Аваз Акимов: «БИШКЕКТЕГИ КЛАССТАШТАРЫМ ЫРЧЫ ЭКЕНИМДИ МЕКТЕПТИ АЯКТАГАНДАН КИЙИН БИЛИШТИ»

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж

Бала кезден өнөр жолун тандап, чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, батирде жашап жүргөн күндөрүндө ачка-ток калып такшалган Аваз Акимовдун музыка дүйнөсүндө жүргөнүнө 13 жыл болуптур. «Кыбыраган кыр ашат» демекчи, акырындан жеткен ийгилик көпкө кармалат» дейт Аваз. Анда ырчы басып өткөн жолу, ушул күнгө чейинки ийгиликтери тууралуу сөз кылат.

– Куш келипсиӊ, Аваз. 2016-жыл эми гана босогону аттады, бул жыл сен үчүн кандай башталды?
– Саламатсыздарбы, жыл башталарга жакын өзүнчө бир укмуштуу окуяларга кабылдым. Жаӊы жыл күнү борбордогу аянтка концертке ырдаганы келгем. Машинамды туура эмес жерге коюп алып, МАИ кызматкери менен бир сыйра урушуп кеттим. «Мен сага окшоп майрамдап жүргөн жокмун, иштеп жүрөм» дейт, «мен да элге кызмат кылып жүрөм» дедим. Айтор, экөөбүз бир топко чейин тартыштык, ырдап бүткөндөн кийин «жакшы ырдайт турбайсыӊбы» деп телефон номеримди алып калган. Бирок чала элек. Жаӊы жыл күндүн эртеси машинамдын дөӊгөлөгү жарылып калыптыр. Ичимден бул жылы зерикпейт окшойм деп жатам, жыл баштала элек жатып толтура окуяларга кабылганыма караганда.
Ал эми чыгармачылыкта өткөн жылы Москвага көп каттадым. Эсептесем, Ильяз Абдыразаков менен 7 жолу барып келиптирмин. Мага Орусияга гастролго чыккан аябай жакты, гонорары да жакшы, аны менен бирге эс аласыӊ, бул жакта тойдо иштеп тапкан акчадан ал жакта 5-6 эсе көп түшөт.
– Гастролдон тапкан акчаӊды кайра эле чыгармачылыкка жумшадыӊбы?
– Жок, чогултуп жатам, бул жылы үйлөнсөмбү же үй алсамбы деп ойлонуудамын, бирок бир чечимге келе элекмин. Быйыл сөзсүз үйлөнөм же үй сатып алам.
– Үйлөнөм дегениӊе караганда кыялыӊдагы селкини тапкан окшойсуӊ да?
– Таба элекмин, «жакшы тилек – жарым ырыс» дейт эмеспи. Балким, тилек кылсам, ушул жылы кыялымдагы селкиме жолугуп калаттырмын деген ой. Болочоктогу жубайым менен жок эле дегенде 5 ай сүйлөшүп көрүшүм керек.
– Ар бир адамдын жашоосунда бурулуш жасаган окуя болот, сенде деле болсо керек?
– Ооба, жашоомдогу чоӊ бурулуш бул Сыймык атамдын (ред. Бейшекеев) колуна келгеним. Ал эми экинчи жолку чоӊ бурулуш андан кеткеним болду. Бөлүнүп, өзүмчө батирге чыгып досторум менен жашаганда ачка-ток калдым, акча жетишпей кыйналганда ыйлаган күндөрүм болду. Көрсө, жашоодо кыйынчылыкка кабылган сайын күчтүү болот экенсиӊ. Көп кыйынчылык көрбөгөн жаным бир топ чайналдым.
– Учурда социалдык тармактар ырчылардын жашоосунда маанилүү ролду ойнойт, сен интернет менен жакшы эле доссуӊбу?
– Ооба, социалдык тармак күйөрмандар менен байланыш түзүп берчү жакшы курал. Мен инстаграмда көп отурам. Ал эми калган сайттагы баракчаларыма каттарды окуп, сүрөттөрдү жүктөш үчүн эле кирем. Бая күнү Аваз Акимов деген фейк-баракчаны ачып алган адамга жазсам, «сен фейксиӊ, мен Аваз Акимов болом» деп өчүрбөдүбү. «Кандайча?» десем, ар кайсыны айтып күлкүмдү келтирди.

«ТАТТУУ БАЛАЛЫК...»
– Балалыгым Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында өттү. Ата-энемдин айтымында, кичинемден эле тентип ар кайсы жакта жүрө берчү экенмин. «Гастролуӊ ошондо эле башталган» деп тамашалап калышат үйдөгүлөр. Жаӊы төрөлгөндө көп ооруп, алсыз болуптурмун. Апам түнү оӊ капталым менен жаткырса, эртеӊ менен ошол эле капталым менен жаткан болот экенмин.
9 айлыгымда дубалды кармап басып, тилим да эрте чыгыптыр. Байкем, эжемдердин баары толук, үйдө эӊ эле арыгы менмин. Үйдөгү оокат-аш менен ишим жок болчу. Мага караганда иним малды бадага кошуп, короо, сарайларды тазалап иш кылып калчу. Мен көп ооруганымдан улам ата-энем аяп, ашыкча эркелетип коюшкан окшойт.

«ЭЖЕЙИМЕ ЖИНИМ КЕЛИП...»
– 1-класска барганда «а» класска кирген элем, анткени менин көчөмдөгүлөрдүн баары ошол класста окучу. Бирок эжейим мени «б» класстагы 2 кызга алмаштырып жиберди. Ошондо эжейиме жиним келип, жаман көрүп калган болчумун. Жаӊы жыл майрамында мен аккордеон чертип ырдап, оюндарды уюштуруп класстар арасындагы сынакты жеӊип алдык. Ошондо «а» класстагы эжейимдин жанынан өткөндө «көрдүӊүзбү, мени алмаштырып жибербегениӊизде сиздин класс жеӊмек» деп маашыркана басып калган элем. Ал эжейим да мендей окуучусун кетирип жибергенине өкүндү болуш керек.

«БИШКЕККЕ КЕЛГЕНДЕ ОРУСЧА «НЕТ» ДЕГЕН СӨЗДҮ ЭЛЕ БИЛЧҮМҮН»
– Оштон Бишкекке келгенде Сыймык атам мени борбордогу мыкты мектептердин бири – №67-мектепке киргизген. Орусчадан нөл элем. Айылда жалаӊ бешке окуган бала үчкө окуп кыйналгам. Орус тилден берген эжейим суроо берсе катып калчумун. Кечке суроолорду берип сүйлөй берет, мен жадакалса «түшүнбөй жатам» деп орусча айта алчу эмесмин. Эжейимди кечке угуп туруп, «нет» деп кайра отуруп алчумун. Мугалим күлүп «сага «нет» деген сөзүӊ үчүн эле чейрек чыгардым» дей берчү.
Бишкектеги классташтарымдын көбү менин ырчы экенимди билишчү эмес. Кийин мектепти бүткөндө билишти. Биздин мектептин жылдызы мен окуп жүргөндө Малика Дина болчу. Ал мектепте Мирбек Атабеков, Гүлмира Рысбаева, Дмитрий Жумалиев да окуган.

«Ильяз экөөбүз 2015-жылы көп гастролдодук».

Лунара Бекиева
star@super.kg


Аваз Акимов: "Мени пайдаланып кетем деген досторго жол бербейм!"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(44)
SUPER.KG видео
17.01.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jakshy boluptur.superchiler joodarbeshimdinda kabarlaryn ukubuz kelet,al kachan konokto?
Медиа-портал
17.01.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аваз озу аябай таланттуу бала чыгармачылык ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
17.01.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантын ташкындай берсин.сахнадан оз оордунду таптын.сахнадагы ата бала(сыймык бейшекеев)экоо гезиттин бир санында чыгыптыр.жакшы жанылык
Медиа-портал
17.01.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат ийгилик!
18.01.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iigilik kaalaim
18.01.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сыймык Бейшекеев бир маегинде уй алып берем деп атпады беле,эркекго созундо турбайбы болбосо айтпай эле койбойбу?
18.01.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик
18.01.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жөнөкөй, ачык-айрым жигит өңдөнөт.Сахнага чыгып бүгүнкү даражага жетүүсүнө Сыймык атасынын салымы чоң. Бирок карьера деп жүрүп өз үй-бүлөсү менен жакшы катышпай калды окшойт. Негедир сахнада ушунча жыл жүрсө да, атагынын таш жарып чыкканын көрбөдүм,бош жигит окшойт, бош болгону үчүн да алдыга оозунуп чыга албай жаткандыр, же күчтүү атаандаштарынын көптүгүнөнбү айтоор түшүнүксүз. Бирок таланты бар жигит,балким алдыңкы жылдары мындан жакшы ийгиликтерди багынтып калаар. Ийгилик!
18.01.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аваз Акимов, "мен фейк эмесмин жон гана жумуштарым коп болуп жатат ошого баарыныздара жооп бере албай жатам, эгер мени фейк деп ойлосонор жазбай эле койгулачы сураныч "-деп Одноклассник сайтында журот эле, аябай кулкум келген, озу эмес го дейм.;-)
Медиа-портал
18.01.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
кудай сактаа,ден соолук эле ушундай ырчыларга,андан башка эмне тилейсин,Мирбек Атабековтой болуп же дагы башка ырчылардай болуп жандуу ун м.н концерт койуп,барган жеринде жандуу ун м.н ырдап калса башкаларга кун корсоткудой эмесго
Медиа-портал
18.01.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i_am_simple,жандуу ун менен ырдаганын коро элек окшойсун.атабековдун жандуу ырдаганы авазга жетпейт болуш керек.кичинекейинде айганыш дегенди сонун ырдаган.интернет булактарында толтура эле журот го
Медиа-портал
19.01.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zoichka,жандуу ырдаганын коргомун,мен деле ырдай алам жандуу,сенда ырдап корсон болот,кептин баары жон эле айкырып ырдап койууда эмесда,кичине ун деген болуш керек,анан студияга барып алып ойду келди айкырып анан аны звукачка жасатып тузотуп алып фонаграма ырдап журушот,эч бир тойго же бир кечеге барып минусовкасын берип жатканын корбойсун,барып эле плюсун берет анысыда mp3.....
коро элек окшойсун деп,уга элекмин,ырчыны коргондун кереги жок угуш керек
18.01.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сыймык атасы аваз уйлонгондо уй подарка кылса керек менимче)))
18.01.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсимде Сыймыктын озунун баласы да ырдап чыкпады беле бир жылдары... ырдаганы такыр жаккан эмес ыр эмес эле декломация айтып салчу..корсо ал баласы байкуш Авазга атаандашчу тура "мен да ырдайм" деп Сыймыктын маегинен улам баамдадым...Ал эми Аваз маегинде повод бербейт "жок антчу эмес" деп тимеле Сыймык атасы уй алпербей коет деп коркуп жатса керек да ээ хи-хи))
18.01.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bela77, озундой коруп атасын окшойт ээ, сен бироодон бирдеме алыш учун жакшы корунуп,маскарапоз болот окшойсун ээ?? Аваз оз озуно уй алганга 2колу 2 буту,мээси бар!!! баарына озу жете алат.
Медиа-портал
18.01.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын,Аваз!ар дайым ийгилик коштосун,мен ырчы деген кээ биролордун арасында сопсонун эле жигит.алдыда эле журот,ал эми биринчилике чыгыш учун "Спонсор"да кучтуу болуш керек достор!мумкун бай кызды алып калса чыгып "Популярдуу"болуп мындан да(тамаша)азыркы убакта деле аябай эле таанылуу жигит.
18.01.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик жана жанылануу каалайм.
SUPER.KG видео
18.01.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул бала олло жакпайт, ары жок бой которгонучу. Озун укмуш секет, откондо Оштогу кылыктары тан калтырган, озу билет Авас. Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Нурмат Садыровдордун тырмагына да тен келбейсин. Аман эле бол.
18.01.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Суйомгоо ,иииий суйкумдуу жигит)
SUPER.KG видео
19.01.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары жакшы...бирок жанакы мугалим эжейине бир тал гул ала барса болмок.Жон гана конул учун.
SUPER.KG видео
19.01.2016. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун жигит
Медиа-портал
19.01.2016. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат менен кол куроштургон жерин коргозбой эле койбоптур,кап десе
19.01.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймык кандайча атасы болот экен?
19.01.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймык Бейшекеев кандайча атасы болот, тушунбой калдым
24.01.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl.jazi,озунун ата-энесинен алып,Бишкекке алып келип,баккан,тарбиялаган,бакма атасы,Динара деле талантуу бир кызды Гулмира деген тарбиялаганго ошондой
tursunbaev2004 түзөттү 2016-01-24 14:34:26
19.01.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсен эле болсун бул ырчылар.
SUPER.KG видео
20.01.2016. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Супер! Ырчы Нияз Абдыразаковдон интервью алгылачы. Чыгармачылыгы, жеке жашоосу, жана алдыга койгон пландары менен болушсо.. Кутобуз)
Медиа-портал
20.01.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i_am_simple,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
21.01.2016. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймык Бейшекеевдин баласыбы бул? Ырчы ? Билгендер жооп жазып койгулачы ?
22.01.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчыны салам бишке 2 тасмасында коргомун жакшынакай жигит экен мага жакты
22.01.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Авазчик!!! Уважаю))))))))
24.01.2016. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге эч ким жакпайт. Жумурткадан кыр издебей эле таап коебуз. Аваздын чыгырмачылыкта оз орду бар. Уну да, таланты да бар. Ийгилик сага , Аваз!
24.01.2016. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аваз, азаматсын! Ийгилик сага!
Медиа-портал
30.01.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аваз эжейине гул алып албайт белен!!Ыраазычылык катары
nurali20 түзөттү 2016-01-30 21:33:43
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо