ЫСЫКЧАНДАН УУЛ, СУУКЧАНДАН КЫЗ ТӨРӨЛӨБҮ?

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж

Канча бир туугансыз? Бул суроо улуу муундагыларга берилсе ондон кем эмес экенин айтышат. Он бир туугандын ичинде эркеги да, кызы да болушу толук мүмкүн. Ал эми кийинки үй-бүлөлөр ашып кетсе беш балалуу болушат. Ошондуктан балдарынын уул-кыз болушу чоӊ мааниге ээ десек жаӊылышпайбыз. Эл арасында «ысыкчандан уул, суукчандан кыз төрөлөт» деген кептин канчалык чындыгы бар?

УУЛ ТӨРӨЙМ ДЕГЕНДЕР ҮЧҮН...
Тамырчы, табып Дүйшөнбек Чомо уулу уул же кыздын төрөлүшү боюнча төмөндөгүдөй ыкманы колдонот.
– Алгач тамырын кармап көрүп эмне оорулары бар экенин, тамак сиӊимдүүлүгү, жатын, бөйрөктөрү ылдыйлап кеткен эмеспи, төрөйбү же төрөбөйбү билүү керек. Суукчандардын ооруларын дарылап болгон соӊ уул төрөөгө даярдап, дене табын ысыктайбыз. Дене табы суук болгону менен, алардын жатыны ысык, ошондуктан активдүү, ысыкка чыдамдуу (X-хромосомалар) уруктуктарды кабыл алат. Жатынды сууктатуу үчүн өзүнчө ачытма даярдалат.

Суукчандар
(аялга да, эркекке да тиешелүү) – арча, чекендени кайнатып, ошонун буусунун жардамы менен денедеги суук, жел, сөөк, муун, бөйрөк табарсык оорулары, туздар тер аркылуу чыгат. Бул өсүмдүктөрдүн да ургаачы, эркеги болот. Аял – эркек арча менен чекенденин буусуна оронсо, эркек – ургаачы арча менен чекенденин буусуна оронот. Эркек арча, чекенде – бийик, бириндеп өсүп, бозомук түстө болот. Ал эми ургаачы арча, чекенде жапыз, коюу, түсү жашыл, мөмөлүү болот.

Чекенде, арча кайнатмасынын даярдалышы

25-30 литр сууну казанга же мискейге куюп, 2,5 килограмм арча же чекендени салып, жай отто 30 мүнөт кайнатуу керек. Буусу чыгып кетпеш үчүн капкагын жаап коюу кажет. Буга шалфей, ит сийгек, адырашман, ромашка чөптөрүнүн 1,5 килограммдык топтому кошулуп, бир аз кайнатылат.

Бууга отуруунун ыкмасы
Кайнатма даяр болгон соӊ эки отургучту катар коюп, бирине энеден туума жылаӊач болуп отуруп, экинчисине бутун коёт. Эки отургучтун ортосунда казандагы кайнатма турат. Кайнатманын буусу сыртка чыкпашы үчүн калыӊ туюк целлофан жамынып, башын чыгарып коюу зарыл. Целлофандан жылуулук, буу чыгып кетпеши үчүн үстүнөн төшөк менен жабылат. Ал адам алына жараша 15-30 мүнөткө чейин отурат, аябай тер куюлат. Эгер баш айланып, жүрөк лакылдай баштаса туруп алдын ала салынган төшөккө шейшеп оронуп жатышы зарыл. Жаткандан кийин да жарым сааттай тердеши мүмкүн. Тер кургаганча жатуу керек. Тердөө учурунда суусаса муздак суусундук берилбейт. Сулунун кайнатмасы ысык бойдон ичилет. Бул ыкма 3 күндөн 9 күнгө чейин созулат.
! Кан басымы, гемоглобини төмөн болсо, жүрөк, кант диабети оорулары менен ооруса, кош бойлууларга, жатында миома, киста болсо бууга отурууга болбойт. Ыкма ваннада же мончодо жасалуу туура эмес. Ошол күнү муздак суу ичип, муздак сууга жуунууга болбойт.

Жатынды сууктатуу үчүн...
Аюнун, чочконун майы, андан сырткары кундуз, карындыз, ромашка, шалфей сыяктуу 24 чөптөн ачытма жасалып, адистин көрсөтмөсү менен сүйкөлөт.

КЫЗ ТӨРӨЙМ ДЕГЕНДЕР ҮЧҮН...
– Эркек төрөгөндөрдүн дене табы ысык, жатыны суук болот, ошондуктан активдүүлүгү начар эркек уруктуктарды (Y-хромосомалар) оӊой, дароо кабыл алат.
Ысыкчандар (аялга да, эркекке да тиешелүү) үчүн кайнатылган суунун касиети чоӊ. Кайнатылган суу 7 күн ичилет. Алгачкы 3 күн 100 грамм сууну бөлүп ичсе, калган 4 күн 150 граммды бөлүп ичишет. Суу ичкен адам 3 күндөн кийин арыктап, башы ооруп, түйшөлө баштаганын сезет. Бул түйшөлүү айыгып бара жаткандын белгиси.
! Суу иче баштагандан тарта тамак жегенге тыюу салынат. Суугу ашынгандар, кант диабетинен, боордун циррозунан жапа чеккендер, гемоглобини, кан басымы төмөндөргө суу менен дарылануу болбойт.

Тамакка киришүү:
100 грамм уй этин эки жолу кайнатып шорпосун төгүп таштап, үчүнчү кайнатмасын эти менен бир күндө 3-4 маал ичет. Бул үч күнгө созулат. Андан кийин бир чай чыны кайнак сууга бир чай кашык бышкан сүт кошуп, эки күн ичүү кажет. Алтынчы күнү 2 литр сууга бир чоӊ кашык күрүч кошуп, жарылгыча жай кайнатып бышырып, ага айран катыктап 7 күн ичүү пайдалуу. Ушундан кийин 3 айга чейин тузу кем тамак жеш керек. Бул мүнөздөлгөн тамактар толук кармалса максатыӊызга жеткен болосуз.

Жатынды ысыктатуу үчүн... Жалбыз, бака жалбырак, чалкан, тоо бака жалбырагы, уйгактан ачытма жасалып, жатынга табыптын көрсөтмөсү менен тартылат.

«НАРИСТЕНИН УУЛ ЖЕ КЫЗ БОЛУШУ БӨЙРӨКТӨН КӨЗ КАРАНДЫ»
Биз козгогон маселе боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана жогорулатуу институтунун чыгыш медицина кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Рыскулбек Канаев мындай дейт:
– Үй-бүлөдө аял киши ысыкчан келип, гени жана бөйрөгүнүн иштөөсү күчтүү болсо кыз төрөлөт. Эгер эркек ысыкчан келип, гени күчтүү жана бөйрөгү жакшы иштесе уул төрөлөт. Ысыкчан адам ооруга чалдыкса, тамак-ашы начар болсо, катуу суукка, стресске кабылса суукчан болуп кетет. Суукчан адам тамак-ашын күчтөп, спорт менен машыгып, көнүгүүлөрдү такай жасаса ысыкчанга айланат. Кыз-эркек болуп аралаш төрөлгөнү ушундан улам.
Жалаӊ кыз төрөлсө... Генди го өзгөртө албайбыз. Андыктан эркекти ысыкчан кылуу менен бөйрөгүн күчтөш керек. Бөйрөк урук клеткаларынын активдүүлүгүнө, жыныс органдарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө жооп берет. Бөйрөктүн иштөөсү бузулса физикалык күчүн жоготот.
Эмне кылуу керек? Алгач эркектин бөйрөгү эмнеден улам начар, себебин иликтеп, ошого жараша дарылоо кажет. Дарылоого ийне саюу, укалоо, таза абада эс алуу, ысык баткак, ысык суу менен дарылоо, спорт менен машыгуу кирет. Анан мүнөздөп тамактанууну колго алыш керек. Ысык тамак катары эсептелген тоок, жылкы, эчки этин, жумуртка көп жеш керек. Депрессия, бир нерседен коркуу да бөйрөктүн иштешин начарлатат.
Жалаӊ уул төрөлсө... Аялдын бөйрөгүнүн иштеши начар. Аялдын бөйрөгү жатындын урук клеткаларын кабыл алуусуна, түйүлдүктүн өөрчүшүнө, кыскасы, төрөө жөндөмдүүлүгүнө жооп берет.
Эмне кылуу керек? Эркекти кандай күчтөсөк ошондой эле мүнөздөлгөн тамак , ысык суу, баткак, көнүгүүлөр аялга да сунушталат. Анан, албетте, стрессиз жашоого өзүн үндөшү зарыл. Ошондо гана үй-бүлөдө кыз төрөлөт.
Эскертүү! Өз алдынча дарыланууга болбойт. Сөзсүз адистерге кайрылыӊыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


Ысыкчандан уул, суукчандан кыз төрөлөбү?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(40)
18.01.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Алычу да беричу да, жалгыз Аллах кыз торолобу уул торолобу анын баарын Алладангана деп кабыл алышыбыз керек.Болгону алты саны аман дени сак торолсо ошол гана бизге жетиштууго деп ойлойм.★★
18.01.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
жаратканданы колунда
18.01.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ооба биринчи кезек Кудайдан сураналы, тилейли. Экинчиден озубуз да аракет кылалы. Бир таанышым айткан, аябай аракет кылып, медиктердин айтканын жазап жатып учунчу кызын торогон анан бир тажик молдого барса ал эркекке бурап берген ИМИШ анан тортунчусун, уч кыздан кийин уул тороптур....
18.01.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уулбу кызбы Аллахтанда синдим куйоосу экоо тен ушукчол эле уул торогонго ал эми Аллахтанда негизгиси аллты саны аман акыл этуу бала берсин жаратканым
18.01.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kobra86 Ушукчоолдун баары суукчан же кыз торойт деген туура эмес...
18.01.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bantik,эптеп эле кымтык таап айтышпай тушунуп окуп анан коментарий жазсан мен ушукчолдор кыз торошот деп жазылса мен айтып жатпаймынбы андан эмес деп Ким эме торойт Аллахтан! ( жооп жазбай эле койсон болот)
18.01.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы уулум боюмда кезде ушуп эле журчумун жайында дагы,уул тородум,кызымда да ушучумун

18.01.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи эле ыссыкчандар кандай болот,суукчандар кандай болот ошого эч башым жетпейт,даже озумжу аныктай албаймын.Анан тааптын айткандарына бирда тушунбодум,
Медиа-портал
18.01.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтын бергенине шугур кылыш керек уулбу кызбы !!!
19.01.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Any mununardy bilbedim go uuldu da kyzdy da beruu4u Alah
19.01.2016. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oa
SUPER.KG видео
19.01.2016. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар Бир уй-булоого уул кыз насип кылсын кудайым
19.01.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшылап окугула анан жазгыла каментарийни,сырткы денеси ыссык болгону менен жатыны суук болот деп жатпайбы, же ушукчоон болгону менен эркектин же аялдын бойроктун иштешине да карайт деп жатат туугандар, баары аллахтан болот аны баарыбыз билебиз бирок биз сураганды анан тагдырыбызга жазганды берет. ошентсе да кыргыз элиме дени соо уул кыздарды берсин Аллахым....
19.01.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушукчоолдун баары суукчан эмес да туура айтасын Чика. Биздин жумушта бир кыз ушуп эле отурат, эки уулу бар катарынан...
19.01.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тырнакка зарлар канча.булар тандашатко а уул,кыз деп
Медиа-портал
19.01.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен эркек балдарымда чын эле кыштын чилдесинде да аябай ысып,муздак аба жетишпей берчу.
Медиа-портал
19.01.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаху акбар !!! Аллаху алим кыз же уул экени
19.01.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага жакты бул макала.Баардыгы Аллахтын буйругунан.Андыктан адистердин кенешин да эске алуубуз керек.Мен жолдошумду ысыкчан болушуна аракет кылайын эми.
19.01.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Табыптын айтканына таптакыр тушунбодум.Баардык нерсе жалгыз Аллахдан
20.01.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага Рыскулбек Канаевдын айткандары жакты. Туура эле болуш керек. Жолдошундун бойрогун текшерт, аны кучтосонор эркек балалуу болонар деп айткан эле. Мен канткенде эркек балалуу болобуз деп кайрылганда...
20.01.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииййй ай мен чыдап окуй албай койдум. Жатын патын деген жонундо соз уксам кулагымды жапырып качам ай))
20.01.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуу создо уят жок жама92сенда ошол жатындан тушконсун
SUPER.KG видео
21.01.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгиз уулдуу болгондорго суктандым.балдарынын омурун берсин.
21.01.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен суукчанмын. дайыма ушуй берем. 4 уулум бар бешинчиси кыз болот десем узиде мунун дагы уул деп жатат.
21.01.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pomposh,уул бала да жакшы.
21.01.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
pomposh Ушукчолдун баары суукчан эмес, анын озунун белгилери бар ысыкчан менен суукчандын...


21.01.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык нерсе бир гана аллахым дан.
22.01.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушукчулдор бир жылдан кийин ысыкчыл болуп калат бекен? Же тескерисинче? Дегеним, уулдуу болуп, жыл айланбай кыздуу болгондор бар го ))))
22.01.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардык нерсе аллахым колунда
кыз тилесен кыз берет уул тилесен уул берет.Аллахым дан кол жайып сурасан аллахым еч качан кур кол калтырбайт.
23.01.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары кудайдын жазганынан болот уулбу кызбы
23.01.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зима не будет дегендей эле болуп калыптыргоо, эми бул кызбы, уулбу баары Аллахтан кудурети менен гана деп ишенем
24.01.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам Алланын Берген ырыскыдан ашыкча ала албайбыз,Мага айырмасы жок кызбы жэ уулбу
SUPER.KG видео
12.06.2016. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы кишинин номерин адресин кайдан тапсак болот экен Админ жардам береспи?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо