насааты менен чоӊойгом. Ар бир адам жаӊылат. Келип кечирим сурап, туура эмес кылганын моюнуна алып жатса эмнеге кечирүүгө болбосун?
– Ошондо атаӊ силер менен жашап жаткан экен да?
– Берки үй-бүлөсү менен да катышып турат, андан бир баласы бар. Наристе үчүн кыянаттык кылып катыштырбай коюу туура эмес. Атамдын ал үй-бүлөсү мени кызыктырбайт. Анткени апамды аябай жакшы көрөм. «Атаӊды жакшы көрөсүӊбү же апаӊдыбы?» десе, кээ бирөөлөр кимисин айтышты билбей туруп калышат го. Мен ойлонбой туруп апамды жакшы көрөм деп айта алам. Анткени апама жакынмын. Ал бизге мээримин төгүп бакты. Атам «сен ырдап чыкканда элдер Садырдын баласы дегенде абдан сүйүнгөм. Өзгөчө фамилияӊды Садыров деп чыкканыӊ мен үчүн сыймык болгон» дейт. Себеби атам башка үй-бүлөнү тандап кеткен кезде паспорттогу фамилиям Садыров эмес, чоӊ чоӊ атамдын ысымынан Абыканов болчу. Ажырашып кетишкенде апамды Бишкекке алып кеткем. Музыкалык окуу жайга тапшырып, 1-курста окуп жүргөндө атама бир чети ачуум келип ызалансам, бир чети катуу сагынып куса болуп фамилиямды Садыров кылып өзгөрткөм. Ошондуктан ата-энелер ажырашуу балага ушундай оор сокку болорун эске алып, тереӊ ойлонуп чечим чыгарышса дейт элем.
– Маегиӊе рахмат!

"Ата-энем менен эс алганда эргүү алам".

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Нурмат Садыров: “Атамдын кетирген катачылыктарын баарыбыз кечирдик”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(51)
SUPER.KG видео
10.01.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Торгойумдагы кыздфн кашы жакпады он жакта олтурган кыз абдан сулуу экен.
SUPER.KG видео
11.01.2016. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын, Нурмат. Талыкпай эмгектене бер. Сен багындырчу бийиктиктер дагы алдыда. Ар дайым кичипейил, жонокойлугунон жазба.
SUPER.KG видео
11.01.2016. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айзатты коруп озумчо эле суйунуп алдымго мен нурмат учун эмес айзат учун кордум бул интервьюну айзатты суйомго суйом
Медиа-портал
11.01.2016. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
men nurmattyn baardyk yrlaryn kyldattyk mnen maani berip iwtegenin baalaiym azamatsyn elita desen elita saga bailanam jurogum degen yrlaryn men suigon mn paida jok menen torgoium degen yryn al elge jakyn yrlaryn dep bilem azamatsyn el seni koldop jatkanda iwtep iwtep al nurmat super super supersin!!!



11.01.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Торгоюмду ырдагандан бери жагып калды,ийгилик!
11.01.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээээх Абыкановтооор...
11.01.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турмушта копту коргону суйлогон созунон байкалып турат. Бирок кызуу кандуу, женил, бир аз текебер окшойсуз Нурмат.

Сиз жанылышасыз, сезимди акыл менен башкара албай калуунуз мумкун. Болгону сизге чыныгы суйуу келе элек тура.

Жароокер жубайсыз, наристенин жытысыз чыныгы бакыттын балын тата албайсыз. Муну албетте балалуу болгондо тушуносуз, азыр жаштык-мастык ойлоруна алдырып жатат окшойсуз..
11.01.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сооонун.Супер инфо Гулжигит Калыковдон интервью алыныздаарчы суранам
11.01.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gogosha,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу кирип Гүлжигит Калыков жөнүндө окусаңыз болот
http://www.super.kg/article/show/34095
11.01.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйлосо созу бар,ырдаса уну бар кыргыздын жакшы осуп келе жаткан жигити экен. Чыгармачылык чон ийгилик!
11.01.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара жорго чыккандан бери ушундай бирин бири тураган кочурмо клиптер,ырлар жамгырдан кийинки козу карындай болуп аябай кобойду да...
11.01.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-2ырынды эле угуппмун,суйлогонун орундуу,акылдуу бала экенсин,данияр эрматов ж.б ырчылар алмаштыра берем,окшошсунар,ишине ийгилик
11.01.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

Эч качан максатыныздан баш тартпаныз, аракет кылыныз, иштениз ошондо гана баардык тилектеринизге, максатынызга
жетесиз!
Ар бир адамдын созсуз турдо максаты болуш керек чтобы эрте менен турганы?!
Ийгилик сизге! Талантынызды баалайм. Жашоо бир келет, ошо бир келген жашоону жанылбай кийин окунбогудой жашаш керек.

11.01.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нурмат Садыров ХХХ ХХХ ХХХ 100% каршымын.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-11 17:30:52
11.01.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Realtilia,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
11.01.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балам кичинесинде Алтыным деген ырды угуп уктачу,эми Торгоюмду 2айдан бери тажабай угат.Чыгармачылык ийгилик!
12.01.2016. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурмат аябай жакшы жака озгоруп кетип жатат . эгер ушул боюнча кетсе эн сонун болот...
12.01.2016. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жагат жакшынакай бала турмушттун козун билген адамдардын бири ишине ийгилик
12.01.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурмат менин билишимче 6-7 жылдай болуп калды чыгармачылыгына аралашканына, бирок ар бир нерсенин убак сааты болгондой эле эми жакшы чыга баштады азаматсын!
12.01.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булоодон артык бакыт жок. Анын даамын таткан Адам гана билет. Эки жакты тен алып кетиш керек уй булоону да кечиктирбениз.
12.01.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нуу бул ырчы нормале )) уважаю. Ийгилик.
12.01.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Антип айтпа иним негизги бакыт ошолда уй булоо куруп балалуу болуп. Андан откон бакыт бул жашоодо жокта.
12.01.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу жигит экен! Молодец! Бирок орустар айтмакчы "женская счастья" дегендей эркек кишинин дагы бакыты болот.Бир молдо айткан эле эркек киши озун качан бактылуумун деп эсептесе болот деп.
1. Ден соолугу чын болсо.
2. Алган жакшы жары болсо, алган жары уул-кыздарды тороп берсе.
3. Астында жакшы тулпары болсо- дейт.Так ,что бактылуу инсан бол!
14.01.2016. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болуш үчүн сөзсүз түрдө аял алып, балалуу болуш керек эмес. Ар бир аткан таӊды аман-эсен тосуп алганым мен үчүн бакыт дептир туура аман эсен болсонуз ошол бакытка жетесизда олуп калсан баары калат артта
14.01.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой бала. Бир досун ХХХ
Десем чшш Антип суйлобо.дегенде аябай таасир эткен
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-14 17:19:15
14.01.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnaz.GS,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
14.01.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат алга "мен суйгон менен пайда жок" ырын мага аябай жагат,азаматсыз алгаааа
SUPER.KG видео
14.01.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клибтеги кыз жонундо маалымат берсениздер.
15.01.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ырчы ьарбы билбептирмин
15.01.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жакты бул ыры. Жердешим алга, ийгилик каалайм.
17.01.2016. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат алгалай бер!Мыкты ремейк болду.Угармандар да бул ырды аябай коп суранып жатышат.Жонокой жана адамгерчиликтуулугунду жоготпо.Бир гана ийгилик..
14.05.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul_Rahmanaliev,сизге да ийгилик Расул байке ырларыныз мага жагат уй булонуз менен бактылуу болун.
17.01.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анда журо берсе болот ар бир аткан тан бакыт деп ошол ар бир аткан танды балан келинчегин менен тоссон анданда жакшыраак бакытго дейм Кудай таалам ошол бакытка жеткирсин
SUPER.KG видео
01.02.2016. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туну менен уктабай келип интервью бергенби.коздору шишиген
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо