Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИЗДЕЙМ СЕНИ

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

«АТАБЫЗ ҮЙДӨН ЧЫККАН БОЮНЧА ДАЙЫНСЫЗ»
– Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айылынын жашоочусу 1936-жылы туулган Көчөрбай Карасартовду издейбиз. Ал 2015-жылдын 14-ноябрында болжол менен кечки саат 6ларда үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ошол күнү башына калпак, үстүнө кара костюм-шым жана бутуна кара өтүк кийип жүргөн. Маал-маалы менен эс-тутумун жоготуп турат. Көргөн-билгендер болсо 0700 522944 номерине чалып коюуӊуздарды суранам.

Баатыр

«ТАЙПАЛАШЫМ НАГИМА, КАБАРЛАШ»
– Курбу кызым жана тайпалашым Нагиманы издейм. Ал Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунан болот. Биз 1989-жылы КМУнун физика факультетин бирге аяктаганбыз. Нургүл, Мадина, Миргали, Нургали деген бир туугандары бар болчу.

Анара, тел.: 0700 65 04 03,
0777 14 46 08

«АСКЕР КЫЗМАТЫН БИРГЕ ӨТӨГӨН ДОСТОРУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1984-1986-жылдары Орусиянын Москва облусунун Домодедово районундагы 71477-аскер бөлүгүндө бирге кызмат өтөгөн досторумду издейм. Анын бири Замир Момуналиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан болсо, экинчиси Жыргалбек Конокбаев Чүй облусунун Мээнеткеч айылынан эле. Биз 30 жылдан бери көрүшө элекпиз. Замир, Жыргалбек, окуп калсаӊар байланышкыла.

Жаныбек Орозбеков,
тел.: 0555 44 29 59

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо