Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧАРЛЬЗ ФИНИ – МИЛЛИАРДЫ ЖОК МИЛЛИАРДЕР

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж

Чет өлкөгө чыкканда дьюти-фри дүкөнүндө сатылган буюм-тайымдарды алып жүрсөӊүз керек. Дүйнө жүзүнө кеӊири жайылган мына ушул дьюти-фри дүкөндөрүнүн империясын Чарльз Фини 50 жыл мурун негиздеген. Учурда 85 жашка таяган карыя 7,5 миллиард доллар иштеп тапканы менен, унаасы да жок, учакта эконом-класс менен учуп, батирде жашайт. 15 доллар турган электрондук саат тагынып, жөнөкөй ашканадан тамактанып, метродо же таксиде жүрөт.

Туулган жылы, күнү – 1931-жыл, 23-апрель
Туулган жери – АКШ, Нью-Жерси штаты, Элизабет шаары
Жарандыгы – Ирландия, АКШ
Жетишкендиктери – Дьюти-фри дүкөндөрүнүн жана «The Atlantic Philanthropies» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү
Үй-бүлөлүк абалы – ажырашкан, 5 баласы бар

КАЙРЫМДУУЛУК КЫЛУУ ҮЧҮН КАРЫЛЫКТЫ КҮТПӨ
Өзү миллиардер болсо да, акчаны үнөмдүү пайдаланганы үчүн аны «битин сыгып, канын жалаган, бир тыйын үчүн титиреген зыкым адам го» деп ойлошуӊуз мүмкүн. Бирок Чарльз Фини миллиондогон, миллиарддаган акчаны басып жаткан байларга, деги эле жөнөкөй жарандарга жашоого болгон көз карашы, жасаган кайрымдуулук иштери менен үлгү болчу инсан. 1980-жылдардын ортосунда айрымдар дүнүйө чогултуп мактанып жүрүшкөндө Фини өз миссиясын баштайт. Акыркы 30 жыл ичинде дүйнө жүзүн кыдырып, 7,5 миллиард капиталын коротуунун аракетин көрүп келет. Ал которгон 6,2 миллиард доллар АКШ, Вьетнам, Түштүк Африка, Ирландия, Бермуд аралына илим-билим берүүнү өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоого, адам укуктарын коргоого, карылар үйүн каржылоого жумшалган. Калган 1,3 миллиард доллар 2016-жылга чейин көпчүлүктүн муктаждыгы үчүн сарпталып, өзү түзгөн «The Atlantic Philanthropies» кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгү 2020-жылы аягына чыгат.
Фининин көз карашы боюнча, акчаны кайрымдуулукка жумшоо үчүн карылыкты күтпөй, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүнү энергия толуп-ташып турган кезде баштоо зарыл.

МАТРОСТОРГО ИЧИМДИК САТУУДАН БАШТАЛГАН ИШКЕРЛИК
Чарльз Фининин атасы камсыздоо агенти, апасы оорулууларды тейлеген мээрман айым болгон. Акчага муктаждыкты бала кезинен билген Чарльз каражат табуу үчүн кышында бирөөнүн короосундагы карын күрөп, газонун кыркып, гольф аянтында топторду терип иштеген. 1950-жылдары түндүк-түштүк Корея согушунда аскерий аба күчтөрүндө кызмат өтөйт. 1956-жылы окуусун улантуу үчүн Францияга барып, көп өтпөй ишкерлик кылууну чечип, америкалык аскердик деӊиз флотундагы матросторго ичимдиктерди сата баштаган. Атаандаштык күч болгону менен, аскердик тажрыйбасы бар Фини матростор менен бат эле тил табышып, кемеге оӊой кирип турган.
Анын ишкерликтеги биринчи өнөктөшү туристтерге унаа, зер буюмдарды жана парфюм саткан Корнелла Боб Миллер болот. Кийин булардын катарына салык боюнча консультант Тони Пиларо жана эсепчи Аллан Паркет кошулуп, ишкерликти профессионалдуу деӊгээлге жеткиришет. 1964-жылы алардын дьюти-фри компаниялары 27 мамлекетте ачылып, анда 200 кызматкер иштей баштайт.

ЧАРЛЬЗДЫ БАЙЫТКАН ЯПОНДОР
Япониянын экономикасынын дүркүрөп өсүшү алардын чакан ишкерлигине ири суммадагы киреше алып келген. Байыган япониялык туристтер саякаттоого көбүнчө Гавайи менен Гонконгго бет алышкандыктан дьюти-фри дүкөндөрү алгач аталган мамлекеттерде ачылган. Фини татына япон кыздарын сатуучу кылып, дүкөндөрдүн текчелерин коньяк, тамеки жана булгаары сумкаларга толтурат. Айрыкча сувенирге жакын япониялыктар аларды белекке көп сатып алышчу. Дүкөндөргө туристтерди тартуу үчүн гиддерге акча төлөй баштаган. Япондор ири өлчөмдөгү киреше алып келген кардарга айланышат. Алар дагы кайсы шаарга саякаттоого барышарын билүү үчүн Фини аналитиктерди жалдап, дүкөндөр дүйнөнүн булуӊ-бурчунда ачыла баштайт. Бирок канчалык байлыгы артканы менен өзү атак-даӊкка кызыкпай, көлөкөдө жүрүүнү жактырат. Алсак, 2012-жылга чейин 5 гана интервью берген.
1990-жылдардан тартып дүйнөлүк туризмдин төмөндөшүнүн жыйынтыгында дьюти-фри дүкөндөрүнүн кирешеси кыйла азайган. Компаниянын ийгиликтүү күндөрү артта калганын божомолдогон Фини өнөктөштөрүнө компанияны сатууну сунуштайт. 1997-жылы Фини, 2 өнөктөшү Пиларо жана Паркет болуп өзүлөрүнүн үлүшүн LVMH франциялык холдингине сатышат. Ал эми Миллерди алар көндүрө албай коюшкан.

ЧАРЛЬЗ ФИНИ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:

Кайрымдуулукка акча бөлгөн учурда мекемелердин долбоорун дайыма көзөмөлдөп турат. Эгер акча максатсыз пайдаланылса, дароо каржылоону токтотот.
Учурда байлыгы 2 миллион долларды түзгөн Фини: «Мен которгон акчалардын арты менен ооруканалардын тургузулганын көрүп, мындан артык ырахат жок экенине ынанам. Акчаны банкка салып көбөйткөндүн ордуна кайрымдуулукка жумшаш керек»,- дейт.
1988-жылы «Форбс» журналы 400 америкалык байлардын тизмесин жарыялаган. Байлардын катарын 1,3 миллиард доллары менен Чарльз да толуктайт. Бирок ал тапкан акчасынын көпчүлүк бөлүгүн дароо кайрымдуулук фондуна которуп тургандыктан өзүндө бул суммадан аз акча болгон.
Мурунку жубайы жана 5 баласы миллиондогон доллар турган хан сарайларда турушат. Алар дьюти-фринин сатылышынан түшкөн 140 миллион долларды өз ара бөлүп алышкан. Өзү кайрымдуулук фондуна тийиштүү батирде жашайт.
Ирландиядагы университеттер ага салтанаттуу түрдө укук боюнча доктордук даража тапшырышкан. Бул сыйлык тарыхта биринчи жолу ыйгарылган.
Жакында Чарльз Фини тууралуу тасма тартылмакчы.

Дьюти-фри дүкөнү (duty free shop) – товарларды салыксыз саткан дүкөн. Анда сатылган товарлар мамлекеттен чыгарылып кетери кепилденсе, бажы жана башка салыктары кошулбаганы үчүн арзан баада болот. Дьюти-фри көбүнчө аэропорттордо, кеме жайгашкан порттордо, чек ара көзөмөлдөө пункттарында орун алган.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(8)
18.01.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
респект
18.01.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дубайда да бар.
19.01.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бизнес экен. Туристерди курс менен жакшылап отургузсан болот.
19.01.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зор экен
22.01.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калдым





22.01.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле кызык экен. Дуйнодогу байлардын баары ушу кишидей болсо ээ.
22.01.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дьюти фриде кымбат 2 эсе
23.01.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык адамдар ушундай болсо ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо