Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Махабат Апешова, актриса: «ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ ЭКЕНИНЕ КАРАБАЙ АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВДУ ЖАКШЫ КӨРДҮМ, АЛ КИШИДЕН КЫЗДУУ БОЛДУМ»

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

1990-жылдардын башында Жамал Сейдакматова, Асылбек Өзүбеков башында турган «Туӊгуч» театры ачылган. Жөн гана ачылып эмес, элдин колдоосуна татып, концерттери аншлаг менен өтүп, айтор, чыгармачылыкта жакшы агым пайда болгон. Ошол театр аркылуу Махабат Апешованын да жүзү элге таанылып, кайра жок болуп кеткен эле. Актрисанын андан кийинки тагдыры эмне болду, өз оозунан угалы.

Туулган жылы – 1973-жыл, 19-май
Туулган жери – Түп району, Токтоян айылы
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин актёрлук бөлүмү. «Үч кемпир», «Сатынбай», «Пирожки саткан аял» сатираларында, «Апамдын махабаты» сериалында роль жараткан.

– Саламатсызбы, Махабат эже? Менин эсимде азыркыдай узун чачыӊыз менен калыптырсыз, дагы деле узун экен...
– Жакшы, рахмат. Тизеге жеткен чачтан үчтү кырктым. Биринчи жолу студент кезде тайпалаш кыздарым «улуу көрүнөт экенсиӊ» деп кыркып салышкан. Чачым негизи тез өсөт. Экинчи жолу кыркканымды чачыма кошуп өрүп, түйүп алчумун. Кийин эле жоголуп кетти. 3-жолу учун тегиздеп бер десем, чачтарач шарт эле далымдан кесип салды. Нес болуп, оозума эч нерсе кирбей калган. Кийин ойлосом өзүнө керек болгон окшойт, чачымды ары жакка көтөрүп кеткен болчу.
– Элге тааныла баштаганда чыгармачылыктан алыстап кетүү кыйын болдубу?
– Ооба, аябай эле кыйын болду. Кинолорго тартылып, Майрамбек Осмоновдун «Азгырбачы, жигит, ай, азгырылган сүйүүм, ай» деген саптары бар «Жигит, ай» деген ыр менен «Жаштык ыры» сынагына катышып, элге тааныла баштаганда сахнаны таштадым.
– Сизди «эс тарткандан Асылбек Өзүбековду жакшы көрүп, ал кишиге жетем деген максат менен «Туӊгуч» театрына кириптир» деп айтып жүрүшөт,
чынбы?
– Андай максатым болбосо да, азыркы тил менен айтканда, ошол кезде Асылбек байкенин чектен ашкан күйөрманы болуптурмун. Биздин мектепте музыкалык ансамбль бар эле, ыр-бийге шыктуулар ансамблдин курамына кирип, совхоз-колхоздорду кыдырып саанчы, малчыларга концерт койчубуз. Мен анда 8-класста окучумун. Байкенин «Өмүр» деген ырын жакшы көрүп дайыма ырдачумун. Түнкү 12ден кийин байке радиодон «Бейпил түн» деген уктурууну алып барчу. Сүйүү темасындагы чыгармалардан үзүндү айтып, жан дүйнөӊдү козгогон ырларды окучу. Ошону уктабай күтүп укчумун. Ал уктуруу узакка созулчу, анан кантип уктап калганымды билбей калат элем.
Университетти аяктагандан кийин, бир жолу «Туӊгуч» театрына барсам Асылбек, Эгемберди (ред. Бекболиев) байкелер бар экен, ырдап жүрөм деп ырдап берсем, «биздин театр Манастын 1000 жылдыгына Таласка барат, биз менен гастролго чыгасыӊбы?» деп калышты. Ошентип, театрга алынгам. 
Ал учурда башкача сезим жүрөгүмдө эле, аны акылыма сыйдырып алып каалагандай калчай алган жокмун. Үй-бүлөлүү экенине карабай Асылбек Өзүбековду жакшы көрдүм, ошол сезимдин курмандыгы болуп, ал кишиден кыздуу болдум. Кыскасы, кызымды төрөгөндөн кийин жардам берген киши жок кыйналдым. Жалгыз бой төрөдү деген сөздөргө деле териккен жокмун, териге турган болсом төрөмөк эмесмин да. Ошондо кызымды же чыгармачылыкты тандашым керек болгондуктан «Туӊгуч» театрынан кеттим. Эгер чыгармачылыкты тандап, карьера деп кетсем эмдигиче бир нече роль жаратып, кино, театр жаатында көзгө көрүнөрлүк эмгек жаратып койсом керек эле. Ошентип кызымды мектепке киргизип, 2-3 ай жүрүп эле келем деп таенесине таштап Москвага кеткем, анан ошол боюнча калып калдым.
– Жалгыз бой эненин түйшүгү оор экенин билебиз. Сиз мындай тагдырды кантип жеӊдиӊиз?
– Атам 5-классымда өтүп кеткен. Ошондо мен деле кичинекейимден атасыз өспөдүмбү. Атасыз өскөн жалгыз эле менин кызым эмес. Ошондуктан аны маселе катары карап отурбайбыз деле. Толук үй-бүлө болгон, албетте жакшы, бирок тагдыр аны буюрган жок. Кыйналганымды бирөөгө айтып доомду артпайм, мага учурунда апам жардам берди, азыр го кызым чоӊойду, өзүм бутума турдум. Сиӊдилерим, күйөө балдарым Москвада, бири-бирибизге каралашып турабыз. Кызым Камила жанымда, менден такыр алыстап кетпесин деп таенесинин колунан алганыма бир жыл болду. Учурда 9-класста гимназияда окуп жатат. Кыргыз тилдүү мектептен Орусияга барып жакшы окуп кетти.
– Атасы «менин кызым» деп бооруна тартып, жардам берип турабы?
– Кызы экенин билет, бирок «сенин кызыӊ, аны кыл, муну бер» деп мен андан эч нерсе талап кылбайм. Ал кишинин өзүнүн бала-бакырасы, үй-бүлөсү бар дегендей. Азыркы заман бирөөдөн бирөө үмүт эте турган учур эмес го. Биринчиден Кудайга, анан өзүмө ишенем.
– Жакында эле Москвадан Мурат Мамбетовдун юбилейине келип кеттиӊиз. Асылбек байке менен жолуктуӊуз да, мурунку сезимдер калыптырбы?
– Бардык нерсенин аягы болот экен. Убакыт дарылайт, ордуна коёт, таразалайт. Кесиптештердей эле жолугуштук. Мен концерт жакшы өтсө экен, жаӊылбасам экен деп сарсанаа болуп жаттым. Мурун аткарган интермедияларды, ырларды элге тартууладык.
– Москвага жаӊы барганда дароо жумуш табуу оӊой болбосо керек, кантип бутуӊузга турдуӊуз?
– Жаӊы барганда кандай жумуш болбосун иштешим керек, үйдө иши жок, жегенге тамагы жок отуруп калбашым керек деп ойлондум. Жарнама боюнча барып, бир чоӊ ресторанга официант болуп орноштум. Бир күнү эле кыргыз тааныштарым «эртеӊ скинхеддердин майрамы, жумушка чыкпайбыз, башка улуттун өкүлдөрүн өлтүрүп кетишет» деп айтып калышты. Жумушта иштеген бир орус кыздан «эртеӊ скинхеддердин майрамы турбайбы, ишке келебизби?» десем, «сен кайсы жерде иштеп жатканыӊды билбейсиӊби?» деп каткырат. «Жок» десем, «дал ошолордун уюгунда жүрөсүӊ. Алар дайыма чачын алдырып, анан мотоцикл минишет, байкаган жоксуӊбу?» дейт. Мен скинхед эмне экенин деле билбептирмин. Чын эле карасам кожоюндан баштап кароолчуга чейин чачы жок экен. Гардеробдо иштеген абышкага барып «эртеӊ скинхеддер көчөгө чыгып, алдынан чыккан башка улуттун өкүлдөрүн өлтүрөт турбайбы, жумушка келбей койсом болобу?» дедим. Ал «коркпо, эгер скинхед жаныӊа келсе, «мен «Лондон паб» ресторанында иштейм» де, сага эч ким тийбейт. Кечинде өзүм үйүӊө жеткирем» деди. Ошентип, жумушка чыккам. Андан кийин жеке менчик клиникада ички органдарды тазалоочу каражат сатып иштедим. Айлыгы жакшы, ошол жерден тапкан акчама Бишкектин жаӊы салынган көп кабаттуу үйлөрүнөн батир алдым. Учурда бир ресторандын кассасында иштейм.
– Сахнаны сагынасызбы?
– Сагынам. Кыргызстанга келгенде ыр жаздырып, клип тарттырып чыксамбы деп кыялданып коюп кайра кетип калам. Бирок ушул жайда кызым окууга тапшырганы келет, ошондо жаӊы ыр жаздырып, жаӊы имидж менен чыгармачылыкка кайтсамбы деп жатам. Мени эч ким тааныбайт го десем, кээде көчөдөн атымды таптак айтып туруп «көрүнбөй кеттиӊиз го, качан теледен чыгасыз?» деп сурап калышат. Ушул сыяктуу суроолор да мени сахнага тартып жатат.
– Рахмат маегиӊизге.

«Асылбек байке кызы экенин билет, бирок «сенин кызыӊ, аны кыл, муну бер» деп мен андан эч нерсе талап кылбайм».

“Элмира “Туӊгуч” театры түптөлгөндөн, 1990-жылдан бери иштесе, Венера экөөбүз театрга 1995-жылы киргенбиз. Ошондон бери үчөөбүз жакшы санаалаш курбуларданбыз”.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(97)
13.01.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акыл айтып ар кимге, озу туптуз жолго жургонсугондордун жашы бир топко барып калгандар го, токтолуп дегеним. Ал эми эже жаш кезде суйуптур, ал суйуусу учун баарына даяр болуптур. Эн башкысы эч кимди куноолобоптур, догун артпаптыр. Азамат эже.
13.01.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушунча жылдан беркинин несин айтат мактанаарлык иш кылгансып бир уй булоонун очогуна чок салып бироонун коз жашы мн бактылуу боло албайсын дегенди эстеринен чыгарбаса
21.01.2016. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Sizge.kat,элестетип корсонуз озунуз:Ошол убакта Алылбек акеге 45жаш бул эжеге 18 жаш..секелек кыздын оюнда уй-булоосун бузайын деген об болду дейсинби) жакшы суйлоп ыр арнап анан накта Асыке бузуп койду да кызды) бирок ал убакта закон кучтуу эле да эмнегедир Асыке суудан кургак чыгыптыр
13.01.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эже ит уро берет, эшек айкыра берет. Эч кимдин созуно конулунузду оорутпаныз. Биз сизди сагындык. Ырларынызды дагы деле билебиз, уккубуз келет. "Апамдын махабаты" сериалында мыкты ойногонсуз. Бекер таштаптырсыз актрисалыкты. Кайрылып келиниз, сизди кутуп жатабыз. Бар болунуз, ишинизге ийгилик.
13.01.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эсинизден чыгарбаныз Махабат эже, элдин баарына жага албайсыз.
13.01.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне кереги бар эми Асыкеден кызым бар дер,кайра уй булоосуно булук салып.Унчукбай тиргилигин кыла берсе болот го.Иттер деле ар доботтордон тууп алып унчукбай бага берет го.
21.01.2016. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bolotbai3, Адам баласын эч качан итке тенебе...Аллах сени адамдардын катарына кошкондон кийин...Орустар айтмакчы кылган жаман ишин БУМЕРАНГ.Айланып башка тушот...Асылбек аканын а кыздары чонойуп кележатат экен..
13.01.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы тороп калыптыр.анан неге айтпаш керек.атасынбы болсо айтат да
13.01.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akubeku,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
13.01.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менимче бул нерсени козгоп, жараны жаныртуу керек эмес эле. Мурдакы берген интервьюсу мейли дейли, аны ошол кездеги адамдар угуп унуткан деле болсо керек эле. Азыр кайрадан элге озуну шерменде кылып эмне керек бар эле. Кызына боорум ооруп кетти. Сенин апан деген соз болбойбу, кайын журт кутот кызы, дос душман дегендей. Ээх акылыныз болсо мынтип чыкпайт элениз.Пиар депсиздер, ошондой эле Пиар кылгысы келсе, ошол убактагы ойногон рольдорун айтып чыгып таанылса болот эле.
21.01.2016. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Illusions,Оба чынында кайра айтып чыкпаса деле болмок мен ал адамды унуткам деп...Жок эсебине чыгарыа мен жана менин суйуктуу кызым жонундо деп эле атасы да энеси да МЕН Деп..
14.01.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
неге адамдар ушундайбыз бироонун тагдырын талкуу кылабыз.Бизге ичиндеги болгон нерселерди айтып атса жалган эмес чын айтып атса да ишенбейбиз.Бирок ХХХ атасынын кызы ХХХ аябай окшош экен.ХХХ сизге рамат ушундай сулуу кызды остургонунузго!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-14 10:22:32
14.01.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazi2924,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
14.01.2016. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми бул нерсени жарыя кылбай эле койсо болмок,эми оз эрки не дейбиз
14.01.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Никеси жок тороп жайлапсиз, сиз азаматсыз. Ошентип башкаларга улгу болуп журо бериниз. Намысынызды чакалап тогуптурсуз. Эсиниз барда этегинизди тыйыныз.
15.01.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmatbek,оо аке,Россияда канча кыз-келин жайляяп коююп журушот аппапак кыз болуп,биерден "намысын" секиин ордуна келтирип алышып
21.01.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmatbek,Никесиз Озбековтон торогон эч нерсе эмес...озбек,таджиктерден тороп журушот го Алар уятка жатпайбы? Мынча Эле оштуктар жайлапсИз деп калдынар.. Ааламда жалгыз ушул эже торогонсуп жазыптырсынар го!!!Оглянитесь вокруг каждый второй ошондой
14.01.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мактанып тородум деп,не дейбиз эми. Сулуунун кочугу кургабайт деген илгертен соз бар, так что сулуумун деп журо бериниз. Ийгилик сизге ...........
14.01.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazi2924 Оздору талкуу кылсын деп жазып жатпайбы. Иш кылганда да ойлонуп кылыш керек,суйдум куйдум дебей.
16.01.2016. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmatbek, sen jaman katynday bolup erkek bashyn menen, ushuyaka komment jazbai ele koison bolmok. Kylaarga ishin jok, potoloko tukurup jatkan erkekterdin biri chygaarsyn
14.01.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nukeww этият бол иш болуп кетпесин соц сетьтен
14.01.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
убагында сүйсө сүйгөндүр да. Эми мейли айтса айткандыр. эмнеси болсо да бактылуу болсун
14.01.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар мынча каардуу болуп калганбыз??? Силер ак никеден торолсонор, тагдырынар бир кылка болуп жумшак кетип атабы? Никесиз торолгондор кыйналып каларын ким айтты силерге? Же Кудайсынарбы???Балада никеси жок торолсо да куноо жок, куноону ата менен эне тартат!Аны да Кудай тарттырат кааласа, силер, пенделер эмес!А бул кыздын озунун тагдыры бар,никелуу торолгон силердикинен да бийик, таза болушу толук мумкун!Жалгыз бой кызын чонойтуптур деген боор тартуу биринерде жок тообо!Жамандап, ушактап
14.01.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперчилер! Сиздерден сураныч Мин Кыял радиосунда иштеген бардык диджейлерден интервью алыныздарчы кызык болуп жатат. Алардын кенсеси кандай болду экен... Мага бул радио абдан жагат. Сураныч...
15.01.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zinza.girl,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
15.01.2016. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Асылбек байкени сыйлайм чыгармачылык ийгилик сизге
15.01.2016. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне ушунчалык адамдар жаман соз айтып жатабыз суйуп торосо торойт да уй булоосун бузбай эле озу жакшынакай чонойтуптур кызын
16.01.2016. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
oiii silerdin ishiner emne? Biroonu syndagycha ozunordu karagylachy, ar kimdin ozunun jashoosu jana ozu joop beret emne kylsa dagy. Suilotup ele koiso silerdi
16.01.2016. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ne sudi da ne sudim budesh degen orustardyn jakshy sozu bar.
16.01.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул деген суйуу да. Суйуунун чеги жок!
16.01.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу супер, Жылдыз Тутуевадан жана Айчурок Иманалиеван жана баласы Аргенден кабар алгылачы..
16.01.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай таланттуу эже мага жагат)
16.01.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ден соолугу чын, омуру узун болсун .
16.01.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эми Бек Борбиев,Маматкулов ж.б.дын экинчи учунчу жубайлары чыгат да балдарын,кыздарын тааныштырышып,официалдуу жубайлары азамат,бирок чыгармачыл адамдар сезимтал,суйууго ото жакын келишет эмеспи,ансыз чыгарма да жаралбайт да)))
21.01.2016. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достор! Жанылбаган жаак, мудурулбогон туяк болбойт . Жаштыкта жанылыптыр...Боюнан алдырып кайра куйоого билинбей тийсе деле болот эле да .ошо суйуу сезимине озун арнап жашап келиптир бул эч кандай куноо эмес.. Ошол убакта секелек кыз экен..Асылбек агабыз деле жаштыгынан пайдалнып кеткен да.Болбосо Сен кызсын мен сенин энендин алдында жооп берем деп акыл айтса болмок.Эже шугур акылы болгон учун сотко берип ызы чуу кылган эмес экен) Имиш;Композдун уй булосун бузуп эле В.Сатылганова тийип алган
28.01.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жашырып жургондун оордуна,элге жар салып,эрдик кылгансып кызык аял экен шерменде болуп элге.Асылбек байкенин аркасынан таанылайын деген го жаман оюнда.Кайсы арына эми келип ырдайм дейт.Уй булоосу бар киши менен суйлошуп эмне кылам десен Кудай баарын таразалайт.Куураганынан журот да кассир болуп Россияда.
01.02.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Замира, Оюн жаман адам окшойсун... Орусияга барып ушунча бутуна туруп азамат эже экен. Анча-мынча бул жерде дайнын таппай журушот го. Бул эже эч кимге залалын тийгизбептир.
09.03.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кызы гимназиядан окубай калганда Токтоянда эле окуп ататко гимназияда эмес.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо