ЛИОНЕЛЬ МЕССИ БЕШИНЧИ ИРЕТ «АЛТЫН ТОПТУ» АЛДЫ

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж

Футболдогу гана эмес, дегеле спорт жаатындагы эӊ беделдүү сыйлыктардын бири – ФИФА тарабынан дүйнөнүн мыкты футболчусуна тапшырылуучу «Алтын топ» сыйлыгы 11-январда өз ээсин тапты. Швейцариянын Цюрих шаарында өткөн мааракеде «Барселона» жана Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Месси Криштиану Роналду менен Неймарды артка калтырды.

ТАЛАПКЕРЛЕР: НЕЙМАР, РОНАЛДУ ЖАНА МЕССИ

Лионель Месси
2015-жыл аргентиналык Лео Месси үчүн ийгиликтүү жылдардан болуп отурат. Акыркы жылдары бул кадыресе көрүнүш болуп калгандай. Себеби Месси футбол талаасында кандай ойноорун көпчүлүк билишет. Футбол
командалык оюн дегени менен, ошентсе да жеӊиш
Месси ойногон командада дей бер.

Жыл ичинде ойногон беттештери – 61
Киргизген голдору – 52
Жыл ичинде уткан мелдештери:


Криштиану Роналду
Криштиану Роналду канчалык «Реалды» алдыга сүрөбөсүн, 2015-жыл ал ойлогондой болгон жок. Анын падышалык клубу бир да мелдеште жетишерлик жыйынтык көргөзө албай, күйөрмандардын шаабайын суутту. Жашы 30дан ашып
бараткан футболчу жыл ичинде эӊ көп гол
киргизгени менен гана эсте калды.

Жыл ичинде ойногон беттештери – 57
Киргизген голдору – 57
Жыл ичинде уткан мелдештери: жок

Неймар
«Барселонада» Месси турганда калган футболчулар анын көлөкөсүндө калары бышык. Бирок каталондук гений жаракат алып калганда дал ушул 23 жаштагы бразилиялык оюнчу командасын алдыга сүрөдү. Көпчүлүк футбол билермандары Неймардын убактысы жакынкы келечекте келеринен күмөн санашпайт.

Жыл ичинде ойногон беттештери – 62
Жараткан голдору – 45
Жыл ичинде уткан мелдештери: Месси уткан бардык жеӊиштер тиешелүү

«АЛТЫН ТОП» ЭЭСИН ТАПТЫ
Ошентип салтанаттуу кеченин ток этер жери да келип, белгилүү футболчу Кака дүйнөнүн мыкты футболчусун жарыялады. Лионель Месси! Ооба, мындай көрүнүшкө эч ким таӊ калган жок. Аргентиналык футболчу эки жылдан соӊ кайрадан дүйнөнүн мыктысы болуп, бешинчи ирет «Алтын топко» ээ болду.
«Сахнага кайрадан чыгып сыйлыкка ээ болуу керемет көрүнүш. Бала чагымда мындай ийгиликке жетүү тууралуу ойлогон да эмесмин. Мага добуш бергендерге жана мени менен чогуу ойногон командалаштарыма ыраазычылык билдирем. Аларсыз мындай ийгиликке жетүү мүмкүн эмес болчу»,- деп билдирди сыйлык ээси.
Месси улуттук курама командалардын машыктыруучулары жана капитандарынын жалпы добушунун 41,33 пайызына ээ болгон. Ал эми Роналду 27,76 пайызга ээ болуп экинчи болсо, Неймар 7,86 пайыз добушка татыды.
Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин Роберт Левандовскини тандаса, капитан Талант Самсалиев Златан Ибрагимовичке добушун берген.

ФИФАнын СИМВОЛИКАЛЫК КОМАНДАСЫ
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземинде 2015-жылдын символикалык курамы аныкталды. Башкача айтканда, мыкты 11 футболчуну камтыган дүйнөнүн эӊ мыкты командасы. Аталган курамга испан дөө-шаа клубдары – «Барселона» жана «Реалдын» 4төн футболчусу кирди.
Курамга кирген футболчулар: дарбазачы Мануэль Нойер («Бавария»), коргоочулар: Тиаго Силва (ПСЖ), Серхио Рамос, Марсело (экөө теӊ «Реал»), Даниэл Алвес («Барселона»), жарым коргоочулар: Андрес Иньеста («Барселона»), Лука Модрич («Реал»), Поль Погба («Ювентус»), чабуулчулар: Неймар («Барселона»), Лионель Месси («Барселона») жана Криштиану Роналду («Реал»).

МЫКТЫ МАШЫКТЫРУУЧУ – ЛУИС ЭНРИКЕ
«Барселонанын» башкы машыктыруучусу Луис Энрике 2015-жылда катышкан бардык мелдештерди жеӊип, ФИФАнын тандоосу боюнча «2015-жылдын мыкты машыктыруучусу» болуп табылды.


МЕССИНИ АРТКА КАЛТЫРГАН ЛИРА
Ал эми Ференц Пушкаштын атын алып жүргөн «Эӊ кооз гол» сыйлыгын «Гоянезиянын» футболчусу Уэнделл Лира илип кетти. Анын киргизген голу Алессандро Флоренци жана Мессиникине караганда мыкты деп табылган.
Ал эми кыз-келиндер арасында «Жылдын мыкты футболчу айымы» наамын Дүйнө чемпиондугун багындырган 33 жаштагы америкалык Карли Ллойд алды.

КЫРГЫЗ ТАЛААСЫНДА
ФИФА Жаӊы жылдын башында сыйлык тапшырып жатса, кыргыз футболчуларынын арасында мыктылар эчак эле аныкталган. Алсак, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы 2015-жылдын мыкты футболчусу катары Антон Землянухинди тапкан. Ошондой эле улуттук курама команданы жетектеген Александр Крестинин «Мыкты машыктыруучу» сыйлыгына ээ болду.
Ал эми Футбол Лигасынын сайтында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында 2015-жылда Топ-Лиганын мыкты оюнчусу болуп «Абдыш-Атанын» жарым коргоочусу Фархат Мусабеков аталды.


АЙТТЫ ДА КОЙДУ
...
КРИШТИАНУ РОНАЛДУ:
Мессинин сол бутуна суктанып гана тим болом. Анын сол буту меникине караганда алда канча мыкты.
«Алтын топ» сыйлыгын тапшыруу аземинде «Барселона» чабуулчусу тууралуу билдирген пикири.










Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
18.01.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуетайм Лео
18.01.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лео красссавчик!!! Уважаю брат
18.01.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Месси обожаю.
19.01.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Месси
21.01.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Месси алга
21.01.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Месси куттуктайм
22.01.2016. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роналдуга берилет деп кутум эле бирок..
24.01.2016. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо