Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАНЫБАРЛАРДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН КОСМЕТИКА

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж

Көпчүлүк косметика чыгаруучу компаниялар товарын сатыкка чыгарардан мурун алдын ала жаныбарларга тест жүргүзүшөт. Айрымдар жаныбарларга тест жүргүзөт десе аларга атыр сээп же крем сүйкөп текшерет деп ойлошсо керек. Тилекке каршы, андай эмес. Айрым косметикалык каражаттар кандай жырткычтык жол менен ишке ашарын билсеӊиз кана...

КУРМАНДЫККА ЧАЛЫНГАН ЖАНЫБАРЛАР
Элде «подопытный кролик болгум келбейт» деп көп айтылат эмеспи. Бул сөздүн төркүнү кайдан экенин да ушул макаладан биле аласыздар. Мындай тесттерди негизи тери менен көздүн дүүлүгүүсүн, канчалык деӊгээлде уулуу экендигин, мутаген, канцерогендүүлүгүн текшерүү үчүн колдонушат.
Чачыбызды жууп жатканда кокустан көзүбүзгө шампунь кирип кетсе дароо ачышып, кызарып чыгат эмеспи. Эми элестетсеӊиз, бир кашык шампунь көзүбүзгө кирип, аны же жууп, же колубуз менен сүртө албасак... Так ушундай кыйноону Драйз тестинде коёндорго жүргүзүшөт. Алардын башын темирге бекитип, көзүнө текшергиси келген затты куюшат. 2 күндөн 21 күнгө чейин байкуш жандыктар ооруга чыдай албай, темирге урунуп жатып моюндарын сындырып да алышат. Адамзаттан айырмаланып коёндордун көзүнөн жаш бөлүнүп чыкпайт. Ошондуктан зат чел кабыкты тунартып, көзүн агызып түшүргөнчө тура берет. Өз кызматын аткаргандан кийин жандыктарды басып өлтүрүп же газ менен ууландырып, анан өрттөп жиберишет.
Дагы бир ыкма, ЛД 50 (леталдык доза) деп аталат. Аны парфюм, косметика индустриясында ит, мышык, коён, келемиш, чычкандарга колдонушат. Жаныбарлар тобуна өлчөмүн улам көбөйтүп косметика же башка идиш жуугуч каражаттарды вена, булчуӊ же ич көӊдөйүнө ийне менен сайып киргизет да, белгилүү пайызы (50%) өлгөнчө күтүп турушат. Мындай кыйноодон байкуштар карышып, турган жеринде эле жан беришет.
Ал эми дем алуу жолдорунун жаӊы затты кандай кабыл аларын текшерүү үчүн (дезодорант, чач катыруу үчүн лак, абаны тазалоочу жана башка аэрозолдор) бөлмөгө жаныбарларды киргизип, аэрозолдорду көп өлчөмдө чачышат. Бир нече күндүн аралыгында жаныбарлар акырындан аба жетпей өлүп башташат.
Кандайдыр бир кремди колдонууда теринин дүүлүгүүсүнүн деӊгээлин билиш үчүн дагы бир тест бар. Маймыл же коёндун терисинин жүнүн кырып, терисин кесип, ошол жерге косметикалык каражатты куюшат. Эффективдүү болуш үчүн үстүн полиэтилен менен жабышат да, жандыктардын реакциясын күтүшөт. Ящиктен чыгыш үчүн байкуш маймыл же коёндор жанталашып жатып ар кайсы жерин сындырып алышат.

СУЛУУЛУК ҮЧҮН ЖАНЫБАРЛАРДЫ ӨЛТҮРҮШ КЕРЕК ЭМЕС
Өткөн кылымдын аягынан тартып дүйнө жүзүндө «Жырткычтыгы жок сулуулук» деген лозунгда көп акциялар өткөн. «Жаныбарлардын өмүрүн алган каражаттарды колдонбосок, аларга суроо-талап да азаймак. Аны ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек» деп чыгышкан активисттер. Жыйынтыгында көп косметикалык фирмалар мындай жырткычтыктан баш тартып, альтернативдүү ыкмаларды пайдалана башташкан. Мисалы, атайын эксперимент жүргүзүү үчүн өстүрүлгөн тери, физика-химиялык түрдүү ыкмалар. Андан сырткары 8000дей жандыктарга тестирлөөнү талап кылбаган кошулмалар бар.
Дагы бир жагдай, жаныбарларга жүргүзүлгөн тест ар дайым эле адамдар үчүн да бирдей натыйжа бербейт.

Ботокс да жаныбарларга тестирленет

  • Германияда 1998-жылдан тартып косметика үчүн жаныбарларды пайдаланууга тыюу салынган.
  • Эксперимент үчүн жаныбарларды атайын көбөйтүшүп же ар жактан сатып келишет.
  • 2013-жылдан тарта Европада жаныбарларга тестирленген косметиканы ташууга жана сатууга тыюу салынган. Бирок ботокс препаратын чыгаруу үчүн дагы деле жандыктарды пайдаланып келишет.
  • Кытайда сатылуучу косметика, турмуш-тиричиликке керектүү товарларды тестирлөөдө жаныбарларды колдонуу шарттуу түрдө жүргүзүлөт.
  • Дүйнө жүзү боюнча ар кандай эксперименттер жылына 2 миллион жаныбардын өмүрүн алат.
Өмүрү кыл учунда турган маймылдар.

Коёндордун көзүнө зат куюлгандан кийин көздөрү минтип агып түшүп калат.

Эксперимент жүргүзүлгөндөн кийин жаныбарларды өрттөп салышат.

Жаныбарлар аркылуу текшерилбеген каражаттар ушундай белгилер менен чыгарылат.
Жаныбарларга эксперимент 4 багытта жүргүзүлөт

Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(43)
18.01.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бечаралар
18.01.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошо эксперимент жасаган адамдар биринчи өздөрүнүн денесине жасап көрсүнчү жок дегенде жаныбарларды аяшат беле.Жаныбарлар деле адам сыяктуу,болгону алардын акыл эси жок.А биз адамдарчы?
18.01.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдар жырткыч жаныбарлардан да өтөт го. Мынчалык эч ким кыйнабаса керек аларды.
18.01.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тобаа биринчи жолу угушум
18.01.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элестетип коркуп кеттим мээм чыналып башым ооруп баштадыго,нервим жукарган окшойт,коёнду аядым байкуш жаныбарлар
19.01.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элнура кордунбуууу
19.01.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элнура сенда колдоносунбу. Кыздар ушуну окуп турупта колдоносунарбы?
19.01.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Адамдарды канчалык жакшы билген сайын,жаныбарларды ошончолук жакшы көрүп бара жатам"-деген сөздөр туура да!
19.01.2016. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип ошого колу барып ошолорду кыйнап өлтүрүшөт жырткычтар
19.01.2016. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеткен акмак, мыкаачылар тура. Байкуш жаныбарлардын уну Кудайга жетип жаткандыр. Ар бир нерсенин оз убалы болот.
19.01.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдан откон жырткыч жок.
19.01.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай боорум ооруду
19.01.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guljamal Borukulova eje,super makala!Ushundai jol m.n.alyngan kosmetikalardy , tiruuloi janybarlardyn syirylyp alyngan terisinen jasalgan kiim, bash kiimderdi satyp alyp, mykaachylarga koldoo korsotkon adamdar da alardan kem emes mykaachy.Ozgocho KGde norka shuba j.b. pokazuha uchun kiishet. Alar kandai jol m.n. alyngany ech kimdi kyzyktyrbait. Balkim meh onduruu jana kytailardyn mykaachylygy tuuraluu da makala jazylaar. Chynygy meh-suluuluk, avtoritet emes, al bir jandyktyn omuru.
FSB түзөттү 2016-01-19 17:58:13
19.01.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай экспрементерди жаныбарларга эмес педофил бироону тоноп акчасын алгандарга колдонсо.
20.01.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Belek2070,пикирине кошулам,жаныбарлар деле АЛЛАХтын жараткан макулуктары да,аларды эч куноо кылбаса биз олтурууго укугубуз жок.
19.01.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммда өкүнүчтүү
19.01.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуну окуп билгенден кийин баардык косметика колдонуучулар ошондой косметиканы колдонбой эле койушса жакшы болот эле байкуш жаныбарларды тируулой кыйнап олтуртпой
Svoboda83 түзөттү 2016-01-19 22:41:58
20.01.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман адамдар экен
20.01.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииииййй байкуштарым маймылдарды коруп алып журогум ооруп кетти(((
21.01.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шуба кийбегиле айымдар шуба да жаныбарлардын терисинен жасалышын билсенер керек..
21.01.2016. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаныбарларга боорум ооруп кетти дейбиз да ошол эле жаныбар уй, жылкы кой эчкинин этин укмуш жейбиз го))
21.01.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондуктан косметикан жон эле колдоно бербегиле да айымдар. Силер ансыз деле сулусунар да.
22.01.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Денем титиреп жаман болуп чыктым, чачымды шампунь менен жуугум келбей кетти. Аллах бардыгына кадыр! Астагфираллах!
22.01.2016. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kosmetika koldongum kelbey kaldi:((
22.01.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш жаныбарлар((((
22.01.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш жаныбарлар.Адамдар ушунчалыкда мыкачы болобу ! Ыйлагын келетко суротторду коруп.
22.01.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсызбы, Супер-Инфо! Мен сиздерге өзүмдүн жеке сунушум менен кайрылайын дегем. Азыркы учурда менин байкашым боюнча көп адамдар Ош базарында сатылып жаткан "гүлбото" деп аталчу топурак жешет. Ошол топурактар кайдан алынып келинет жана аны жегендин кандай зыян жактары бар? Аны бир жеген адам эмне үчүн кайра-кайра жегиси келет? Изилдеп көрсөңүздөр.
26.01.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nar.nur,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап, жооп алып берүүгө аракет кылабыз, рахмат!
23.01.2016. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургур .
24.01.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш маймылдар боорум ооруп кетти.
13.03.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну окуп эми кыздар косметиканы колдонбой эмес азыраак колдонуп калса экен..
19.10.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошшшшмарррр.... Адамдар жаныбарларды жырткыч дешет, биз адамдар алардан он эсе хуже жырткычбыз! Боорум ооруп кетти.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо